ФИЗИКА, АСТРОНОМИЯ окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

  • 15.08.2023
  • 0
ФИЗИКА, АСТРОНОМИЯ окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

Актуалдуулугу

Табият-ааламдын материалдык дүйнөсү, маңызы боюнча — табигый илимдерди изилдөөнүн негизги объектиси жана ал адамдын жашоо чөйрөсү гана эмес, тамак-аш булагы, ошондой эле илимий жана технологиялык өнүгүүнүн материалдык негизи (бардык материалдар жана заттар жаратылыштан алынган). Демек, мамлекеттин жана андагы ар бир адамдын жашоо шарты, социалдык-экономикалык кырдаал, илимий-техникалык өнүгүү, экологиялык жана табигый-илимий сабаттуулук физика билими менен байланыштуу. Астрономия – Аалам жөнүндө билимдин маанилүү булагы болуп саналат. Башка табигый илимдерге караганда илимий дүйнө жөнүндө окуучулардын билимин калыптандыруу үчүн астрономия предметинин мүмкүнчүлүктөрү чоңураак.

Негизги ченемдик документтер.

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылына карата Базистик окуу Планына ылайык физика предмети мурдагы жылдардагыдай эле жумасына 2 сааттан 7, 8 жана 9-класстарда окутулат. Ал эми 10-класста – 3 саат. 11-класста Физика жана Астрономия интегралдашкан предмети жумасына 3 сааттан окутулат.

Физика жана астрономияны окутууда колдонулуучу негизги окуу-ченемдик документтер :

Кыргыз Республикасынын мектептеринде физика жана астрономияны окутуунун предметтик стандарттары жана аларга ылайык окуу программалары

Ушул документтерге ылайык иштелип чыккан окуу-методикалык комплекстер.

7, 8, 9, 10 жана 11-класстарда мурдагы окуу китептери колдонулат.

актуалдуулугу жана өзгөчөлүктөрү

Физика – курчап турган дүйнө жөнүндө билимдин негизги жана маанилүү булагы, илимий-техникалык прогресстин негизи, адамзат маданиятынын эң маанилүү компоненттеринин бири. Мектептин физика курсу бардык табигый илимдерди системалаштыруунун негизи катары кызмат кылат. Себеби химиялык, биологиялык, географиялык жана астрономиялык кубулуштардын көпчүлүгү физиканын түшүнүктөрү жана мыйзамдары менен аныкталат жана түшүндүрүлөт.

Астрономия — илимий дүйнө таанымдын калыптанышына салым кошкон Аалам жөнүндөгү билимдин маанилүү булагы. Астрономиялык кубулуштар физика закондору жана түшүнүктөрү аркылуу түшүндүрүлөт. Астрономия илим катары ааламдын түзүлүшүн жана эволюциясын, асман телолорунун түзүлүшүн жана кыймылын, космостук кубулуштардын жалпы закон ченемдүүлүктөрүн изилдейт. 11-класста астрономияны окутууда окуу программасы жана «11-класс үчүн Физика жана астрономия» тиешелүү календардык планы колдонулат. Бул программанын алкагында алгач физикага байланыштуу материалдар окутулат. Жарык физикасы (оптика) кубулуштары боюнча курстун аягында асман телолорунун касиеттерине өтөбүз. Бул үчүн 11-класстын окуучуларына Астрономия окуу куралын колдонуу сунушталат.

эмнеге көңүл буруу керек?

1.Окуучулардын окууга болгон мотивациясы. Физиканы окуп-үйрөнүү математикалык билимди, логикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүнү талап кылгандыктан татаалыраак көрүнөт. Демек, биз окучууну окуунун зарылчылыгына ынандырбай туруп, аны шыктандырып, кызыктырып же анын көңүлүн предметке бура албайбыз. Окуучуларды физиканы үйрөнүүгө түрткү берген заманбап технологиялар:

* Изилдөө иш-аракеттери – чыгармачылыкты талап кылган жана изилдөөчүлүк мүнөздөгү тапшырмаларыды түзүү.

Бул технологиянын маңызы мектеп окуучуларына жаңы билимдерди изилдөөгө жана табууга мүмкүнчүлүк берүү. Бул учурларда, окуу иш-аракетинин мотиви окуучулар алган билимдерин кандайдыр бир практикалык маселени чечүү үчүн колдоно билүүсү болуп саналат.

