Күз мезгилиндеги табият кубулуштары
- 22.11.2024
- 0
Мен жана дүйнө, 1-класс
- Маалыматтык компетенттүүлүк.
- Социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк.
- Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүгү.
Предметтик компетенттүүлүк:
ПК-1. Социалдык-инсандык компетенттүүлүк
ПК-2. Табигый-илимий компетенттүүлүк
ПК-3. Экологиялык компетенттүүлүк
ПК-4. Коопсуз жашоо компетенттүүлүк
Сабактын максаты:
- Билим берүүчүлүк: Күз мезгилиндеги табият кубулуштарын изилдеп, аларды түшүнө алат.
- Өнүктүрүүчүлүк: Табияттагы өзгөрүүлөрдүн маанисин жана күз мезгилинде кандай табигый кубулуштар орун аларын талдайт.
- Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар биримдүүлүккө, тактыкка, тыкандыкка, ынтымактуулукка, бири-бирине көмөктөшүүгө тарбияланат.
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү.
Сабактын формасы: өз алдынча, топтордо иштөө.
Колдонуучу методдор жана ыкмалар: «Келгиле, окуйбуз» долбоорунун стратегиялары. Аңгемелешүү, түшүндүрүү, айтып берүү, өз алдынча, жупта, топтордо иштөө ыкмалары.
Сабактын жабдылышы: Интерактивдүү доска, магниттүү доска, видеоматериалдар, сайттар, дидактикалык материалдар, окуу китеби, иш дептери.
Мугалимдин иш аракеттери:
Мына, мына, күз келди,
Жамгырды алып келди.
Тып, тып, тып, тып.
Жамгырды алып келди.
Саргайды бүт бак-дарак,
Жерге түштү жалбырак.
Шур, шур, шур, шур,
Жерге түштү жалбырак, —
ырын ырдоо менен окуучуларга жагымдуу маанай түзүп алам.
Флипити сайты менен топко бөлүү
1-топ: Сентябрь
2-топ: Октябрь
3-топ: Ноябрь
Сабакты баштаардан мурун алгач баалоону айта кетейин. Жердеги жашылчаларды чогултууга жардам бересинер. Кайсы топ көп жашылча чогултса бүгүнкү сабактын жеңүүчүлөрү болот.
Үй тапшырмаларын суроо. “Топту тос” оюну (топту тосуп суроолорго жооп берип, кайра топту башка окуучуга ыргытуу) менен өздөрү жашаган аймак тууралуу айтып беришет. Өтүлгөн теманы кайталашат.
Жаңы темага өбөлгө түзүү: Кана, балдар, сүрөттө эмнелерди көрүп турасыңар? Балдар жыл мезгилдерине жараша табият кубулуштары өзгөрүп турат. Анда биздин бүгүнкү өтө турган темабыз күз мезгилиндеги табият кубулуштары.
Сабактын максаты айтылат.
Жаңы тема: Жамгыр, шамал, чагылган, адабияттагы күз, табияттын күздөгү өзгөрүүлөрү, күздө адам жашоосундагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат берүү. Кошумча маалымат катары (iBilim) сайтынан видео көрсөтүү.
Интерактивдүү көнүгүүлөр: Топторго тапшырма берилет.
«Сентябрь» тобу: Менин стикер-аңгемем.
«Октябрь» тобу: Коопсуздук эрежелерин таап туташтыруу.
«Ноябрь» тобу: Жамгырдан коргоочу буюмдарды боё.
Эс алуу максатында окуучулар көнүгүү жасашат. Нейрогимнастика жасоо.
Бышыктоо: Окуучулардын билимин бышыктоо максатында “Кahoot” сайтынан «Окшоштуктарды тап» оюну ойнотулат.
Жыйынтыктоо, рефлекция: Бүгүнкү сабактан эмнени үйрөндүңөр?
Эмне маанилүү болду? Кайтарым байланыш жасоо.
Баалоо: сабактын жүрүшүн “Принтер” адиси менен баалашат. Берилген белгилердин жыйынтыгын чыгарып, жекече, топто баалоо жүргүзүлөт.
Үйгө тапшырма: жаан, шамал, чагылгандын сүрөтүн тартуу.
Өмүралиева Гүлзат, Тогуз-Торо районунун №3 Бейше Үрстөмбеков атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими
Комментарийлер