КАНДАЙ БАЛА МАДАНИЯТТУУ?

  • 24.09.2024
  • 0
КАНДАЙ БАЛА МАДАНИЯТТУУ?

Алымбаева Бермет, Тарбия, социалдаштыруу жана мектептен

сырткаркы кошумча билим берүү лабораториясынын бөлүм башчысы

 

Класстык саат, 5-класс

Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.

КАНДАЙ БАЛА МАДАНИЯТТУУ?

Сабактын жабдылышы: макал-лакаптар, слайд, ырлар, проектор, темага карата жасалгалоолор.

Сабактын тиби: чыгармачылык бышыктоо.

Сабактын формасы:  сабактын активдүү формасы — стандарттык эмес сабак.

Сабактын методу: интерактивдүү, көрсөтмөлүү, китеп менен иштөө методдору.

  1. Сабактын жүрүшү. Уюштуруу: Жагымдуу жагдай түзүү

Саламатсыңарбы балдар! Бүгүнкү биздин темабыз ата-энелер менен биргеликте “Кандай бала маданияттуу?”, “Адамдын маданияты саламдашуудан башталат” деген темада класстык саат өтөбүз. Маданият жөнүндө видео-тасма (3-мүн.)

Мугалим:

  • Балдар кана айткылачы, маданият деген эмне, кандай түшүнөсүңөр?
  • Нарктуу инсандык маданият дегенди кандай түшүнөбүз?
  • Кымбаттуу ата-энелер, жана окуучулар! Кичине нарк тууралуу токтолуп өтсөм.

Кыргыз Республикасынын Президенти 2022-жылдын 21-майында «Улуттук нарк

жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Бул жарлык Президенттин 2021-жылдын 29-январындагы №1 «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын түздөн-түз уландысы катары сунушталып жаткандыгы аталган маселелер боюнча системалуу иш жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргыз эли байыртадан өз нарк-насилин, каада-салтын жана адаттарын кылымдар бою бекем тутуп, көөнөртпөй сактап, аларды жашоосунун мыйзамы катары карап, башка элдер менен теңтайлаша, атаандаша жашап келген. Башкалардын алдында абийир-арын кирдетпей, акылын кылыч кылып, намысын найза кылып салышып-салгылашып, жок болбой келген. Кеңеш жылдары коммунисттик идеология менен жашаса да, нарктарын “жазылбаган мыйзамдар” деп жан дүйнөсүндө жашаткан, карыялардын накылдарында, чечендердин кебинде, көсөмдөрдүн сөзүндө, байбичелердин жүргөн-турганында, келиндердин адеби менен мырзалардын сымбатына катып келген.

Аз убакыттан бери нарк-насилибиз жанданып. Оозубуздан түшпөй, кагазга кайрадан жазылып, өлкө башчыбыздын Жарлыктары чыгып, күндөлүк жашообузга түздөн-түз аралаша баштады.

Нарк-насил деген эмне? Элге сиңген жакшынакай адаттарыбызды сактайлы – деп, улуудан кичүүгө чейин турмушубузга кайтара баштаганыбыз – улут катары жашообузду татыктуу улантарыбыздын ийги белгиси. [“Кыргыз намэ” Каныбек Иманалиев 4 б. 2024-ж.]

Нарктуулук темасында көбүрөөк ата-энелер балдары менен китеп окушса, акылмандардын кебин түшүндүрүп айтып беришсе, кыргыздын жан дүйнөсүн ээлеп, акылын аруулап келген ошол сөздөр акылмандыгын, нарктуулугун, баамчылдыгын айгинелеп, накыл  кепке суусап турган бүгүнкү муундун акылына-акыл, эсине-эс, сөзүнө-соз кошор, көкүрөгүн аруулап, отурганда ортого салар, алыска барса ала жүрөр, уктаса башына жаздана жатар, улууларга улама болор, балдарга баалуу кеп болор. 

АСЫЛ НАРКТАРЫБЫЗ КАЙСЫЛАР?

Кылымдар бою улуттун “рухий түркүктөрү” болуп  келаткан асыл нарктарыбыз булар:

  • Адамдык ариетти бекем тутуу;
  • Улуттук ар-намысты сактоо;
  • Улуттук салттарды, каадаларды, үрп-адаттарды сактоо;
  • Ата Мекенди сүйүү, коргоо жана ага кызмат кылуу;
  • Жети атаны билүү;
  • Ата-энени сүйүү жана урматтоо;
  • Абийирдүү болуу;
  • Нанды улук тутуу;
  • Ата намысын, эне адебин сактоо;
  • Улууга салам айтуу;
  • Эне тилин коргоо, эне тилинде сүйлөө;
  • Табиятты коргоо;
  • Улуттук кийимдерди кастарлоо;
  • Динин, дилин башкага алмашпоо;
  • Улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо;
  • Меймандос болуу.

Элибизде дагы бир сөз бар, ал – “нарк-насил” деген ыйык сөз. “Улуттук нарк-

насилибизди сактоо менен гана улутубуз сакталып келет” деп айтабыз. Насил деген эмне? Насил – түп, тек, түпкү тек деген маанини билдирет. Нарктар өз алдынча, бир жактуу түрдө жашабайт.

Маданият (латынча — тарбия, тарбиялануу) — деген кайсы бир улуттун кулк-мүнөзүн (менталитетин), каада-салтын, нарк-насилин, үрп-адатын, уз-чеберчилигин жана өнөр-чыгармачылыгын камтыган руханий тереӊ түшүнүк же башкача айтканда бир улутка таандык жашоо образы деп айтсак болот.

Маданияттуулук – төрөлгөндөн баштап калыптанып, эне сүтү менен берилген назик сезим.

Ошол себептүү балдарга  татыктуу тарбия, билим алуусу чоң мааниге ээ. Анткени келечекте алар өздөрү дагы балдарын маданияттуулукка үйрөтүшөт.

Маданияттуулук – төрөлгөндөн баштап калыптанып, эне сүтү менен берилген назик сезим.

Ошол себептүү балдарга  татыктуу тарбия, билим алуусу чоң мааниге ээ. Анткени келечекте алар өздөрү дагы балдарын маданияттуулукка үйрөтүшөт.

Жүрүм-турум маданияты, кантип сүйлөшөсүң, баарлашасың, үйдө жана көчөдө өзүңдү кандай

алып жүрөсүң – мунун баары кенедей кезден калыптанып, тарбиядан көз каранды экендигине ынанасың.

Маданиятсыз окуучуларды көпчүлүктүн арасынан аныктоо абдан оңой. Алар: сабатсыз сүйлөйт, бейтааныш адамга сен деп кайрылат, цензурасы жок лексика. Дасторкон үстүндө отурганда чалпылдап тамак ичет же чайнайт, оозуна тамак салып алып сүйлөйт жана башка ушул сыяктуу көп белгилер кирет.

Билим маанилүү болгонуна карабастан, маданияттуулук андан көз каранды эмес. Азыр канчалаган адамдар жогорку билимдүүлүгүн тастыктаган диплом алганы

менен эл арасында ал жөнүндө “маданиятсыз, тартипсиз, өзүн орой алып жүрөт, текебер, жүрүм-турум этикасын үйдө да, көчөдө да сактабайт, өкүрөт, жадагалса сөгүнөт, сүйлөп жатканда сөздү бөлөт” деген сөздөр айтылып жүрөт.

Ошондуктан билимдүү адамды гана эмес, маданияттуу адамды тарбиялоо маанилүү. Баары үй-бүлөдөн башталат, мында балдар ата-энесин туурашат, аларга окшошкусу келет.

Маданияттуу, адептүү, интеллектуалдуу адам болуу – бул көп окуу, адабиятты, музыканы, тарыхты түшүнүү же театрга баруу дегенди билдирбейт, окуучулардын башкаларга кылган мамилесинде, жүрүм-турумунда, байкалган, руханий дүйнөсү бай адам болуш керек.

Мындай окуучулар башканын кадыр-баркына кылдат жана урмат-сый менен мамиле жасайт, анын ой-пикири менен эсептешет. Бөлөк окуучулардын жеке жашоосуна кийлигишпейт, менменсинбейт жана өз көз карашын агрессивдүү түрдө таңуулабайт.

Маданиятты изилдеген абдан көп илимдер бар. Мисалы, Философия илиминде этика аталган өзүнчө багыт бар, ал нравалык жана морал түшүнүктөрү менен бирге маданиятты

изилдейт. Этнограф окумуштуулардын ою боюнча, маданият — бул кылымдар бою калыптанган жан-дүйнө этносунун өндүрүш жана коомдук тармактардагы жетишкендиктери. Конкреттүү коомдун мүчөлөрү кандай моралдык принциптерге ээ, өзүнүн жана башка элдин мүчөлөрү менен кандай мамиле түзүшөт, дал ушул нерсе маданиятты аныктайт.

Байыркы ойчулдардын ою боюнча

Байыркы дүйнөдө «маданият» деген сөз бир нече мааниге ээ болчу:

  • Айыл-чарба маданияты: Болгон каражаттарды эл канчалык жакшы колдонот.
  • Нравалык маданият: Бул өзүн төмөнкүдөй түшүнүктөрдү камтыйт: билим алуу, тарбия, жеке өнүгүү жана башка.
  • Жан-дүйнө маданияты: Маданияттын бул түрү өзүн-өзү өнүктүрүүгө, өзүн-өзү таанып билүүгө жана өзүнүн ички сапаттарын жакшыртууга умтулган адамдарды аныктайт.
  • Кана балдар, маданият деген сөз дагы кандай мааниге ээ, билгениңерди айтып бергилечи?

1-окуучу: Ички маданият — адамдын биринчи 20 жыл жашоосунун ичинде калыптануучу моралдык жана нравалык негиздер. Ички маданият өзүнөн өзү калыптанбайт, ага тышкы факторлор таасир этет, алар: ата-эненин тарбиясы, курбу-курдаштар, мугалимдер ж. б.

2-окуучу: Коомдук маданият – эл ичинде көп жылдар бою калыптанган өзүн-өзү алып жүрүү факторлору. Буга иш-чаралар, архитектура, живопись жана башкалар кирет.

3-окуучу: Кайсы бир конкреттүү багыттагы маданият — бул кайсы бир конкреттүү кырдаалдагы өзүн-өзү алып жүрүү маданияты. Мисалы, «кеп маданияты» дегенди көп учурда укса болот. Бул фразаны төмөнкүдөй интерпретация кылса болот: адамдын сүйлөө манерасы, башка адамдар менен канчалык сүйлөшө билүүсү.

Мугалим: Туура балдар. Эми кеп маданияты же сүйлөшүү маданияты демекчи, аны кандай түшүнөсүңөр?

Сүйлөшүү маданияты – бул адам баласынын бири-бирине сөз аркылуу ички ой-туюмун билдирүүдө ар бир сөздү салмактап сүйлөөсү, айтылган сөздөрдү баалап, маани берүү менен татыктуу мамиле жасоо болуп саналат.

“Мен маданияттуу инсанмын” деген адам ар тараптуу маданияттуу болушу керек. Маданияттуулук ар бирибиздин үй-бүлөбүздө калыптанат. Үй-бүлөдө ата-энелер бири-бирине сылык мамиле жасап, бирин-бири урматтап турса аларды көргөн уул-кызы да маданияттуу, сылык болуп чоңоюшат.

Эми болсо маданияттуу сүйлө боюнча конкурс өткөрөбүз. Ар бир ата-эне өз балдарына эмнени үйрөтө алат, ошону карап байкап,  баалайлы.

Катышуучулар 2-үй-бүлө төмөнкү тапшырмаларды аткарышат. Ар бир үй-бүлөгө ар башка тапшырма берилет.

БИРИНЧИ ҮЙ –БҮЛӨ ТОБУ: “НАРК”

  1. “Нарк” жөнүндө атасы же апасы менен окуучу слайд аркылуу жактап, чечмелеп беришет.

Абийир-тазалык, ар-дем, бедел, намыс-ички тирек, акыйкаттык-актык, адилеттик –чынчылдык, парыз-кызмат, элдик билим-жан дүйнө. Буларды билүү жана аткаруу – нарктуулук. Демек, нарктуу адам кандай болот дегенде, адамгерчиликтүү сапатка ээ, адилет иш кылган, калыс чечкен, уяттуу жүрүм-турумга ээ, акыйкаттуу, салттуулукту карманган, салабаттуу, сабырдуу жана айкөл адам.

  1. Биздин үй-бүлөдө сүйлөшү маданиятыбыз кандай? Темага байланыштуу ата-

энелер менен сахналык көрүнүш.

Энеси: Телефондон кызына чалат. – Садагаң болоюн, иштен чыктым. Мен баргыча чай коюп койчу.

