ДҮЙНӨНҮН КООЗ ЖЕРИНИН БИРИ — САРЫ-ЧЕЛЕК

  • 22.08.2023
  • 0
ДҮЙНӨНҮН КООЗ ЖЕРИНИН БИРИ — САРЫ-ЧЕЛЕК

Рахматилла кызы Гулзина,

 Чоң-Алай районунун Садыбакас Осмонов атындагы орто мектебинин

башталгыч класстар мугалими

Предмет: Адабий окуу

Класс: 4

Сабактын тиби:  жаңы материалды окуп-үйрөнүү; билим жана билгичтикти өркүндөтүү.

Сабактын темасы: «Дүйнөнүн кооз жеринин бири — Сары-Челек».

Сабактын максаты:

билим берүүчүлүк: Кыргызстандын кооз жери болгон Сары-Челек көлү жөнүндө маалымат алышат;

өнүктүрүүчүлүк: өз оюн эркин далилдүү айта билүүгө машыгышат;

тарбия берүүчүлүк: көлдөрдү таза сактоого, анын ичинде Сары-Челек көлүн таза кармоого үйрөнүшөт.

Күтүлүүчү натыйжалар:

  • Алынган маалыматтардын негизинде Сары-Челекти көздүн карегиндей сактоо керек экендигин билишет;
  • Өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшөт;
  • Бири-бирин угуп, колдоо көрсөтөт.

Сабактын жабдылышы: Презентация, сүрөттөр, кошумча адабияттар (Балдар энциклопедиясы, Кыргызстандын географиясы), стратегиялар (Сократтын семинары,  божомолдоо боюнча иштин ар түрдүү ыкмасы).

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу учуру

Мугалим:

— Балдар, силердин көңүлүңөрдү сүрөттөргө бургум келип жатат (презентация)

— Кандай деп ойлойсунар балдар, төмөндөгү көлдөр  кайсы көлдөр?

— Эмне үчүн мен көлдөрдүн сүрөтүн көрсөтүп жатамын?

— Силерге кайсы көлдөр жагат? (көлдөрдүн сүрөттөрү экрандан көрсөтүлөт)

    (Балдар сүрөттөр жөнүндөгү ойлорун айтат).

-Азаматсыңар, биздин бүгүнкү силер менен биргеликте талкуулай турган темабыз:

«Дүйнөнүн кооз жеринин бири — Сары-Челек».

  1. Сабактын максаты жана күтүлүүчү натыйжалар

Мугалим:

  • Балдар, келгиле ушул тема боюнча бүгүнкү сабагыбыздын максатын баарыбыз биргеликте аныктап алалы (балдардын ойлорун жана сунуштарын угат). Демек баарыбыздын ой-пикирибизди эске алуу менен төмөнкү максаттарды белгилейбиз:
  • Кыргызстандын кооз жери болгон Сары-Челек көлү жөнүндө маалымат алабыз;
  • Теманын алкагында өз оюнарды эркин жана далилдүү айтууга машыгасыңар;
  • Көлдөрдү таза сактоого, анын ичинде Сары-Челек көлүн таза кармоо боюнча эрежелерди кабыл алабыз.

Күтүлүүчү натыйжалар:

  • Алынган маалыматтардын негизинде Сары-Челекти көздүн карегиндей сактоо керек экендигин билишет;
  • Өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүшөт;
  • Бири- бирин угуп, колдоо көрсөтүшөт;
  • Көлдөрдү сактоо боюнча эреже иштеп чыгышат.
  1. Жаңы өздɵштүрүлгɵн материалды түшүндүрүү/кайталоо/бышыктоо

Сары-Челек деген сөзгө синквейин түзүү (ар бир окуучу жеке иштешет).

  1. Сары-Челек
  2. Кооз,чоң
  3. Эс алынат, корголот, жаныбарлар жашайт
  4. Сары-Челек дүйнөнүн кооз жери
  5. Көл, суу.

Мугалим балдарга “Дүйнөнүн кооз жеринин бири Сары-Челек” деген аталыштагы текстти “Божомолдоо боюнча иштин ар түрдүүлүгү” стратегиясынын негизинде окуп берет.

Текст: “Дүйнөнүн кооз жеринин бири — Сары-Челек

Сары-Челек көлү бийик тоодогу өтө кооз көл болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын батышында, Бишкектен 500 км, ал эми Оштон 300 км аралыкта, Сары-Челек коругунда жайгашкан. Ал Чаткал тоо кыркасынын кызыктуу ажайып жайы. Көлдүн узундугу түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 7,5 км, суусунун аянты -507 гектар, Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1940 м. бийиктикте жайгашкан.

Жайкысын көлдөгү суунун температурасы Цельсия боюнча +19 градустан ашпайт, кышкысын Цельсия боюнча +4төн 0 градуска чейин өзгөрүп турат. Көлдүн суусун ичкенге болот жана Кожо-Ата дарыясы агып чыгат. Тереңдиги боюнча Сары-Челек Орто Азияда үчүнчү, ал эми Кыргызстанда экинчи орунда турат”.

   

Андан соң текстке карата тапшырмалар балдарга берилет:

Берилген сөздөргө татаал сүйлөмдөрдү түзүү.

А тапшырма:

 СөзСүйлөм
1канаттуу
2Сары-Челек
3арча

 

Б тапшырма:

СөзСүйлөм
1Тоо
2Тереңдик
3Суу

Бардар таблицаны толтурушат. Жупта түзгөн сүйлөмдөрүн окуп беришет.

  1. Физкультминутка

Көлдө сүзгөн балыктай,

Кыймылымды тездетем.

Толкундардай бир толкуп,

Көңүлүмдү сергитем.

(окуучулар ырдын ар бир сабынын маанисине  жараша кыймыл жасап, ырдашат).

  1. Алган материалды колдонуу жана бышыктоо
  2. «Сократтын семинары» стратегиясын колдонуу менен окуучулар иш алып барышат.

Окуучулар ички жана сырткы тегерекче болуп турушат. Сырткы тегерекчедеги окуучулар «байкоочулар» болушат. Ички тегерекчедеги талкууга байкоо жүргүзүшөт. Ички тегерекчедеги окуучулар Сары-Челек боюнча бири-бирине суроо берип, талкуу жүргүзүшөт.

Сунушталган суроолор:

  • Эмне үчүн көл Сары-Челек деп аталып калган?
  • Мен Сары-Челекке бардым эле, ал жерде чоң көк киттер бар экен (калп же чын экенин айтышат, далилдеп беришет).
  • Сары-Челек көлү канча гектар жерди ээлейт?
  • Көл башка көлдөрдүн эмнеси менен айырмаланат?
  • Мен Сары-Челек көлүнүн суусун ичип көрсөм абдан туздуу экен (калп же чын экенин далилдеп беришет).

Байкоочулар ички тегерекчедеги окуучулардын суроолорго берилген жооптору боюнча өз ойлорун айтып, толуктоолорду киргизишет.

Андан соң ички жана сырткы тегерекчедеги окуучулар орун алмашып, иш андан ары уланат.

 

  1. Калтырылган сөздү табуу:

    1-топ

Көлгө бакма каңылтыр жана    _______  коё берилген. Келгин куштар көп. Аймактын кооздугун табигый шартынын ар түрдүүлүгүн, ____________, _____________________, айбанаттардын алардын чарбалык жана илимий  жактан баалуулуктарын эске алып, бул __________     табиятын мындан ары сактоо үчұн «Сары-Челек биосфера» коругу түзүлгөн.

Баргандар   _______ түшүндүрүшүп, дүйнөдө ушундай кооз жер экендигинне  _________.

Таяныч сөздөр: байлыгын, ондатр, аймактын, дүйнүнүн башка жеринде болбогон өсүмдүктөрүн.

2-топ            

Көлдүн жээги көбүнчө тик, _________, булуң-буйткалуу. Суунун тунуктугу 16м. ____________ жер титирегенде эбегейсиз зор көчкү өрөөндүн таманын    __________  бөгөп калышынан пайда болгон. Ошондуктан көлдүн формасы тоо  ____________  формасын  кайталап узатасынан  жатат. Көл түбүндөгү тектон __________ чыгат.

Таяныч сөздөр: Сары-Челек, өрөөнүнөн, булактар, жардуу.

Мугалим:

— Балдар,  силердин оюңарча көлдөрдү анын ичинде Сары-Челек көлүн таза сактоо боюнча биз кандай иш-аракеттерди жүргүзүшүбүз керек (балдар ойлорун айтат)?

Эми ар топто көлдөрдү анын ичинен Сары-Челек көлүн таза сактоо эрежелерин  иштеп чыккыла.(Топто талкуулап, ар бири өздөрү иштеп чыккан эрежени ватманга жазып, презентация жасашат).  Үч топтун эрежесин карап, бири-бирин толуктоо аркылуу мугалим класска жалпы эрежени сунуш кылат:

  1. Көлдүн айланасына таштандыларды таштабоо.
  2. Көлдүн өзүнө түрдүү зыяндуу заттарды салбоо.
  3. Санитардык нормаларды сактоо боюнча эскертүүлөрдү жайгаштыруу.
  4. Көлдөрдүн айланасындагы бак-дарактарга аяр мамиле жасоо.

 

  1. Баалоо, рефлексия (сабактын жыйынтыгын чыгаруу)

Окуучуларга кайтарым байланыш күндөлүгү таркатылат.

Билем __________________________________.

Билдим _________________________________.

Билгим келет_____________________________.

 

Мугалим:

  • — Азаматсыңар, балдар! Бүгүн силер абдан натыйжалуу иштедиңер. Силерге берилген ар түрдүү тапшырмаларды так жана чыгармачылык менен аткардыңар. Эң негизгиси сабактын башында силер менен биргеликте коюлган максаттарга жана натыйжаларга жеттик. Тактап айтсак, силер Сары-Челек көлү жөнүндө толук маа,лыматка ээ болгонуңарды түрдүү тапшырмаларды аткатуу далилдей алдыңар, көлдөрдү таза сактоо боюнча эреже иштеп чыктыңар. Сабакка активдүү катышып бергениңер үчүн баарыңа ыракмат!
  1. Үй тапшырмасы

Кыргызстандын аймагында жайгашкан башка көлдөр жөнүндө ата-энеңерден сурап, интернет булактарынан карап билип келгиле.

Тиркеме 1 (колдонулган кошумча текст)

Көлдүн аталышы

Көлдүн Сары-Челек деген аты ага күзүндө гана жарашат,бул убакта бак-дарактардын жалбырактары сары,кызыл түскө боёлуп көл бал сузган баканы элестетет.Жылдын калган бардык мезгилинде көлдөгү суу бир аз жашыл ыраң аралаган көк түстө болот.Көлдүн атына бир кооз уламышты байланыштырып жүрүшөт.Ал къл жээгинде аарынын уюгун кармаган балчы жөнүндө.Күндөрдүн биринде ал балды челекке куюп жатып,балдын түсү ага ушунчалык жагып калат да көлдү “Сары-Челек” деп атап коюптур.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер