Экологиялык кризис – жалпы адамзаттын көйгөйү

  • 24.09.2024
  • 0
Экологиялык кризис – жалпы адамзаттын көйгөйү

Жумабаева Гулайым,

Кыргыз билим берүү академиясынын

 жетектөөчү илимий кызматкери, п.и.к.

Сабактын максаты: окуучулардын экологиялык коопсуздук жөнүндө түшүнүгүн тереңдетүү, табигый чөйрөгө ырайымдуу мамиле калыптандыруу. Милдети: окуучулардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу. Күтүлүүчү натыйжа: экологиялык сабаттуулугу артат, табигатка таттуу мамиле жасоого үйрөнөт.

Сабактын жабдылышы: табигаттын таза жана бузулган абалы тартылган сүрөттөр. Табигатка баш ийгендерге ал да баш ийет” (Ф.Бэкон), “5-июнь – Бүткүл дүйнөлүк табигый чөйрөнү коргоо күнү” деп доскага жазылат.

Окуучуларды эки топко бөлүп, биринчи топко “экология” деген сөздүн маанисин чечмелеп берүүгө тапшырма берилет. Кийинки топко жердин экологиялык абалы боюнча эксперт катары сүйлөөгө тапшырма берилет.

Жаңы тема: Экологиялык кризис деп – экологдор Жер шарында эко-системанын (табигый чөйрөнүн) бузулушун аташат. Биздин планетабыз – өтө коркунучтуу абалга жетип калганын эсиңерге салабыз.

Байыркы доордогу мергенчилер мамонтко аңчылык кылган, натыйжада мамонттор жок болуп кеткен. Мындан эл жакшы сабак алган. Кийинки мергенчилер жаныбардын ургаачысын атпай, эркегин же картаңын атчу. Кийинки жылдарда кийиктин керектигин эл эсинен чыгарган эмес. Торгой жумурткалай турган мезгилде мергенчилик кылуу токтотулган. Мергенчилер табигаттын тең салмагын бузган эмес. Табигый чөйрөгө ырайымсыз мамиле кылган эмес. Табигатка ырайымсыз мамилени ХVIII-ХIХ-кылымдагы адамдар баштаган.

Бир ургаачы эчкини азыр өлтүргөн адам, бир нече кылымдан кийинки  анын миңдеген тукумун  жок кылышы мүмкүн. Азыр бир аркар аткан адам бир нече кылымдан кийин жашай турган аркарлардын үйүрүн жок кылышы мүмкүн. Азыркы эки адамдан ондогон кылымдан кийин цивилизация жаралышы мүмкүн. Бир дарак менен жаңгакты кыркуу, келечектеги токойду жок кылууга тете. Азыркы экологияга келтирген зыяндын натыйжасы – кийин миллион эселеген зыянга айланышы мүмкүн. Эми экология деген эмне, ошону угалы.

1-окуучу:  “Экология” (грек oikos – турак-жай, логос — окуу) – адам жана анын жашаган табигый чөйрөсү жөнүндө илим. Муну 1866-жылы көрүнүктүү немец окумуштуусу Эрнст Геккель сунуштаган. Экология – Жер жүзүндөгү тирүү жандардын жашоо-тиричилигинин мыйзамченемин үйрөткөн илим.

2-окуучу: С.И. Ожеговдун сөздүгү боюнча: “Экология – өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын организминин бири-бирине жана табигый чөйрөгө таасири жөнүндөгү илим. Башкача айтканда бардык жандуулардын табигый чөйрөдөгү жашоосу жөнүндөгү илим”. Мурдагы кылымдарда экологиялык тарбия болгон эмес. Бирок адептик тарбия аркылуу эл табигатка аяр мамилиле кылыш керек экендигин түшүнгөн. Техника өнүгүп, ырайымсыз адамдардын колуна куралдуу күч тийген кезде б.а. ХХ кылымда экологиялык тарбия актуалдуу болгон.

Мугалим: Азыр экологиянын абалы боюнча эки эксперт окуучунун сөзүн угалы.

1-окуучу: Жыл сайын Жер жүзүндө 6 миллион гектар аянт чөлгө айланууда.

2-окуучу: Жыл сайын 26 миллиард тонна түшүм берген айдоо жери эрозияга дуушар болууда. “Сараң эки жолу төлөйт” (макал). Жакшы түшүм алыш үчүн нитратты ашыкча чачып, бир жолу чыгым болот. Эми аны калыбына келтирүү үчүн дагы чыгым болот.

1-окуучу: Жыл сайын 11 миллион гектар токой кыркылып жатат.

2-окуучу: Кислоталуу жамгырдан 31 миллион гектар токой куурап калды.

1-окуучу: Кислоталуу жамгырдын натыйжасында миң көл биологиялык жансыз көлгө айланды.

2-окуучу: Акыркы 50 жылда өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрү 1/3 кө кыскарды. Европада акыркы 20 жылда 17 миң өсүмдүктүн жана жаныбардын түрү жок болду. Жер Ортолук деңиз өзүнүн 1/3 флорасынан  жана фаунасынан ажырады.

1-окуучу: 2006-жылкы эксперттин билдирүүсү боюнча тирүү жанды өлтүрүүчү суу өсүмдүктөрү, медуза пайда болду.

2-окуучу: Экологиялык кризистин натыйжасында адамдын жашап кетүү коркунучун туудурган көйгөйлөр чыга баштады.

1-окуучу: Биосферанын мыйзамы бузулса, адамдын ден соолугу начарлайт. Мектепке келген балдардын 25% дени-карды соо келип, бүтүрүүчүлөрдүн 17% соо чыгып жатышат. Оорукчан балдар көбөйдү. Аскерге чакырылган балдардын жарымы ден соолугуна байланыштуу жоокердик милдетин аткарууга жараксыз.

2-окуучу: ХХ кылымдын 70-жылдарынан баштап, жүрөк, кан тамыр, онкологиялык дарттар 50% өстү. КМШ курамына кирген өлкөлөрдүн балдары АКШлык балдардан эки эсе көп чарчап жатышат. Биздин өлкөдө жашаган эркектер өнүккөн өлкөлөрдө жашаган эркектерден орто эсеп менен 7-10 жыл аз жашайт.

1-окуучу: Айрым аймактарда балдар аллергиядан азап чегишет. Ден соолукка камкордук көрүү үчүн экологиянын тазалыгына да камкордук көрүш керек.

2-окуучу: Завод-фабрикалар дарыяга уу заттарды төксө, ууланган зат деңиз өсүмдүктөрүнө өтөт. Аны жеген балыктарды адамдар жешет. Организмге кирген уу заттар ден соолукка зыян.

1-окуучу: Күзүндө жалбырактар түшөт. Шаарда автомобилдердин, завод-фабрикалардын чыгарылган токсиндери жалбыракка чогулат. Аны өрттөсө аба булганат. Аны дем алган адамдардын ден соолугуна зыян.

2-окуучу: Миң жыл бою адамзат табигатты багындырып келген. Мунун натыйжасында: “Билим – бул күч”, “Адамдын милдети – табигатты багындыруу” — деп Ф.Бэкон эсептеген. Өмүрүнүн акырында табигатты багындырууга болбой тургандыгын түшүнүп: “Табигатка багынганга гана ал да багынат” — деп жыйынтык чыгарган.

Мугалим: Эл табигатка азыр кандай мамиле кылып калды? Болжолдуу жооптор: завод, фабрикадан, машинадан, самолеттон чыккан газдар абаны булгап жатат. Дарыядагы суулар канализациядан, заводдон чыккан суюктук менен булганууда. Шаарларда таза суу сатылып калды. Жашылча-жемиштерде ашыкча нитраттар бар. Мурда жеп жүргөн козу карындан адамдар ууланууда ж.б. Мындай көрүнүштөргө терс, бирок табигатка аяр мамиле кылып калды.

