Канаттууларды коргоо
- 26.10.2024
- 0
Класстык саат, 3-класс
“Кушу жоктун турумтайы – шумкар,
аты жоктун жаман тайы – тулпар”
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк:
- Окуучуларды канаттуулар жөнүндөгү билимдерин кеңейтүү;
- Жаратылыштагы жандуу жана жансыз заттарды айрып таанытуу менен бирге окуучулардын жаратылышка болгон сүйүүсүн ойготуу; канаттуулардын жашоодо ролу жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтүү;
Өнүктүрүүчүлүк:
- Канаттулардын жаратылышка эмне үчүн керек экендигин билишет;
- Окуучуларга кышында ачка болуп, тоңуп жаткан канаттууларга боор ачып жардам берүүгө үйрөтүү; Аларга камкордук көрүү;
Тарбия берүүчүлүк:
- Жаратылышка болгон сүйүүсүн ойготуу, канаттууларга аяр
мамиле жасоого багыт берүү, табигый байлыктарды сарамжалдуулук менен пайдалана билүүгө багыттоо;
- Жаратылышка анын кубулуштарына кызыгып байкоо жүргүзүүгө тарбиялоо.
Класстык сааттын милдеттери:
Сабактын жабдылышы: Мугалимдин баяндамасы, маркер, ватман, канаттуулар жана жаратылыш тууралуу сүрөттөр, макал-лакаптар.
Сабактын формасы: аралаш сабак.
Сабактагы предмет аралык байланыш: Кыргыз тили, кыргыз адабияты жана музыка.
Колдонулуучу методдор: түшүндүрүү, практикалык.
Сабактагы негизги иш-аракеттер:
- Канаттуулардын жашоо тиричилиги тууралуу окуучулар менен ой бөлүшүү.
- “Куш канаты менен учуп, куйругу менен конот” деген макалдын маанисин чечмелөө.
Сабактын негизги идеясы: Канаттуулардын жаратылышка пайдасы жөнүндө окуучуларга түшүндүрүү.
Сабактын жүрүшү:
Мугалим: Балдар! Биз бүгүн “Канаттууларды коргоо” деген темада тарбиялык саат өтөбүз. Канаттуулар жана аны курчап турган жаратылыш, чөйрө менен таанышуубузду баштайлы.
1- апрель Эл аралык канаттуулар күнү! Жыл сайын 1-апрелде дүйнө эли экологиялык майрам деп эсептеп келген. Канаттууларды коргоонун эл аралык күнүн белгилейт. Аталган майрам 1894-жылы АКШда пайда болгон. Убакыт өткөн сайын массалык маалымат каражаттары аркылуу элге тарап, бардык штаттарда белгилене баштаган. Учурда бул күн ЮНЕСКОнун «Адам жана биосфера» деген биологиялык программасынын алкагында дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө белгиленет.
Канаттууларды коргоо боюнча конвенцияга 1906-жылдын 1-апрелинде кол коюлуп, ошондон бери прогрессивдүү коомчулук канаттуу куштарды коргоо камын көрүп келет. Бул документ айлана-чөйрөнү коргоого багытталган алгачкы эл аралык конвенция болгон.
Кыргызстанда канаттуулардын 300дөн ашык түрү болсо, анын ичинен 57 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилип коргоого алынган.
-Айланаңа көз чаптырып көрчү. Биздин Мекенибиз кандай ажайып сулуу, кандай кооз! Жылдын кайсы мезгилинде болбосун, берекесин чачкан күзбү, же кыштын жомоктогудай кооздугубу, же жаздын көздүн жоосун алган жапжашыл сулуулугубу, же жайдын гүлгө бөлөнгөн ажарыбы, айтор баары суктанаарлык. Бирок ошентсе да жаратылыштын эң кооз бурчунда канаттууларсыз эч нерсе көрүнбөйт. Ошол канаттуулар менен кооз. Ооба, сен күндү, асманды, булутту, жерди, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды көрөсүң, — демек ушулардын баары жаратылыш. Бизди курчап турган дүйнө.
