Геометриялык фигуралар жана геометриялык түзүүлөр жөнүндө түшүнүк

  • 24.05.2024
  • 0
Геометриялык фигуралар жана геометриялык түзүүлөр жөнүндө түшүнүк

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Геометриялык түзүүлөр жөнүндө маалымат алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Геометрия сабагын күнүмдүк жашоосуна пайдаланышын практика жүзүндө билишет жана турмуштан мисалдарды келтиришет.

Тарбия берүүчүлүк: Ар дайым алдыга умтулууга, мүмкүнчүлүктү туура пайдаланууга тарбияланышат.

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү.

Сабакта колдонулуучу ыкма: Айтып берүү, түшүндүрүү, аңгемелешүү.

Сабактын усулу: Интерактивдүү, СТЕМ, ПИЗА.

Предмет аралык байланыш: Биология, технология, алгебра.

Баалоо критерийлери: Топтордо жана өз алдынча баалоо. Топтогон упайларын эсептөө менен бааланат. Эң алдынкы 5 окуучу сертификат менен сыйланат, калгандары “3”,  ”4”,  “5” деген баа алышат.

Сабактын этаптары: Уюштуруу, мотивация берүү, үй тапшырмасын суроо, түшүндүрүү, жаңы үйрөнгөн материалды бекемдөө, баалоо, үйгө тапшырма берүү.

Уюштуруу (5 мин)

Мугалим: Саламатсыңарбы, балдар! Отургула! Баарыбыз китеп, дептер, ручка алып, сабакка даярданабыз. Бүгүн сабакта кимдер жок? Баары толук болсо сабакты баштаардын алдында сабактагы алтын эрежелер менен таанышалы.

—— Сабакта кол көтөрүп гана сүйлөйбүз.

—— Мугалимдин сөзүн кунт коюп угабыз.

—— Оюбузду эркин айтабыз.

Балдар, эми эки топко бөлүнүп, сабагыбызды улантабыз.

1-топ «Чекит»

2-топ «Түз сызык»

Себеби чекит менен түз сызык аркылуу ар кандай фигураларды түзүүгө болот. Баарыбыз биргеликте, биримдикте көптөгөн ийгиликтерди жаратабыз деген максат менен топтун атын чекит жана түз сызык деп алдык.

Мотивация (7 мин)

Эми силер менен биргеликте денебизди жана мээбизди эс алдыруу үчүн “Медитация” жасайбыз (Кыргызстан жөнүндө ыр угулат). Кана, балдар, баарыбыз көзүбүздү жумабыз, өзүбүздү бош коюп, терең дем алабыз, мурдубуз менен дем алып, оозубуз менен чыгарабыз. Элестетебиз баарыбыз өзүбүз каалаган кийимде, жашыл жайлоодо жүрөбүз. Айлана кооз, жакын жерден шаркырап аккан суунун добушу угулду. Ошол жакка карап жүгүрдүк, барсак туптунук суу агып жатат, суунун жээгине отурдук. Эми ыраазычылык айтабыз. Мен ыраазымын. Көрүп жаткан көзүмө, угуп жаткан кулагыма, сүйлөп, даам сезип жаткан тилиме  ыраазымын. Басып жатканыма, ден соолугум жакшылыгына, окууга мүмкүнчүлүгүм барлыгына ыраазымын. Мен баарына ыраазымын, ыраазымын, ыраазымын. Көзүбүздү ачабыз, элестете алдыкпы? Демек, бизге сонун мүмкүнчүлүк берилиптир. Өзүбүздө бар нерсеге шүгүр кылып, берилген мүмкүнчүлүктү туура пайдалансак, биз ар дайым алдыга жылабыз, максатыбызга карай жол алабыз жана максатыбызга жетебиз. Демек, өзүбүзгө болгон ишеним менен эң сонун маанайда сабагыбызды баштайбыз.

Үй тапшырмасын суроо (5 мин)

Ар бирибиз колубуздан келген фигураны жасап келүүнү тапшырма бергем. Кана, ким жасап келди? Жасаган фигураларыбызды “Геометриялык паркыбызга” коёбуз.

Өз алдынча изденүүгө “акциома, гипотенуза, катет“ деген суроолорду бергенмин. Ким изденди?

Геометриялык парктын ачылышын жасайбыз. Суроо берем (10 мин).

Геометриялык парктан эмнени көрүп турасыңар? Эмнени көргөн болсо ошол боюнча маалымат беришет. Фигуралар, терминдер жөнүндө суроолор берилет.

Жаны теманы түшүндүрүү (15 мин)

Берилген куралдардын жардамы менен кандайдыр бир геометриялык фигураларды түзүүнү геометриялык түзүүлөр деп айтабыз. Геометриялык түзүүлөрдү түзүүдө масштабдык белгиси жок сызгыч, циркулду колдонобуз.

Сызгычтын жардамы менен:

——-каалагандай түз сызык түзүүгө

——-берилген чекит аркылуу өтүүчү түз сызык түзүүгө

———каалаган эки чекит аркылуу түз сызык түзүүгө болот.

Циркулдун жардамы менен:

——-каалаган радиустагы айлана чийүүгө болот.

Ал эми ушул масштабдык бирдиги жок сызгыч менен  циркулдун жардамында  чекит (.), түз сызык  (_____), кесинди (.________.), шоола (.________), бурч (       ),   үч бурчтук (             ), тик бурчтук (             ), айлана (о), тегерек (о)  болгон фигураларды түзсөк болот.

Циркулду, сызгычты пайдаланып, төмөндөгү эң жөнөкөй түзүүлөрдү аткаргыла.

№1  О чекити жана а кесиндиси берилген. Борбору О, радиусу А болгон айлананы сызгыла.

Циркулдун жардамы менен айлана сызып борбору О чекити менен белгиленет, сызгычтын жардамы менен А кесиндиси сызылат.

№2  А жана B  чекиттери берилген. А жана B кесиндисин сызгыла.

А._________.B

Үйгө тапшырма (3 мин)

Берилген чекит аркылуу өткөн түз сызык жана ал түз сызыкка перпендикуляр түзгүлө. М чекити А түз сызыгында жатат.

Ушул мисалды иштешет. Өз алдынча изденип, циркуль жөнүндө маалымат топтоп келишет.

Баалоо (5 мин)

Эң жакшы катышкан 5 окуучу сертификат менен сыйланат, калгандары “5”, “4”, “3” деген баалар менен бааланат.

Гүлдана Бекболотова, Кара-Суу районунуна караштуу №27 Топ-Терек негизги мектебинин физика, математика мугалими.

Бөлүшүү

Комментарийлер