Эми эки командага бөлүнүп, экологиялык сөз айкалышын табуу  боюнча оюн ойнойлу. Бир окуучу доскага чыгып, командалардын ийгилигин 1-0, 1-1, 0-1, деп жазып турат. Үч минут ичинде экологияга байланышкан сөз табуу керек.

Экологиялык сөз айкалышына карата үлгү: экологиялык туризм, көзөмөл, маршрут, продукт, товар. Экологилык сабаттуулук, маданият, коопсуздук, экспертиза, шарт, катастрофа, көйгөй, система, согуш, тазалык. Экологиялык билим берүү, изилдөө, саясат, кыймыл, кризис, жабдык. Оюндун жыйынтыгы чыгарылат.

Мугалим: Дүйнө жүзүндө экологияга кылган кыянаттык үчүн табигаттын жообу (жазасы) боюнча эмнени билесиңер? Болжолдуу жооптор: Арал деңизи соолугандан баштап, Орто Азияда, Казакстанда аба ырайы бузулду. Мурда кыш кыштай, жаз жаздай болчу. Жай салкын, кыш анча суук эмес болгон. Арал жайында жылуулукту өзүнө алып, күздө, кышта абага жылуулук берип турган. Кышта деңиз муздап, жазда, жайда абаны салкын кылып турган. Азыр аба ырайы жайында кескин ысып, кышында өтө муздап кетет. Мурда жазында жана күзүндө  кар жааган эмес. Азыр абрикос гүлдөгөндөн кийин кар жаап үшүк алып кетиши мүмкүн. Күздө түшүм чогула электе кар жаап, дыйкандарга кыйынчылык түзүлүүдө.

Кытайда таранчыларды кырган, анан курт-кумурскалар арбып, буудайга зыян келтирген. Аргасыздан сырттан таранчы сатып алышкан. Норвегияда бөдөнөнү көбөйтүү үчүн алгыр куштарды кырган. Натыйжада бөдөнөлөр эпидемиядан өздөрү кырылган. Алгыр куштар орукчан чымчыктарды жеп, санитардын милдетин аткаргандыгын, ошондо эл түшүнгөн.  Экологиянын абалын жакшыртуу боюнча айрым иш-аракет керек. Айрым өлкөлөрдө экологиялык кызмат, полиция киргизилген.

Эми экологиялык рейд уюштуралы. Биринчи топ бизнесмен жана завод-фабрикада иштеген адамдар. Экинчи топ куралдуу күчтөрдө кызмат кылгандар. Үчүнчү топ окумуштуулар, интеллигенттер. Төртүнчү топ фермерлер, дыйкандар. Бешинчи топ гидро системада, балык чарбасында иштегендер. Алтынчы топ мектеп окуучулары, жетинчи топ саламаттыкты сактоо системасында иштегендер. Эми кантип экологияга пайда келтирсе болот, ошону ойлогула (окуучулар топко бөлүнүп иштешет, жыйынтыгын угушат).

Жыйынтыктоо. Бүгүнкү экологияны коргоого арналган сабактан кийин силерде кандай ой калды? Болжолдуу жооптор: Акчаны, байлыкты жана кирешени көбөйтүү үчүн планетаны булгагандарга нааразымын. Адамзаттын эртеңки келечеги үчүн толкундануу сезими пайда болду. Табигатты багындырган адамдарды (И.В. Мичуриндин жолун жолдогондорду) убагында урматтуу адам катары сыйлаган. Эгер эл аларды сыйлабай, терс мамиле кылса, алар табигатка мынча эксперимент жүргүзмөк эмес. Адамдар ойлонуп, катасын ондойт деген үмүттөмүн. Нитраттын жардамы менен жашылчанын көлөмү көбөйгөнү менен организмге керектүү витаминдери арткан эмес. Азыр элдин көпчүлүгүнүн курсагы ток, бирок организминде витаминдин жетишсиздигинен азап тарткандар аз эмес.   Мугалим: Силер экологиялык кызматта иштеп калсаңар ишти кандай аракеттен баштайсынар? (Окуучулардын жообун угат).

