ЭКОЛОГИЯ АР БИР АДАМДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИНДЕ

  • 26.10.2024
  • 0
 ЭКОЛОГИЯ АР БИР АДАМДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИНДЕ

Класстык саат, 7-8-класстар үчүн

Сабактын максаты: Экология жөнүндө, анын бузулушу, себептери жөнүндө маалымат алышат. Аны коргоо, сактоо ар бир адамдын милдети экендигин билишет. Жаратылышты сүйүүгө тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Экология, жаратылыш жөнүндө тематикалык, дидактикалык материалдар, сүрөттөр, слайд, видеороликтер ж.б.

Сабактын жүрүшү: Кириш сөз

Экология бул эмне?

Бардык тирүү организмдердин, анын ичинде адамдардын жана алардын физикалык чөйрөсүнүн ортосундагы мамилелерди изилдөө экология деп аталат. Экология негизинен, өсүмдүктөр менен жаныбарлар менен алардын айланасындагы дүйнө менен болгон байланышты изилдейт. Ошондой эле анда экосистемалардын артыкчылыктары жана жер ресурстарын айлана чөйрөнү келечек муундар үчүн кандайча колдонуу жөнүндө маалымат берилет.

Демек, экология биздин бүтүндөй жашообуз менен тыгыз байланышта, ошондуктан экологиябызды канткенде сактайбыз жана коргойбуз деген суроолордун үстүндө ой жүгүртөлү. Анткени азыркы учурда абдан орчундуу экологиялык көйгөйлөрүбүз көп.

Кыргызстандын экологиялык көйгөйү бул бири-бири менен байланышкан, бири-биринен көз каранды, улуттук кызыкчылыктар камтылган өтө оор система. Экологияга зыяндуу жана терс  таасирин тийгизүүчү жаратылыш кырсыктарынан тышкары да өтө орчундуу чоң көйгөйлөр бар.

Экологиялык нормалар менен курулуш иштеринин стандарты  шайкеш жүргүзүлүп атабы деген суроо көптөгөн маселелерди жаратат.

Бүгүнкү күндө экологдорду кооптондурган беш экологиялык көйгөй бар экен.

  • Абанын булганышы;
  • Климаттын өзгөрүшү;
  • Суу ресурстарын туура эмес колдонуу жана булгоо;
  • Таштандыларды чыгаруу маселеси;
  • Биотүрдүүлүктү коргоо;

Эми ушул көйгөйлөрдөн кантип чыгуу керек деген маселе жалпы коомчулуктун, анын ичинде башкаруу системасынын чоң бир иш аракеттеринен көз каранды болсо керек.

 ЭКОЛОГИЯ АР БИР АДАМДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИНДЕ

Экологиялык абал күн санап татаалдашууда, анткени жайлоолорго, суунун жээктеринде эс алуучу жайлар талапка ылайык курулбастан сууну булгоодо жана кооптуу абалдар көп кездешүүдө. Шаардын ортосуна, элдин агымы көп жүргөн жерлерге май куюучу жайлардын көп курулгандыгы  да коркунучтуу.

Ошондуктан табияттын тазалыгын сактоодо ар бир адам  бир үй бүлөдөй биригип, жашообуздун булагы болгон сууга, токойго, жаратылышка аяр мамиле кылышыбыз керек.

Мугалим чыгармачылыгына жараша слайд жасап, кошумча материалдар менен сабакты кызыктуу кылып өтсө болот. 

Сабакты жыйынтыктоо:

Экологиядан биздин жашообуз көз каранды (окуучулар менен талкуу, чыгуу жолдорун аныктоо, баарлашуу)

Б. Бейшенбаева,

 Кыргыз билим берүү академиясы,

                                                        Тарбия, социалдаштыруу жана мектептен сырткары кошумча билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер