ДЕНЕ ТАРБИЯ окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

  • 18.08.2023
  • 0
ДЕНЕ ТАРБИЯ окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

2023-2024-окуу жылынан тартып мектептик жалпы билим берүүнүн мазмуну жаңы мамлекеттик билим берүү [1], ал эми дене тарбия сабагынын мазмуну баштапкы, негизги жана жогорку мектеп билиминин баскычтары үчүн иштелип чыккан жаңы предметтик стандарттардын негизинде ишке ашырылат [2-4]. Ушуга байланыштуу, дене тарбия мугалими үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерде камтылган идеяларды билүү жана дене тарбия сабагын аларга негиздеп өткөрүү маанилүү ролду ойнойт.

Негизги идеялардын курамы төмөндөгүлөрдөн турат: 1) Дене тарбия сабагында негизги жана предметтик компетенттүүлүктү калыптандыруу аракетин көрүү; 2) окуучулардын окуу жетишкендиктерин критерийлик баалоонун негизинде баалоо; 3) дене тарбия сабагынын максатын, милдеттерин, каражаттарын жана ыкмаларын мектеп билиминин баскычтарынын бүтүрүүчүсүн мүнөздөгөн моделдик белгилерге карата аныктоо жана ага дал келтирүүгө умтулуу.

Төмөндө биз алардын ар бирин ишке ашыруу боюнча сунуштарды беребиз.

Дене тарбия сабагында компетенттүүлүктү калыптандыруу анын негизги жана предметтик түрлөрүнө басым жасоо дегенди билдирет. Негизги компетенттүүлүктүн курамы маалыматтык, социалдык-коммуникативдик, өзүн-өзү таануу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүктөрүнөн турат. Ал эми предметтик компетенттүүлүктүн курамы окуучунун турмушта маанилүү роль ойногон, окуу программасында каралган базалык кыймыл-аракеттердин негизинде калыптанган жалпы физикалык даярдыгы жана ден соолугунун көрсөткүчтөрүн камтыйт. Ушундан улам дене тарбия сабагынын максаты, милдеттери, каражаттары жана ыкмалары тандалат.

Сабактын максатын, милдеттерин жана каражаттарын аныктоодо окуу программасында көрсөтүлгөн базалык кыймыл-аракеттин милдеттүү мазмуну (48 саат) жетекчиликке алынат жана тийиштүү ишмердүүлүктүн орун алышы шарт [1-3]. Алар окуучуну ар тараптуу жана гармониялуу өнүктүрүү, анын ден соолугун чыңдоо, тийиштүү билимдерге, билгичтиктерге жана көндүмдөргө ээ кылуу максатын жана милдеттерин көздөшөт. Каражаттардын бир бөлүгүн мугалим өз алдынча аныктоо укугуна ээ. Бул максатта региондо кеңири жайылган, тийиштүү материалдык-техникалык базасы бар жана окуучулардын кызыгууусуна дал келген спорттун түрлөрү окуу программасынын вариативдүү бөлүмүнүндө каралган шарттарда (20 саат) колдонулат.

Сабак өтүү ыкмалары окуучулардын курактык жана жыныстык өзгөчөлүктөрүн эске алып аныкталат жана сабактын милдеттерин ишке ашырууну, тийиштүү компетенцияларды калыптандырууну көздөйт. Эгерде окуучуну дене тарбия маселелери менен байланышкан маалыматты өз алдынча издөөгө, талдоого жана колдонууга багыт берип сабак өтүлсө, анда маалыматтык компетенттүүлүк, окуучунун жеке умтулуусун башка окуучулардын кызыкчылыктары менен байланыштырууга негизделип сабак өтүлсө, анда социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк, ал эми окуучунун дене тарбия сабагына мүнөздүү жүрүм-турум эрежелерин бекем сактоого, топто жана командада аракетте болгондо өзүн-өзү адилет баалап, орун алган көйгөйлөрдү чечүү аракетин көрүүгө багыттап сабак өтүлсө, анда өзүн өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүктөрү калыптанат.

