ЭНЕ ТИЛИ БОЛБОСО, АТЫ АТАЛБАЙТ УЛУТТУН!

  • 19.09.2023
  • 0
ЭНЕ ТИЛИ БОЛБОСО, АТЫ АТАЛБАЙТ УЛУТТУН!

 

ЭНЕ ТИЛИ БОЛБОСО, АТЫ АТАЛБАЙТ УЛУТТУН!

Абдиназар Эргешов,

Ноокат районунун сырттан окуу мектебинин мугалими

Тарбиялык саат

Сабактын максаты:

билим берүүчүлүк: Окуучулар кыргыз тилинин байыртадан бери келе жаткан уюткулуу тил экенин түшүнүшөт. Эне тил улуттун мамлекет болуп сакталышына өбөлгө түзөт деп билишет.

өнүктүрүүчүлүк: Сүйлөө кебин арттырып, адабий тилдин нормасын сактоого, логикалык ойлорун өстүрүп, эне тилди даңктаган көркөм окууларды, макаллакаптарды айтууга жетишет.

 тарбия берүүчүлүк : Окуучулар эли — жерин, тилибизди сүйүүгө, маданияттуулукка, тилдин тазалыгын, байлыгын сактоого тарбияланышат.

Сабактын тиби: Стандарттуу эмес сабак.

Сабактын усулу: сынчыл ойломдуу өстүрүү, интерактивдүү усул.

Сабак аралык байланыш: кыргыз тили, адеп, адабият, тарых, музыка, Математика.

Сабактын жабдылышы: Эне тили тууралуу макал-лакаптар,  дубал газеталар, учкул сөздөр, плакаттар, сүрөттөр, ватман, скотч, маркер ж.б.

Сабактагы негизги иш-аракеттер: Мамлекеттик тил гимни, доклад, эне тилди даңазалаган ырлар, көркөм окуулар, макалдар, тесттер, табышмактар, суроожооптор, юморлор, топтордо иштөө.

Сабактын жүрүшү

  1. Тарбиялык саат кыргыз тилинин Гимнин ырдоо менен башталат. (Гимн ырдалат).

 

Мугалим:

— Урматтуу окуучулар! Кыргыз тилибиз — биздин эне-тилибиз. Биз үчүн улуу тил, ыйык тил. Улуу тилде Манас атабыз ураан чакырып, эли-жерин коргоп келген. Бабабыз Бакай Накыл сөзүн баян эткен. Каныкей энебиз бешик ырын ырдаган. Бизда энебизден ак сүтү менен бирге алдей ырын укканбыз. Энени ааламды баккан жерге теңегени бекеринен эмес. Дүйнөдө эч жандын энеге теңдеши жогу чын. Эне тилди сүйүү ар бирибиздин парзыбыз. Кыргыз Республикасынын эне тили — кыргыз тили. Кыргыз тили — көрөңгөлүү тил. Ал тарыхтын байыркы түпкүрүнөн агып чыгып, нечендеген боготторго карабай, келечекти көздөй татыктуу жол таап, бүгүнкү күндө Мамлекеттик тилге айланды. 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили Жогорку Кеңеш тарабынан мамлекеттик статусуна ээ болду. Азыр кыргыз тили Эгемендүү Кыргызстандын улуттук тили. Анын сөз казынасы дүйнөдөгү башка тилдерден эч кылышпайт. Мамлекеттик статус алганыбызга быйыл 30 жыл болот. Мамлекеттик тил майрамы катары жылда 23-сентябрда өзгөчө иш чаралар аткарылат. Анын далили катары биз бүгүнкү «Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун» аттуу тарбиялык саатты өтүп жатабыз. Элди түбөлүктүү мамлекет катары тааныткан анын тили. Кыргыз тилинин тагдыры — кыргыз улуттун тагдыры. Тилди сактасак, улутту сактайбыз.

