«КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУГУШЧУ ЖОЛДОР БАР»

  • 23.12.2023
  • 0
 «КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУГУШЧУ ЖОЛДОР БАР»

Ч.Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата

Айдай КУБАНЫЧБЕКОВА, А.Чортеков атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими

                            (адабий кеченинин сценарийи)

 «КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУГУШЧУ ЖОЛДОР БАР»

  1. Ачылуу аземи: Чыңгыз ыры менен бий (8- “б” класс. Ысык-Көлдү сагынуу.
  2. (слайд) Чыңгыз тууралуу

Чындыгында Чыңгыз талант кыргызда,
Чыгармасы чыгып жетти жылдызга.

Кайда барсаң атын атап баркташат,

Бешиги бар, үйү да бар кыргызда.

Арыбаңыздар ардактуу агартуучу кесип ээси болгон сүйүктүү эжей-агайлар, улуу журттун уңгусун улантуучу келечек муундар! Аскасы асман тиреген, чокусу булут жандаган, өз үстүнө ар түркүн кең пейил таланттарды көтөрүп турган жер-эне. Амансыздарбы! Эмесе адабият майданынын бийиктигин багынткан, алакандай кыргыз элин бүт дүйнөгө тааныткан айтылуу Чыңгыз атабыздын 95 жылдык мааракесине арналган “Кайра кайтып, жолугушчу жолдор бар” аттуу адабий кечебизди ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер.

 «КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУГУШЧУ ЖОЛДОР БАР»

  1. Көркөм окуу: Окуучулар жамааты.

Урпактарга улуу мурас калтырды,

Унутулгус ушул дүйнө жазылды.

Жер бетинде желип өткөн өмүрдүн,

Жыргалы да, кууралы да айтылды.

  1. Сценка. Чыңгыздын туулган күнү.

Чын айтамын, балким жалган туюлаар,

Чыңгыз десем, ыр өзүнөн куюлаар.

Окшоштурсам мен Чыңгызды тоолорго,

Оркойгон тоо улам көзгө урунаар.

Эмесе урматтуу, эжей-агайлар жана бүгүнкү кечебиздин ардактуу замандаштары улуу талант, орошон ойчул, чыгаан жазуучу Чыңгыз атабыздын туулган күнүнө арналган “Кайра кайтып, жолугушчу жолдор бар” аттуу адабий кечебизди баштайбыз.

 «КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУГУШЧУ ЖОЛДОР БАР»

 «КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУГУШЧУ ЖОЛДОР БАР»

  Катышуучу каармаандар:

Чыңгыз Айтматов — Нуртегин

Жубайы Керээз — Азема

Найман эне – Гүлшайыр, 5-класс

Маңкурт – Ынтымак, 5-класс

Бугу Эне – Бегай, 6-класс

Майрык чаар Жезкемпир – Айгерим, 6-класс

Сейде – Акылай, 5-класс

Ысмайыл – Адис, 5-класс

Дүйшөн – Азамат,  6-класс

Алтынай – Керемет, 5-класс

Момун чал – Азирет, 6-класс

Нургазы – Ислам, 6-класс

Жамийла – Нуриса, 6-класс

Данияр – Айтегин, 6-класс

Толгонай – Айтунук, 5-класс

Алиман – Адеми, 6-класс

Ильяз – Адилет, 5-класс

Асел – Жибек, 5-класс

Султанмурат – Нурдөөлөт, 6-класс

Мырзагүл – Сымбат, 5-класс

Абалбек – Рамазан, 5-класс

Жээнкүл – Жасмин,  6-класс

Танабай – Бообек, 6-класс

Исабеков – Кылыч, 6-класс

Кыз – Аяна, 6-класс

Жубайы: Кутмандуу таңын менен!  Алакандай кыргыз элин ааламга тааныткан айтылуу ардактуу адамым. Таң ырыскысынан куру калбастан, эртелеп эрте турган экенсиң го. Анын үстүнө бүгүн да сенин өздүк жеке майрамыңа айланган туулган күнүң кут болсун! Ар дайым баатыр жүрөк, меймандос элиңдин маңдайында аман бол, бар бол, ооруба!

Чыңгыз: Рахмат байбиче, турдуңбу? Кудай ааламга жана жер бетине тегиз нурун чачкан таң ырыскысынан бүтүндөй адамзаты  куру калбасын. Рахмат, айтканың келсин! Бул жашоодо ар бир ой-тилек, максатты бир гана Жараткан эгем кабыл кылсын!

Жубайы: Кел, мен сага жалбыз чайынан демдеп келдим. Шыгыңа  шык, эргүүңө эргүү кошот деп ишенем. Эшикте кычыраган кыш чындап өз кылычын кынынан сууруган өңдүү. Чыккылдап суук, чилде да түшкөн окшойт.

Чыңгыз: Ооба, туура айтасың, сыртта кыш өкүмүн сүрүп жаткандай. Мейли байбиче, кыштын кыштай болгону, кыздын кыздай болгону дурус эмеспи. Чайың абдан даамдуу болуптур. Колуңа береке.

Жубайы: Ааа айткандай бүгүн биздикине алыстан жана жакындан абдан сыйлуу меймандар келет.

Чыңгыз: Кызык, мага кабарын билдирбей, капыстан кирип келүүчү кандай меймандар экен?

Жубайы: Билбейм, Чыке, эң башкысы бүгүн биздин үйдө ушундай таасирдүү, турмуш сабактарын  кылым кыйрына калтыра турган жакшы кең пейил меймандар келерин чындап сезип турам.

Чыңгыз: Мейли, мейли, келсин. Көрөбүз го сен табышмактатып айтып жаткан конокторуңду. Анда мен чыгармамдын жакшы жерине келип калдым эле. Өз ишимди улантайын, эгерде сенден уруксат болсо.

Жубайы: Улант  абышка, улант. Жаз, жаза бер. Калемиңдин сыясы эч убакта кургабасын жана токтобосун. Мен кам көрөйүн. Коноктор да эртелеп  кирип келбесин.