Күн, асман, булут, таштар, суу, жаан, кар булар жансыз жаратылыш.
Жаратылыш биздин эң жакын досубуз. Ал биздин жашоо тиричилигибизге керектүү көп нерселерди берет. Ошол себептен адамдар жаратылышты коргошот, анын байлыктарын арттыруу максатында көп эмгектенишет.
Өсүмдүктөр, жаныбарлар, адам булар жандуу жаратылыш. Жаратылыш бул биздин айланабыздагы өтө таң каларлык нерселер. Ар бир кадам сайын сен ошол таң каларлык нерселердин сырын ачууга мажбур болосуң. Алгачкы сапарыбызды канаттуулар жөнүндө байкоо жүргүзүүдөн баштайсың.
Кана балдар мындай суроолорго жооп бергилечи:
- Жылдын кайсы мезгилинде канаттуулардын үнүн угууга болот?
( Жылуу, курсагы ток болгондо. Окуучулардын жообу)
- Кандай ойлойсуңар, азыр кышында ушундай керемет сайраган куштардын үнүн угасыңарбы? (Жооптор).
- Неге укпайсыңар?
- Эмне үчүн канаттуулар кышында сайрабайт? (жооптор)
Кышында куштар сайрабайт. Анткени, курсактары ач, айлана дагы суук. Кургак чөптөрдүн үстүн дагы кар басып калып курт-кумурска табуу дагы кыйын болуп калат. Кыш катуу болсо кээ бир канаттуулар өлүп да калышат. Ошого, биз канаттууларга жардам беришибиз керек.
Канаттууларга жашыл жайлар, тамак-ашы, жашынуучу жерлери жана уя салуу мүмкүнчүлүктөрү керек. Шаардабы же айылдабы, баарыбыз жаныбарлардын аман калышына салым кошо алабыз. Көптөгөн канаттуулардын түрлөрү, өзгөчө күзүндө азык табуу кыйын болуп калат. Ошого канаттууларга жем кое тургандай орун жасап бадалдарга жана дарактарга илип коебуз. Кышында тамак таппай калганда жем, нан, алма жана башка жей тургандарды салып коюш керек.
Канаттууларга эски, куураган дарактар баш калкалоочу жай катары саналат.
Канаттуулар да, айбандар да, кескелдириктер да, жыландар да, ташбакалар да, бакалар да, балыктар да, курт-кумурскалар да, курттар да жаныбарлар экенин эсиңерден чыгарбагыла.
Биздин өлкөдө жоголуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүктөр, жаныбарларды коргоо максатында «Кызыл китеп» басылып чыккан. Аларды өз убагында коргоп калбасак, жаратылыш өз кооздугунан айрылат.
Илгери Асанкайгы деген боорукер, акылман, көрөгөч киши жашап өткөн экен. Ал жан-жаныбарларды аяп минтип ырдаган экен.
Асанкайгынын сөзү:
Салган тамы жок,
Кылган иши жок,
Алган даны жок,
Мал багарга даны жок.
Көзү башын көгөртүп,
Баягы көгөн байкуш кантти экен?
Көрө турган көзү жок,
Чымын байкуш кантти экен?
Таразасын көтөрүп,
Тырмаңдаган шо байкуш.
Таш бака байкуш кантти экен?
Боору жерге жабышкан,
Баса албаган балчактап,
Бака байкуш кантти экен?
Куйругу жок, жалы жок,
Кулан байкуш кантти экен?
Кирер эшиги жок,
Корголор тешиги жок,
Коңуз байкуш кантти экен?
Суукка муздап, сөөгү сыздап,
Көргүлүктү көргөн чыгар,
Балык байкуш кантти экен?
Жайлоодо жабуу албаган,
Арык байкуш кантти экен?
Курт-кумурска үйү жок, Куурап баары өлгөн чыгаар,
Өлбөсө да байкуштар,
Көргүлүктү көргөн чыгар.
Жанын сууда жашырып жүргөн, Чаян байкуш кантти экен?