Кызы: Апаке, келе бериңиз чай эмес тамак дагы жасап койдум.

Эне: Рахмат айланайын, бактың ачылсын.

Кыз: Салтан, апам иштен чарчап келе жатыптыр. Дастаркон жайып жиберчи. Мен ага чейин чай коё калайын, — деп сиңдисине кайрылды.

Сиңдиси: Макул эжеке, азыр. Алдына төшөк дагы сала калайын, — деп жүгүрүп баарын даярдай калды.

Сырттан кирип келген апасы кыздарынын чекесинен сылап жүзүнөн сүйдү. Кечиңер көңүлдүү болсун!

— Мектепке кандай барып келдиңер? Окууларыңар жакшыбы? Азаматтарым! Үйгө келсем жарпым жазылат. Баардыгы өз жайында. “Кыз үйдө кыл жатпайт” деген ушул. Келгиле дастарконго отуралы эми. Биринчи атаңар отурсун дасторконго, чакыргыла. Атаңар үйдүн кожоюну эмеспи.  Улуулаша дасторконго отурушту. Баары чогулуп отурганда:

— Тамагыңар таттуу болсун! Дастарконуңар тамак-ашка толуп, келечекте жакшы, ыймандуу кыздардан болгула, садагаларым. Үйдүн куту аял  эмеспи, — деп жүзүнө бата тартышты.

  1. Экрандан көрсөтүлгөн макалдардын калтырылган сөздөрүн улап айтышат.

Канча көбүрөөк макал айтышса, ошого жараша упай топтолот.

  • Бала жакшысы атанын даңкы,…… (кыз жакшысы эненин даңкы).
  • Балаң мыкты болсо……. (даңкың).
  • Жакшы бала элпек, ……. (жаман бала тентек).
  • Жашыңда берсин мээнетти, …… (карыганда берсин дөөлөттү).

ЭКИНЧИ ҮЙ-БҮЛӨ ТОБУ: “АДАТ”

Адат – турмушта көнүмүш болуп калган туруктуу мүнөздөгү иш-аракеттер, күндөлүк жүрүм-турум этикасы, эрежелери. Адаттар адамдардын жүрүм-турумуна бекем киргенден тартып, алардын оң жана терс жүрүм-туруму байкалат.

Кийинки сахнада терс көрүнүштү, сүйлөө маданияты жок үй-бүлөнү чагылдырылат: 

Энеси: — Ай кыз, темселеп ушул убакка чейин кайда жүрөсүң? Саат канча болуп калды? Акылы жок эле болуп чоңойдуң. Классташтарың келгени качан? Апаларына жардам берип, колун узартып. Кандай үй-бүлөөнүн кыздары акылдуу?

Кызы: — Эмне эле мага эле асыла бересиң, апа. “Прямь надоело!” Мен деле сабактан кийин эс алууга укугум бар да. Тигинин кызы, мунун кызы дей берип тажаттыңыз. Эч бир сөзүңүздү уккум дагы келбей калды.

Энеси: Сени мектепте деги эмнени үйрөтөт? Сүйлөшүү маданият деген эмне экенин билесиңби?

Кызы: Маданият деп коёсуз. “Алма дарактан алыс түшпөйт дейт” Сизди тарткам да. Кирээрим менен өзүңүз маданияттуу сүйлөдүңүзбү? Айкырып, кыйкырасыз. Сизден үйрөнүп жатам.

Экрандан көрсөтүлгөн макалдардын калтырылган сөздөрүн улап айтышат.

Канча көбүрөөк макал айтышса, ошого жараша упай топтолот.

  • Жакшы сөз, …….. (жанды эргитет)
  • Жакшы — сөздү таап сүйлөйт, ……. (жаман — каап сүйлөйт)
  • Ынтымак бар жерде — …….. (ырыс бар)
  • Улууну урматта,…… (кичүүнү ызатта)

Жыйынтыктоо:

Балдар, биз бүгүнкү сабагыбызда: “Адамдын маданияты саламдашуудан башталат” дегенди бүгүн билдик.

Билем: Илбериңки, сылык деген эмне экенин билдим.

Билдим: Нарктуулук эмне экенин түшүндүм.

Билгим келет: Нарктуулуктун баалуулуктарын көбүрөөк билгим келет.

Үй тапшырма: “Сабырдуу болуу” ( Эссе жазуу).

 

Бөлүшүү

Комментарийлер