Көл үстүндөгү кайык
- 22.07.2024
- 0
Ортоңку тайпа, конструкциялоо сабагы
Максаты: Балдардын шаар жөнүндөгү билимдерин бекемдөө. Балдардын ойлоп табуу жөндөмүн бекемдөө. Ой жүгүртүүлөрүн жана моторикаларын өнүктүрүү. Мекенди сүйүүгө жана чыгармачылык жөндөмдөрүн арттыруу, жаратмандыкка тарбиялоо.
Колдонулган каражаттар: Түстүү пластилин, майда таякчалар (тиш чукуур) суу.
Предметтер аралык байланыш: Математика, ийлеп чаптоо, конструкциялоо.
Колдонулган ыкма: STEM ыкмасы
Күтүлүүчү натыйжа: Балдар көрсөтүлгөн каражаттар менен өздөрүнүн фантазиясына жараша өздөрү кыялдангандай шаардын макетин жана таякчаларды пластилиндин жардамында кураштыруу аркылуу кайыктын макеттерин курашат.
Аталган материалдан жасалган буюмдарын суу үстүндө текшерүүгө байкоо жүргүзүшөт, канткенде сууга чөгүп кетпейт?
Сабактын жүрүшү: Интерактивдүү досканын жардамында балдарга тема боюнча түшүнүк берилет. Бийик-бийик имараттар, шаардагы завод, фабрикалар, балдар суктанган бардык кооздуктар алардын жаш курагына ылайыкташтырылып видеослайддан көрсөтүлөт.
— Балдар, силер байкагандай, шаарыбыз өтө кооз экен ээ, көл үстүндө кайыктар. Силер шаардагы бийик имараттар кандай курулду деп ойлойсуңар? Биз бүгүн өзүбүздүн кыялдагы шаарларды курабыз. Ал үчүн бизге түстүү пластилиндер жана кичинекей таякчалар керектелет.
Тарбиячынын иш-аракети: Таякчалардын жана пластилиндерди пайдалануунун эрежелерин көрсөтүү менен балдарга багыт берет. Пластилиндерди майда бөлүктөргө бөлүү аркылуу аларга таякчаларды кураштырып, түрдүү нерселерди жасоого болорун көрсөтөт жана бир нече мисалдарды аткарып, балдардын мындан аркы жасалуучу иштерине өбөлгө болот. Ошол эле учурда балдардын ой жүгүртүүлөрүн, кызыгууларын андан ары чыгармачылык, жаратмандык менен иш алып барууларына түрткү болгон билимдерди берет. Жасалган кайыктарды суу үстүнө салып текшерүү жүргүзүүгө багыт берет. Сууга салууда кандай күчкө ээ болорун түшүндүрөт.
Каражаттарды колдонуу: Түстүү пластилиндер менен иштөө балдардын майда моторикаларын өнүктүрүү менен алардын ойлоп табуу жөндөмүн арттырат. Таякчаларды пайдаланууда кылдат, ошол эле учурда андан эмнелерди жасоого болоруна ой жүгүртүп, кызыгуулары артат. Бул каражаттар балдарга зыяны жок жана пайдаланууда ыңгайлуу.
Балдардын иш-аракеттери: Пластилинди майда бөлүктөргө бөлүп томолок формага келтиришет, ар бир томолокко таякчаларды бекитишет таяктарды пластилиндин жардамы менен кураштырышат, алгач 2 таякча, андан ары 4 таякча, 6 таякча кылып өздөрүнүн ойлоп табуу жөндөмдөрүнө жараша кураштырып, ар кандай көлөмгө келтиришет. Кубик курашат, ага дагы улап отуруп бийик имараттарга окшоштуруп жасашат. Чыгармачылык менен үйлөрдүн үстүндөгү кооз чатырча таякчаларды үч бурчтук кылып куроо жолу менен ишке ашырышат.
Жыйынтык: Балдар бул ишмердүүлүктүн артынан бийик имараттарды, өздөрдү жашаган үйлөрдү, светофорлорду, бактарды курай алышат. Ушул буюмдардан жасалган кайыктарын сууга салууга даярдашат. Улам биринин артынан жаратмандык менен кызыгуулары күчөйт. Балдар турмушта көргөн нерселерин пластилин таякчалардын жардамында аларды кураштыруу аркылуу жасоого болоруна ишенимдүү болушат.
Анализдөө: Жасаган буюмдарын ирети менен шаар макетинде тизип чыгышат жана кайыктарын желим буюмдун үстүнө коюп сууга салышат, өзүн да салып көрүшөт сууга чөктүбү же жокпу анализ жүргүзүшөт, бузулуп калбоо үчүн сапаттарын текшеришет.
Ысмайыл кызы Айседеп, Ош облусунун Чоң-Алай районунун И.Маматмусаев атындагы бала бакча
Комментарийлер