Болжолдуу жооптор: Куурап бараткан картаң дарактарды кыркып, жаңы дарак отургузабыз. Мусорду пайдалуу жер семирткичке айландырабыз, нитратты азайтабыз. Күздө түшкөн жалбырактарды, жаздагы куураган чөптөрдү өрттөбөй, химиялык зат аралашпаган (чириген жашылчаларды, картондорду, жыгачтын таарындысын ж.б.) биогомуска айландыра турган курттарга азык катары берип, аны пайдаланабыз. Мусорду кайра иштеп чыгуучу ишкана курабыз. Канализациядан чыккан суюктукту сууга агызбай, тазалоочу курулуш курабыз. Дарактардын кабыгын аачып, бутагын сындырган балдардын арасында түшүндүрүү ишин жүргүзөбүз. Чымчык, куш, бал аары, кумурска өлтүргөн балдарга эскертүү беребиз. Ысык-Көлдүн тегерегиндеги, тоонун этегиндеги сынган айнектерди, таштандыларды тазалайбыз. Агын сууга кир чайкабай, кир жууган сууну  төкпөйбүз. Балдарын тарбиялабаган ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Жазында дарак, гүл отургузуп, айылды, шаарды жашылдандырабыз, тазалоо иштерин жүргүзөбүз. Абрикостун, жаңгактын  данектерин пайдалынылбаган жерге ирети менен көмүп койсок, бир мезгилде дарактар өсүп чыгат. Ал экологияга да, экономикага да пайда келтирет. Жолдун боюна дубтун тобурчагын ирети менен таштасак, ал бир мезгилде көлөкө болот, экономикага да экологияга да пайдасы тиет. Шаарда жашаган жарандарды экологияга зыян келтирбеген энергия менен камсыз кылабыз. Авто унаалардын эко-системага зыян келтиргендерин азайтып, зыянсыз унааларды табабыз. Эң негизгиси адамдын ички дүйнөсүнүн экологиясына маани берип, жашайбыз.    

Экологиянын бүгүнкү абалы жана эртеңки келечеги

Сабактын максаты: Табиятка таттуу мамилени калыптандыруу, экосистеманын соо болушуна карата камкордук көрүү.

Милдети: Индустриялык коомдун экологияга зыянын түшүнүү. Элдин басып өткөн тарыхындагы жаратылышка мамилесин билүү, табияттын абалын жакшыртууга карата даярдык көрүү.

Күтүлүүчү натыйжа: Окуучулардын экологиялык сезимин ойгонот.

Сабактын жабдылышы: табияттын кооздугу, азыркы абалы боюнча видио тасма,  сүрөттөр.

Жаңы тема: “Экология” деген терминди 1866-жылы немец биологу Э.Геккель киргизген. Экология грекче “ойкос” (үй-жай) жана “логос” (ой) деген сөздөрдөн түзүлгөн. Экология деп – Э.Геккель жаныбарлардын организминде чөйрөдөн алган (ичип-жеген, аба аркылуу кирген) түзүмүнүн бөлүштүрүлүшүн, социологияны, экономиканы изилдеген илимди түшүнгөн. Экология табигый тарыхтын бөлүгү болгон.

Петр I дин тушунда  Британиялык окумуштуу Френсис Ли Россияны башкаруунун планын өзгөртүүнү сунуштаган. Ал жети коллегия (министерство) түзүүнү, анын ичинде – “табиятты өркүндөтүүчү коллегия” түзүүнү сунуш эткен. Бирок экологиялык маселени 1912-жылы академик И.П. Бородин (1847-1930) көтөрүп баштаган. Акырындап экология илими кеңейген. Азыр экология илими адам курчаган чөйрөнүн барын изилдейт, атүгүл “Адамдын экологиясы” бөлүмү да бар. Анда адамдын организми менен сырткы факторлордун (физикалык, биологиялык, химиялык ж.б.) байланышы каралат. (В.С. Кукушин. Теория и методика воспитательной работы. Ростов-на-Дону. Изд.Март. 2002. 113-б).

Экологиялык билим алуудагы негизги милдет – табиятка кайдигер эмес, аң-сезимдүү жаран катары калыптануу. Бул милдет бир предметти же дисциплинаны өздөштүрүү менен чечилбейт. Экологияга бардык факторлор (экономикалык, индустриялык, саясий ж.б.) таасир этип турат. Эми табияттын татынакай кооздугун көрөлү. Табият менен таанышалы, 50, 100 жылдан кийин чөйрөнүн ушул абалда таза калышынын маанисин түшүнүүгө аракеттенели. (окуучуларга видеотасма, сүрөттөр, соо адам көрсөтүлөт).

Экологиялык кризис – жалпы адамзаттын көйгөйү

Коомдун жаратылыш ресурстарын рационалдуу колдонбогондугунун натыйжасында чөйрө булганып баратат. Аркар, элик, сайгак, улар, аккуу сыяктуу жаныбарлар, канаттуулар азаюуда. Өндүрүштүн катуу, суюк, газ түрүндөгү таштандылардын көптүгүнөн биосфера бузулууда. Индустриялык антропогендик иш-аракеттердин натыйжасында табият ууландырылууда. Трансмодернизациялык (генетикалык өзгөртүлгөн бадыраң, картошка, алма ж.б.), өндүрүштө чыгарылган (концентрация кошулган, накта эмес) азык-түлүк адамдардын ден соолугуна зыян келтирүүдө (табияттын азыркы абалы, оорукчан адамдар көрсөтүлөт). Экологиянын азыркы абалы адамдын жоопкерчилигин талап кылууда.  Жоопкерчиликтүү балдар моралдык нормаларды сакташат.

Экологиялык билим жана тарбия – бул:

  • экологиялык маселелерди (илимий, идеологиялык, адептик, эстетикалык, экологиялык) ар тараптан анализдөө;
  • предмет аралык байланышы бар экологиялык мазмундагы сабакта экосистемалык түшүнүктөрдү өздөштүрүү, ошону менен бирге адамдын ден соолугуна камкордук көрүү, табигый чөйрөнү коргоо, чөйрөнүн абалын, сапатын байкоо, жашоонун сергек мүнөзүн тандоо, чөйрө менен ден соолуктун байланышын экспертизалоо ж.б. жөнүндө ойлонуу;
  • экология менен байланышкан предметтерде экосистеманын оңолушуна карата суроолорду берип, билимин тереңдетүү.

Азыр жети экологиялык маселе бар:

  • азык-түлүктүн (накта, адал, бузулбаган) тазалыгы боюнча камкордук көрүү;
  • энергия маселеси (атмосфераны булгабоо, коопсуздугу ж.б.) боюнча камкордук көрүү;
  • табигый ресурстарды (кен байлыктарды, сууну, азык-түлүктү, токой-чарбаны ж.б.) үнөмдүү колдонуу;
  • демографиялык маселе (демографиялык толкун социалдык, экономикалык, экологиялык ж.б. маселени пайда кылбаш керек.).
  • генофондго көңүл бөлүү (жашоонун сергек мүнөзүн тандоо, эртеңки муун жөнүндө камкордук көрүү);
  • биосферанын (атмосфера, гидросфера, литосфера) тазалыгын сактоо;
  • адамдын ден соолугуна камкордук көрүү (профилактика, гигиена, дене тарбия ж.б.).

Мектеп аянтчасын, чөйрөнү жашылдандыруу, үй-тиричилигинде калдыксыз (безотходный) технологияны колдонуу, өзүнүн ички экологиясына (таарынычтан, ач көздүктөн ж.б. жаман сапаттардан кутулуу, ойдун ниеттин тазалыгына, пейилдин оңолушуна ж.б.) көңүл бөлүү керек.

Экологиялык тарбия “чөптү жулба”, “мусор таштаба” деген сыяктуу насаат сөз, чакырык менен чектелбейт. Бардык предметтерди окуу менен экологиялык маданият чогуу калыптаныш керек. Мисалы, химия сабагын окууда: индустриялык химиялык өндүрүштү адамдын ден соолугуна жана табигый чөйрөгө зыян келтирбегидей кылып өзгөртүүгө болобу, ойлонуу керек. Физика сабагында механика бөлүмүн өздөштүрүүдө автомобилдин атмосферага чыгарган газдарын азайтууга болобу, аны да ойлонуу керек ж.б. (жаратылышты коргоо боюнча багыт берилет).

