КОШ БОЛ, АЛИППЕ!

  • 05.04.2021
  • 0
КОШ БОЛ, АЛИППЕ!

Жаңыбаева Назира

 Балыкчы шаары  К. Жакыпов атындагы №8 ЖБбО мектеби башталгыч класстын мугалими

КОШ БОЛ, АЛИППЕ!

КОШ БОЛ, АЛИППЕ!

Кымбаттуу коноктор! Ардактуу ата-энелер, урматтуу мугалимдер! Бүгүн биздин алдыбызга кечээ эле мектеп босогосун аттаган, 21-кылымдын жеткинчектери «Алиппе» китеби менен коштошуп отурат. Азыр алар «Алиппеден» үйрѳнгѳн ырларын, макал-лакаптарын, аңгеме-жомокторун сиздерге айтып беришет. Биздин сабатыбызды ачып «А» тамгасын таанытып, билимдин чексиз мейкиндигине жетелеп алып барар «Алиппе» майрамына кош келиңиздер!     

 Саламдашуу:

Алтын заман, нур заман,

Айланабыз балкыган.

Сиздерге салам айтабыз,

1-а классынын атынан. (чогуу айтылат)

 

Ата-баба салтын сактап элибиз.

Адегенде саламдашып келебиз

Эже-агайлар эмгегиңди баалайбыз.

Баарыңарга ачык кѳңүл каалайбыз.

 

Салам айтам, Ала-Тоонун чокусундай,

Салам айтам, кенен кыргыз конушундай.

Салам айтып  каалайм, ырыс, бакыт-таалай,

Салам айтам, чоң атабыз Казыбектин добушундай.

 

Айлана теребел салтанат,

Мына эми кечебиз башталат.

Илимдин алгачкы кадамы,

Кутту болсун алиппенин майрамы.

 

Бүгүн  бизде чоң майрам

Алиппенин майрамы

Илим менен билимдин

Ушул туура каймагы.

 

  Мугалим:

Менин кичинекей, татынакай, акылдуу балдарым. Мына бүгүн мектеп босогосун аттаганда эң биринчи колуңарга кармап, тамгаларды үйрѳткѳн «Алиппе» китебиңер менен коштошкону отурасыңар. Бүгүн силер сүйүктүү китебиңерге ыракматыңарды айтышыңар керек, туурабы, балдар?

 

Окуучулар: Туура

Мугалим:

Анда, балдар, «Алиппе» китебин чакыралы.

Окуучулар:Алиппе, «Алиппе («Алиппе» китеби кел)

«Алиппе» китебинин макетин кѳтѳргѳн бала ортого чыгат.

 Алиппе: Саламатсынарбы? Сүйүктүү окуучуларым! «Билеги күчтүү бирди жыгат,билими күчтүү миңди жыгат»-дейт.Андыктан бул майрам силердин жеңиш майрамыңар.Мени уят кылбай жакшы окугула.Кана коштошор алдында силерди сынап кѳрѳйүнчу,даярсынарбы?

  Хор: Даярбыз

Алиппе,алиппе,

Азыр биз сизге,

«Алиппе» жѳнүндѳ ырларды,

Эжелебей, такалбай,

Эркин айтып беребиз.

 «Алиппе» жѳнундѳ ырлар

Окуу жайын түшүндүм,

«Алиппени» бүттүрдүм.

«Алиппенин» майрамы,

Ар күн сайын күтүндүм.

 

Ата-энедей досубуз,

«Алиппени»кошунуз.

Эмки жылы инимди,

Кучак жайып тосунуз.

 

Бажырайган тамгалар,

Баарыбызга жат болду.

Жаркыраган заманда,

Башыбызга бак конду.

 

Билимдин бийик баскычын,

Кѳрсѳткѳн тунгуч жарчысын.

Китептердин тѳл башы,

Алиппем алтын ачкычым.

 

Алтын китеп «Алиппем»,

Ар күн окуп ачканмын.

Отуз алты тамганы,

Ойдогудай жаттадым.

 

Орундатып тилекти,

Окуп бүттүм Алиппени.

Таанып-билип алдым мен,

Тамгаларды жалпы эми.

Алиппе:Рахмат, балдар! Кѳп-кѳп «Алиппе» жѳнундѳ ырларды билет экенсиңер, азаматсынар!

КОШ БОЛ, АЛИППЕ!

Азыр кезек суроолордо

1.Кыргыздын биринчи «Алиппесин» ким жазган?

Окуучулар хор: 

-Кыргыздын биринчи алиппесин Ишеналы Арабаев жазган.

2.Кыргыз тилинде канча тамга бар?