                             (Дасторкон даярдай баштайт)

Жубайы: Ээ Чыке, конокторуңдун келээр маалы болуп калды. Капа болбосоң кагаз калемдериңди жыйыштырсаң кандай болот? Меймандарды тосуп алганга даярдык көрсөң боло. Жок дегенде бүгүн токтото турчу, байболгур. Карачы, сенин өздүк жеке майрамың үчүн ушундай кам көрдүм дейсиң. Аны анан сага  конокторуң айтып берет. (күлөсүң)

Чыңгыз: Азыр…. азыр ….. мына…. аз калды……

Жубайы: Ммм…. дасторконго бардыгын койдум окшойт, таттууларды, нандарды, мөмө-жемиштерди…. Мммм… демек, бардыгы даяр. Чайды карайын….

Алып баруучу:

Атадан калган туяк бул Авалбек,

Өз атасын көпкө тиктейт, мелтиреп.

Ата улуу, ата бийик, ата кандай керемет,

Ата жолун улантууда эң керек. Дал ушул учурда жолдо энесин убарага салган Авалбек менен Жээнкүл келе жатышкан эле.

 

Авалбек: Апа, эртелеп эле чыга берели десе. Мына кечигип калганбыз го.

Жээнкүл: Ай Авалбек, же жанды койбодуң, же бир жаның тынбады. Кандай немесиң?  Болду эми ансыз да кечтен бери кулак мээмди жеп бүттүң.

Авалбек: Элдин баары барган болсочу? А мүмкүн алар кетип калган болсочу?

Жээнкүл: Элдер кетпейт. Кечиккен жокпуз. Өз убагы менен эле бара жатабыз.

Авалбек: Ыкыы апа. Дал ошенттик, кечиктик. Сен кайдан билесиң?

Жээнкүл: Болду, Авалбек, шоктонбо. Конокко барганда тынч отур. Тартип бузба, макулбу? Сен жакшы баласың да. Сен деген атанын уулусуң.

Авалбек: Макул апа, сиз айткандай болот. Ырас апа, чын эле ал конокко кимдер барат болду экен? Атам келээр бекен ал конокко? Ураа атам да келет. (секирип ойнойт)

Жээнкүл: Бол эми, көп сүйлөбөй тез бас.

Авалбек: Апа, апа чын эле айтсаң ал конокко атам келеби?

Жээнкүл: (Унчукпайт)

Авалбек: Апа, апа, апа дейм, айтсаң бол. Ошол менин атам да келеби конокко?

Жээнкүл: Чүүүш акырын, мына келип калдык.

Жубайы: Саламатсызбы, келиңиз. Биз конокторду күтүп отурган элек. Ээ Чыңгыз, Чыңгыз, карачы бизге кимдер келди?

Чыңгыз: Аа келгиле. Кандайсыңар? Оо Авалбек, жигит болуп калган тура.

Алып баруучу:

Алаамат күндө коргобой, качса эл-жерин,

Ачылат жүзү бет капчан эркек пенденин.

Аядым бекен, сөз чыкпай тилден, тим болдум,

Абалын көрүп, ЫСМАЙЫЛ менен СЕЙДЕНИН.

Бул мезгилде  үңкүрдөн эртелеп чыккан Сейде менен Ысмайыл жолдо Чыңгыздын үйүнө келе жаткан болот.

Сейде: Бол эми тез-тезден бас, кечигип калмай болдук го. Эмне эле мынча ташбака минип алгандай кыбырайсың, тобооо. Суук  бул болсо, бала да үшүп кетмей болду.

Ысмайыл: Сейде өзүң эле келе бер десем, мага жабышканыңды койбодуң да. Көрөсүң го, эми баарысы мага суз көздөрү менен карабаса болду. Ушунчалык уялам. Мекенимди коргобой бир каражанымды карап, өзүмдүн жеке керт башымды ойлоп, качып кеткенимден абдан уялам. Эмнеге мен, эмнеге мен анттим экен?  Согуштан качпай койгонумда, балким, бүгүнкү кечеде жүзү жарык, башкалардай жакшы отурат белем, бетиме чиркөө болбой. Аааа баса, баарынан дагы бүгүнкү конокко Тотой барбаса экен? Сейде айтсаң, айтсаң, Сейде Тотой барбайт деп айтчы. Байболгур, барбайт дечи….. Ошентчи……

Сейде: Иииииий  Ысмайыл, болоору болду да. Өткөн өттү аны эч качан, эч убакта сен артка кайра кайтара албайсың. Адам кайра өз ишинен уялып калбоо үчүн, ар бир ишти кылаарда ойлонуп, алдына максат коюп, келечек муунга кандай үлгү боло алам деп жашаш керек. Бол эми, бас.Уялып жатам деп эмне барбай коймок белең? Эл катары барабыз да. Кел баланы сен көтөрчү. Тезирээк басалы, суук дагы аябай чыкылдап кетти.

Ысмайыл: Ооба, чын эле чыкыроон боло баштады. Басса басайын. Айла канча өткөн өттү, кеткен кетти.

Алып баруучу: Эшиктин коңгуроосу кагылып, Сейде менен Ысмайыл кирип келди.

Жубайы: Ооо карачы, Чыке,  конокторуң да четинен  келе баштады. Амансыңарбы? Келгиле, келгиле. Төргө өткүлө. Аиииий, бала да абдан торолуп калыптыр. Үшүбөдү бекен бул бөбөк.

Сейде: Жакшысыздарбы? Рахмат. Ооба туура айтасыз. Биз үңкүрдөн келгичекти аябай үшүп кеттик.

Чыңгыз: Оооо келгиле. Жол азабы, көр азабы демекчи. Аябай алыстан ат арытып келдиңер. Чарчаган жоксуңарбы? Төргө өткүлө. Демек, байбиче сенин табышмактаткан конокторуңду билдим эми.

(Күлөт)

Жубайы: Ооба, туура Чыке, билдиң, бирок эртең менен тапкан жоксуң го? (күлөт)

Алып баруучу:

Кызганыч деген сезимди такыр жат кылып,

Кыйбаган, таза жүрөктөр менен жактырып.

Бир кадам жылбай биринен-бири, бактылуу,

ДАНИЯР менен ЖАМИЙЛА жүрөт каткырып.

Данияр менен Жамийла алгачкы таанышкан күндөрүн элестетип келе жатышты.

Жамийла: Билесиңби, Данияр?  Мен … мен сени алгач көргөндө адам катарында санаган эмесмин. Бирок, кийин сени абдан жакшы көрүп калдым. Анан күндөрдүн жана убакыттын өтүшү менен сага болгон сезимдерим кашкайып чыга келди. Көрсө, мен сүйгөн Данияр ушунчалык акылдуу, келбетүү, адамдык асыл сапатың бийик, чыгаан жигиттин гүлү экенсиң.

Данияр: Догар Жамийла, жетер болды энди. Кайта-кайта мактан тутканды догар. А мен шондо эле сендей гажайып перистенин меники боларын жүрегимден сезгенмин.

Жамийла: Чынбы ээ, чын айтып жатасыңбы? Мен абдан бактылуумун. Мен кандай гана бактылуумун.

Данияр: Жамийла тез болду энди. Казыр экөөбүздүн махаббат энин айтып тураар уакытымыз эмей го. Жылдамдайлы, догар, токтат энди. Бизди конактар күтүп калган чыгар.

Алып баруучу: Данияр менен менен Жамийла жарк этип күлүп жайнап кирип келишет.

Жамийла: Амансыздарбы?  Көпкө күттүрүп койдук го. Кечирим сурайбыз.

Чыңгыз: Аманчылык, келгиле, келгиле төргө өткүлө.

Данияр: Тууган күнүңүз кутты болсын! Чыңгыз ага, жаксысыңбы? Ой-бааай жолуңар өтө алыс эди. Шаршап кеттик гой. Араң келдик, агай, калайсыздар, жагдайыңыздар жаксымы? Баары дурусму? Ой баай, Жамийла карачы татемибиз бизге деп гажайып сонун бир түрлүү дастархон өзүрлептир. Мынша уере болыпсыз гой. Колдоруңуз дарт көрмөсин.

Жубайы: Рахмат, Данияр, рахмат абдан кубанычтамын. Ушунчалык ширин жансың да. Баятадан Чыңгыз агаң дасторконду байкайбы деп күтсөм эч байкабады.

Чыңгыз: Кой байбиче, эл кеткен соң айтам да. Азырынча коноктор али келип бүтө элек. Даамдарыңдын даамын да көрө элекпиз. Ошентсе дагы алдын-ала сага чооң рахмат!

Алып баруучу:

Армандан чыгып, ачыла түшүп кабагым,

Артымдан келген элдерди дагы карадым.

Алты өрүм чачы сеңселе улам желге учуп,

АЛТЫНАЙ  жүрөт унутуп мында сабагын.

“Азаптуу күндөй ачылбай, абдан бүркөлдүң,

Атабыз тирүү! Анчалык неге түйшөлдүң?!

Дилиңден сен да мээнетти кылдың элиңе!”-

Дегенин уктум биринчи маалим ДҮЙШӨНДҮН.

Бул мезгилде Дүйшөн менен Алтынай узун сөздүн учугун улап келе жатышкан эле.

Алтынай: Саламатсызбы, агай? Амансызбы?

Дүйшөн: Аманчылык, рахмат кызым! Өзүңдүн иштерин кандай, менде бардыгы жакшы. Жүрөм айылда. Эптеп өлбөстүн күнүн көрүп. Ээ койчу кызым, мени эмне кыласың. Андан көрө өзүңдүн иштерин жөнүндө кеп салчы.

Алтынай: Рахмат агай, өзүм жакшымын. Кудай буйруса көнүп калдым. Агай сизге мен абдан ыраазымын. Сиз берген аруу таза билим мени ара жолго таштаган жок. Ошол алгачкы билимимдин негизинде, мен ушул даражага жетип, чоң бийиктикти багындырдым. Агай мен дагы бүгүнкү күндө сизге окшоп улуу окутуучу болдум. Окумуштуу болдум. Академик болдум. Эң башкысы адам болдум. Ишеничиңизди актоого ар дайым аракет кылып келем. Мен сизге ыраазымын! Өзүңүз билген бар билимдин бир тамчысын калтырбай мага бергениңиз үчүн, мен сизге карызмын. Ай иий агай, караңызчы сиз экөөбүз тиккен кош теректер, асман тиреп калган го. Мен дагы ушул теректер тигилген кезде дал ушулардай чырпык болчумун. Азыр эми минтип убакыттын өтүшү менен өмүр жашыбыз бипбирдей.

Дүйшөн: Ооба айланайын, өзүңдөй окуучулар менен, биз мугалимдер дайым сыймыктанып, бактылуу өмүр сүрөбүз. Берген билимибиздин жарыгы силердей жаштарга тийгенине абдан кубанабыз. Сен кичине кезиңде эле байкагам билимге шыктуу экениңди. Мына эми минтип бул теректердей сен дагы суналып калыптырсың. Жүрү кызым, анда эртелейли. Кечигип калбагай элек Чыңгыздын туулган күнүнө.

Алтынай: Ооба, кыштын күнү да кыска болот эмеспи. Макул, жүрүңүз ылдамдайлы.

Алып баруучу: Алтынай менен Дүйшөн агай жылуу жылмайып кирип келишет.

Алтынай: Саламатсыздарбы? Туулган күнүңүз менен!

Жубайы: Ии Алтынай, кош келипсиңер! Келгиле төргө өткүлө.

Чыңгыз: Дүйшөн агай жакшы келип алдыңызбы? Ден соолуктарыңыз жакшыбы?