Жердин тарыхында бир нече экологиялык кыйроо (катастрофа) болгон. Адамдар, жаныбарлар жабыр тартып, өсүмдүктөр өспөй калган. Адам баласы табиятты, жаныбарларды сүйүш керек. “Жаныбарларды сүйбөгөн адамдар бара-бара адамды сүйбөй калабы?” — деп, А.Солженицин бекеринен суроо койгон эмес. Статистика боюнча киши өлтүргөн кылмышкерлердин 90% бала чагында чымчык, мышык, күчүк өлтүрүп ойногон.

И.В. Мичурин: “Биз табияттан ырайым күтүп отура бербейбиз. Биздин милдет – андан алуу”, — деп, элге туура эмес багыт берген. Табияттан дайым ала берип, ага эч нерсе бербей, “жыргаган турмуш курабыз” дегендер табияттагы экобаланстын сакталышына зыян келтирген. Кыртышка нитратты нормадан ашык чачып, адамдын ден соолугуна зыян келтирген. Жердин кыртышындагы эрозияны пайда кылган. Генетикалык өзгөртүлгөн жашылча-жемиштер ден соолукка пайдалуу эмес. “Гүлдү үзүү менен табиятка тийишебиз. Адамдын табиятты сүйүүсү гана аны сактап кала алат”, — деген Жан Дорст.

Экологиялык темада билимибизди тереңдетүү үчүн “Коомдун табият менен гармониялуу аракети” деген темада конференция өткөрөлү. “Көп түкүрсө көл болот” (макал). Жапа-тырмак киришсек, экосистеманы таза абалда сактап калууга болот. Изденели, бул теманын актуалдуулугун терең түшүнөлү.

Бышыктоого карата тапшырмалар: төмөнкү темада доклад даярдайлы: “ХХI кылымда чарбалык шарттар жана экологиялык маселелер”, “Планетанын ресурстары – жалпы адамзаттын байлыгы”, “Ядролук согуш – бул биосфераны бүлдүрүү коркунучу”, “Экология жана Космос”, “Экологиялык маданиятка кыргыз элинин мамилеси”, “Глобалдык проблемаларды чечүү үчүн эл аралык кызматташтыктын мааниси”, “Биргелешип экологиялык маселелерди чечүү” ж.б.

Рефераттардын темалары: “Адамдын ден соолугу – коомдун байлыгы”, “Табиятка туура мамиле кылуу боюнча тарыхый маалыматтар”, “Энергия үнөмдөөчү саясат – бул табиятты коргоонун натыйжалуу жолу”, “Экологиялык кризистин зыяны”.

Экологиялык долбоорду коргоо боюнча темалар: “Мен экологияга жана экономика мындай жол менен пайда келтиргим келет”, “Аялзаттын ден соолугуна камкордук көрүүнүн генофондго таасири”, “Балдардын ден соолугу – эртеңки  мамлекеттин байлыгы”, “Таштандыларды кайра иштетүү”, “Коомдук жайларда ызы-чууну азайтуу” ж.б. (темалар окуучулардын мүмкүнчүлүгүнө жараша бөлүштүрүлөт). “Мен президент болсом, экология боюнча мындай чара көрмөкмүн” (дил баяны).

Экологиялык талкуу боюнча суроолор:

Азыркы мезгилдеги согуштун себеби кандай, аны токтотуунун жолу барбы?

Биологиялык куралдардын экологияга зыяны.

Экологиялык кыйроону (катастрофаны) кантип болтурбаш керек?

Турак-жайларда ызы-чууну кантип азайтууга же изоляциялоого болот?

Шаардык транспорттордо ызы-чууну азайтуу боюнча сунуштарды бергиле.