Алардын канчасы үнсүз? Канчасы үндүү?

-Биз 36 тамгабыз,

Катарга тизилип,

Алдыңарга турабыз.

Сегизибиз үндүүбүз,

Келип турат күлкүбүз.

Алтообуз созулабыз,

Ага «ы», «и» лер кошулбайбыз.

Тѳртѳѳбуз  жоонбуз, кечириниз  семизбиз.

Тѳртѳѳбуз  арыкпыз   б.а ипичкебиз.

Үнсүздѳр  22 биз, созулбасак   да тыбыш беребиз.

12 жумшак, 10 убуз каткалаң делебиз

.Биз тѳртѳѳбуз йоттошкон тамгаларбыз.

Экиден тыбыш беребиз

Тушунбѳсѳңѳр:

Кыргызча    й+а=я

й+о=ё

й+у=ю

й+э=е

Жооп толук эмес.( Балдар эки жакты карашат)

Алиппе: Балдар, тамгалар толук эмес го.

Окуучулар: ь, ъ белгилери жок.

Алиппе: Кана, балдар чогуу ь, ъ белгилерин издейли.

Эки окуучу: Мына, мына таптык ь, ъ белгилерин

Ь, ъ белгилер:

Бизди эмне үчүн томсортуп,

Балдардын жок коргүсү.

Анткендиги: экѳѳбүз,

-Жумшартуучу белгиси,

-Ичкертүүчү белгиси.

-Ошон үчүн алардын,

-Жок окшойт го кѳргүсү.

Алиппе: Азаматсыңар, балдар! Тамгаларды жакшы үйрѳнүптүрсүңѳр.

Мени окуп жүрдүңѳр,

Мээрим тѳгүп сүйдүңѳр.

Кир кылбастан барагымды,

Жандай кѳрүп күттүңѳр.

Тамгаларды үйрѳндүңѳр,

Шар окууга кѳндүңѳр.

Сулуу жазып дептерге,

Ачылыптыр кѳзүңѳр.

Окуучу: Ооба, Алиппе биз бүгүн,

Даярданып келгенбиз.

Тамгалардын ырларын,

Таптак айтып беребиз.

«А»

Ата, апа, алмага

«А» тамгасын жазабыз.

Алгач жолу билимди,

«Алиппеден» алабыз.

«Б»

Бала, балык, балкага

«Б» жазылат баш тамга,

Балдар туруп эркелеп,

Баратышат бакчага.

«И»

Ийне, илгич, ийнелик

«И» тамгасын билелик.

Илим кудук казгандай,

Ийне менен изденип.

«У»

Ай улагым, улагым

Так секирген чунагым.

«У»тамгасы келерин,

Уксун сенин кулагың.

«Ы»

Ырыс алды- ынтымак,

Ынтымактуу бололу.

«Ы» тамга кетсе адашып,

Ордуна түздѳп коёлу.

Эң жакшы окуп сабакты,

«2» алганды жоёлу.

«Г»

Гүлдесте алып колума,

Эжекеме беремин.

Таанып калдым «Г» ны мен,

Жаңылбай айтып беремин.

«Ө»

Өнѳрүң болсо, ѳргѳ чап,

Тартынбай ырда ылдам бат.

Балдар «Ө» нү жетелеп,

Ырдайлычы кѳңүл шат.

«Н»

Нанга келчү «Н» экен,

Нан бышырат апекем.

Кызыл толуп кырманга,

Наныбыз кѳп болсо экен.

Хор: Уя жасап берели

Алиппе: Ырды гана билбестен,

Табышмакчы дагы бар.

Айтып берсе табышмак,

Жандырмагын табыңар.

Оозу бар, тили жок,

Кыңк эткен үнү жок.

Муз тоңсо да үшүбѳйт,

Суусуз анын күнү жок. (балык)

Бѳбѳгүм айтат: Бул эмне?

Асманда учуп, күрүлдѳйт.

Үч буту, үстүндѳ желдеткичи бар,

Бети айнектен чарасы бар. (вертолет)

Алиппе: Балдар, эми аталардын сѳзүнѳн окуп бергилечи.

  1. Кыргызды Манас коргогон,

Манасты кыргыз колдогон.

  1. Баатыр элден чыгат,

Байлык жерден чыгат.

  1. Атанын уулу болуу-урмат,

Элдин уулу болуу-кымбат.

  1. Жалкоо кеч кирсе деп шашат,

Эмгекчил таң атса деп шашат.

Алиппе: Азаматсыңар балдар, кана эмесе «Алиппеден» үйрѳнүп ырларынарды айтып бергилечи. ы

Эжем мени тоокко,

Жем чачып кой дегенде,

Кетип калгам «аний» деп,

Жем чачкыч белем мен эмне?