Дүйшөн: Шүгүр Чыңгыз, шүгүр. Жүрөбүз эсен. Келечек муундун тагдырын, элдин эртеңин ойлоо менен алекпиз. Өзүңөр жакшы турасыңарбы? Бала-чакаңар эсенби?

Жубайы: Рахмат агай, аман-эсен, кудай буйруса абдан жакшыбыз.

Чыңгыз: Баары жакшы келиңиз, келиңиз төргө өтүңүз.

Жубайы: Дасторконго караңыздар, кана даамдан алыңыздар.

Алып баруучу:

Токтоткум келип, тилинген жүрөк канашын,

Таңкала кеттим, топ эле түшүп карашым.

Тигине көрдүм! Бугуну сылап сүйүнгөн…

Тааныдым жазбай, МОМУН ЧАЛ менен БАЛАСЫН.

Таятасын убарага салып, Нургазы менен Момун чал келе жаткан болот.

Нургазы: Таята карасаңыз, менин дүрбүм алысты жакын кылып, жакынды алыс кылып көрсөтөт экен. Анан мен дайыма Көлдү караганда, ак кемени көрсөтчү деп дүрбүчөмөн суранам. Бирок ал дайыма эле менин каалоомду аткара бербейт.

Момун чал: Ооба, балам. Бирок сен Көлдөн ак кемени караганыңды токтотпо. Мүмкүн, бир күнү сөзсүз көрүп каласың макулбу.

Нургазы: Макул таята, мен ар дайым караганымды токтотпойм. Таята, биз бүгүн конокко барчу жерге Орозкул абам барбайбы? Мен андан абдан корком жана аны жаман көрөм. Ал ар дайым сени жана эжемди урушат. Мен чоңойгондо аны урам. Бардык сизге кылган жаман уруштары үчүн.

Момун чал: Кой балам, улуу адамдарга антчү эмес. Эзелтеден элибизде улууга урмат, кичүүгө ызаат деген кеп бар эмеспи. Анын үстүнө ал конокко Орозкул абаң келбейт.

Нургазы: Ыкыы, ата мен аны жек көрөм. Анда эмне үчүн Орозкул абам сени урду? Сен андан улуусуң да, туурабы, ата? Сен андан улуусуң. Эмне үчүн Орозкул абам сага жаман мамиле кылат? Өзү атка минип алып, сени муздак сууну кечирип, карагайды сүйрөткөн үчүн мен аны жаман көрөм.

Момун чал: Ок, антип айтпа жубарымбек десе. Жашоодо адамдар ар кандай болот. Сен жакшы адам бол. Анткени жаман адамдарды Кудай өзү жазалайт.

Нургазы: Аааа мен эми билдим. Демек, Орозкул агамды Кудай жазалаган үчүн Бугу-Энеден бешик берип ийбей койду да, туурабы? Анткени  Орозкул абам Бугу энени таарынтты ээ.

Момун чал: Болду, балам, эртелейли. Чыңгыз атаңдар бизди күтүп калган өңдүү.

Алып баруучу: Нургазыны жетелеген Момун чал үйгө кирип келет.

Чыңгыз: Ассолому аллейкум, ата! Келиңиз төргө өтүңүз. Кыйналбай келип алдыңызбы?

Момун чал: Айланайын, уулум, амансыңбы? Ден соолугуң жакшыбы? Туулган күнүңө неберем экөөбүз дагы келип калдык. Нургазы кана, эми белегиңди бере гой Чыңгыз атаңа.

Нургазы: Туулган күнүңүз менен, Чыңгыз ата!

Жубайы: Ииий мээнетиңди алайын десе. Атасына белек ала келген тура. Азаматсың!

Алып баруучу: Момун чал адаттагысындай эле босого жакка отурмакчы болот.

Чыңгыз:  Кантет, кантет жарыктык киши. Төргө өтүңүз. Сиздей аксакалдар менен биздин төрүбүз көрктүү.

Нургазы: Ата, ата, ата дейм карасаң карасаң, турналар, турналар, тигине карасаң.

Момун чал: Э, кокуй, кыштын кычыраган күнүндө кайдагы турналар?!. Кой балам жөн отур уят болот.

Нургазы:  Ыкккы, ата, мына мен көрүп жатам го, менин дүрбүчөм таптакыр калп айтпайт. Эч качан. Эээ дүрбүчөм ээ.

Алып баруучу:

Эни жок экен, жайылган кенен кулачың,

Эскирбейт тура, артыңда калган мурасың.

Жаңы эле көрүп, жарыла маңдай сүйүндүм,

Колтуктап жүрөт МЫРЗАГҮЛ СУЛТАНМУРАТЫН.

Дал ушул учурда Нургазынын дүрбүсү, айтмакчы, Султанмурат менен Мырзагүл булак көзүндө бири-бирине аруу тилектерди айтып отурушкан болушат.

(Султанмурат күзгүгө каранып, Мырзагүлдү күтүп туруп калат).

Мырзагүл: Мынакей каттын жообу.

Султанмурат: М+С  жүрөктөрдө сакталар.

Уяң баскан жүзүң катып качсаң да,

Гүл жыттанган жүз аарчыдан бек кысып,

Кете бердим эстен кеткис Ак-Сайга.

Дагы турмуш дайрасынан кечем мен,

Сен окуудан чыгарыңды күтчү элем.

Өткүм келет дайым ошол көчөңдөн,

Жүрчү жаным басалычы көчөңдөн.

Мырзагүл: Султанмурат, уялтпачы мени антип. Андан көрө бүгүн биз экөөбүз конокко барабыз.

Султанмурат: Конокко дейсиңби? Кайдагы конок? Эмне болгон конок? Сен эмне мага айткан жоксуң?

Мырзагүл: Ой, Султанмурат, шашпа, шашпасаң эми. Уксаң мени. Сага жакшы маанай тартуулагым келди, ошондуктан айткан жокмун эртелеп. Барганда көрөсүң. Жүрү анда кеттикпи.