Арал деңизи эмнеге соолуду, анын экологияга зыянын айтып бергиле. Аны калыбына келтирүүгө болобу? Кантип?

Булгары (тери) заводдун, ТЭЦтин, кант заводдун ж.б. ишинин экологияга зыяны барбы? Аны кантип оңдосо болот?

Экологиялык режимди бузган ким, аны кантип тартипке чакырса болот?

10, 20, 50, 100 жылдан кийинки Кыргыз Республикасынын бир аймагын сүрөткө тарткыла.

Жайында балдар кечке сыртта жүрсө болобу?

Атмосферанын адамдын дем алуу органдарына, нерв системасына, кандын курамына таасири кандай?

Эмнеге ызы-чууну “көрүнбөгөн киши өлтүргүч” — деп аташат? Аны кантип азайтуу керек?

Адамга, экологияга ГЭС менен ТЭЦтин кайсынысы коркунучсуз, зыянсыз?

Эмне үчүн алма-бактардын түбүн  акташат? Адамдын организмине зыян келтирбей, алманы курттардан коргоо жолу барбы?

Кайнатылган, ышталган, куурулган тамактын пайдалуусу кайсы?

Биздин өлкөдө кайсы жерде атмосферадагы таштандылардан, транспорттордун газынан абанын, суунун абалы начар? Аны кантип оңдоо керек?

Табиятты коргоо үчүн кандай чаралар керек?

Чоң шаарлардын ичинен  кайсы шаарды таза деп эсептешет?

Илим табиятка экспериментин уланткан сайын, таланттуу, зээндүү татынакай сезимтал балдар аз төрөлүүдө. Муну оңдоонун жолун ойлонуп көрөлү.

Экологиялык абал начарлаган сайын физикалык, психикалык оорукчан балдар көп төрөлүүдө. Муну оңдоонун жолун ойлонуп көрөлү.

Фрунзе шаары таза, жашыл шаар болгон. Бишкек чаң баскан, түтүн каптаган шаарга айланып баратат. Бишкекти таза шаарга айландыруу боюнча идеяларды айткыла. Эми аракеттенели.  (бул суроолорду баары жазып алып, даярданышат).

Экологияны коргоо боюнча моралдык кодекс иштеп чыккыла. Бул ишти коллектив иштеп чыгышы керек. Ар бир пункт: “Мен … убада берем”, “Мен … аткарам”, “Мен … аракеттенем”. (Ар ким өзүнүн колунан келген ишин жазат). конференцияга жогорку темалар, суроолор боюнча даярданып келгиле.

Жыйынтыктоо. Бирөөлөр табиятка, коомго, адамга зыян келтирип өз оокатын кылып келген, башка адамдар аларга пайда келтирип, оокатын кылып келген. Зыянкечтер жыргап кеткен эмес, пайдакечтер куурап калган эмес. Ар ким өзү кылган ишинин натыйжасын өзү көрөт. Турмуштун кербени сапарын ушинтип улантып келген.

Талыкпай экологиялык маселелерди ойлонуп, аракеттенели. Бүгүн жерде жаткан жумуртка, эртең асманда учкан куш болсун, ошого салым кошолу. Жердей март эч нерсе болбойт. Бүгүн жерге түшкөн алманын, абрикостун, шабдаалынын ж.б. данеги бир мезгилде мөмөлүү дарак болсун. Жерибизде жаңгак токойлору өсө берсин. Жери байдын эли бай болот. Таза үрөндөн чыккан дандан дыйкандар байысын. Таза ниеттен чыккан сөздөрдөн эл марысын. Жерди өз колубуз менен тазалайлы, байыталы. Табияттын абалы соо, абанын, суунун абалы таза, адамдын ден соолугу чың болсун. Экологиялык маданиятыбыз  оңоло берсин, аракетибиз натыйжалуу болсун,  турмуштун кербени байсалдуу сапарын уланта берсин. Эртеңки күнгө бүгүн камкордук көрөлү. Эртеңки муундун  келечеги кең, түбөлүгү түз болсун, бактылуу жашасын. 

Бөлүшүү

Комментарийлер