ГЕОГРАФИЯ окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

  • 15.08.2023
  • 0
ГЕОГРАФИЯ окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн


Учурдун талабына ылайык чакырыктар бизди фундаменталдык илимий мазмунга жана санариптик окуу куралдарынын кеңири мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу аркылуу окуучулардын инсандык өнүгүүсүнүн кеңири мүмкүнчүлүктөрүнө негизделген билим берүүнүн компетенттүүлүккө багытталган мамилесине өтүү зарылчылыгын алдыбызга койду.

Кыргыз Республикасында заманбап талаптарга жооп берүү үчүн бир катар ченемдик-укуктук документтер иштелип чыккан жана кабыл алынган: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1 “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгы, «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 «Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2021–2030-жылдарга чейин өнүктүрүү концепциясы» жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы, «2021–2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы», «Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты» (2022), «Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүүнүн 2021–2040» программасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы №393 «Кыргыз Республикасынын жалпы мектептик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө» токтому жана башкалар. Бул документтерде билим берүүнүн стратегиялык багыттары билим берүүнү өнүктүрүү, окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандыруу, инсанга багытталган окутууну ишке ашыруу, маалыматтык технологияларды колдонуу менен билим берүү системасын жакшыртуу, башкаруу деңгээлинде маалымат алмашуу, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу аркылуу өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү каралган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1 “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгында “Дүйнөдө адамзаттын бардык ишмердүүлүк тармагында кайра жандануу жана глобалдык кайра калыптануу стадиясына өттү. Санариптик технологияларды киргизүү, жасалма интеллектти өнүктүрүү, энергиянын заманбап түрлөрүнө өтүү жана жаңы технологиялык каражаттарды колдонууга өтүшү коомдук мамилелерди түп-тамырынан бери өзгөртүүдө жана ошого жараша адамдардын өз ара мамилелеринде жана башкаруу процесстеринде жаңы ыкмаларды издөөнү талап кылат” (http://cbd.minjust.gov.kg/).

Кыргыз Республикасында билим берүүнүн 2021–2040-жылдар аралыгындагы өнүгүү стратегиясында билим берүү системасын туруктуу өнүктүрүү үчүн ички жана тышкы ресурстарды натыйжалуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүү жана сапаттуу билимге бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу зарыл экендиги аныкталды. Бул документтин экинчи бөлүмүндө “2040-жылга билим берүү системасынын өнүгүүсүн божомолдоо” бөлүмүнүн биринчи абзацында “санариптик билим алуу жана санариптик экономикада иштөө үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жогорку коммуникациялык көндүмдөргө ээ болгон инсандарды даярдоо” жөнүндө айтылат (https://edu.gov.kg.).

Кыргыз Республикасынын жалпы мектепте билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын (2022) негизинде Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 6-11-класстары үчүн «География» боюнча Предметтик стандарты иштелип чыккан (https://kao.kg).

Предметтик стандартка ылайык мектепте географиялык билим берүүнүн максаты – активдүү жарандык позициясы бар, сынчыл ой жүгүрткөн, ар кырдуу кырдаалга баа бере алган жана коомдун өнүгүшүнө, жаратылышка, чөйрөгө терс таасирин тийгизүүчү өз ишмердүүлүгүнүн кесепеттерин алдын ала айта алган географиялык компетенциялардын топтомуна ээ болгон сабаттуу инсанды калыптандыруу болуп эсептелет.

География мектеп предмети катары табигый жана коомдук илимдердин мазмунун интеграциялоо менен бирге өзгөчө билим берүүнүн милдеттерин аткарат:

— окуучуларды табигый, социалдык жана экономикалык системалардын бири-бири менен өз ара аракеттенүүсү менен тааныштыруу;

— окуучуларды жаратылышта жана коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөргө баа берүүгө жана өз мекенинин өнүгүшүнө алгылыктуу салым кошууга үйрөтүү, башка элдердин маданияттарын жана каада-салттарын сыйлоого тарбиялоо;

— глобалдык экологиялык көйгөйлөр жөнүндө маалыматты түшүнүүгө жана сын көз менен баалоого үйрөтүү;

— коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн негизги принциптерине ылайык иш-аракет кылууга, экологиялык жактан таза туруктуу жашоо образын практикалоого үйрөтүү.