Султанмурат: Демек, сендей сулуу бийкеч чакырып жаткан соң, менин дүйнөм түгөл да. Кеттик анда. Кана мени кайсы конокко алып бараар экенсиң. Көрөлүчү?

Мырзагүл: Кеттик анда. А айткандай жүрү гүл алып алалычы?

Султанмурат:  Гүл алып дейсиңби? Эмнеге, эмне үчүн, гүлдү кимге алып барабыз ошондо?

Мырзагүл:  Ой, Султан, шашпасаң эми, жүрү барганда көрөсүң.

Султанмурат: Мейли, мейли, болду сурабайм, кеттик анда.

Алып баруучу: Ошентип, жаштык жыттанган Султанмурат менен Мырзагүл кирип келишет.

Мырзагүл: Ата, амансызбы туулган күнүңүз куттуу болсун!

Султанмурат: Саламатсыздарбы? Каап, Мырзагүл мага ачык айтсаң болмок экен? Мен туулган күнгө келе жатканымды билгенимде, белек алып алмак экенмин.

Чыңгыз: Ой жаштар келгиле, кирип-кирбей жатып, эмне ызылдашып калдыңар? Силердин келгениңер мен үчүн абдан чоң белек. Киргиле, төргө өткүлө.

Султанмурат: Анда, Чыңгыз ата, сизге белек ала албай калдым. Бирок белек ордуна ыр саптарын арнап коеюн, эгер туура көрсөңүз.

Чыңгыз: Айт, айта сал ырыңды.

Султанмурат: Туулган күнүңүз менен!

Бербеди деп таарынбаңыз баалуу белек,

Белегим жакшы сөз, жакшы тилек.

Капа болбой кабыл алып коюңузчу,

Узун өмүр, каалаймын бакыт тилеп.

Нурун чачкан таң болуңуз, атаке,

Жакшылыкка жар болуңуз, атаке.

Таза жашоо өмүр жолун көрсөттүң,

Бактыбызга бар болуңуз, атаке! (Жалпы кол чабышат)

Чыңгыз: Рахмат, рахмат, азаматсың! Мен үчүн абдан жагымдуу белек болду.

Мырзагүл: Керээз апа, ал эми бул гүлдөр болсо сизге.

Жубайы: Ой рахмат, кандай сонун гүлдөр. Гүлдөр соолуй элегинде сууга салып коелу.

Алып баруучу:

Тилим ыйык, элим улук кыргыз деген,

Эриш-аркак өмүр сүрөт жылдыз менен.

Дүңгүрөтүп жердин бети тегиз тааныйт,

Улутумду бабам Манас, Чыңгыз менен!  (Бий, 6-класс. Эне тилсиз болбойт)

Алып баруучу:

“Чынардай болуп сен өссөң неге жаңылам?!”

“Чырпыгым сени артык да көрөм жаныман!”

Деп айтып бирдей эркелеп турган балага,

Мээримдүү тиктейт, ТОЛГОНАЙ менен АЛИМАН.

Долон кайрып канатын Ильяс жаңылды,

Аселдей жандын кадырын билбей кагылды.

Алсыздык чындап Ильяста болуп турса да,

Күнөөсүн сезбей, жалганга өзү малынды.

Бул мезгилде конокко деп шашып келе жаткан Толгонай апа менен Алиман Асель менен Ильязга жолугуп калат.

Толгонай: Ээ балам, саат канча болуп кетти экен. Кечигип калган жок болдук бекен, ыя? Сакалдуу башым менен кечигип кирип баргандан уялып да жатам. Менимче, аябай күтүп калышты го ээ?

Алиман: Бешим болуп калган сыяктуу, апа. Болушунча эле ылдамдадык го. Анын үстүнө станцияда да көпкө кармалып калбадыкпы ээ. Апа тээ алыста машинанын үнү угулгансып, ошондой эле карааны  көрүнгөсүп жатат.

Толгонай: Ыя чын айтасыңбы, балам? Кана. Мен эч нерсени көрө алган жокмун го. Же дабышы да билинбейт.

Алиман: Ой апа, мына үнү угулуп жатпайбы? Уккан жоксузбу? (каткырып)

Толгонай: Жоок, балам чын айтам. Мейличи эми, машина болсо машина да. Бас, анда көрө эртелейли. Эртели күндү кеч кылбай.

Алиман: Алда байкуш апам ай. Токтоңуз эми. Машине дагы чукулдап калды.

Толгонай: Кана? Ааа балам, мына мен эми көрбөдүмбү? Токто, токто, ала кет айлайын.

Асель: Саламатсыздарбы?

Ильяз: Ой апа, кайда бара жаттыңыздар эле?

Толгонай: Аа балам, мендей апаң бардыр. Бизди каалаган жерибизге жеткирип кой.

Ильяз: Кана, Асель, бери жыл. Кары адамды каалаган жерине жеткирип коелу.

Асель: Келиңиз, апа, отуруңуздар. Суукта үшүп калган окшойсуздар.

Толгонай: Ооба, балакетиңди алайын, келиним экөөбүз таңдан кечке чыкыроондо жүрөбүз.

Алиман: Апам туура айтат. Суукту деле сезбей калган окшойбуз, ээ апа? Ырас болбодубу жолоочубуз, ырайым кылып ала кетиңиздер.

Ильяз: Ии апа, сүйлөй отуруңуз. Узун жолду кыскартканча, таанышып отуралы. Сурай-сурай кыргыздар тууган болуп калчу эле. Мүмкүн тууган чыгып калаарбыз. Үйүңүз ушул жактабы?

Толгонай: Аның ырас, балам, эзелтеден элибизде эл тамырынан, жер тамыры көп деп бекеринен айтпаган чыгар. Анын сыңары, балким, илик жатышыбыз бир болуп калышы да ыктымал.

Асель: Аябай үшүп кетипсиздер. Үйүңүздөр ушул жактабы?

Алиман: Ооба, кыш чындап каарына алган өңдүү. Жок, эжеке, биз бул тарапка конокко келе жатабыз.

Ильяз: Мына айттым беле? Жок дегенде бара жаткан багытыбыз да бир экен. Биз дагы жубайым экөөбүз конокко бара жатканбыз.

Асель: Ооба, Ильяз туура айтат. Бүгүн биз залкар инсан, залкар жазуучу атабыздын туулган күнүнө бара жатканбыз.

Толгонай: Демек, силер Чыңгыз уулумдун үйүн көздөй багыт алган коноктор турбайсыңарбы?

Ильяз: Ооба, апа, сиз Чыңгыз атаны кайдан тааныйсыз?

Алиман: Кызыксыз го, Чыңгыз атаны тааныбаган, билбеген адам барбы азыркы доордо.

Асель: Ооба, туура айтасыз. Ой, Ильяз, боорду эзип үч бурчтуу суроолорду бербей, тезирээк айдачы машинаны. Ансыз да кеч калып жатат окшойбуз.

Толгонай: Туура, айланайын, туура айтасың чындап кечиккен өңдүүбүз.

Алып баруучу: Дал ушул учурда коноктор абдан жагымдуу маанайда отурган кезде сырттан Толгонай, Ильяз, Асел, Алиман болуп кирип келишет.

Жубайы: Чыке, дагы коноктор келген өңдүү. Жүрү тосуп чыгалы алдынан.

Чыңгыз: Кош келиңиздер!

Толгонай: Кагылайындарым, кечирип койгула, коноктор эбак келип калган турбайбы?

Жубайы: Эч нерсе эмес, келиңиздер. Өз убагы менен эле келдиңиздер.

Толгонай: Тиги, Майсалбегимди келип калабы деген улуу үмүт менен станциядан күтүп жатып, Алиман экөөбүз кечигип калбадыкпы.

Алиман: Кечирим сурайбыз, кечигип калган болсок. Дагы жакшы жолдон Асель менен Ильязга жолугуп калып, тезирээк келдик машина менен.

Толгонай: Амансыңбы, айланайын туулган күнүң кут болсун! Ай Алиман, тиги куржундарды Керээз апаңа бер дагы. Берки түйүнчөктү мага алып берип кой.

Алиман: Макул, апа. Мынакей алыңыз.

Ильяз: Ассолому аллейкум, Чыңгыз ата, аман-эсен жатасызбы, туулган күнүңүз менен!

Чыңгыз: Рахмат, жакшы. Өзүңөр жакшы жүрөсүңөрбү?

Ильяз: Ашуудан машинебиз бузулуп калгандыгы үчүн кечигип калдык, капа болбоңуздар. Чыңгыз ата, дагы бир ирээт туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Бар болуңуз! Аман болуңуз, эч качан оорубаңыз, чыгармачылык эргүү каалайбыз! Биздин үй-бүлөнүн атынан чакан белегибиз бар эле кабыл алып коюңуз. Кана, Асель, белекти алып чык.

Асель: Чыңгыз ата, туулган күнүңүз менен, бул белекти иш бөлмөңүзгө илип алыңыз.

Жубайы: Рахмат, рахмат мынча убара болупсуздар го. Жөн эле койбойт белеңиздер.

Чыңгыз: Келгиле, өткүлө. Биз коноктор өткөн кеткенден кеп салып, абдан жакшы отурабыз. Биздин арабызга кошулушуңар менен. Ээ байбиче, алып кел ысык-ысык чайыңдан бер. Толгонай энемдер суукта үшүп келишти.

Жубайы: Макул, мынакей. Келиңиздер чайга караңыздар. Алдыңыздардагы даамдан алып отуруңуздар.

Коноктор: Алып жатабыз, алып жатабыз, Рахмат, абдан даамдуу болуптур.

Алып баруучу:

Эй замандаш биз кубанып турабыз,

Кубанычка шаттык бийди улайбыз.

Мына ушундай салтанаттуу кечеде.

Толкунданып, ыр-бийлерден сунабыз. (Бий, 10-класс. Вальс)

Жакшылык ордун кайгы-муң менен толтурду,

Өткөндү эстеп Бугу-Эне кейип  олтурду.

Кайраттуу бол  деп кайратын айтат жезкемпир,

Майрыкчаар аны майрамга баштап болтурду.

Дал ушул учурда Майрыкчаар жезкемпир менен Бугу-Эне кадимки Эне-Сай дарыясынын жээгинде кеп учугун улаган өңдүү бири-бирине акыл айтып жатышты.

Бугу-Эне: Акылман эне мен ушу бүгүн келбей эле койсом болмок.

Майрыкчаар жезкемпир: Эмнеге андай дейсиң Бугу-Эне. Бүгүнкү туулган күн өтө маанилүү. Анткени бул майрамды жалпы адамзаты майрамдап жатышса, эмне үчүн барбайт экенсиң. Барасың эле.

Бугу-Эне: Бараарын го барам дечи, бирок мен адам аттууларга абдан чоң таарынычым бар экенин билесиң го.

Майрыкчаар жезкемпир: Мен сага айткам, кийин чоңоюп алып өзүңдүн тукумуңа  кол салбагай эле деп жакшылап айткан элем. Бирок сенин ошол кездеги наристелерге болгон сүйүүң, көздөрүңдү көр кылып койду. Туурабы?

Бугу-Эне: Ооба, акылман эне. Сен айткансың, сен какшап куурап, күйүп-бышып, кайра-кайра ойлондуңбу деп сурагансың. Бирок, бирок мен кийин баары башкача болуп өзгөрүп кетет деп ойлогон жокмун да. Эч качан, эч убакта, андай болбойт дедим да. Кантейин айла канча, айла канча.

Майрыкчаар жезкемпир: Болоору болду, боесу канды өз убалың өзүңө болду. Мен айткан кепти кулагыңа да илген жоксуң. Аны бир айтсаң да, миң айтсаң да кайрадан кайрылып өзгөрүлбөйт. Бас эми эртелеп жөнөйлү. Күн да кечтеп бара жатат. Ансыз да кечке сени күтүп отура берип, колу-бутум селейип калды.

Бугу-Эне: Ооба, туура айтасың. Айтса айтпаса арман көп. Өмүргө — өлүм, жакшылыкка -жамандык, аруулукка — абийирсиздик, жогорулаганга — көрө албастык, адептүүлүккө -уятсыздык, жакшы көрүү сезимине жек көрүү сезими карама-каршы туруп ар дайым бири-бирине шайкеш келет  тура. Мейли эми барайын. Чыңгыз да таарынып калбасын.

Алып баруучу:

Нааразы болуп Энекем  Найман  сыздады,

Баласын көрүп  Кудайды жектеп чырлады.

Ал анткен менен баары башка пайда жок.

Жоломан уулу кырчындай кезде кыйрады.

 Кайдан-жайдан Найман-эне менен Жоломан уулу пайда болот.

Найман-Эне: Токтоңуздар, акылман асыл энелер. Токтоңуздар.

Майрыкчаар жезкемпир: Сен кимсиң, жакындаба, балаңдын колундагы жааны жогот көзүмдөн. Энекелеп жалынганыңды токтот. Ары тур. Жакын жолобо!

Найман-Эне: Мен Найман-Эне болом, асылзат энекелер. Жок, жок, биздин сиздерге таптакыр жаман оюбуз жок уулум экөөбүздүн.

Майрыкчаар жезкемпир: Уулум дейсиңби, мыногу түрү суук эмне сенин балаңбы? Ха ха ха ха. Жаман оюңар жок болсо, эмне колуңарга жаа кармап алып, жолубуздан тосуп чыктыңар? Айткылачы, ааа айткыла……

Найман-Эне: Акылман чоң эне. Туура түшүнүңүз. Колунда жаасы болгону менен бул балам сиздерге жамандык жасай албайт.  (Ыйлайт) Уулум түрү суук эмес болчу, айланайын энекелер. Уулум эч качан түрү суук болгон эмес. Алмончоктой кызылы кызыл, агы ак болгон, акылы толук уулум бар эле.

Бугу-Эне: Ыйлаба, Найман-Эне. Алты саны аман, акылы толук уулуң кантип мындай абалга айланып калды?

Майрыкчаар жезкемпир: Ыйлаба, тур ордуңдан эмне болгонун баянда.

Найман-Эне: Кайсы бирин айтайын, Жер жүзүндө ар түркүн ар кандай жакшы да, жаман да адамдар болот экен. Алар адам  баласынын акылына сыйгыс нерселерди ойлоп таап жасайт экен. Бирок менин дарманым калбады. Жалгыз уулумду ушундай акыбалга салып туруп, эч нерсесин билбеген маңкуртка айлантышты. (Ыйлап, жерди чапчып баштайт).  Жерди алса болбойбу? Мал-мүлктү алса болбойбу? Атанын арман күн ай адамдын акыл-эсин алат деген эмне? Оо Жараткан, бул эмне деген кордугуң эле. Көрөөр күнүм ушулбу? Андан көрө, ушул күндү көрбөй эртелеп өлсөм эмне? Сыздатты го сыздатты.

Майрыкчаар жезкемпир: Болду ыйлаба, сабыр кыл, кайрат кыл. Жер жүзүндө ушундай акыйкатсыздык жана теңсиздик бийлик жүргүзүп турганда  адилеттүүлүк ыйлап турат экен.

Найман-Эне: Кантейин, кантейин, айлам барбы? Аргам да жок. Эмне кылам? Бул көрүнүштү душманыма да калабас элем.

Бугу-Эне: Чыныгы пейили таза адамдар дал сендей болот, Найман-Эне. Ушунчалык жакшы адам бол, жада калса, душманың душман болгонуна өкүнсүн дейт эмеспи. Ар бирибиз аруулукту өзүбүздөн баштайлы. Кана, акылман эне кеттикпи?

Найман-Эне: Туура айтасыз. Мен жана келе жатып экөөңүздөрдүн сөзүңүздөрдү угуп бара турган багытыбыз бир экенин боолголодум. Бирок Чыңгыздын үйүн билбегенимден улам, сиздерди токтотууга мажбур болдум, анда кеттикпи?

Майрыкчаар жезкемпир: Кеттик. Күн чыгыш тарапка барабыз.

Алып баруучу: Ошентип алар да келип калышты.

Чыңгыз: Кош келиңиздер!

Жубайы: Төргө өтүңүздөр.

Майрыкчаар жезкемпир: Иии хаха хаха ооооой, балам,  туулган күнүң кут болсун!

(Коноктор коркуп ордуларынан тура калышат)

Бугу-Эне: Коркпоңуздар, отуруңуздар, орун алыңыздар. Бул акылман чоң эне сиздерге эч кандай зыян келтирбейт. Ушунчалык боорукер жана айкөл адам. Түрү суук болгону менен жан дүйнөсү наристеникиндей таптаза. Кыргыз улутунун улут болуп түптөлүшүнө зор салымын кошкон улуу инсан деп баса белгилеп, айткым келет.

Найман-Эне: Арыбаңыздар, ардактуу агайын-туугандар, коркпоңуздар бул асыл байбиченин муштумдай жүрөгү жалаң гана тазалыктан, аруулуктан куралыптыр. Кана, Чыңгыз уулум туулган күнүң кут болсун бар бол, аман бол айланайын!

Жубайы: Төрдөн орун алыңыздар, байбичелер.

Чыңгыз: Карысы бардын, ырысы бар деген ушул, үйүбүз шаңга толуп чыкты. Кана, акылман энекелер, дасторконго караңыздар. Ээ байбиче чайыңдан куй.

Алып баруучу:

Чыңгыз деген жанып турган жылдыздын,

Жөпжөнөкөй бир уулу го кыргыздын.

Чындык каткан чыгармасын окусаң,

Философдук ойлор жатат тымызын.  (Бий, 8-“а” класс. Бугу-Эне бийи)

 

Нургазы менен Авалбек,

Кызык бир  ишти башташты.

Козголтуп эне  жүрөгүн,

Майсалбек жазган  ал  катты.

Жалпыга окуп ташташты.

Авалбек: Толгонай энеке, кана Майсалбек агамдын жазган каты жаныңызда барбы? Биз Нургазы экөөбүз окуп көрөлү дегенбиз. Эгерде мүмкүн сиздин уруксатыңыз болсо.

Нургазы: Ооба, туура чын эле Толгонай эне, биз Майсалбек агамдын катын окуп таасирленсек болобу?

Толгонай: Оо окшошкон айланайындар. Берейин, берейин Майсалбегимдин каты ар дайым төш чөнтөгүмдө сакталуу жүрөт.

(Майсалбектин каты окулат.  Тагайбололов Садыр 2-класс)

Алып баруучу:

Кызыл, кызыл алма,

Жараладың жүрөктү.

Берсем алма албай койдуң,

Кусалуу далай түн өттү.

Кайтар дүнүйө деген  ушул тура, бир кездерде кыпкызыл алманы албай койгон периште, Исабеков мырзанын шагын сындырган эле, а бирок бүгүн ал өзү алманы сурап отурат.

Кыз: Саламатсызбы? Исабеков мырза?

Исабеков: Саламатчылык, кандайсың?

Кыз: Аиииий бул алмалар магабы?

Исабеков: Кандай  десем  эми…… мммм, ооба сага десем да болот. Бирок мен азыр туулган күнгө бара жаттым элем.

Кыз: Демек, бул алмалар атайын мага арналган эмес экен да.

Исабеков: Жүрү экөөбүз Чыңгыз атанын туулган күнүнө барып келебиз.

Кыз: Туура болобу? Чакырылбаган жерге.

Исабеков: Туура эле болот. Чогуу куттуктап келебиз.

Жубайы: Оо келгиле?

Чыңгыз: Кош келгиле!

Жубайы: Мынча кеч калдыңыздар го.

Исабеков: Кечирим сурайбыз. Кармалып калдык бир аз.

Кыз: Бул алмалар сизге. Туулган күнүңүз менен!

Чыңгыз: Рахмат!

Жубайы: Кана  эмесе,  бүгүнкү  кечебизди баштайбыз. Тамактан алыңыздар. Жеп отуруңуздар. Ушунун бардыгы сиздер үчүн.

Коноктор үн катышат.

Чыңгыз: Менимче, бардык коноктор келип бүтүп калды өңдөнөт.

Жубайы: Апеееей, Чыке, эшикте аттын дүбүртү угулгансыйт.

Чыңгыз: Демек, ким болду экен? Аттын дүбүртү дейсиңби? Ааа Танабай келген го. Бирок танабай ат менен келбейт эле?

Жубайы: Жооо жөн эле угулуп жаткан өңдүү.

Алып баруучу:

Буулуккан түрүм, сүйлөөгө тилим жарабай,

Бурбай да көңүл, аларды койдум карабай.

Далыма камчы тийгенде гана  үңүлсөм,

ГҮЛСАРАТ минип, алдыда турат ТАНАБАЙ.

Аңгыча Танабай кирип келет.

Чыңгыз: Салам алейкум, Танабай!

Танабай: Амансыңбы? Жакшы жатасыңарбы?

Жубайы: Аманчылык келиңиз, кириңиз.

Чыңгыз: Оо, Танабай, кел эмне менен келдиң?

Танабай: Эмне менен келмек элем. Жаныбарым Гүлсарым менен келдим. Жол менен келбей, талаа менен келдим. Чаптырып келбей, бастырып келдим. Аргымагым экөөбүз өздүк майрамыңды куттуктап,  жакшынакай шат менен келдик. Жеке майрамың кут болсун!

Чыңгыз: Менин каармандарым, кыялдарым жана түбөлүктөрүм! Силер бар үчүн менин атым эч качан өчпөйт. Мен кийинки муундарга жана урпактарга силер аркылуу жетем. Силер менен бирге барам. Силер бийиксиңер, улуксуңар жана кереметсиңер. Мен силерге чексиз ыраазымын! Бүгүнкү кыш мезгилимдеги туулган күнүмдү түркүн-түстүү боекторго боеп, көрктүү кылганыңар үчүн терең ыраазычылыгымды билдиремин!

Майрык чаар Жезкемпир: Кана бүгүнкү Чыңгыз уулумдун өздүк майрамына арналган кечеде ырдап-бийлеп отуралык.

Флешмоб:  Мына минтип (Бий)

Алып баруучу:

Өтүп жатат сизди эскерүү күнүбүз,
Чексиз эле өзүңүзгө сүйүүбүз.
Кыйкырсак да бүт ааламга жар салып,
Аттиң, арман жетпейт сизге үнүбүз.

Ушул жылы 95 жашка толмоксуз,
Жакындардын сый-төрүндө болмоксуз.
Аткарам деп көздөп койгон иштерди,
Бир нечесин бүтүрүп да коймоксуз.

Эмгек менен көтөрүлгөн баркыңыз,
Дүңгүрөгөн жазуучулук даңкыңыз.
Окуганда сиз жараткан китепти,
Жүрөк эргип, жазылчу эле жарпыбыз.

Туу чокуну багындырып алдыңыз,
Кыргыз Туусун желбиретип салдыңыз,
Кыргыз үчүн абийир, атак жаратып,
Кылымдарга өчпөс болуп калдыңыз,

Кыял жетпес кең ааламдын чегинде,

Ким тең келет, айткыла бул Генийге.

Не болсо да Айтматовдой талантты,

Ыраазыбыз бизге берген Теңирге                                                                                                                                        Чоогу кыйкырышат

Чыңгыз ата туулган күнүңүз менен! Куттуктайбыз!!!

Бөлүшүү

Комментарийлер