«КОСМОСКО САЯКАТ»
- 25.08.2025
- 0

Программалык мазмуну:
- Балдардын курчап турган айлана-чөйрө жөнүндөгү билимдерин кеңейтүү жана космос тууралуу маалымат алышат. Космосто орун алган планеталар менен таанышууну улантышат. Балдар бири-бири менен ынтымакта болууга тарбияланышат.
- Оюн көнүгүүлөрү аркылуу балдардын эс тутумун, көңүл буруусун, ой жүгүртүүсүн, эске сактоосу, кыялдануусу, чыгармачылыктары калыптанат жана сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү.
Усулдук ыкмалар:
- Уюштуруу учуру;
- Жагымдуу маанай тартуулоо;
- Темага киришүү;
- Суроо-жооп;
- Эс алуу мүнөтү;
- Күтүүсүз учур;
- Технологиясын колдонуу;
- Сабакты жыйынтыктоо.
Көрсөтмө куралдар:
- Предметтик сүрөттөр,
- Техникалык куралдар,
- Аудио үндөр, жаздыкчалар,
- Таркатуучу куралдар.
Алдын — ала жүргүзүлгөн иштер:
Балдарга жалпы жыл мезгилдери жөнүндө маалымат берүү, анын ичинен жаз мезгили тууралуу баарлашуу. Жаз мезгилине тиешелүү белгилер менен тааныштыруу.

Сабактын жүрүшү:
(Балдар залга атайын космостун музыкасы, формалары менен киришет)
Тарбиячы:
Балдар айлананы карагылачы, бул жерде кандай жаркырап кооз, ой, угуп жатасыңарбы добушту?
Балдардын жообу:
Тарбиячы:
Биздин бала бакчабызга көптөгөн коноктор келип калышкан турбайбы, келгиле саламдашып алалы.
Саламатсыздарбы!
Здравствуйте!
Hello!
Тарбиячы: Балдар маанайыңар кандай?
Балдардын жообу:
Тарбиячы: Азаматсыңар, балдар, менин дагы маанайым абдан жакшы. Анда, балдар, баарыбыз чогуу кол кармашып сабагыбыздын алдында дем алуу жана артикуляциялык көнүгүүнү жасап алалы.



Баардык балдар чогулуп,
Кол кармашып айлана.
Бир-бирибизге достошуп,
Жылмаябыз жай гана.
Ынтымакта баарыбыз,
Чоң шаарикти үйлөйбүз.
Тарбиячы: Анда эмесе, балдар, баарыбыз жаныңардагы жаздыкчаларга отуралы.
Жаратылыш кубулуштарынын үндөрү угулат.
Балдар экранды карасаңар эмнелерди көрүп жатасыңар?
Балдардын жообу:
Тарбиячы: Азаматтар! Туура айтасыңар балдар, азыр бизде кайсыл мезгил?
Балдардын жообу:
Тарбиячы: Жаз мезгилинин кандай белгилерин билесиңер?
Балдардын жообу:
Тарбиячы: Туура, балдар.
Тарбиячы: Ой, балдар. силер бир нерсенин добушун угуп жатасыңарбы? Эшик тыкылдап атат окшойт, мен барып эшикти ачып келейинчи, ой космонавт сенсиңби, саламатсыңбы!
Балдар, бул космонавт турбайбы.

Космонавт: Саламатсыңарбы, балдар! Мен космонавтмын, мен бүгүн 12-апрель ааламга учуу үчүн мага көп тоскоолдуктар жаралып жатат. Мага силердин жардамыңар керек, мени менен бирге жолдогу тапшырмаларды аткарып, космоско бирге саякаттап келели.
Тарбиячы: Балдар, баарыбыз чогуу космонавтка тапшырмаларды аткарып, космоско саякаттап келелиби, макулсуңарбы?
Балдардын жооптору:

Тарбиячы:
Анда, балдар, бүгүнкү биздин сабагыбыздын темасын «Космоско саякат» деп атайлы. Балдар, мен силерге космос тууралуу түшүндүрүп берейин. Космос — бул аалам, космосто Күн, Жер, Ай жана милиондогон жылдыздар жайгашкан, космоско космостук корабль менен гана жетүүгө болот. Биринчи жолу космоско Юрий Гагарин учкан. Ал эми Кыргызстандын биринчи космонавты Салижан Шарипов космоско учкан. Балдар, биз жашап аткан Жер Күндү айланган планетанын бири. Жер бизге аябагандай чоң көрүнөт. Күн балбылдап жанып турган чоң сары жылдыз, Күн Жерге жакын жайгашкандыктан, ал бизге шардай болуп чоң көрүнөт. Күн нуру абдан ысык, ошондуктан биз Күндү тике карай албайбыз. Күн Жерге жарык жана жылуулук берет. Күн чыкканда айлана-чөйрө жаркырап, кооз көрүнөт. Күндү тогуз планета айланып жүрөт, аларды көп тилдүүлүк боюнча атай кетеличи.
- Марс — мерс
- Уран — ювенес
- Сатурн — савирин
- Нептун — нептюн
- Плутон — плюро
- Венера — венас
- Меркурий — меркури
- Юпитер — жупитер
- Жер — оос
Балдар, кичине болсо дагы аалам жөнүндө маалымат алып түшүндүңөр деген ойдомун. Эми, балдар, космонавтты күттүрө бербей чогуу учуп, тапшырмаларды аткарганга даярбызбы? Анда, балдар, космонавт менен учтук.
Музыка: Я ракета.
Айиий, балдар, биз аалам дүйнөсүнө келип калдык. Бул жер математика дүйнөсү экен.
Бизди, балдар, бул жерде тапшырмалар күтүп атыптыр.
Бул жерден биз танграм ыкмасы менен эки башка ракета жазайт экенбиз, анда, балдар, тезирек тапшырма аткарганга киришели. Кандай түстөгү жаздыкчада отурсак, ошол боюнча эле эки командага бөлүнөлү. Жаздыкчаларыбыздын өңдөрү бири алтын түстө, ал эми экинчиси күмүш түстө экен.
Ар бир топко тапшырмаларды аткарганыңар үчүн бирдей упай берем.
Азаматсыңар, балдар, эң жакшы аткардыңар. Эки топко тең бирден жылдызчалар ыйгарылды. Эми экинчи тапшырманы аткарганга учтук.
Музыка: Я ракета
Ой, балдар, биз экинчи тапшырмага келип калдык. Бул жер конструкция дүйнөсү экен. Бул жерде жылдыздар, планеталар көрүнбөй калыптыр, ошолорду биз табышыбыз керек. Балдар, бул жерден дагы эки командага бөлүнө калып иштейбиз, биринчибиз — алтын түстө, экинчибиз — күмүш түстө.
Биринчи топтогулар планеталарды атайын ар түрдүү түстөгү жылтырактар менен контейнердин капкагынан табышат, экинчи топтогулар жылдыздарды геоборд менен иштеп табышат, анда эмесе, кеттик. Ар бир топко тапшырмаларды аткаргандыгы үчүн бирдей упай берем.
Азаматсыңар, балдар, абдан жакшы жазадыңар, эки топко тең бирден жылдызчалар ыйгарылды. Космонавт сага дагы жагып атабы?
Космонавтын жообу:
Тарбиячы: Балдар, бул сабактарды бышыктоо иретинде тапшырмалар бар экен. Эксперимент жазайт экенбиз, кана, балдар, даярбызбы? Экспериментти эки топко бөлүнүп жазайбыз, жанагы бөлүнгөн боюнча эле биринчи топтогулар тарелкадагы сүттүн үстүнө түрдүү краскадан тамчылатып, ракетанын арткы бетине идиш жуучу каражаттан сыйпап, сүттүн үстүнө ракетаны салып учуралы.
Азаматсыңар, балдар, биз бүгүн баардык тапшырмаларды активдүү аткардык, сабакка активдүү катышкандыгынар үчүн дагы бирден упай берем.
Эми космонавт биздин дагы бала бакчага кайта турчу убактыбыз келди, биз кайталы.
Космонавт: Мага дагы силер менен космоско саякаттаганым жакты, силер абдан акылдуу балдар экенсиңер, силер менен мен космоско жетип алдым, менин силерге белегим бар, кабыл алып койгула. Саламатта баргыла, балдар!
Баалоо: Балдар, баарыңар сабакка жакшы катышканынар үчүн мен силер менен биргеликте, силердин аракетиңерди жылдызчалар менен бааладым. (Балдар, кыздар кайсы топ канча упай жыйнаганын эсептейбиз).
Жыйынтыктоо:
Суроо-жооп:
Балдар силерге бүгүнкү сабак жактыбы?
Эмнеси менен жакты?
Кызыктуу болдубу?
Тарбиячы: Азаматсыңар балдар, кыздар! Ушу менен сабагыбызды аяктадык.

Айзада ТЕКЕЕВА, “Айдай” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы, Тогуз-Торо району
Комментарийлер