Негизги компетенттүүлүктөр репродуктивдик (окуучунун сунушталган тапшырманы өзгөртпөй аткаруу жөндөмү), продуктивдик (курамы боюнча жөнөкөй иш-аракетти өз алдынча ишке ашыруу жөндөмү) жана чыгармачыл (окуучунун өз алдынча конструкциялоонун негизинде татаал курамдуу иш-аракетти аткаруу жөндөмү) деңгээлдеринде калыптанышын эске алуу зарыл. Эгерде окуучулардын көпчүлүгү продуктивдүү жана чыгармачыл деңгээлдерде компетенттүүлүктү көрсөтө алышса, анда дене тарбия процесси натыйжалуу уюштурулду деген баага татыктуу болот.

Окуучулардын окуу жетишкендиктерин критерийлик баалоонун негизинде баалоо күтүлүүчү натыйжаны негизги компетенттүүлүктүн калыптануу деңгээлдерин, б.а. алардын репродуктивдик, продуктивдик жана чыгармачыл деңгээлдерин, ал эми предметтик компетенттүүлүктү баалоодо окуу программасында көрсөтүлгөн расмий нормаларды жана талаптарды аткаруу дегенди билдирет. Бул максатта бир катар критерийлер, индикаторлор жана стандарттуу тесттер сунушталат. Алардын курамы окуучулардын жынысына жана окуп жаткан классына жараша окуу программасында көрсөтүлгөн.

Предметтик компетенттүүлүктү окуу программасындагы базалык кыймыл-аракеттерди өздөштүрүүгө негизделген окуучунун физикалык сапаттарынын өнүгүү деңгээли жана машыгуучулардын ден соолугунун бакубат болушу мүнөздөйт. Тестирлөөнүн жана байкоолордун негизинде аныкталган көрсөткүчтөрдүн белгиленген нормаларга жана талаптарга туура келер-келбеси, окуучунун физикалык, эмоционалдык (психологиялык) жана социалдык саламаттыгы такталат. Предметтик компетенттүүлүктү баалоодо төрт баллдык белги системасы колдонулат жана нормативдик баалоо басымдуулук кылат. Бирок нормативдик баалоо окуучунун ден соолугунда айрым көйгөйлөр орун алганда (медициналык справка менен тастыкталышы керек) колдонулбайт.

Дене тарбия сабагындагы жетишкендиктер баалоонун диагностикалык, формативдик жана суммативдик түрлөрү менен бааланып турганы дурус. Диагностикалык баалоо окуучулардын жетишкендиктериндеги прогрессти баалоо, формативдик баалоо окуучунун жеке прогрессин аныктоо, ал эми суммативдик баалоо окуу жетишкендиктердин деңгээлин аныктоо максатында колдонулат. Суммативдик баалоо учурдагы, аралык жана жыйынтыктоочу баалоо форматында жүргүзүлөт. Учурдагы баалоо дене тарбия мугалими (же окуучунун өзү) тарабынан белгиленген даярдык нормаларына жана талаптарына, аралык баалоо – жумушчу планда көрсөтүлгөн нормаларды жана талаптарды аткарууга жана жыйынтыктоочу баалоо – мектеп жетекчилиги тарабынан бекитилген календардык планга (чейрек, жарым жылдык жана окуу жылы) ылайык жүзөгө ашырылат.

Дене тарбия мугалими өтүлүүчү сабактардын жана спорттук-массалык иш-чаралардын ден соолукту чыңдоо багытын көздөшүн камсыз кылышы шарт, б.а. окуучулардын физикалык, эмоционалдык (психологиялык) жана социалдык ден соолугун камсыз кылуучу чараларды көрүшү зарыл. Бул максаттарда төмөнкүлөрдү сунуштайбыз.

Физикалык ден соолуктун индикатору катары дене салмагынын индексин (ИМТ) колдонуу натыйжалуу болот, анткени дененин салмагына карата болгон бойдун катышы маанилүү маалыматка ээ кылат. Индекстин чоңдугун Google платформасында жайгашкан калькулятордун жардамы менен аныктап алса болот. Баалоо үчүн, эгерде ИМТ 18.5 тен төмөн болсо, анда дене салмагы нормадан төмөн, 18.5-25 – нормалдуу, 25-30 – ашыкча, 30-35 – биринчи даражадагы семирүү, 35-40 экинчи даражадагы семирүү жана 41ден жогору болсо үчүнчү даражадагы семирүү экендигин билдирет. Индексти мезгил-мезгили менен аныктоо окуучуга сунушталуучу дене жүктөмдү жекелештирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кылат. Жогоруда айтылгандардан тышкары, физикалык ден соолукту дененин абалына (осанка) негиздеп бааласа да болот. Айрыкча дене-бойдогу байкалган кемчиликтер (айрыкча негизги жана орто мектепте), туура басуу жана ишенимдүү-кыймыл аракетте болуу жөндөмү, ошондой эле дене терисинин түсү жана тазалыгы, окуучунун жүзүндөгү жылмаю кошумча маалыматка ээ кылат. Бул максатта 6 айда бир ирет окуучунун врачтык текшерүүдөн өтүп турушун талап кылуу зарыл. Окуучунун жеке медициналык карточкасындагы маалыматтар менен иштөө, медпункттун медициналык кызматкери менен байланышта болуусу сунушталат.

