Конус
- 18.12.2024
- 0
Мийзамова Сүйүмкан, Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда жайгашкан Бөжөк Бегиев атындагы гимназиялык класстары бар орто мектебинин башталгыч класс мугалими
МАТЕМАТИКА, 4-КЛАСС
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү.
Сабактын формасы: топтордо иштөө.
Сабактын интерактивдүү усулун колдонуу менен жалпы класстагы окуучулар менен жекече, жупта, кичи топтордо иштөө.
Сабакта колдонулган интерактивдүү окутуунун усулдары (методдору): моделдештирүү, практикалоо, багыттоочу суроолор, ыкчам текшерүү.
Калыптандыруучу баалоонун техникалары: кол белги, упай катары берилчү чүкө, алтын, күмүш, коло медалдын үлгүсү, баалоо критерийлери.
Сабактын жабдылышы: ТСО, И.Б.Бекбоев, Н.И.Ибраева “ Математика” окуу китеби 4-кл. үчүн, ватман, маркер, скотч, көлөмдүү фигуралардын модели, буклет.
Сабактын максаты:
- Көлөмдүү фигураларды, конустун элементтерин айта алсак.
- Конусту башка көлөмдүү фигуралар менен салыштырабыз. Моделин жасайбыз. Мисал-маселе иштейбиз.
- Конустун башка фигуралардан айырмачылыгын таба алсак, моделин туура жасай алсак, мисал-маселени түшүндүрүп, негиздей алсак максатка жеткен болобуз.
Сабактын жүрүшү: мугалимдин ишмердүүлүгү.
а) Окуучуларга жагымдуу маанай түзүү.
б) Сабактын максаты менен тааныштыруу.
в) Өтүлгөндөрдү кайталоо (слайддын жардамында).
Окуучуларда түшүнүүнү калыптандыруу: Сүрөттөр көрсөтүлөт. Талкуу болот.
Маселени чыгаруу: Конустун сүрөтүн көрсөтүп, атын атайт. Конустун жайылмасынан көлөмдүү фигура конусту чогултууну тапшырат.
Багыттоочу суроолор: Кайсы фигураны алдыңар? Кимдин фигурасы башкача куралды? Фигуранын чокусу, граны, кыры жөнүндө эмнени байкадыңар? Биздин жашообузда конусту кайсы жерлерден кездештирүүгө болот?
Карама-каршы пикир жаратуу: Асан шляпа конус формасында деп жатат, туурабы балдар? Эмне үчүн? Ага кандай кеңеш бересиңер?
Моделдештирүү: дептерге конустун чиймесин сызабыз.
Топтордо окуу китебиндеги тапшырмаларды иштейбиз.
- 1-топ: 1155-иш маселе иштөө
- 2-топ: 1156-иш фигураларды салыштыруу
- 3-топ: 1157-иш геометриялык маселе иштөө
- 4-топ: 1158-иш туюнтма түзүү
- 5-топ: 1159-иш амалдарды аткаруу
Окутуунун жыйынтыгын баалоо: ыкчам суроо
Ар бир топко бирден суроо берилет.
- Конустун канча чокусу бар?
- Куб кандай фигура?
- 2 саатта канча минута бар?
- Конустун негизин кайсы фигура түзөт?
- Параллелепипеддин канча граны бар?
- 1 тоннада канча грамм бар?
- Конустун пирамидадан кандай айырмачылыгы бар?
- Пирамиданын каптал граны кайсы фигурадан турат?
- мм, см, дм, грамм кайсы сөз ашыкча?
Үй тапшырмасы: окуу китеби, 161-бет, 1160-1161-иштер.
Баалоо пайлардын негизинде жүргүзүлөт.
Комментарийлер