Гидросфера жана жер шарында суунун айлануусу

  • 20.12.2024
  • 0
Гидросфера жана жер шарында суунун айлануусу

Венера Шайланова, И. Бейшембаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими

6-класс, география

Сабактын максаты:

Гидросфера Жердин суу катмары экенин анын үч абалын, касиети, бөлүктөрү, курамына карата бөлүнүшү, Жер бетиндеги ордун, көлөмү пайда болушу, дүйнөлүк суунун айланышы жөнүндө билим алат. Тиричиликтеги суунун түгөнгүс экенин аныктап көргөзөт.

Сабактын тиби: жаңы теманы өздөштүрүү

Сабактын усулу: топто иштөө

Уюштуруу: саламдашуу, жагымдуу маанай  түзүү, окуучуларды жоктоо

Жаңы теманы түшүндүрүүнүн ыкмасы:

1) Байкоо

2) Салыштыруу

3) Өзгөрүүлөрдү аныктоо

4) Баарлашуу (таблицалык жана оозеки түрдө)

5) Жыйынтык чыгаруу

6) Гипотеза түзүү

7) Болжолдоо

8) Талдоо

9) Баалоо

10) Изилдөө

Ресурстар: сүрөттөр, проектор, слайддар,  заттар, ноутбук, интерактивдүү панель

  • Кызыктыруу
  • Изилдөө
  • Түшүндүрүү
  • Тереңдетүү
  • Баалоо

Контекст: жергиликтүү, глобалдык.

Гидросфера жана жер шарында суунун айлануусу

Гидросфера жана жер шарында суунун айлануусу

Кызыктыруу (5 мүнөт). Сүрөттү көрүп, видео менен таанышып ой жүгүртүшөт, ар бир окуучу өз оюн эркин айтып беришет.

https://rutube.ru/video/fb611ccbbcc9b0062a7a520c3241d735/?r=plemwd

Изилдөө (10 мүнөт). Окуучуларды  3 топко бөлөбүз: 1-топко Гидросфера деген эмне? Ал тууралуу кандай маалыматтарды билесиңер?

Гидросфера жана жер шарында суунун айлануусу

Гидросфера жана жер шарында суунун айлануусу

Окуучулар китептеги маалыматты пайдаланып, суроолорго жооп  беришет, сүрөтүн тартып талдашат, жыйынтык чыгарышат.

2-топко: Гидросфера жер бетинин канча процентин ээлеген? Планетада суунун айлануусу кандай? Маалыматтарды изилдеп, сүрөттөрдү тартышат. Сүрөт боюнча изилдеп, жыйынтык чыгарышат.

Гидросфера жана жер шарында суунун айлануусу

Гидросфера жана жер шарында суунун айлануусу

3-топко: Дүйнөлүк океан деген эмне? Дүйнөлүк океанда суунун айлануусу кандай деген темада долбоор түзүп бергиле. Суунун адамдын жашоосундагы орду кандай? Маалыматтарды  изилдешет, сүрөттөрдү тартышат, схема чийишет. Изилдеп бүткөндөн кийин ар бир топ доскага чыгып жооп берет.

Гидросфера жана жер шарында суунун айлануусу

Гидросфера жана жер шарында суунун айлануусу

Түшүндүрүү (15 мүнөт). Окуучулар ссылка менен таанышып, маалымат алышат.

https://youtu.be/ceDA5fIzzTU

Кеңейтүү (10 мүнөт). 

Сабак боюнча түзүлгөн презентацияны көрүп чыгышат жана жыйынтык чыгарышат. Азыркы учурда  адам баласы үчүн керектүү болгон таза суу көйгөйүн чечүү жолдору тууралуу долбоор түзүп, коргоп беришет.

Суроолорду берүү:

1. Гидросфера деген эмне?

2. Жер планетасынын канча процентин ээлейт?

3. Гидросфера  тууралуу дагы эмнелерди билесиңер?

https://multiurok.ru/index.php/tests/geografiialyk-test-1.html

https://wordwall.net/ru/resource/83281010/география/гидросфера

Баалоо (5 мүнөт). Тема боюнча окуучулардын түшүнүгү кандай деңгээлде экенин баалоо.

Бөлүшүү

Комментарийлер