Эмоционалдык (психологиялык) ден соолуктун жалпыланган критерийлери катары өзүн өзү сезүү, окуучулардын ортосундагы социалдык мамилелер, алардын эмоцияны башкара билиши, орун алган кыйынчылыктарды жеңүү жөндөмү тийиштүү маалымат топтоого жардам берет. Бул үчүн дене тарбия мугалими байкоо жүргүзүшү шарт. Байкоонун предмети катары окуучунун спорттук жабдууларга жана шаймандарга, берилген тапшырмаларга, башка окуучуларга карата мамилеси жана сезимдери сунушталат. Кыйынчылыктар менен кантип күрөшүп жатканын байкоо да абдан маанилүү роль ойнойт, айрыкча атаандаштыкка негизделген иш-аракеттерди жүргүзүү учурунда. Кошумча маалыматты окуучуга өзүн-өзү сезүү көрсөткүчтөрүн сүрөттөгөн күндөлүк жазуу ыкмасын сунуштап алса да болот. Анткени окуучунун өзүн-өзү баалоо динамикасын биргелешип талкуу уюштурулса, анда ынанымдуу сунуштарды берүүгө жана аргументтүү толуктоолорду киргизүүгө мүмкүндүк түзүлөт.

Социалдык ден соолуктун жалпыланган критерийлери катары окуучунун жүрүм-туруму, анын социалдык активдүүлүгү, топтогу (командадагы) өз ара аракеттенүү мүнөзү, жасаган аракеттерине жоопкерчилик менен мамиле кылуу жана дене тарбия көнүгүүлөрү менен такай машыгуунун маанисин түшүнүү саналат. Баалоонун негизги ыкмасы да байкоо менен байланыштуу. Окуучунун жүрүм-туруму, дене тарбия сабагында, оюн ойногондо, атаандаштыкка негизделген иш-аракеттерде кандай деңгээлде активдүү болгонун аныктоо сунушталат. Окуучунун  өз алдынча аракети, өзүмчүлдүк мүнөздүн орун албашы, түзүлгөн кырдаалдарга жараша жоопкерчиликти өзүнө ала билүү сапаты, дене тарбия көнүгүүлөрүн үзгүлтүксүз аткарууну адатка айлантуу көрсөткүчтөрү маанилүү роль ойнойт. Мындай маалыматтын негизинде дене тарбия процессине тийиштүү түзөтүүлөр киргизилет жана бирдиктүү аракетте болуу максатында окуучунун ата-энесине маалымат берип туруу сунушталат.

Дене тарбия сабагынын максатын, милдеттерин, каражаттарын жана ыкмаларын мектеп билиминдеги баскычтардын бүтүрүүчүлөрүнө карата иштелип чыккан моделге багыттап аныктоону мурда орун албаган жаңы идея катары кабыл алуу зарыл. Ага байланыштуу төмөндөгүлөр эске алынышы шарт. Биринчиден, башталгыч мектеп баскычынын бүтүрүүчүлөрү 10, негизги жана жогорку баскычтарынын бүтүрүүчүлөрү – 12 моделдик белгилерге татыктуу болушу мамлекеттик билим берүү стандартында каралган. Демек, мектеп баскычтарынын бүтүрүүчүлөрүнүн моделдик белгилерге ылайык келишин камсыз кылуу билим берүү уюмдарынын негизги вазийпасы катары таанылат. Экинчиден, моделдик белгилердин бир бөлүгү дене тарбия сабагынын ресурстары менен калыптанышы шарт. Алардын катарына мотивацияланган окуу иш-аракет көндүмдөрүн калыптандыруу, жеке гигиенанын талаптарын сактоого, сергек жашоо образын калыптандырууга, туура социалдык жүрүм-турумга, маданиятка, этикага жана орун алган көйгөйлөрдү чыр-чатаксыз чечүү зарылчылыктары кирет.

Мектеп билиминин негизги баскычынын бүтүрүүчүлөрүн мүнөздөгөн моделдик белгилердин курамы бир топ оор жана татаал экендигин белгилейбиз. Мисалы, негизги баскычтын бүтүрүүчүсү спорттун бир түрү боюнча даярдыкка ээ болушу каралган. Ага байланыштуу төмөндөгү жагдайларга көңүлүңүздөрдү бурабыз.

 Эгерде спорттун бир түрү боюнча даярдыкка ээ болуу талабынын укуктук-ченемдик маанисин эске алсак, анда окуучунун Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясында каралган спорттук разряддын расмий нормаларын жана талаптарын аткаруу зарыл.

Мындай натыйжаны предметтик стандартта каралган, жумасына 2 саат көлөмүндө милдеттүү түрдө уюштурулган дене тарбия сабактарынын алкагында камсыз кылуу мүмкүн эмес. Ага байланыштуу мугалимдин көңүлү дене тарбия жана спорттук иш-чаралардын класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы формаларына бурулуп, тийиштүү машыгууларды уюштурууну сунуштайбыз. Анткени, эл аралык практикада спорттук багыттагы дене тарбия сабактары Улуу Британияда (активдүү жана техникалык жактан татаал спорт түрлөрүнө басым жасалат), Германияда жана Италияда (футбол), АКШда (баскетбол) кеңири таралганы, бир жумалык дене тарбия сабагы 4 саатка чейин жетээри белгилүү. Японияда, тескерисинче, негизги басым окуучунун ден соолугуна жана анын инсандык өнүгүүсүнө жасалып, дене тарбия мугалими окуучунун ден соолугун, дене-бой өнүгүшүн жана физикалык даярдыгын тыкыр көзөмөлгө алат. Кандайдыр бир көйгөйлөр орун алган учурда окуучуга тамактануу жана дене тарбия көнүгүүлөрү менен машыгуунун жекече программасы сунушталат. Ал эми советтик жана постсоветтик практикада окуучунун ар тараптуу өнүгүүсүнө, анын эмгекке жана Мекенди коргоого даярдыгын камсыз кылууга басым жасалат. Окуу жүктөмүнүн көлөмү салттуу түрдө эки саат менен чектелип, 3 сааттык тажрыйба айрым  өлкөлөрдө гана (Казакстанда, жарым-жартылай Россияда) орун алат. Кыргызстанда сааттык жүктөм өзгөртүлбөй келет.

Буга байланыштуу, дене тарбиянын заманбап теориясы жана методикасы мектеп физкультурасынын мазмунунун комплекстүү болушун талап кылат жана дене тарбия мугалиминин негизги милдети окуучунун дене түзүлүшүнүн мыктылыгын, моралдык тазалыгын, руханий байлыгын, ошондой эле эмгекке жана Мекенди коргоого даярдыгын анын инсандык гармониялуу өнүгүүсүнө негиздеп камсыз кылуу экендигин белгилейбиз.

Жыйынтыктоо иретинде, билим берүүнүн жаңы муундагы ченемдик-укуктук актылары мектеп билиминин жана аны менен бирге дене тарбия процессинин мазмунун жана методикасын өзгөрткөн жаңы идеяларга негизделгенин, ага байланыштуу дене тарбия мугалиминен тийиштүү жоопкерчиликти жана чыгармачыл ишмердүүлүктү талап кылаарын белгилейбиз.

Сунушталган адабияттардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты. Кыргыз Республикасынын министрлер Кабинетинин 2022 жылдын 22-июлундагы № 393 токтому менен бекитилген. [Электрондук ресурс] https://online.toktom.kg/NewsTopic/6697.
  2. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстары үчүн «Дене тарбия» предметтик стандарты. https://kao.kg/
  3. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 5-9-класстары үчүн «Дене тарбия» предметтик стандарты. https://kao.kg/
  4. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 10-11-класстары үчүн «Дене тарбия» предметтик стандарты. https://kao.kg/
  5. Дене тарбия. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучулары үчүн окуу программасы. https://kao.kg/
  6. Дене тарбия. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 5-9-класстарынын окуучулары үчүн окуу программасы. https://kao.kg/
  7. Дене тарбия. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 10-11-класстарынын окуучулары үчүн окуу программасы. https://kao.kg/
Бөлүшүү

Комментарийлер