КОМПЬЮТЕРДИК ОЮНДАРДЫН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНДУУЛУГУ

  • 15.01.2024
  • 0
КОМПЬЮТЕРДИК ОЮНДАРДЫН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНДУУЛУГУ

Назгүл  Кыргызбаева,

Базар-Коргон районунун Акман айылынын

Тешебай Исак уулу атындагы №35 орто мектеби мекемесинин математика мугалими

Тарбиялык саат 

Классы:   10-кл  

Сабактын темасы: Компьютердик оюндардын пайдасы жана зыяндуулугу

Негизги компетенттүүлүк:

1. Маалыматтык

2. Социалдык-коммуникациялык

3. Өз ишин уютуруу жана көйгөйлөр

Предметтик компетенттүүлүк:

1. Илимий маселелерди таануу жана коюу

2. Кубулуштарды илимий түшүндүрүү

3. Илимий далилдерди колдонуу

  Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Компьютердик оюндардын пайдасы жана зыяндуулугу боюнча окуучулар жалпы жана кеңири түшүнүк алат.

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын ой-жүгүртүүсү кеңейип, аң сезими, сабакка активдүүлүгү калыптанат.

Тарбиялык: Окуучулар дени сак жашоого тарбияланат.

 Сабактын тиби: аралаш сабак

Сабактын  ыкмасы: аңгемелешүү, интерактивдүү

Сабактын жабдылышы: көргөзмө куралдар, интернет булагынан алынган маалыматтар, сүрөттөр, ватман.

Сабактар аралык байланыш: адеп, тарых, сүрөт, математика, информатика.

Сабактын жүрүшү: уюштуруу, тема боюнча түшүнүк берүү, топторго бөлүп оюн ойнотуу, бышыктоо, тапшырма берүү.

Уюштуруу: Саламдашып окуучуларды жоктойм, окуучулардын, класстын ал-абалына көз жүгүртөм. “Алтын эрежелерди” эске салып, окуучуларды тартипке чакырам.

Өтүлгөн тема боюнча иштөө.

1.Өтүлгөн тема боюнча суроо-жооп өткөрөм. (Калыптандыруучу-суммативдик баалоону колдоном).

Биздин үй-бүлөнүн салттары.

Көңүлдүү маанай түзүп алуу үчүн окуучуларга эки суроо менен кайрылам.

  1. Келечекте ким болгуң келет?
  2. Сени эмне кубандырат?

Демек балдар, силер өз каалаган максаттарыңарга жетүү үчүн терең билим берүү, татыктуу тарбия керек экен. Биз бул эки түшүнүктүү мугалим аркылуу гана алабыз.

  1. Жаңы тема боюнча иштөө

Тема: Компьютердик оюндардын пайдасы жана зыяндуулугу.

Компьютер адам жашоосунда пайда болушу менен виртуалдык реалдуулук деген түшүнүк кошо пайда болду. Уламдан улам ар тараптан өнүккөн оюндар: укмуштуудай атайын эффекттери менен, өтө кызыктуу сюжеттер, үч өлчөмдүү графикалар менен пайда болууда. Жыл сайын геймерлердин катары геометриялык прогрессиялар менен көбөйүүдө. Барган сайын көп адамдар оюндарын ойноо менен персоналдык компьютерде сааттар бою отурууда. Бул өнөкөт адамзаттын глобалдуу көйгөйлөрүнүн бирине айланып, биздин өлкө да четте калган эмес.

КОМПЬЮТЕРДИК ОЮНДАРДЫН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНДУУЛУГУ

                                      Компьютердик оюн деген эмне?

Компьютердик оюн – атайын курактарга жараша үйрөнүү же көңүл ачуу үчүн түзүлгөн татаал компьютердик программа.

Компьютердик оюндардын кандай түрлөрү бар?

2 түрү бар:

  1. Өнүктүрүүчү.
  2. Көңүл ачуучу.

                                                 Альфа доорунун балдары

                                       Компьютердик оюндардын жанрлары

Экшен (анг action- кыймыл) – уруш сценалары, мушташ жана атышууну камтыган оюн.

Стратегия — мында шаарларды куруу, бизнес түзүү, армияны башкаруу ж.б камтылган оюн.

Симулятор – чыныгы жашоону чагылдырган, мисалы, автомобиль же самолетту айдоо

Окуя – адабияттык сюжеттерди ачууну камтыган оюн.

Баш катырмалар – ар түрдүү логикалык мисалдарды чыгаруудан турган оюндар.

Билим берүүчүлүк – окутуунун программаларынын элементтерин камтыган оюндар.

Ролдоштурулган оюндар – мында каармандардын белгилүү жөндөмдөрүн жана мүнөздөрүн жакшыртуу же жаны сапаттарга ээ болуусун кандайдыр бир кыймылдардын негизинде өзгөртүүгө мүмкүн болгон оюн.

Кызыктыруучу – бул жанр негизинен жаш балдарга арналган, мында экрандагы сүрөттөрдөн алынган, психологиялык таасирленүү негизги ролду ойнойт. Мисалы, шариктердин жарылышы

 

                                    Компьютердик оюндун зыяндуулугу

                                                                Физикалык                                 

  1. Кыймылсыз абалда көп убакыт отуруу. Бул өз кезегинде келбеттин туура эмес калыпка алып келет.
  2. Көздүн көрүүсүнүн начарлашы. Баланын көрүү системасы активдүү калыптанат, бул мезгилде көзгө ашыкча күч келтирүү бузулууларга келиши мүмкүн.

                                                                 Психикалык

  1. Нурландыруу. Нурландыруунун чоң өлчөмү жашоого коркунуч келтирет. Ал топтолуп олтуруп көп жылдардан кийин олуттуу маселе жаратат.
  2. Психика. Компьютерди көп колдонуу барынан да баланын психикасы үчүн коркунучтуурак.

3. Бышыктоо: окуучуларды топторго бөлүп, оюн уюштуруу.

1-топ: “компьютер”тобу

2-топ: “телефон” тобу

Компьютердик оюндардын пайдасы жана зыянынын кластер менен түзүү.

1-топ: “компьютер”тобу

Компьютердик оюндардын пайдасы

  • Бат чечим кабыл алууга үйрөтөт
  • Реакцияны жана ылдамдыкты өнүктүрөт
  • Логиканы өстүрөт (баш катырмалар, логикалык оюндар)
  • Ойлонуу жөндөмдүүлүгүн жана интеллектти өнүктүрөт
  • Эске тутуу, көңүл буруу, элестетүүнү өнүктүрөт
  • Жаңы маалыматтарды берет

2-топ: “телефон” тобу

Компьютердик оюндардын зыяндуулугу

  • Осанка жана омуртка сөөктөрү бузулат
  • Көп ойноодон оюнга көз карандылык пайда болот
  • Агрессияны пайда кылат
  • Бала түнт болуп калат
  • Көздүн көрүүсүн начарлатат
  • Дем алуу органдары бузулат
  • Семирүү
  • Аллергия
  • Баш оорууну пайда кылат
  1. Жыйынтыктоо:
  • Компьютердик оюндар балдарга албетте таасир берет. Компьютер, бизди курчап турган чөйрө, нерселер сыяктуу пайдалуу да, зыяндуу да болушу мүмкүн.
  • Бардык нерсе чеги менен жакшы!

 

Бөлүшүү

Комментарийлер