Уят болдум кийин мен,

Ошо чаар тооктун

Жумурткасын жегенде.

Аюнун ыры

Кышы бою уктаймын,

Чээнден түк чыкпаймын.

Карагайлуу токойлуу,

Тупак кылып уктаймын.

Аары уюгун табамын,

Балына кол саламын.

Ошол үчүн мен кээде,

Азап кѳрүп каламын.

Мугалим: Балдар, айткылачы, биз «Алиппеден» тышкары математика сабагын да окудук. Математика сабагынан биз эмнелерди үйрѳндүк?

Окуучулар: Сандарды, мисал, маселелер чыгарганды үйрѳндүк.

Мугалим: Силер билесиңерби, биздин аң-сезимибизди ѳстүргѳн сүйүктүү китебибиздин автору ким?

КОШ БОЛ, АЛИППЕ!

Окуучулар: Исак Бекбоевич Бекбоев

  1. Билимге ѳзүн арнаган,

Бекбоев Исак агай бар.

«Математик, күчтүү» деп,

Мактап келген далайлар.

  1. Пифагорлор кезинде,

Кызматтын кылган илимге.

Исак агайды кошобуз,

Новаторлордун бирине.

Андан соң, «Сандардын чатагы» деген тамашалуу интермедияны аткарышат.

Хор: «Тып- тып»

Мугалим: Балдар, биз «Алиппе», «Математика» китептеринен тышкары «Мекен таануу» китеби менен да тааныштык. Мекен таануу сабагы биздин мекенибиз Кыргызстандын жаратылышын, кооздугун, байлыгын үйрѳтѳрүн билдиңер. Ушул сүйүктүү китебибиздин автору ким экен?

Окуучулар: Мамбетова Заря эже.

  1. Ар адамга эмгек кымбат баарынан,

Сыйлай билгин Мекениңди абыдан.

Жан эргиткен укмуш кооз Мекеним,

Бийик тоолуу, кооз жер баарынан.

  1. «Мекениңди таанып ал»- деп үйрѳттү,

Ал жѳнүндѳ эчен ирет сүйлѳттү.

Кѳп окуп, билдик китебинен

Заря Мамбетова эжебиздин.

Мугалим: Балдар, силерди ушул китептер менен ким тааныштырды? Силерди окутуп, тарбиялап, кѳп нерсени үйрѳткѳн ким?

Балдар: Мугалим.

  1. Окутуп кѳптү үйрѳткѳн,

Ойлонтуп кѳркѳм сүйлѳткѳн.

«Адептүү бол»-дейт ар убак,

Мугалим эжем ал менин,

Актасам дейм эмгегин.

  1. Сылык болсо бала, -дейт,

Мен кубанам ага,- дейт.

Таза жуунуп, тыкан жүрүп,

Ѳз боюңа кара,- дейт.

  1. Сабак жүрүп жатканда,

Кулак сал- дейт айтканга.

Үйрѳнгүн,- дейт, -жана да

Түз отуруп жазганга.

Мындан тышкары, балдар ата-эне, балалык, мектеп ж.б. жѳнүндѳгү ырларын ырдашат жана түрдүү бийлерди бийлешет.

Мугалим: Балдар, мына эми «Алиппе» китебиңер менен коштошор мезгил келди. Сүйүктүү китебибиз менен коштошолу.

Рахмат сага, Алиппе,

Ак жол сага каалайбыз.

Билимиңди унутпай,

Бойго  жетсек актайбыз.

Кош бол, Алиппе!

Алиппе: Кош болгула, балдарым!

Эми мен кетейин

Мындан кийин китептерди

Кир кылбай окуп, билим ал.

Чиймелебей беттерин,

Адабий окууну тосуп ал.

 

Окуучулар: Кош бол, «Алиппе», кош бол!

Каалайбыз сага ак жол!

Алиппе: Силерге окууңарга ийгилик каалайм, адабий окууну жакшы окугула, жакшы калгыла.

Мугалим: Кымбаттуу кеченин катышуучулары, урматтуу ата-энелер, бүгүнкү Алиппе майрамынан сиздер кечээ эле мектеп босогосун аттап, калем кармай албай келген окуучулардын, балдарыңыздардын ѳнѳрлѳрүн кѳрдүңүздѳр.

Биздин максатыбыз: шар окуганга, сулуу, сабаттуу жазганга жетишүү, чыгармачылыгыбызды мындан ары да ѳстүрүү. Бүгүнкү майрамга катышкандарыңыздар үчүн чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Азыр кезекти орус тилине берсек.

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер