«ДЕҢИЗ БОЙЛОЙ ЖОРТКОН АЛА ДӨБӨТ» ПОВЕСТИНДЕГИ КИРИСКТИН ТИЛЕГИ

  • 19.07.2023
  • 0
«ДЕҢИЗ БОЙЛОЙ ЖОРТКОН АЛА ДӨБӨТ» ПОВЕСТИНДЕГИ КИРИСКТИН ТИЛЕГИ

Шайырбүбү Дербишалиева,

Тогуз-Торо районундагы Бирдик орто мектебинин

кыргыз тили жана адабияты мугалими

Чыңгыз Айтматовдун  95 жылдыгына карата повести боюнча ыр-сабак

Тема: “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повестиндеги Кирисктин тилеги

Укмуш көркөм чыгарманы жараткан,

Кыргыз элин бүт дүйнөгө тааныткан,

Ким билбейт кыргыз уулу – Чыңгызды,

Атак-даңкы ай-асманда жаркыган!

Ошол түнү ызгаар болду кечинде,

Биз жашаган, Охот деңиз жээгинде.

Капкараңгы көзгө сайса көрүнгүс,

Мындай суук боло берчү кээ күндө.

 

Толкун үнү угулуп, күрп-шарп этип,

Мен жатам анын баарын туюп-сезип,

Эртең менен ууга чыгам Улуу сууга

Аны эстеп өрөпкөймүн уйкум кетип.

 

Ойноп жүрүп ала дөбөт боорунда,

Көз чаптырсам Улуу суунун бурчуна,

Өзгөчө бир ажайып көрүнчү,

Суктанчумун көк деңиздин суусуна.

 

Мен бүгүн сапар тарттым деңизге

Жарармын деп элим үчүн бир ишке.

Апам менен үн катышпай коштошуп,

Тилекти, бар үмүттү катып ичке.

 

Чулдуктун балапаны сыңары,

Элеңдедим эки жагым карадым.

Көргөнүмө көзүм тойбой кызыгып,

Чыйпылыктап жетпей турду чыдамым.

 

Толкундарды тилип кайык баратат,

Ууга жетер чак жакындап келатат.

Суу менен суу үстүндө көрүнүштөр,

Ого бетер жүрөгүмдү толкундатат.

 

Ала дөбөт узатып, артта калды,

Карагада жээк көрүнбөй тунарды.

Мындайда бардыгына бирдей өкүм,

Деңиздеги катуу тартип башталды.

 

Суроо берип мени сынайт чоң ата,

Мен тыпңрышам кетирбеске бир ката.

Мылгун аке, атам экөө күлүмсүрөп,

Калак шилтейт эргүү менен ылдамдата.

 

Мен биринчи ууга чыгып баратып,

Түшүндүм жашоо шартын ажыратып.

Ошол замат сагынып айылымды,

Телмиремин туулган жерге сугум артып.

 

Багытыбыз барар жери Үч-Эмчек,

Жетүү керек ошол жерге эртелеп.

Жолубуз болуп калса ал тараптан,

Жөнөйбүз үйдү көздөй эртерээк.

 

Айым балык — биздин Умай энебиз,

Баардыгыбыз ыйык тутуп сүйөбүз.

Ала-Дөбөт мекенинде нивхи эле,

Деңиз менен жашоо өткөрүп келебиз.

 

Көлкүлдөп дүйнө жүзүн суу каптап,

Учуп жүрөт Лувр өрдөк калдактап.

Тукум улаар жумурткасын таштаарга,

Жер таптады, айла куруп калдастап.

 

Ошондо саңоор жүнүн үзүп алып,

Толкундун үстүнө ал уя салып.

Лувр салган уясы жерге айланып,

Калган экен ата-бабам пайдаланып.

 

Адатынча кайык сүзөт толкун жара,

Мен кыйкырдым аралчаны көрө сала.

— Кана? – деп карай калды чоң ата,

Көзүн албайт не шумдук деп таңдана.

 

Сөздү бурду Мылгун аке бир кезде,

Арал жок эле бул жерде.

Сол жакта болчу Кичи-Эмчек,

Көрбөптүрбүз мындай неме!

 

Мергенчилер аны көрүп сестенип,

Не болот деп, ар нерседен шектенип.

— Туманбы, толкунбу же булутпу?

Орган ата кыжаалат аны сезип…

 

Аска таштуу эмчекке окшош башкача,

Кичи-Эмчек көрүндү ал аңгыча.

Азыр эле уят болуп олтурсам,

Анымды унутуп калдым мен кайра.

 

Эстен кетпейт ушул күнүм өзгөчө,

Толкунданам, сыймыктанам бөтөнчө.

Мергенчинин нерпаларга өңүтү,

Ушул мезгил керемет эле өзүнчө.

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер