КҮКҮК

  • 24.08.2023
  • 0
КҮКҮК

КҮКҮКНазира Кайыпбекова,

 Тогуз-Торо  районунун  №13 М.Жаңыбаева атындагы мектебинин

 башталгыч  класстарынын  мугалими

 

 

Сабактын аты:      Адабий  окуу

Классы:               4- класс.

Сабактын темасы:     Күкүк

Сабактын  максаты:

А)  Окуучулар  «Күкүк»    чыгармасынын  мазмуну менен таанышат.

Б)   Чыгармадагы  каармандарды сыпаттап , сынчыл  ой жүгүртүшөт, топтордо иштешет.

В)  Адептүү, эмгекчил болууга, бирин-бири сыйлоого, жаратылышты  коргоого тарбияланат.

Сабактын  жабдылышы:  Окуу китеби, темага ылайык сүрөттөр, баалоочу каражаттар, маркер, ватман.

Сабактын тиби:       Жаңы билимди өздөштүрүү.

Сабактын усулу:     Аңгемелешуу, изилдөө, топтордо иштөө.

Сабак аркылуу байланыш:  Адеп, Мекен  таануу.

Сабактын журушу:       а) Уюштуруу

Мугалим окуучулар  менен  саламдашат,  окуучулардын сабакка болгон даярдыгын карайт.

Жагымдуу  маанай:      «Байчечекей» обондуу ырын  ырдоо

Жашыл дөңгө көктөмдө,                                       Байчечекей жапжаш гүл, 

Жамгыр төгүп өткөндө.                                      Бажырайган  аппак гүл.

Байчечекей гүл ачып,                                            Бажырайып  суктанткан,

Бажыраят көктөмдө.                                         Балдар  терген аппак гүл.

Мугалим окуучуларды  эки топко бөлөт,  окуучуларга   өзүн-өзү баалоо баракчалары   берилет, жооп берген сайын белгилеп турушат.

Мугалим  алтын эрежени эске  салат.

Активдүү катышуу, кол көтөрүп жооп берүү, бирин-бири уга билүү, сыйлоо.

Б) Үй тапшырманы суроо:

  1.  « Тыт» чыгармасы силерге эмнеси менен жакты?
  2. Нурайым кары кемпирге жасаган мамилелерине неге өкүндү?
  3. Кары адамдарга кандай мамиле жасаш керек экен?

Жаңы  темага  өбөлгө түзүү:      Табышмактарды  тапкыла.

Өз  атың  атап  жадабай,                         Чапаны  ала-була ,  

Жар салат ой-тоо  кыяга.                        Учканда  кара  буга .

Жумурткасын таштайт ал,                 Бирдеме  көрүп  калса,                                                                    

Бир кез келген уяга.                                     Шакылдап салат  чууга.  Мугалим:   — Балдар,  бул табышмактын жообу  күкүк  жана сагызган  деп  туура  таптыңар. Анда биздин бүгүнкү сабагыбыз   канаттуулар  жөнүндө болмокчу.

Жаңы  тема:           «Күкүк»            ( Чыгарманы  аудио уктуруу менен тааныштыруу )    

Эрте  жаздан баштап  канаттуулардын  бардыгы  уяларын  сала  башташты . Бир  гана  Күкүк эч нерсе  иштебей  бекерпоз  жүрдү. Эрте жатып кеч турат. Ошенткен сайын  билесиңер го,  уйку ого бетер  күчөйт. Ошентип, жаз аягы  болгон  кезде   куш  аттуунун баары  уяларына кирип, жалгыз гана  Күкүк  ай- талаада  калды. Кү-күк! Кү-күк деп ыйламсырайт. Бирок бир да канаттуу аны  уясына  киргизбейт. Туура да, ар ким өз уясына тынч жашагысы келет эмеспи.

– Эй, сен эмне уя салып албайсың өзуң?! — деди Сагызган ага боору ооруп.                                                                                    – Салат элем го, бирок ылайыктуу жер таппадым, — деп Күкүк ыйлап ийди.                                                                                  – О, койчу! Мен таап берейин  ылайыкту жерди!

Ошентип, Сагызган  чоң эмендин   бутагынан  бир ажайып жай таап берди. Бир топ күн өткөн соң  караса, Күкүк дагы эле эч нерсе  жасабай, ар кай  жерде учуп-конуп жүрөт. Сагызган  таң калды.

–  Э, Күкүк! Уяңды  эмне салбай  жүрөсүң?  Уяга  жарай  турган  чөп-чар таппай жүрөм.

—  О, кокуй  десе! Бая эле айтпайсыңбы. Жүрү мен таап берейин.    Сагызган  чөп-чардын сонунун таап берген соң,  Күкүк дале  бекер жүрдү.  Сагызгандын жини келип, бир күнү сурады:

— Эй, жалкоо!  Дагы эмне шылтооң бар?!  Эмне үчүн уя салбай жүрөсүң?                                                                                         — Уяны го салам дечи, астына төшөй турган тыбыт таппайм …….                                                                                                        – Ой, жолуң болгур десе! Жүрү, мени  ээрчип  уч! Сагызган бир адамдын сарайына учуп  келип, Күкүккө үлпүлдөгөн жумшак кебезди көрсөттү.

