Чыпалак бала
- 17.03.2025
- 0

Кыргыз тили, 4-класс
Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, окуу китеби, интерактивдүү доска, пазл.
Сабактын тиби: Жаңы билимге ээ болуу жана билимдерди калыптандыруу, жалпылоо, бышыктоо
Сабак аралаш байланыш: сүрөт, адабият.
Сабактын максаты. Билим берүүчүлүк: Жаңы сөздөрдүн маанисин түшүнө алышат. Жомокту угуп, окуп түшүнүшөт, анын негизинде сүйлөп бере алышат.
Өнүктүрүүчүлүк: Кеп маданиятына көнүгө беришет. Окуу, угуу жана сүйлѳѳ жѳндѳмдүүлүктѳрүн ѳнүктүрүшѳт.
Тарбия берүүчүлүк: Өз оюн кыскача айтып берүүгө көнүгүшөт, өз алдынча иштөөгө машыгышат.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу. Саламдашуу. Жасалма интеллекттин жардамы менен жагымдуу маанай түзүү. Сабактын максаты менен тааныштыруу. Үй тапшырманы текшерүү.
Ч.Айтматов боюнча өтүлгөн теманы кайталоо.
- Балдар, биз өткөн сабакта ким жөнүндө сүйлөштүк?
- Чынгыз Айтматов кайда, качан төрөлгөн?
- Анын балага кандай өткөн?
- Чынгыз Айтматов чыгармаларында эмне жөнүндө жазган?
Мээге чабуул
— Балдар, силер сүрөттөн эмнени көрүп турасыңар?
Манжалардын атын атагыла.
1.Бармак.
2.Сѳѳмѳй
3.Ортон
4.Аты жок
5.Чыпалак
Анда бүгүнкү өтө турган темабыз “Чыпалак бала” жомогу.
Аты эмнени билдирет?
Кандай окуялар болушу мүмкүн?
Сабакка керектүү жаңы сөздөр менен тааныштыруу (интерактивдүү досканын жардамы менен )
- Дүлөй – глухой
- Жалданып алам — наймусь
- Жутуп коёт — проглотит
- Качып кутулат — спасается бегством
- Көк бөрү — серый волк
- Төө жалбырак — лопух
- Чыңырат — кричит
- Чыпалак бала — мальчик-с-пальчик
Жогорудагы жаңы сөздөрдү пайдаланып сүйлөмдөрдү интерактивдүү досканын жардамы менен толукташат. Сүйлѳмдѳрдү окуп беришет.
1.Чоң атам _____________айтып берген.
2.Мульфильм _____________жана жети улак жөнүндө бекен?
3.Маша аюну көрүп __________________ экен.
4.Энциклопедиядан ____________тууралуу окудуң беле?
5.Абышканын кулагы ______________ беле?
6.Эшек эмнени _______________ коюптур?
Сүрѳттѳрдүн жардамы менен “Чыпалак бала” жомогу менен тааныштыруу.
“Чыпалак бала”
Бар экен, жок экен, бир кемпир-чалдын бою чыпалактай баласы бар экен. Ал чөптө эс алып жатса, төө аны жалбырак менен кошо жутуп коюптур. Чыпалак бала төөнүн ичинен чыңырат. Аны уккан кишилер төөнү союп, баланы алып чыгышат.
Бир күнү карышкыр Чыпалак баланы көрүп калат.
- Сен кимсиң? Жеп коёюнбу?
- Өзүңө жаман, ит кылып салам.
- Карышкыр ит болот деп ким айтты? Ушул сөзүң үчүн сени жейм, — деп баланы жутуп коёт.
Бир күнү карышкыр койго жакындап келет. Ичинен Чыпалак бала:
- Эй, койчу, мен көк бөрүмүн. Койго баратам! – деп кыйкырат.
Карышкыр эптеп качып кутулат.
- Эми эмне кылам? – дейт.
Анда Чыпалак бала:
- Ташматка бар, койлору семиз. Байматка бар, иттери дүлөй…
- Андан көрө адамга барам да, ит болуп жалданып алам, — дейт.
Ошентип, карышкыр ит болуп калган экен.
Окуучулар сүрѳттѳрдүн жардамы менен жомокту ѳз сѳздѳрү менен айтып беришет.
Тексттеги татаал сөздөрдү табышат. Дептерге кѳчүрүп жазышат.
Татаал сөз деген эмне?
Татаал сөздөр эки же андан көп сөздөрдөн туруп, бир маанини түшүндүрөт.
Тексттеги татаал сөздөр:
Кемпир-чал Төө жалбырак Көк бөрү Чыпалак бала
Сабакты бышыктоо
Чыпалак баланын ѳзгѳчѳлүгү эмнеде?
Ага кандай кыйынчылыктар туш болду?
Билимдерин бышыктап, кластер түзүшѳт.
Баалоо
Тема боюнча өзүңөрдү баалагыла.
Жаңы нерсе билдим | МЕН | Үйрөндүм |
Пайдаландым | Түшүндүрө алам | |
Таң калдым | Түшүнгөн жокмун |
Үйгө тапшырма
Китебиңердин 141-бетиндеги 3-көнүгүү. Жомок боюнча сүйлөмдөрдү толуктагыла.
Дүйшөева Айдай, Балыкчы шаарындагы №1 Л.Толстой атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими
Комментарийлер