Окуучуларга тапшырма: «Канаттуулардын майрамы» деп атайлы. Корооңорго канаттуулар үчүн атайын жыгачтан тамак жей турган орун куруп, анан терезеңерден байкоо жүргүзсөңөр болот.
Кана, балдар, айткылачы, канаттууларды кышында эмне менен бакса болот?
- Кара буудай наны;
- Макарон;
- Өсүмдүктөрдүн уруктары;
- Ак нан;
- Aлма;
- Гречка боткосу;
- Сало туздуу;
- Чийки эттин кесимдери ж.б.
Албетте, канаттуулар сүйлөй албайт. Бирок, алар сөзсүз жазда кооз ыры менен жана бакчаңарды зыянкеч курттардан сактап калып силерге ыраазычылык билдиришет. Бирок эң негизгиси, силер бардык жандыктарга боорукер болууга үйрөнөсүңөр.
Табышмактарды тапкыла.
Меңсиз ак,
Кулагы сак.
Суудан коркпос,
Эки күрөгү бар.
(ак куу)
Күндүз учпайт, билинбейт,
Түндө учса, көзгө илинбейт.
Түнү бою чымын-чиркейди,
Оозун ачып, илип жейт.
Ардактап багат баласын,
Терең ойлоп табасың.
(жарганат)
Өз атын атап жадабай,
Жар салат ой-тоо, кыяга.
Жумурткасын таштайт ал,
Бир кез келген уяга.
(күкүк)
Өзү биз менен жүрөт,
Шамал болорун да билет.
Чапаны ак, же карала,
Дайым кызыл өтүк киет.
(каз)
Кыш куюп, ылай чылабайт,
Ичи-тышын шыбабайт.
Үй куруп алат кайсы уста,
Балта-керки кармабай.
(чабалекей)
Бышыктоо:
Балдар, биздин класстык саатыбыз эмнеси менен эсте калды? Жаңы эмнени үйрөндүңөр?
Канаттуулар менен дос болгула! Алардын уяларын коргогула, азыктандыруучу жайларды уюштургула! Канаттуулар сайраганы менен талааларыбызды, токойлорубузду кооздосун! Анткени, куш бактылуу, сулуу, бейпил жашоонун символу деп бекеринен айтылбаса керек!
Сабактын жыйынтыгы.
Суроолорго өз алдыбызча жооп беребиз:
- Канаттууларды жакшы көрөбүзбү?
- Канаттууларга кандай мамиле жасоо керек экен?
- Канаттууларды сыйлаган кандай бала болот?
- Өзүңөрдү жакшы бала же кыз деп эсептейсинерби?
Бабалар сөзүн билип жүр!
- “Канаттуу сеппейт, орбойт, бирок ток жашайт”.
- “Канаттуулардын канаттары жүк болбойт”.
- “Ар бир куш өз үнү менен сайрайт”.
- “Канаттуу куш канаты менен күчтүү, эл достук менен күчтүү”.
- “Ар бир канаттуу куш өз уясынын кожойкеси”.
- “Ал эми канаттуу куш дагы балапанын жумурткадан чыгарып, баккан соң, аны учууга үйрөтөт”.
- “Канаттуу куш тамак менен, ал эми адам сөзгө алданып калат”.
- “Ар бир канаттуу өз уясын жакшы көрөт”.
- “Ак куу карга, каз жамгырга учат”.
- “Сагызган кышкысын күндөрүн кайда өткөрөрүн билет”.
- “Шумкар учуп баратып чымынга жетет, карга болсо отурганды да кармай албайт”.
Жыйынтыктоо: Мына балдар, бүгүн биз “Канаттууларды коргоо” деген темада кеп кылдык.
Балдар, бүгүнкү сабактан эмне түшүндүңөр? Канаттуулар менен дос
болгула дегенди кандай түшүнөсүңөр?
Баалоо: Окуучулар бааланат.
- Үйгө тапшырма:
“Мен жакшы көргөн канаттуулар” деген темада дил баян жазгыла.
Бермет Алымбаева, КББАнын Тарбия, социалдаштыруу жана
мектептен сырткаркы кошумча билим берүү
лабораториясынын башчысы
Комментарийлер