ЭЛ ДӨӨЛӨТҮ — ЭНЕ ТИЛ

  • 17.04.2024
  • 0
ЭЛ ДӨӨЛӨТҮ — ЭНЕ ТИЛ

БАЙЫШ кызы Назира,

Кара-Суу районуна караштуу  №27 Топ-Терек негизги мектебинин   кыргыз тили жана адабияты мугалими

Сабактын темасы:  Эл дөөлөтү – эне тил

 Сабактын максаттары:

1) Билим берүүчүлүк максаты:

Окуучулар эне тили боюнча маалымат алышат,ар улуттун өзүнүн эне тили өз дөөлөтү экенин билишет

2) Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Эне тил күнү кайдан, кантип белгиленип калганын жана интернеттен маалымат ала билүүнү өздөштүрүшөт. Ошондой эле ой жүгүртүүсүн өнүктүрүшөт.

3) Тарбия берүүчүлүк максаты:

Эне тилин сактоого, улуттар аралык жакшы мамиледе болууга, актердук жөндөмдүүлүккө, чечкиндүүлүккө тарбияланышат.

Сабактын тиби : Жаңы теманы өздөштүрүү.

Сабактын формасы: Мелдеш сабак

Сабактын жабдылышы: интерактивдүү доска, слайдшоу, сүрөт, карточка, окуу китеби.

Уюштуруу:   Саламдашат

Окуучуларды жоктоо.

Психологиялык жагымдуу маанай түзөт   “Сезим” кутучасы менен

Алгач окуучуларга “Сезим” оюнун ойнотуп алат. Анда кутучага боз үйдү салып, кутучанын ичинде эмне экендигин колу менен кармап, көрүп айтат.

Балдарды мында сезимдери менен иштөөнү, аны уга билүүнү, туура тыянак чыгарууга жана чечкиндүү болууга багыттайт.

Окуучулардын билимин актуалдаштыруу (үй тапшырма):

Кыргыздын нарктуулугу боюнча бир канча суроо берилет.

Кыргыз бул ким?

Кыргыздын баалуулуктарын билесиңерби?

Кыргыз кандай эл болгон?

Азаматтар!

Жаңы тема: Балдар, бүгүнкү жаңы тема “Эл дөөлөтү -эне тил”

ЭЛ ДӨӨЛӨТҮ — ЭНЕ ТИЛ

Бүгүнкү күндүн белгиленип калышынын себеби 1952-жылы Бангладеш өлкөсүнүн борборунда жаштар эне тилинин Мамлекеттик тил статусун алуусун талап кылып митингге чыгышып, күч органдарынын огунан көптөгөн студенттер өлүмгө учураган. Бул окуяны эскерүү максатында эне тил ар улуттун байлыгы, дөөлөтү экенин урматтоо үчүн ЮНЕСКО бул күндү белгилеген. Дүйнөдө  канча улут болсо, ошончо тил болот эмеспи, ал эми көп түрдүүлүк, көп маданияттуулук өлкөнүн, дүйнөнүн байлыгы!

Балдар, айткылачы, эне тил дегенде эмнени түшүнөсүңөр?

Биздин өлкө – көп улуттуу өлкө. Ар бир элдин өз тили бар.

 Окуучулар даярдаган видеоролик көрсөтүлөт (актердук жөндөмдөрү менен өздөрү видеого тартылышкан).

Көрдүңөрбү балдар, ар бир улуттун өзүнүн тили, өзүнүн баалуулуктары жана өз маданияты бар.

Кана балдар, бул столдогү  кыргыздын баалуулуктарын ким тааныды жана алар менен ким  тааныштырат?

(Боз үй, беш бармак, бозо, кымыз, боорсок, нан, комуз, шөкүлө, тон…)

Мугалим тамактын жасалышы жөнүндө айтып берет.

Сабакты бышыктоо:

Кайтарым байланыш:

Слайдшоу көрсөтүлөт.  ОкуОкуучулар “Акылдуу карта” аркылуу каалаган картасын тандап, андагы берилген суроолорго жооп беришет.

1) Тамгалардан сөз кура! Н,.к,ы,ы,а,т,к,м (Ынтымак)

2) Макалды ула!

Эне тилин билбеген…

3) Ар элдин эне тили анын.. (дөөлөтү)

4) Сүйлөмдү кураштыр!

Маданияты, ар, бар, өз, улуттун, бир (Ар бир улуттун өз маданияты бар)

5) 21-февраль кандай күн? (Дүйнөлүк эне тил күнү)

6) Студенттердин көтөрүлүшү жана өлүмү эмнеге себеп болгон? (Дүйнөлүк эне тил күнү белгиленилип калышына байланыштуу)

Тил мамиле куруудагы… (ортомчу)

https://wordwall.net/ru/resource/68713917/%d1%8d%d0%bd%d0%b5-%d1%82%d0%b8%d0%bb-%d0%ba%d1%83%d0%bd%d1%83-%d0%b6%d0%be%d0%bd%d1%83%d0%bd%d0%b4%d0%be

Окуучулар баракка фантазиясы менен кыргыздын  баалуулуктарын тартышат. Мисалы: боз үй, комуз, орнаменттери ж.б

Үй тапшырма: Үйдөн кыргыздын улуттук баш кийими ак калпакты кагаздан жасап келүү.

Баалоо: Сабакка активдүү катышкан окуучулар  быйтыкчалар аркылуу бааланат.

Бөлүшүү

Комментарийлер