6-11-класстар үчүн Предметтик стандартта (2022) төмөндөгүлөр аныкталган:

— предметтик компетенциялар (геоиформациялык, геомаданий, геоэкологиялык);

— мазмундук тилкелер («географиялык мейкиндик», «географиялык маданий көп түрдүүлүк», «Азыркы дүйнөнүн туруктуу өнүгүүсү»);

— 6-11-класстын окуучулары үчүн күтүлүүчү окуу натыйжалары;

— 6-11-класстардын мазмундук тилкелер боюнча окуу материалдарынын бөлүштүрүлүшү;

— 6-11-класстардагы география боюнча окуучулардын жетишкендиктерин баалоо ченемдери;

— 6-11-класстар боюнча «Окутуунун усулдарына коюлуучу негизги талаптар»;

«Шыктандыруучу жана коопсуз окуу чөйрөсүн түзүү» бөлүмдөрү.

Жаңы 2023-2024-окуу жылында географияны 6-11-класстарда окутуу 2018-жылдын этабы менен иштелдип чыккан. Бирок мындай жагдай географияны эскиче окутуу дегендикке жатпайт. Предметтик стандарттын жана окуу программасынын негизинде жүргүзүлөт.

Жогоруда белгиленген Мамлекеттик ченемдик-укуктук документтерге ылайык, жаңы окуу жылында мектепте география сабагын окутууда санариптик билим берүү технологияларын окуу процессинде колдонууга жана окуучуларды PISA–2025ке даярдоого көңүл бурулушу зарыл.

Билим берүү процессине санариптик окуу куралдарын киргизүүдө окуучу менен мугалимдин ролу өзгөрөт, б.а. мугалим натыйжалуу онлайн жана оффлайн окутууну алдына ала долбоорлоо керек болот. Санариптештирүү шартында мугалимдин окуу процессиндеги ролу мугалим-инженер катары саналып, мугалимден методикалык, педагогикалык, психологиялык, технологиялык ж.б. жактан көбүрөөк эмгектенүүнү талап кылат.

Билим берүү процессин санариптештирүүнүн шартында окуу процессин уюштурууда компьютердик технологиялардын заманбап мүмкүнчүлүктөрү жана интернет ресурстарысыз мүмкүн эмес. Билим берүүчү Интернет ресурстары – бул билим берүүнүн белгилүү деңгээлинде жана белгилүү бир предметтик чөйрөдө (география) окуу процессинде (окуу-методикалык материалдар) колдонуу үчүн атайын түзүлгөн ресурстар. Географияны окутуу процессинде Интернет-ресурстарды колдонуу сабактын көрсөтмөлүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга, окуучулардын өз алдынча жана илимий изилдөө иштерине багыттоого мүмкүндүк берет.

Санариптик окутуунун каражаттарын окуу процессинде колдонууда аны дыкат иштеп чыгуу, так максаттарды жана милдеттерди коюу, маалыматты жеткирүүнүн мазмунун, ыкмаларын жана технологияларын тандоо, аны актуалдаштыруу, практикалык көндүмдөрдү, окуучунун ой жүгүртүүсүн калыптандыруу биринчи милдет болуп саналат. Ошондуктан, мугалим өзү үчүн төмөнкүлөрдү аныктап, түшүнүшү керек: санариптик сабаттуулук – санариптик технологияларды жана Интернет ресурстарын коопсуз жана натыйжалуу колдонуу үчүн зарыл болгон билим жана көндүмдөр. Санариптик сабаттуулукка негизделген маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) колдонуу менен байланышкан милдеттердин эң кеңири спектрин чечүү жөндөмдүүлүк касиетине ээ санариптик компетенциялар болуп эсептелет. Санарип сабаттуулугу – маалыматка ээ болуу жана аны башкаруу үчүн санариптик түзүлүштөрдү, байланыш тиркемелерин жана тармактарын колдонуудагы билимдерге жана көндүмдөрдүн негизинде калыптанган, автоматташтырылган деңгээлдеги санариптик жүрүм-турум (жеке, техникалык жана интеллектуалдык) моделин камтыйт.

Бүгүнкү күндө окуу процессинде колдонула турган Интернет-ресурстардын диапазону абдан кеңири жана аларды ишке ашырууга мүмкүндүк берген окуу милдеттеринин максаттарына жараша төмөндөгүдөй топторго бөлүнөт:

  • Окуу процессин уюштуруу үчүн Интернет-ресурстары;
  • Окуучуларга конкреттүү практикалык тапшырмаларды аткарууга жана мугалим үчүн контент түзүүгө мүмкүндүк берген Интернет-ресурстары;
  • Экзамендерге даярдануу үчүн онлайн ресурстар;
  • Географияны окуп-үйрөнүү үчүн Интернет-ресуртары.