* Долбоордук иш-чаралар. Окуучулар өз алдынча жуп же топ болуп иштешет. Бул технология көйгөйлүү изилдөө ыкмалары менен биргеликте ишке ашырылат.

* Маалыматтык — коммуникациялык технология — окутууда мультимедиалык проекторлорду, маалыматтык технологиялардын жардамы менен түзүлгөн видеороликтерди, кызыктуу сүрөттөрдү, графикаларды, формулаларды, анимацияларды, эксперименталдык түзүлүштөрдү пайдалануу окутуунун натыйжалуулугун, маалыматтуулугун, көрүнүктүүлүгүн жогорулатат.

Бул технологияларды колдонуу астрономияны окутууда да натыйжалуу.

Жогоруда айтылгандардан тышкары, физика жана астрономияны окутууда төмөнкү технологияларды колдонуу окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө дал келет:

* Гипертексттик технология — бул текстти сызыктуу формадан иерархиялык формага которуу технологиясы. Бул жерде окуучулар сүрөттөр жана диаграммалар аркылуу маалыматты түшүнүүгө жана сүрөттөөгө көнүп калат.

* Брифинг технологиясы — программалык материалдын бир маселелери боюнча кыска пресс-конференция. Негизги айырмасы, презентацияга катышуунун кереги жок, б.а. «журналисттердин» суроолоруна тез жана так жооп бериш керек. Эс-тутумду, мобилдүүлүктү жана эпчилдикти өнүктүрөт.

  1. 2. Окуу принциптерин ишке ашыруу. Тарыхтуулук принцибине ылайык, класста физика жана астрономия тармагындагы жетишкендиктер жөнүндө маалыматтар менен катар, кыргыздардын “Манас” эпосунан алынган заттын касиеттери боюнча байыркы билимдери жөнүндө маалыматтар жана кыргыз элинин маданий мурастары жөнүндө маалымат берүү мектеп окуучуларынын сабакка болгон кызыгуусун жана ынтасын арттырат.
  2. Санариптик технологияларды кеңири колдонуу жана дистанттык окууга даярдык. Учурда республиканын көпчүлүк мектептеринде физика жана астрономияны окутууда кубулуштун өзүн көрсөтүүгө, эксперименттерди, астрономиялык байкоолорду жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр жок же жетишсиз. Бул контекстте санариптик технологияларды колдонуу менен «виртуалдык реалдуулукту» (техникалык каражаттардын жардамы менен түзүлгөн жана адамдын сезүү органдары (көрүү, угуу ж.б.) байкаган дүйнө) чагылдыруу абдан актуалдуу.
  3. Онлайн жана офлайн окутуу процессинде сабакка коюлган дидактикалык талаптардын сакталышын камсыздоо, окуу менен практиканын байланышын чыңдоо. Жогорудагы дидактикалык талаптардын ичинен окуучуларга кубулуштарды көрсөтмөлүү материалдардын, практикалык тапшырмалардын жардамы менен реалдуу түшүнүү талабы физика мугалиминен көрсөтмөлүү экспериментти талаптагыдай деңгээлде өткөрүп, физикалык кабинеттерди мектеп жетекчилери менен жабдууну талап
    кылат.
  4. Окуу процессинде STEM билим берүү. STEM билим берүүнү физиканы окутуу процессине ийгиликтүү ишке ашырууга болот, анткени физика предмети технология, инженерия жана математика менен тыгыз байланышта. Демек, физиканы окутуу процессинде анын практикалык колдонулушуна (технологиясына), адамзаттын жыргалчылыгы үчүн илимий билимдердин жаңы колдонулуштарын ойлоп табууга (техника), алардын тактыгына, ишенимдүүлүгүнө (математика) жана башка тектеш предметтер боюнча билим бирдиктеринин интеграциясына басым жасалат.

Бирок жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, окуучулардын STEM предметтери (физика, химия, биология, математика, информатика) боюнча билим деңгээли төмөн. Тестирлөө өткөрүлгөн жылдарда бул предметтер боюнча ЖРТдан өткөн окуучулар жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөн бардык окуучулардын эң аз үлүшүн түзүп, алардын орточо баллы төмөн болгон. Бул тестирлөөнүн жыйынтыгы «республика боюнча окуучулар гуманитардык илимдер боюнча көбүрөөк жөндөмдүү» деген жалпы пикирди калыптандырды. Өлкөдө STEM адистеринин жетишсиздигинин негизги себеби да ушул.

Окуучулардын предметти үйрөнүүгө болгон мамилесине алардын жалпы республикалык тестирлөөгө же мамлекеттик экзаменге даярдыгы көбүрөөк таасир этет. Бул фактыны жана заманбап коомдо жана STEM билим берүүсүндөгү физикалык билимдин өзгөчө маанилүүлүгүн эске алуу менен, физиканы мамлекеттик экзамен милдеттүү түрдө тапшыруучу предметтердин тизмесине киргизүүнү кароо зарыл.

  1. Окуучуларды PISA баалоого даярдоо. 7-8-9-класстардагы физика окуучуларды PISA сынагына даярдоодо маанилүү роль ойнойт. Физика окуучулардын табигый-илимий сабаттуулугун калыптандыруучу предметтердин бири. Бул предмет аркылуу окуучулар жаратылыш объектилери эмне экенин жана алардын кандай байланышта экенин түшүнүшөт. Чынында эле 7-8-9-класстарда физиканын негизги курсунун биринчи цикли окутулат, анда окуучулар механикалык, жылуулук, электр жана магниттик кубулуштар менен таанышып, табигый-илимий предметтеринин дисциплиналар аралык байланыштарын түшүнүшөт. Мектеп окуучулары чыныгы турмуштук мүнөздөгү көйгөйлөрдү: экологиялык, медициналык, экономикалык, коопсуздук маселелерин ж.б. тапшырмалар окуучулар үчүн жаңы көйгөйлүү кырдаалды сүрөттөйт. Маселени чечүү үчүн окуучулар сүрөттөлгөн кырдаалды кылдат талдап, табигый-илимий сабаттуулугунун компетенцияларына ээ экендигин көрсөтүшү керек:

— кубулуштарды илимий түшүндүрүү;

— табигый-илимий изилдөөлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүнүү;

— маалыматтарды чечмелөө жана жыйынтык чыгаруу.

  1. Ийримдерди жана башка класстан тышкаркы иштерди уюштуруу. Мектеп окуучуларынын физикага жана STEM – билимдерине болгон кызыгуусун калыптандырууда физикалык-техникалык ийримдер маанилүү роль ойнойт. Бул багытта «Алтын-Түйүн» Улуттук балдар инженердик академиясы (НДИТА) жана анын жер-жерлердеги филиалдары менен кызматташуу, ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясы жана «Алтын-Түйүн» тарабынан уюштурулган «Мектеп окуучуларынын Илимий-техникалык чыгармачылыгынын мыкты билим берүү программалары» сынагында тандалган мыкты программаларды пайдалануу сунушталат.
  2. Мектеп окуучуларынын патриоттук сезимдерин арттыруу. Жеңил жана оор өнөр жайын, энергетиканы жана айыл чарбаны өнүктүрүүдө физиканын ролун чагылдырган слайддарды жана видеоматериалдарды кеңири колдонуу менен окуучуларды Кыргызстандын өнөр жай тармагындагы социалдык маанилүү иш-чараларга активдүү тартуу.

Талкууга сунушталган маселелер:

  1. Санариптик билим берүүдө физика жана астрономияны компетенттүү негизде окутуунун ролу жана мааниси.
  2. Физика жана астрономия боюнча предметтик стандарттарды, окуу пландарын жана окуу-методикалык комплекстерди колдонуунун натыйжалары.
  3. Бул предметти окутуудагы кыйынчылыктар жана аларды жоюунун жолдору.
  4. Окутуу технологияларын жана интерактивдүү методдорду колдонуу тажрыйбасы, билим берүүнүн сапатын жогорулатууда мугалимдин ролу.
  5. Санариптик технологияларды кеңири колдонуу, аралыктан окутууга дайыма даяр болуу: тажрыйба жана көйгөйлөр.
  6. Мектептин физика кабинеттерин керектүү жабдуулар менен жабдуу маселесин чечүүнүн жолдору.
  7. STEM – билим берүүдө мугалимдерди PISA баалоого даярдоо менен айкалыштыруу
  8. Планетанын экологиялык коопсуздугун сактоодо физикалык жана астрономиялык билимдердин маанисин түшүндүрүү.
  9. Окуучуларды өз алдынча изилдөөгө, долбоордук иштерге, илимий конференцияларга, тегерек столдорго, ийримдерге, олимпиадаларга катышууга тартуу.
  10. Ар бир мектепте физика жана техника (технология) боюнча ийримдерди милдеттүү түрдө уюштуруу маселелери.

Бөлүшүү

Комментарийлер