— Момундан ал да каалашынча  алдына төшөп сал!

Арадан дагы бир жума өттү. Күкүк болсо баягындай эле салпылдап бекерпоз  жүрө берип, бир күнү жумуртка  тууп  салды. Уясы  жок неме талаага  тууйт  да!  Эми эмне кылыш керек.   Ойлонуп ыйлап  отурду да, Сагызган  досун эстеди. Учуп барса, досу жумуртка басып отуруптур. Күкүктү көрөр замат Сагызган  күлдү.

–  Сендей  жалкоо жер  үстүндө барбы деги? Колунда баары турат, бирок уя салбайсың. Деги эмне деген жансың өзүң?

— Ырас айтасың, досум. Баары эле бар уя  салганга. Бирок убакыт таппадым, такыр колум бошобойт.                        –  Бали досум.Сендей жалкоону жерди жети кыдырып  табыш мүмкүн эмес.  Боорду эзип салдың.

— Ха-ха-ха! Болду эми, досум сага жардам бере албайм. Кадырың жан болсун!                                                                            — Жумурткамды кошо басып берчи, бай болгур.  Баары бир өзүңдүкүн басып отурасың го….                                              –  — Жо-жок!  Оозуңан айлансын!  Сагызган кашайып такыр болбоду.  Анда Күкүк калган бардык тааныштарынан жалдырап суранса, бири да анын жумурткасын басууга макул эмес. Жок, чын да бирөөнүн, жумурткасын басып, жоопкерчиликти моюнга алыш оңойбу? Ошондон кийин Күкүк айласыздан ууру жолго түштү.  Ээси жок кезде бирөөнүн уясына кире калып, жумурткасын  кошуп коёт.

Өз алдынча  иштөө, машыгуу, топтордо иштөө.                                                                                             Мугалим:   — Чыгарманы купуя окуп чыгып  жана топтордо  чыгарманын  картасын  түзөбүз. Топторго маркер, ватман берилип, чыгарманын картасын түзө башташат.

Чыгарманын картасы

Чыгарманын аталышы: Күкүк

Окуянын убактысы, жери:    (токойдо, жай мезгили)

                                                                      Башкы каармандар

КҮКҮК                                         Күкүк                                                                                        Сагызган

Окуянын башы                                 Окуянын ортосу                                 Окуянын аягы

Канаттуулар уя салышты,                   Күкүк баягыдай эле                                Күкүк айласыздан ууру жолго

Күкүк гана бекерпоз жүрдү                бекерпоз жүрүп, жумуртка                 түштү. Эч ким жокто башка уяга

тууп салды.                                               жумурткасын таштап коёт.

Ар бир топтон бирден окуучу чыгып, түзүлгөн чыгарманын картасын айтып беришет.

 

«Окурман театры» көнүгүүсү.  

Окуучулар жупка бөлүнүп, тексттен өздөрүнө жаккан ролдорду тандап  белгилеп алышат, көркөм окуп, аткарып беришет.

Сагызган: — Э, Күкүк! Сен эмне уя салбай жүрөсүң?

Күкүк: — Салат элем го, бирок ылайыктуу жер таппадым.

Сагызган: — О, койчу!   Мен таап берейин ылайыктуу жерди.

Венндин диаграммасын түзүү. 

Күкүк менен Сагызгандын окшоштуктарын жана айырмачылыктарын табуу.

Бышыктоо: «Ооба же жок» карточкалары — бул жооптор жазылган карточкалар.

Мугалим окуучуларга  алдын ала «ооба» жана «жок» деп жазылган экиден карточка таратат. Мугалим суроо бергенде тиешелүү карточкаларды көтөрүп турушат.

  1. Эрте жазда Күкүк уя салууга кириштиби?
  2. Күкүк чынчыл, эмгекчилби?
  3. Сагызган уя салууга Күкүккө жардам бердиби?
  4. Күкүк балапанын өзү басып чыгарабы?
  5. Күкүк уурулук жолуна түштүбү ?
  6. Ар дайым шылтоо издеген, жалкоо адамдар арабызда кездешеби? 

 Жыйынтыктоо:

Мугалим:    —  Кыргыз элинде  «Жалкоонун эртеңи  түгөнбөйт», жалкоого иш буюрсаң, өзүңө акыл үйрөтөт  деген эң жакшы  макалдар    айтылып  келген.   Балдар, кичинекей кезибизден баштап адептуу, эмгекчил, чынчыл болууга үйрөнүшүбүз керек.  Жалкоолук, уурулук адамдын терс сапаттарынын бири.

Мугалим:   — Бүгүнкү сабакта эмне маанилүү болду?

графаларын толтурушат, окуучулар өз ойлорун айтышат.

Тапшырма:   Чыгарманы көркөм окуп, жалкоолук  тууралуу макалдардан жаттап келүүгө тапшырма  берилет.

Баалоо:     Топтор бааланып,  өзүн-өзү  баалоо баракчаларынын жыйынтыгы айтылып, окуучулардын  билими бааланат.

Бөлүшүү

Комментарийлер