Мектептерде географияны санарип окутуу үчүн төмөнкү ресурстар сунушталат.

MOZAIK – бул окуучулардын өз алдынча, үйдө жана сабакта колдоно ала турган санарип окуу китептери, анимацияланган презентациялар жана онлайн үй тапшырмалары, интерактивдүү мазмундуу (3D көрүнүштөрү, билим берүү куралдары, видеолор, тапшырмалар) натыйжалуу санарип программасы болуп эсептелет.

MIRO Interactive Whiteboard – бул тез, акысыз жана колдонууга оңой онлайн доска, ал мугалимге, окуучуга каалаган убакта, каалаган жерде, ар кандай окуу максаттарды (мээ чабуулу, идеяларды чогултуу, долбоорду иштеп чыгуу, жазуу, процесске көз салуу команданын бардык мүчөлөрү менен бирге онлайн тактада долбоорду ишке ашыруу, макеттерди түзүү, видео отчетту жүргүзүү, экрандан маалыматты берүү, презентация режиминде иштөө жана онлайн жолугушууларды өткөрүү) ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Интерактивдүү досканы колдонуу көрсөтмөлүү болгондуктан, окуучулардын көңүлүн окуу процессине бурууга мүмкүндүк берет, мотивацияны жогорулатат. Мугалим сабакты уюштурууда окуучулар менен биргеликте акыл чабуулу режиминде, маалыматты демонстрациялоого, окуу материалын жасалгалоого, ар кандай схемаларды, сүрөттөрдү кыймылдуу өзгөртүүгө, жазуу жүзүндө комментарий берүүгө, экранга идеяларды жазып, окуучулар менен бирге окуу материалынын жалпы кыскача баяндамасын түзүп алса болот. Ошол эле учурда интерактивдүү доскада жазылгандарды окуучуларга жиберүүгө, маалыматтарды ар кандай сактоочу каражаттарга сактоого, басып чыгарууга, электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө болот.

OBS PROJECT – онлайн сабактарды жазууда колдонулуучу презентацияларды үн менен камсыз кылуучу тейлөө каражат жана инфографикаларды (презентациялар, логотиптер, плакаттар, буклеттер, сертификаттар ж.б.) түзүүгө мүмкүндүк берет.

CANVA – зарыл болгон ар түрдүү презентацияларды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү сервис.

KAHOOT— окуп-үйрөнүүгө жардам берүүчү оюн платформасы. Класста пайдаланылуучу интерактивдүү оюн тапшырмаларды түзүү кызматын аткарат.

LEARNIS – квесттер түрүндө интерактивдүү оюн тапшырмаларын түзүү мүмкүнчүлүгүн берген окуу процессинде окуп-үйрөнүүгө жардам берүүчү платформа.

География боюнча көндүмдөрдү практикалык жактан машыктырууда карталар менен иштөө чоң мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт. Ошондуктан, бүгүнкү күндө география боюнча сабактарда электрондук карталарды колдонуу маселеси актуалдуу болуп саналат. Алардын жардамы менен маршруттарды түзүү, географиялык координаттарды аныктоо сыяктуу практикалык көнүгүүлөр окуучуларга өз билимдерин практикада колдонууга жана электрондук картографиялык ресурстар менен иштөө көндүмдөрүнө ээ болууда аларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кенейтет.

SETERRA – географиялык онлайн оюндар. Контурдук карта менен иштөө көнүгүүлөрү аркылуу өлкөлөрдү, алардын борборлорун, желектерин, океандарды, дарыяларды жана башкаларды окуп-үйрөнүүгө багытталган.

GEO.KOLTYRIN – сайт кызыктуу энциклопедиялык жана статистикалык маалыматтарды камтыйт. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү, мамлекеттердин борборлору, планеталар чагылдырылган (аймактын аянты, калкы, мамлекеттик символдор — дүйнө өлкөлөрүнүн желектери жана гербдери, аймактын карталары, жаңы өлкөлөр жана көз каранды аймактар) ​​жөнүндө маалыматтар берилген. Физикалык география бөлүмү да кеңири камтылып (Жердин үстүнкү кургак бети, суу бөлүктөрү: океандар жана континенттер, деңиздер жана тоо системалары, көлдөрдүн жана аралдардын тизмелери, дарыялар, кысыктар, чөлдөр, үңкүрлөр ж.б. Жогорудагы берилген маалыматтар ар кандай вариацияларда чогултулган: таблицалар ар бир конкреттүү өлкөлөр боюнча тесттер, географиялык оюндар.

