ИНФОРМАТИКА окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн
- 18.08.2023
- 0
Актуалдуулугу
Кыргызстандын билим берүүсү учурда Эл аралык PISA изилдөөсүнө даярданууну активдүү түрдө колго алып, окутуу жакшыртуунун үстүндө иштеп баштады. Мектеп программалары PISA талаптарын, STEM мамилени, компетенттүүлүктү калыптандырууну эске алуу менен кайрадан каралып чыкты. Информатика предметинин предметтик стандарты, окуу программасы, мугалимдерди даярдоо программалары да өзгөрүүгө дуушар болду. Жаңы окуу жылында информатика мугалимине предметти окутуучу мугалим катары жана кесиптештерине көмөк көрсөтүүчү тренер катары даярдыктардын болуусу талап кылынат. Себеби информатика мугалиминин методикалык жана профессионалдык чеберчилигине, ар тараптуу даярдыгына ошондой эле, башка предметник мугалимдердин ИКТ-компетенцияларына коюлган талаптар чоң.
Демек, жаңы окуу жылда информатиканын жаңы мазмунун окутуу жана информатик мугалимдин даярдыгын күчөтүү актуалдуу маселелердин бири.
Нормативдик документтер
2023-2024-окуу жылында Информатика предметин окутууда төмөндөгү документтерди эске алуу зарыл.
- Кыргыз Республикасын 2018–2040-жж. өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясы (https://mfa.gov.kg/uploads/content/1036/cc1aaa7e-1e5d-3a35-bd69-9d52e9c1ba70.pdf);
- 2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча
иш-чаралар планы (http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/218797/10?cl=ky-kg&mode=tekst); - Информатика предметинин предметтик стандарты (https://kao.kg/предметные-стандарты);
- Информатика предметинин окуу программасы (https://kao.kg/новые-программы).
- 2023-2024-окуу жылына карата Базистик окуу планы. / Кут Билим. – Б. 2023.
Базистик окуу план боюнча информатикага тиешелүү болгон сааттык окуу жүктөмдөрдө өзгөрүүлөр жок.
Окуу планына ылайык, Информатика предметин өтүүдө эгер окуучулардын саны 25 же андан көп болгон учурда 2 топко бөлүнүп өтүлөт.
Буга кошумча, жалпы билим берүү мектептери белгиленген окуу жүктөмгө ылайык окуу пландан сырткары предметтерди тереңдетип окутуу үчүн акы төлөнүүчү кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтө алышаары Базистик окуу планда белгиленет. Акы төлөө ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Ошондуктан информатиканы тереңдетип окутуу үчүн кошумча билим берүү кызматтарын жүргүзүүгө болот.
Программанын чегинде мугалим өзүнүн чыгармачылыгына ылайык мамлекеттик билим берүү стандартында белгиленген максат, милдеттерди ишке ашыруу менен предмет боюнча окуучуларда керектүү компетенцияларды калыптандырууга жетишүү керек.
Өзгөчөлүктөрү
2023-2024-окуу жылына карата КР мектептеринде Информатика предметин окутууда эске алынуучу негизги өзгөчөлүктөр болуп предметтик стандарттагы, окуу программадагы өзгөрүүлөргө көңүл буруу, PISA Эл аралык изилдөөгө даярдануу, STEM мамилени эске алуу, ИКТ-компетенцияны күчөтүү, ИКТ квалификацияны жогорулатуу ж.б. саналат.
а) Предметтик стандарттагы, окуу программадагы өзгөрүүлөрдү эске алуу. Информатика предметинин стандарты, окуу программасы 2023-2024-окуу жылына карата өзгөрүүгө дуушар болду. Анын себеби окуучуларды жана мугалимдерди PISA изилдөөсүнө даярдоодо турат.
Предметтик стандартта жана окуу программадагы өзгөрүүлөр: — Жаңы мазмундардын берилиши, алар: “Блоктук программалоо”, “Финансылык сабаттуулук”, “STEM мамиле”, “Улуттук баалуулук” ж.б.; — Мазмундук багыттар менен предметтик компетенциялардын жаңыланышы; — Бүтүрүүчүнүн моделинин аныкталып берилиши; — Жеке компетенциялардын аныкталышы; — Улуттук баалуулуктардын Информатикада колдонулуусунун чечмелениши; — Күтүлүүчү натыйжалардын так, даана, чечмеленип жазылышы; — Баалоонун болжолдуу моделинин берилиши ж.б.
Логикага басым жасоонун максаты – баланын аң сезимин өстүрүү, ойлонуу, анализ жүргүзүү жөндөмүн арттыруу, ар бир жасап жаткан ишине жана жасай турган аракетине баа бере билүү көндүмүн калыптандыруу. Муну менен катар, бала окутулуп жаткан билимдердин жашоосуна зарыл экендигин, ошондой эле кез келген маселени чечүүдө алган билимин пайдалануу компетенциясы калыптаныш керектигин аң сезимдүү кабыл алышы.
Программалоого окутуунун максаты – баланын эсептөө ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү. Эсептөө ой жүгүртүү балдарга маселени чечүүдө креативдик ой жүгүртүүгө, окуй билүүгө, изденүүгө жана биргелешип иштөөгө көнүктүрөт. Ошондой эле программалоо аркылуу балдар жаңыча ой жүгүртүү, идея жаратуу, каталардын үстүнөн иштөө, суроо коё билүү, жообун издөө жана баштаган ишти аягына чыгаруу сыяктуу сапаттарды калыптандырууга жардам берет. Программалоонун натыйжасы – бул долбоор. Долбоор аркылуу окуучунун мүмкүнчүлүгү башкаларга көрүнөт.
«Киберкоопсуздук» жана «Кибербуллинг» темаларын окутуу менен мектеп окуучусу кибербуллинг деген эмне экендигин билүү жана анын түрлөрүн түшүнүү; ар түрдүү кибербуллингдин түрлөрүнөн сактануу эрежелерин билүү; тааныш эмес адамдардан түшкөн маалыматтык анализдөө, контактыдагы адамдардан этият болуу; Интернетте маалыматтык коопсуздук боюнча билимдерин колдонуу, өзүнүн маалыматтарын коргой билүү, сыр сөздү бекемдөө, антивирустук сыр сөздү пайдалануу; ИКТга байланыштуу зыян жана коркунуч туудурган булактарды аныктоо; аларды жоюунун жолдорун табуу; маалыматка интеллектуалдык менчик укук боюнча эрежелерди сактоо; спам, реклама, дезинформация ж.б. сактоонун принциптерин түшүндүрүү; ар түрдүү билим берүү сайттарын жана платформаларын айырмалап колдонуу; өзүнүн жеке жашоосундагы жана жеке өнүгүүсүндөгү маселелерди чечүүдө санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн максаттуу жана чыгармачылык менен пайдалана алуу ж.у.с. билимдерге ээ болушу зарыл.
б) Билим берүүдө STEM мамилени колдонуу – бул билим берүүгө жаңыча мамиле болуп эсептелип, бала окуу китебинен сырткары табигый-илимий жана техникалык билимдерди айкалыштыруу менен маселени чечүүгө чыгармачылык мамиле кылуусу. STEM-билим берүү – бул табигый жана так илимдерди инновациялык технологиялардын жардамы менен окутуп үйрөтүүгө басым жасаган атайын багыт катары саналат. STEM мамиленин негизги базасы катары илимий методдор, математикалык моделдөөлөр, инженердик дизайн жана инновациялык ой жүгүртүү эсептелет.
STEM мамиленин алкагында Информатика предметин окутуу окуучуларга жана мугалимдерге бир нече мүмкүнчүлүктөрдү берет.
STEM-билим берүү балдардын:
— логикалык жана математикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө;
— так илимдердин позициясында жаратылышты жана технологияны таанып билүүгө;
— ИКТ боюнча билимге ээ болууга жана аны пайдалана билүүгө;
— креативдүү ой жүгүртүүгө жана чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө;
— окууга жана изденүүгө болгон шыгын өстүрүүгө жардам берет.
STEM-билим берүү мугалимдердин:
— окуучуларды өз алдынчалуулукка багыттоодо ачык, көрсөтмөлүү кылып окутуу, көнүктүрүү ишмердигин;
— окутуудагы өзгөчө ыкмаларды пайдалануу ишмердигин;
— окуучуларды окууга кызыктыруу ишмердигин;
— ИКТнын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдалануу (М.: 3D-моделдөө, Zygote Body же Geogebra сыяктуу сайттарды) ишмердигин камсыздай алат.
в) PISA Эл аралык изилдөөгө даярдыкты күчөтүү.
Дүйнө өлкөлөрүнүн 15 жаштагы окуучуларынын билим деңгээлин изилдөөчү Эл аралык программа – PISA (Programme for International Student Assessment, кыскарт. PISA) – окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо программасы Эл аралык деңгээлде жүргүзүлүп, бардык катышуучулардын билим деңгээлдери атайын талаптар менен анализденгендиктен, Эл аралык изилдөө болуп саналат.
PISA баланын мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт, б.а. жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө же болбосо, өзүнүн ордун табууга керектүү болгон көндүм жана билими бар же жок экенин баалоону максат кылат.
PISAнын изилдөө куралдарына тесттик тапшырмалар жана анкеталар кирет. Тест суроолорунун ар кандай форматтары колдонулат, ачык же жабык. Мында окуучулар суроолорго өз оюн жазышы, жеке көз карашын билдире алышы керек, же туура же туура эмес деп баалана турган (жабык жооптор) чектелүү варианттардын ичинен жоопторду тандап алышы керек. Тесттик тапшырмалардын дээрлик жарымын эркин түрдө жооп берүүгө болжолдонгон суроолор түзөт. 2015-жылдан тартып PISA компьютердик баалоого өтүп, дээрлик бардык өлкөлөр санариптик форматтагы тестирлөөгө катышкан. 2025-жылы Кыргызстан да санариптик форматта катышат. Ошол себептүү информатика мугалиминде жана окуучуларда санариптик көндүмдөрдүн калыптанышы негизги мааниге ээ.
PISA изилдөөсүнүн суроолору жалпы билимди текшерүүгө эмес, ар бир баланын кыймыл аракетинен баштап, ар биринин ой жүгүртүү жөндөмүн, логикасын, жеке өзгөчөлүгүн, конкреттүү билимин жана жалпы компетенцияларын аныктоого багытталган суроолор коюлган. Кээ бир бала өзүнүн логикасы аркылуу жакшы балл топтосо, кээ бир бала өзүнүн тактыгы, көрөгөчтүгү, суроону окуп-түшүнгөндүгү менен жакшы балл топтошу, кээ бири билиминин тереңдиги менен, айрымдары ИКТны жакшы өздөштүргөнү менен суроого жооп берүүдөгү кыймыл-аракети менен башкалардан айырмаланышы мүмкүн. Ошол себептүү PISA суроолору менен тесттери бир гана баланын билимине эмес, анын ар бир жөндөмүн баалоого багытталган.
Эл аралык стандарт боюнча минималдык деңгээл болуп, 6 деңгээлге салыштырмалуу 2-деңгээл эсептелет. Экинчи деңгээлге жеткен окуучу илимдин, технологиянын жетишкендиги менен илимий көндүмдөрүн турмуштук кырдаалдарда алгылыктуу көрсөтүп бере алаары белгиленет. Албетте, 6-деңгээл жогорку көрсөткүч болуп саналат.
PISA-2025 иш-чаралары төмөндөгү милдеттерди коет:
- Кыргызстандын 15 жаштагы окуучусу алган билимин турмуштук маселелерди чечүүдө пайдалана алуусу, көрүнүштөрдү анализдеп, белгилүү менен белгисизди бөлүп көрсөтө алуусу, илимий билимдерге таянып кубулуштарды баяндап берүүсү, жыйынтык чыгаруусу.
- Методиканы “билимди берүүгө” гана багыттабастан, окутуунун интерактивдүү методдору, баалоонун жаңыча ыкмаларын колдонуу.
- КР мектептеринде функционалдык сабаттуулук боюнча билимдерди калыптандыруу.
- КР мектептеринде санариптик сабаттуулук боюнча билимдерди калыптандыруу.
- Мугалимдер окуу китебиндеги материалдарды берүү менен гана чектелбестен, окуучулардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө басым жасоо.
- Окуу материалдарын ар тараптуу берүү, окуучулар менен кайтарым байланыш жүргүзүү. Тапшырмалардын комплексин түзүү.
- Мугалимдер менен окуучулардын өз ара байланышы жандуу интерактивдүү-эмоционалдык абалга алып келүү.
- КР жалпы билим берүүсүнүн мазмунун PISA изилдөөсүнүн алкагында кайрадан карап чыгуу.
Демек, жогорудагыларды эске алуу менен Информатика предметин окутууда мугалим жогорудагы маселелердин чечилишин колго алуу зарыл.
Сунуштар
Информатика предметин окутууну жакшыртуу жана предметти окутууну өнүктүрүү проблемалары боюнча докладдарды окуу; семинарларды; тегерек үстөлдөрдү, конкурстарды, онлайн жолугушууларды ж.у.с. өткөрүү максатка ылайык.
Ошондой эле бул окуу жылдагы август методикалык кеңешмесиндеги информатика мугалимдеринин секциясында төмөндөгүдөй учурдун актуалдуу маселелерин талкуулоо сунуш кылынат:
- Информатика предметинин жаңы стандартын жана жаңы окуу программасын жетекчиликке алуу;
- Окуучуларды блоктук программалоодо иштетүү;
- Информатика предметин окутууда окуучуларга программалоо көндүмдөрдү калыптандыруу;
- Санариптик көндүмдөр: зарылчылыктар жана талаптар;
- Окутуу жана уюштуруу процесстерин санариптештирүү маселелери;
- PISAга даярданууну күчөтүү;
- Информатика предметин окутууда STEM мамилени эске алуу;
- Маалыматтык коопсуздук жана киберкоопсуздуктун негиздерин окутуунун методикасы;
- Электрондук база: ата-энелердин ишеними жана окуучулардын коопсуздугу;
- Электрондук материалдар: окуу китептери, каражаттары, аларды түзүү жана колдонуу;
- Компьютердик тесттерди жана башка баалоо каражаттарын окуучулардын жетишкендиктерин объективдүү баалоо үчүн пайдалануу;
- Программалоо тилдерин үйрөнүү. Программалоо тили жана олимпиада;
- Онлайн окутууда инклюзивдик билим берүүнү эске алуу;
- Мектеп окуучуларынын интернетти эффективдүү колдонуу маданиятын калыптандыруунун мааниси;
- Адистик чеберчиликти жогорулатуу тутумунда информатика мугалиминин компетенциясын өркүндөтүү: «Информатиканы окутуунун теориясы жана методикасы», «Окутуунун заманбап технологиялары», «Программалоо тилдери» ж.у.с. тематикалардын алкагында кесипчиликти жогорулатуу курстарынан өтүү, ж.б.
Комментарийлер