  1. ЭНЕ ТИЛИ ЖӨНҮНДӨ ЫРЛАР

1-окуучу: Эне тилим улуу тил,

Манас бабам сүйлөгөн.

                    Жашап келет биз менен,

Кылымдарда жүздөгөн.

2-окуучу:   Эне тилим ырыскым,

                    Толуп турган чагымда.

                    Жашап келет биз менен,

                    Кылымдардан кылымга.

3-окуучу:    Эне тилим таалайым,

                      Кайда гана барбайын.

                      Эне тилим барында,

                       Дайым жарык маанайым.

4-окуучу:     Тилим барда улукмун,

                      Тилим менен улутмун.

                      Эне тили болбосо,

                      Аты аталбайт улуттун.

5-окуучу:     Кааласам алар алп тилим,

                       Кандагы жүргөн бал тилим.

                       Кылымдар өчпөй келаткан,

                       Кыргыз тили жан тилим.

 6-окуучу:     Бул тилде атам сүйлөгөн,

                       Бул тилде апам сүйлөгөн.

                       Буруусуз сайрап жаткансыйт,

                      Булбул дагы кыргыз тилинде.  

7-окуучу:      Кыргыз тилим кылымдарды баскан тил,

                      Кыргыз тили көркөм дүйнө баскан тил.

                      Бул тил менен Манас бабам жар салып,

                      Мезгилдеги зор кайратты каткан тил.      

8-окуучу:      Кыргыз тили нускалуу тил, кутман тил,

                     Кыргыз тили кылымдарды уккан тил.

                     Кыргыз тили акындардын ырынан,

                    Чечендердин таңдайынан чыккан тил.

9-окуучу:     Кыргыз тили бабалардан калган тил,

                     Кыргыз тили тээ түпкүрдөн жазган тил.

                     Кыргыз тили байыркынын дастаны,

                     Бир мезгилде муңга баткан арман тил.

10-окуучу:  Бул тил менен даанышмандар сыйлашкан,

                      Бул тил менен ачылбаган сырды ачкан.

                      Бул тил менен ак таңдайлар ачылат,

                     Далай акын дастан жазган ыр жазган.

3 МАКАЛ-ЛАКАПТАР

1-окуучу:  «Ой – океан, тил — булак».

2-окуучу: «Буттан жаңылган турат, тилден жаңылган турбайт».

3-окуучу: «Тил билсең — дил билесиң».

4-окуучу: «Тил — акындын күзгүсү».

5-окуучу: «Тил — акындын таразасы».

6-окуучу: «Тил акыйкаттын ачкычы».

7-окуучу: «Тил — ойдун булагы».

8-окуучу: «Тилсиз улут болбойт».

9-окуучу: «Узун тил уудан жаман».

10-окуучу: «Өнөр алды кызыл тил».

11-окуучу: «Тилдин сөөгү жок».

12-окуучу: «Илим менен билимге көпүрө — тил».

13-окуучу: «Эне тил — улут сыймыгы».

  1. КӨРКӨМ ОКУУ «Туу туталы өлгөнчө»

1-окуучу: Тилим дилим, атам-энем, улутум,

                 Тирүү туруп, болбойт, аны унутуум.

                 Дудук жашайт, дили менен таптаза,

                 Дилсиз адам, адам эмес, курусун.

  1. ДҮЙНӨЛҮК УЛУУ АДАМДАР ТИЛ ЖӨНҮНДӨ.
  2. УЛУТТУК УЛУУ ЖАНА БЕЛГИЛҮҮ АДАМДАР ТИЛ ЖӨНҮНДӨ.
  3. КЫРГЫЗ ТИЛИ БАШКА ЭЛДЕРДИН ӨКҮЛДӨРҮНҮН БААСЫНДА.
  4. МАКАЛДАР (ТЕСТ). Тил билсең……..билесиң.

а) адам                б) өлкө               в) эл               г) дил

  1. Адеп башаты ………….

а) тарбия           б) ата-эне           в) сөз             г) тил

  1. Тил ойдун……………….

а) бешиги          б) булагы            в) чырагы        г) кузгусу

  1. Тил акылдын……………………..

а) каражаты       б) булагы           в) тепкичи        г) ачкычы

  1. Тил акыйкаттын…………………..

а) символу         б) баштыгы         в) мээси           г) ачкычы

  1. Тилде………………………… жок

а) уят                    б) мээ                  в) бет                г)сөөк

  1. Жигиттин өзүнө караба,………………. кара

а) ишине             б) көкүрөгүнө     в) колуна         г) сөзүнө

  1. НАКЫЛ СӨЗДӨРДҮ ОРДУНА КОЙ.
  2. Айла менен……………. тутууга болбойт.

а)аялды                                   б) албарстыны                        в)тулкуну

  1. Жалгыз дарак………………….. болбойт

а) тактай                                   б) токой                                      в) отун

  1. Эшек жүгүруп,…………………. болбойт

а) күлүк                                     б)тулпар                                    в) аргымак

  1. Көп түкүрсө көл болот, көл……………………. сел болот

а) жинденсе                              б)чайпалса                               в)толкуса

  1. Ат ээсиз болбойт, казан………………………….. болбойт.

а) капкаксыз                                 б) коосуз

  1. Аз уктаган………………………. бай болбойт.

а) акчага                 б)өмүргө             в) акылга

  1. Алтын дат болбойт, жакшы……………………………… болбойт

а) узак                     б)жат                    в) рак

  1. МАКАЛДЫ УЛА.
  2. Ой океан — тил…..
  3. Тилден жаңылган турбайт,……….
  4. Көп сөз көмүр,……….
  5. Сөздү билген таап айтат,………….
  6. Ааламдын көркүн сөз ачат,……….
  7. Аз саз сөз,……………….
  8. Сөз айласын билбеген,…………….
  9. ТАБЫШМАКТАР.

Ким унчукпастан сүйлөйт?

«Бир кап буудайым бар, жеген менен түгөтө албайм»

«Кыдырата таш койдум, кызыл өгүзду бош койдум»

  1. СУРОО — ЖООП ВИКТОРИНАСЫ.

— Бир кылым канча жыл?

— Шаршембиден кийин кайсы күн келет?

— Жолон Мамытов акынбы, сүрөтчүбу, актербу ?

— Синоним деп эмнени айтабыз?

— Сары-Челек колу кайсы облуста жайгашкан?

— Окуучулар үчүн чыгарылган газетанын аталышы?

— Проза менен поэзиянын айырмасы кандай?

— Түлкүнүн баласын эмне деп аташат?

— Физкультура сөзүнүн кыргызча аталышы?

— Дүйнөдө эмне күлүк?

— 5-март күнү кандай майрам белгиленет?

— «Коом — сен жана мен. Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» — деген таасын ой кимге таандык?

— Эл аралык эне тили күнү качан майрамдалат?

  1. ЖЫЙЫНТЫКТОО.

Мугалим: — Урматтуу тарбиялык саатын катышуучулары! Мамлекеттик тил майрамына арналган «Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун» аттуу тарбиялык саатка күбө болдуңуздар. Силер, биздин келечегибизсиңер! Ошондуктан, бабаларыбыз сүйлөгөн сөздөрүн улап, аны көкүрөгүңөрго сактап, эне тилибизди эң жөнөкөй, угумдуу да, жагымдуу да, көркөмдүү да өзгөчөлөнгөн тил экендигин дүйнө элдерине тааныта билүү, кийинки муундарга жеткире билүү ар бирибиздин эң ыйык парзыбыз. Элдин өлбөстүгү — анын тилинде. Ар бир тил, өз эли үчүн улуу.

Жыргагандын баары эле турмуш эмес,

Жылт эткендин баары эле жылдыз эмес.

Билебиз деп, төштөрүн каккан менен,

 Билбегендер өз тилин — кыргыз эмес!

Бөлүшүү

Комментарийлер