GEO-QUIZ – география боюнча тематикалык викториналарды, тесттерди түзүү жана географиялык номенклатураны бышыктоо үчүн Интернет-ресурстары болуп эсептелет.

Жаңы окуу жылында география мугалимдеринин усулдук ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири окуучуларды PISA — 2025ке даярдоо болуп саналат. Бул иш-чаранын алкагында мугалим окуучуларга PISA форматындагы тапшырмаларды аткарууну үйрөтүшү керек. Бул үчүн мугалим PISA тапшырмаларынын өзгөчөлүктөрүн жана спецификасын билиши керек, алар:

— тапшырмалардын шарттары жана суроолор бири-бири менен байланышкан жана окуу предметтерине байланышпаган, ошондуктан окуучунун жеке тажрыйбасына таянуу, кошумча маалыматтарды пайдалануу жана тапшырманын контексти менен иштөө зарыл;

— PISA тапшырмасынын дизайны — реалдуу жашоодон алынып, чечүүнү талап кылган кырдаалдарды сүрөттөйт. Демек, тапшырмалардын татаалдыгы турмуштук кырдаалды объективдүү абалга которуу болуп
эсептелет;

— PISA тапшырмалары интеграцияланган жана аны кандайдыр бир окуу предметине же илимге тиешелүү катары карабастан аны, конкреттүү турмуштук кырдаалга байланыштыруу логикасында түзүлгөндүгү менен өзгөчөлөнөт;

— маалымат ар кандай (текст, графика, таблица, маалымдама, жеке тажрыйба) форматта берилип, туура жообу берилбестен же жашыруун түрдө сунушталат.

PISA форматындагы тапшырмаларды сабакта колдонуу окуучулардын изилдөө көндүмдөрүн, өз алдынча ой жүгүртүүсүн, таанып-билүү (когнитивдик) кызыгуусун өнүктүрүүгө багытталышы керек. Ошону менен бирге, тапшырмалардын мазмуну Кыргыз Республикасындагы географияны окутуу программаларынын бөлүмдөрүнө жана темаларына байланышта жоопторду тандоо, кыска жана ачык жооп менен жоопту берүүнүн ар кандай типтери берилиши керек. Биринчи этапта окуучу сунушталган жооптордун ичинен туура жоопту табышы керек; экинчисинде түшүндүрмө бербестен жоопту жазуу; үчүнчү этапта окуучу өз жообун жазып, негиздемесин келтирип, аргументтеши керек. Кээ бир тапшырмаларда суроолор өз ара байланышта болот жана аларды ырааттуу аткаруу процессинде окуучулар үлгүлөргө көңүл буруп, жалпылоолорду жасай алышат.

PISA форматындагы тесттик тапшырмаларды окуу процессинде колдонуу мугалимге төмөнкүлөрдү баалоого мүмкүндүк берет:

— текст менен иштөөнүн калыптануу деңгээлин (текстти талдоо жана андан керектүү маалыматтарды алуу);

— негизги жана предметтик компетенциялардын өнүгүү деңгээлин;

— илимий изилдөөлөр аркылуу суроолорду түшүнүүсүн;

— китепканадан, Интернеттен, маалымдама басылмалардан керектүү илимий маалыматтарды табуу жөндөмүн;

— белгилүү бир турмуштук кырдаалда илимий түшүнүктөрдү колдоно билүүсүн;

— илимий түшүнүктөрдүн негизинде кубулуштарды сүрөттөө, интерпретациялоо же болжолдоо жөндөмүн;

— илимий маалыматтарды чечмелөө жана алардын негизинде тыянак чыгаруу жөндөмдүүлүгүн;

— жалпылоо жана корутундуларды чыгаруу үчүн аргументтерди келтирүү көндүмүн.

География сабактарында PISA тибиндеги тапшырмаларын колдонуу фактыларды, теорияны, мыйзамдарды, география, физика, химия, биология, математика ж.б.у.с. окуу предметтерден мурда алган билимдерди аңдап маңыздуу түшүнүүгө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер