ЭКОНОМИКА ЖАНА ИШКЕРДИК

  • 10.07.2025
  • 0
ЭКОНОМИКА ЖАНА ИШКЕРДИК

 Классы: 7-класс

Предмет: адам жана коом

Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү

Сабактын усулу: 5Е окутуу усулун колдонуу

Сабактын жабдылышы: плакаттар, маркер, электрондук доска, презентация, тажрыйба жүргүзүү үчүн керектелүүчү каражаттар, окуу китеби.

Сабактын максаты

 Билим берүүчүлүк: окуучулар экономика жана ишкердик темадагы негизги терминдердин жана түшүнүктөр менен таанышып билимдерге ээ болушат.

Өнүктүрүүчүлүк: окуучулар ишкер ишин башташ  үчүн кандай суроолорго жооп бериши керек, ишкердиктин формасы жана түрлөрүн аныктоо менен логикалык ой жүгүртүүлөрүн,  анализ жасоо жөндөмүн өркүндөтүшөт.

Тарбия берүүчүлүк:  эмгекчилдикке, максатка жете билүүгө жана жоопкерчиликтүү болууга тарбияланышат.

ЭКОНОМИКА ЖАНА ИШКЕРДИК

Уюштуруу.

Класска коопсуз чөйрөнү түзүү: -саламдашуу, классты жоктоо, жагымдуу маанай түзүү. — Классты 3 топко бөлүү.

1. Кызыктыруу (5мин)

Эски колдонулган кагаз, суу, пластик бөтөлкө, кайчы, боек, түстүү кагаз, жашыл пияз үрөөнү ж.б. столдун үстүндөгү заттарды жана сүрөттөрдү көрсөтүп окуучулардын көңүлүн буруп алам.

 Мээге чабуул

Балдар эмнеге адамдар иштейт? Эмне үчүн бизнес ачышат? Силер миллионер болгуңар келеби? Кантип миллионер боло аласыңар? Бул заттар менен кантип ишкердик кылса болот? Окуучулар ар кандай ойлорду, божомолдорду айтышат. Ишкердик жүргүзүүгө багыт алышат.

2. Түшүндүрүү (10мин)

Ишкер- киреше алыш үчүн товар өндүрүүгө жана кызмат көрсөтүүгө багытталган өз алдынча, системалуу, демилгелүү, тобокел иштерди жүзөгө ашыруучу жана жаңыдан киргизилген нерселерди ишке ашырууну караган адам. Ишкер дайыма татаал суроолорду коюп, аларга жооп берет:

-Эмне өндүрүү зарыл? (товарлар,кызматтар)

-Кантип өндүрүү зарыл? (максималдуу пайданы камсыз кылуучу жаңы технологиялар)

-Ким үчүн өндүрүү зарыл? (каражаттары бар керектөөчү үчүн)

-Товарды же кызматты кандай баада сатуу зарыл?

Ишкерлердин аракети фирма аркылуу жүзөгө ашырылат. Фирма –экономикалык товарларды өндүрүп, сатып, ошол эле учурда киреше  алуу максатын көздөгөн коммерциялык уюм. Ишкердик-бул мүлктү колдонуудан, товар сатуудан, жумуш аткаруудан же кызмат көрсөтүүдөн киреше алууну максат кылган чарба жүргүзүү ыкмасы. Ар кандай товарларды чыгарыш үчүн ресурстар-жер, эмгек, капитал, жана ишкердик жөндөмдөр зарыл.

3. Изилдөө (15мин)

Окуучулар топторго бөлүнүп, “Сен кичи бизнес ачмакчы болсоң, эмне ачасың жана эмнелерди эске аласың?” деген суроонун үстүндө тажрыйба жүргүзүп, бизнес план түзүшөт. Окуучулар бул практиканын негизинде финансылык сабаттуулукка, жашыл көндүмдөргө ээ болушат.

  • топ. Кайра иштетилген кагаз жасоо тажрыйбасы. Максаты: колдонулган кагаздан жаңы кагаз жасоо. Керектелүүчү материалдар: эски колдонулган кагаз, блендер, чыпкалоочу тор, чылап жаткан идиш, губка, катуу такта.
  • топ. Кичинекей салат бакчасын өстүрүү. Максаты: өз колу менен салат өстүрүүнү үйрөнүү. Керектелүүчү нерселер: 1.5литрлик пластик бөтөлкө, кара топурак, жашыл пияз үрөнү, суу.
  • топ. Карандаш салгыч (органайзер) Максаты: пластик бөтөлкөнү кеңсе буюмдары үчүн кайра колдонуу. Керектелүүчү материалдар: пластик бөтөлкө(0,5л же 1л), кайчы, боек, тасма, түстүү кагаз.

4. Кеңейтүү (10мин)

Окуучуларга фундаменталдуу суроолорду берүү. Темадагы аныктамаларды суроо менен окуучулардын канчалык деңгээлде билимге ээ болгондугун аныктайбыз.

Суроолор: экономика- адамдын жана коомдун жашоосун камсыз кылуу системасы

өндүрүш- керектөөлөрдү канааттандырыш үчүн экономикалык пайдаларды түзүү процесси

өнүм- буюмдар жана кызматтар түрүндөгү экономикалык ишмердүүлүк натыйжасы

товар- сатуу үчүн чыгарылган товар

кызмат- жеке керектөөлөрдү жана бүтүндөй коомду канааттандырган экономикалык ишмердик

жер- өндүрүштө колдонулган жаратылыш ресурстары

эмгек- кызматчылардын дене-боюнун жана акыл-эсинин аракеттери, жөндөмдөрү жана шыктары, ден-соолугу жана квалификациясы

капитал-бул имараттар, курулуштар, машиналар жана жабдуу, ошондой эле акча, баалуу кагаздар жана баалуу метериалдар.

5. Баалоо

Экономика жана ишкердик адамдардын жана коомдун керектөөсүн камсыз кылуучу система.

Тесттик суроолор: 

Окуучулардын аракетине жана жакшы катышкандыгына карап баалайбыз.

Үйгө тапшырма: Параграф 23.

Мини-бизнес план түз: (төмөндөгү калыпты толтур)

  1. Идеянын аталышы:__________________________
  2. Ишкер өндүрүп, саткан продукция:____________________
  3. Керектүү баштапкы ресурс:__________________________
  4. Кимдерге сатасың: (керектөөчү)______________________
  5. Кантип жарнамалайсың:_____________________________
  6. Канча пайда табууну пландайсың:_____________________

ЭКОНОМИКА ЖАНА ИШКЕРДИКЭ.Керимгазиев атындагы Темир-1 жалпы орто

билим берүү мектебинин тарых,

адам жана коом мугалими

Кемелова Сеил 

Бөлүшүү

Комментарийлер