Фигура менен таанышуу, 1ден 10го чейин саноо (Космоско саякат)
- 22.11.2024
- 0
Токтобек кызы Ноорузгүл, Тогуз-Торо райондук билим берүү уюму, Күнчубак МЧББУнын тарбиячысы
Математика,
Сабактын темасы: “Фигура менен таанышуу, 1ден 10го чейин саноо” (Космоско саякат)
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Балдар геометриялык фигуралар менен таанышышат жана санаганды үйрөнүшөт. Космос, планеталар тууралуу маалымат алышат.
Өнүктүрүүчүлүк: Эс акылдын зиректигин, логикалык ой жүгүртүүсүн, балдарды өз алдынча иштөөгө, изденүүгө жана жөндөмүн өстүрүүгө көнүктүрүү.
Тарбия берүүчүлүк: Балдарды гумандуулукка, зиректикке, сабырдуулукка, айкөлдүккө жана үлгү болууга тарбиялоо.
Сабактын тиби: Билим, билгичтиктерин өркүндөтүү.
Сабактын жаб-ы: Ракета, космонавт, телескоп, видео слайд, телевизор, проектор, ноудбуктар, таратылып берүүчү материалдар.
Сабактын жүрүшү:
Тарбиячы: Балдар бүгүн биздин сабак өзгөчө, бизге коноктор келишиптир. Кана баарыбыз учурашып алабыз (балдар үч тилде учурашышат).
Балдар маанайыңар жакшыбы? Балдар айткылачы бир жылда канча мезгил бар? Азыр кайсыл мезгил? Бир мезгилде канча ай болот? Жаз мезгилинде канча ай бар? Азыр бул жерден жаз мезгилин көрсөтүп берчи. Бир жумада канча күн бар? Бүгүн жуманын кайсы күнү? Эшикте аба ырайы кандай? Азаматсыңар балдар.
Балдар келгиле сабагыбызды баштаардан мурун, маанайыбызды көтөрүп, жагымдуу маанай тартуулап алалы.
Күндөй жаркырайбыз,
Жылдыздай жалтылдайбыз.
Аккан суудай туптунук болуп,
Сабагыбызды баштайбыз.
Балдар бүгүн биз математика сабагын өтөбүз. Кана айткылачы биз буга чейин математика сабагынан эмнелерди үйрөндүк? (б.ж) Азаматсыңар.
Балдар, бүгүнкү жаны темабыз «Көлөмдүү геометриялык фигура овал менен таанышуу, 1ден 10го чейин ирээти менен саноо» деп аталат.
Овал латын тилинен овум – жумуртка дегенди билдирет. Овалдын бурчу жок, тоголок бирок кичине сүйрүү болуп кетет экен. Мынакей балдар бул жумуртка, анын жанында ракета турат, жакшылап карасаңар ракетанын корпусу дагы овал фигурага окшош экен ээ.
Балдар силер саякатка барганды жакшы көрөсүңөрбү? (б.ж.). Анда бүгүн биз космоско саякатка барабыз? Балдар космоско эмне менен жете алабыз? (б.ж.) Азаматсыңар! Мына балдар бул жерде ракета бар экен, келгиле анда бул ракетага отуруп, ааламга саякатка барабыз.
Балдар мына биз космоско да келип калдык. Балдар карагылачы бул жак караңгы экен ээ, космосто аба дагы болбойт ошондуктан бул жерде баардык нерселер каалгып учуп жүрөт. Карасаңар биз дагы учуп калдык.
Балдар бул жакты карагылачы, космосто планеталар дагы бар экен. Азыр мен силерди планеталар менен тааныштыра кетейин. Мына балдар бул күн, күндү планеталар айланып турушат. Күнгө эң жакын планета Меркурий, андан кийин Венера, Венераны Чолпон деп дагы аташат. Ал планетаны биз эч нерсеси жок деле караңгыда көрө алабыз. Венерадан кийин Жер планетасы. Жер биз жашаган планета. Жерден кийин Марс планетасы. Марс планетасы кызыл планета деп аташат. Марстан кийин Юпитер, Юпитер эң чоң планета. Юпитерден кийин Сатурн, Сатурн планетасы башкалардан өзгөчөлөнүп шакекчеси бар. Ал анын шакекчеси шляпага окшош. Сатурндан кийинки планета Уран, Урандын дагы Сатурнга окшош шакекчеси бар, бирок анын шакекчеси өтө эле ичке. Күндөн эң алыс планета Нептун, ал жак эң суук планета болуп эсептелинет. Ал жактагы суу -2000 түзөт. Андан кийин эң акыркы планета бул Плутон. Плутон бул эң кичинекей планета.
Мына балдар силер планеталар менен таанышып алдыңар. Эми ким бизге бул планеталарды катары менен санап берет? Сен азыр бизге кыргыз тилде санап бердиң, эми ким орус тилинде санап берет. Азаматсыңар! Кана айткылачы ушул планеталардын кайсынысында биз жашайт экенбиз? (б.ж.) Азаматсыңар балдар.
Балдар эми бул жакты карагылачы. Биз кайда саякатка келдик эле? (б.ж.). Туура айтасыңа,р биз космоско келдик. Балдар биз бул космостогу баардык нерселерди телескоптун жардамы менен жакындатып көрө алат экенбиз. Кана анда бул телескоп менен айлананы карап, ааламда эмнелерди көргөнүбүздү айтып беребиз. (б.ж.) Азаматсыңар балдар.
Эмки менин тапшырмам логикалык эсеп чыгаруу деп аталат. Балдар карагылачы силер канча жылдыз көрүп турасыңар? Үч жылдызга эки жылдыз келип кошулса, канча жылдыз болот? Бул жерде канча ракета бар? Үч ракетанын экөө учуп кетсе, канчоо калат? А (б.ж.) азаматсыңар балдар.
Балдар силер чарчадыңар окшойт. Келгиле анда тыныгуу көнүгүүсүн жасап алалы.
Дем алуу көнүгүүсү.
Балдар эс алып алдыңарбы? Карагылачы балдар бул ракетанын ичинде ноутбуктар дагы бар экен. Булардын ичинде эмне бар экенин карап көрөлүчү. Ой балдар бул жерде биз үчүн тапшырмалар бар турбайбы.
Сандарды заттар менен салыштыруу деп аталат. Кана ким аткарат (б.ж.) Азаматсыңар балдар. Ушул жерден эн кыска жана эн узун ленталар кайсыл сандарда жайгашкан жана ондору кандай? (б.ж.) Азаматсыңар балдар.
Бышыктоо: Балдар бугун биз саякатка кайда келдик? Бул жактан эмнелерди үйрөндүк? (б.ж.)
Бүгүнкү сабакка эң жакшы катышканыңар үчүн мен силерге бирден ракета берем. Дайыма бийиктиктерге учкула, балдар. Кана эми өзүбүздүн ракеталарыбызга отуруп, жер планетасына учтук. Ушуну менен бүгүнкү сабагыбыз аяктады. Келген коноктор менен коштошобуз. (балдар үч тилде коштошушат).
Комментарийлер