Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы жылуулук кубулуштарын окуп үйрөнүү

  • 25.11.2024
  • 0
Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы жылуулук кубулуштарын окуп үйрөнүү

Сабактын  максаты:

Билим берүүчүлүк: Окуучулар Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы жылуулук кубулуштарын кандай  байланышы бар экенин боюнча маалымат берүү  жана STEAM багытынын элементтерин колдонуу менен  физика предметинде  PISA изилдөөсүндөгү табигый-илимий  жана математикалык сабаттуулугун калыптандыруу.

Өнүктүрүүчүлүк:  Жаратылыштагы  жана ар бир  жылуулук кубулуштарын өз алдынча талкуулоо, туура тыянак чыгара билүү көндүмдөрүн өнүктүрүү, физиканы башка предметтер менен байланышын так айтууга,  билимге болгон кызыгуусун арттырып, эске тутуу, салыштыруу көндүмдөрү өнүгөт.

Тарбиялык:  Жаратылыш байлыктарын пайдалануу жана туура мамиле кылууга, топтор менен иштөөгө, биргелешип чечим чыгара билгенге,  окуучулар бири-бирин сыйлоого көнүгүшөт, окутулган материалдарды колдоно билүүгө үйрөнөт.

Күтүлүүчү натыйжалар:

Сабак максатына жетет, эгерде окуучулар жылуулук кубулушунун физикалык аныктамасына түшүнүп, аны турмушта пайдалана алса. Жылуулук кубулуштарын башка предметтер менен айкалыштырып, ага мисалдарды келтире алса. Жаратылыш байлыктары адам баласынын жашоосундагы негизги ролдорду аткараарын жана бул байлыктарды баалаганды билишсе. Алган билим,  билгичтик, көндүмдөрүн  тестте жана өзүнүн жашоосунда  колдоно  алса.

Негизги жана  предметтик компетенттүүлүктөр:

  • Жылуулук кубулуштары, түрлөрү жана башка предметтер менен болгон байланышы боюнча маалымат алат. Маалымат таба билүү, изденүү  көндүмү  калыптанат. Кубулуштар боюнча маалыматтын тереңдетет.
  • Табигый-илимий билимдерге кызыгуусу артат. Окуган материалдардан аргументтүү жыйынтык чыгара билүү, илимий суроолорду коё билүү, илимий изилдөөнүн негизги себептерин ача билүү көндүмү өсөт.
  • Алган билимин, билгичтик, көндүмдөрүн  тесттерде, күнүмдүк  турмушта,  керектүү учурда колдонот.

Сабактын тиби: Жыйынтыктоо сабагы

Сабактын формасы: Топтоо   иштөө

Сабакта  колдонулуучу  методдор:  изилдөө, иллюстрациялап  түшүндүрүү, байкоо

Сабакта  колдонулуучу баалоо  методдору: калыптандыруучу, бири – бирин баалоо, баяндап баалоо

Сабактын  жабдылышы: Ноутбук, проектор, сүрөттөр, суу, идиш, газ баллону

Предмет аралык байланышы: Кыргыз  адабияты, биология, география, математика, химия

Сабактын  жүрүшү

  • Уюштуруу, жагымдуу маанай түзүү (3 мүнөт)
  • Өтүлгөн теманы кайталоо (6 мүнөт)
  • Сабактын темасын, максатын жана күтүлүүчү натыйжаны жарыялоо (4 мүнөт)
  • Жаңы тема. Топ тест, тест менен жалпы иштөө (20 мүнөт)
  • Бышыктоо ( 6 мүнөт)
  • Баалоо (2 мүнөт)
  • Үй тапшырма берүү (2 мүнөт)
  • Рефлексия жыйынтыктоо (2 мүнөт)

Мугалим:

Дайым даяр сабагым

Саламаттык каалаймын

Саламатсыңарбы алтындарым!

Сабак жагымдуу маанай менен башталат. Тегерек болуп окуучулар турушат.  Балдар, карагылачы, бүгүнкү күнүбүз кандай тийип турат? Балдар бир гана сөздөн турган сөз айтышат. Мисалы: Ачык, жылуу  ……. ж.б.

Топторго бөлүү: Балдар азыр болсо бул жерде турган баракчалардан каалаганыңарды алгыла. Балдар келишип үч өңдөрдөн турган баракчаларды алышат.

Окуучунун жообу: Жагымдуу маанайдын  түзүлүшүнө көмөктөшөт. Окуучулар  баракчалары аркылуу  топторго  бөлүнүшөт. Доскадагы илинип турган өңдөрдү алышат. Жашыл, сары,  көк. Бул өңдөрдүн артында  сарыда күндүн   сүрөттү жана  көктө   асмандын  сүрөттү ал эми жашылда жердин сүрөттү болот. Ошол сүрөттөр боюнча окуучулар “Күн” тобу, “Асман” тобу жана “Жер” тобу болушат.

Мугалим: Балдар, бүгүнкү сабактын  АЛТЫН ЭРЕЖЕСИ менен таанышып алгыла.

  • Активдүү болуу
  • Бири-биринин оюн сыйлоо
  • Кол көтөрүп сүйлөө
  • Убакытты туура пайдалануу
  • Өз оюбузду так, ачык айтуу
  • Биргелешип иштөө
  • Тынч отуруу
  • Кызыгып катышуу

Окуучуларга БААЛОО БАРАКЧАСЫН таратат. Бул баракча менен ар бир окуучу өзүн баалайт. Топторду болсо күндүн нуру менен баалайбыз.

Окуучулар: Окуучулар бүгүнкү сабактын АЛТЫН ЭРЕЖЕСИ менен таанышышат. Баалоо баракчаларын алышат.

Мугалим: Өтүлгөн  теманы   сүрөттөр  менен кайталайт. Сүрөткө көңүл бурабыз. Эмнени көрүп турасыңар?

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы жылуулук кубулуштарын окуп үйрөнүү

Окуучулар: Окуучулар кол көтөрүп жооп беришет.  Тапшырманы аткарууга жоопту болушат. Биринчи сүрөт бул нурдануу аркылуу берилет.  Экинчи сүрөт бул жылуулук өткөрүмдүүлүк аркылуу берилет. Төртүнчү менен алтынчы сүрөттөр конвекция аркылуу берилет.

Ал эми үчүнчү сүрөт бул буулануу жана бешинчи сүрөт бул кайноо. Окуучулар ар бир жылуулук алмашуунун эрежелерин айтышат.

НУРДАНУУ- бул учурда жылуулук бир нерседен экинчи нерсеге нурдануу аркылуу берилет.  Затты түзгөн бөлүкчөлөрдүн (атом, молекула, электрон ж.б.) башаламан кыймылы аркылуу нерсенин бир кыйла жылуу бөлүгүнөн муздагыраак бөлүгүнө ( нерсеге) жылуулуктун өтүү процесси жылуулук өткөрүмдүүлүк деп аталат. Заттын агымы аркылуу жылуулук берүү конвекция деп аталат.

Мугалим: Азаматсыңар балдар силер туура айтыңар. Демек булардын баардыгы жылуулук берүүнүн жолдору болуп саналат. Балдар слайдга көңүл бурабыз.

Окуучулар: АНАГРАММА жазылган тамгалардын жардамы менен кыргыз элин дүйнөгө тааныткан жазуучунун ысымын табышат. Бул ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ деп табышат.

Мугалимдин сөзү: Окуучулар анаграмманы табышкандан кийин сабактын темасын,  максатын жана күтүлүүчү натыйжаларын түшүнүктү кылып жарыялайт.

 Презентация: Кубулуш деген эмне? Жаратылышта болуп өткөн  бардык өзгөрүүлөр  кубулуш деп аталат. Жаратылыш кубулуштарынын законченемдүүлүгү физикалык закондорго баш ийсе, анда ал кубулуштар физикалык кубулуштар деп аталат. Физикалык кубулуштарга механикалык, жылуулук, электрдик-магниттик, жарык кубулуштары кирет. Механикалык кубулуштарга көзүбүз менен көрүп, байкаган бардык кыймылдар кирет. Алсак, курт-кумурскалардан баштап космос кемелеринин, ал тургай Жер, Ай, Күн сыяктуу космос объектилеринин кыймылы ж.б.  Жылуулук  кубулуштары  нерселердин ысуусу жана  муздоосу, тоңуу, эрүү, буунун, шамалдын пайда болушу ж.б. кошууга болот. Электрдик  кубулуштар  нерсени электрлөө, электр тогун алуу, токту үй – тиричилигинде, өндүрүштө, айыл чарбада колдонуу, чагылгандын чартылдашы, күндүн күркүрөшү мисал болот. Магниттик  кубулуштар  магниттин темирди өзүнө тартуусун, компастын жардамы менен Жердин уюлдарын аныктоону, электр тогун пайда кылуучу түзүлүштөрдүн иштешин келтирсек болот. Жарык куб.  жарыктын таралышы, чагылышы, көлөкөнүн пайда болушу, ар кандай түстөрдүн болушу аркылуу  түшүндүрүлөт.

 Топтордун тест менен иштөөсү:

1-таршырма:  1-топ: Бул машакаттуу тердетме көпкө созулду. Жоргонун башы айланып, теребел жан дүйнө, жакындагы боз үйлөр, алыста жайылып жаткан жылкы, алкактаган тоолор, көктөгү булуттар кошо айланды. Жорго зорукту, чапканын коюп калчылдай басты. Ичи ысып, чаңкап баратты, денесинен чыккан буркураган буу жанга тынчтыктык бербей, алсырап баратты.

                                                                                                                 “Гүлсарат” (3-том 242-бет)

Суроо: Жоргонун бул көрүнүшү кандай кубулуштан улам болуп жатат?

а) буулануудан              б) нымдоодон       в) эрүүдөн     г) конвекциядан

2-топ: Канымгүл сугатчыларга кечки тамагын бергени даярданды. Тамагын жасап бүтүп дасторкон жайып баштаганда токочтун жок экенин билди. Ал тезинен казанга суу куюп от жакты. Жерге отура калып камыр жууруп баштады. Жерде камыр жууруп отурган Канымгүлдүн бетин оттун жалыны ысытып аны бүлбүлдөгөн кызгылтым түскө боёду. Анын албырган бети оттун нурдануусунан андан бетер сулуу болуп көрүнүп турду.

                                                                                                     “Түнкү сугат” (5-том 2400-бет)

 Суроо: Канымгүлдүн бети эмне үчүн кызарды? Жообун ооба, жок деп белгилегиле.

Оттон чыккан ысыктан кызарды
Камыр жуургандан кызарды
Оттун нурдануусунан кызарды

3-топ: Бир күнү жумуштан кийин тамак ичип отту тегеректеп отурганда Даниярдан сурап калдым.

-Данике, согуштан сөз козгоп, эрмектеп бербейсиңби?

-Согуш дейсиңби? Согуштун түрү курусун, сендер аны билбей эле койгула.

Данияр бери жакта жаткан катуу-катуу куурайдан чоң тутам алып, отту көсөп, тез-тез үйлөп күйгүздү да, желпилдеп күйгөн жалынды тиктеп унчукпады.

                                                                                                             “Жамийла” (1-том 43-бет)

  Суроо: Бул үзүндүдө кандай жылуулук кубулушу жөнүндө сөз болуп жатат?

2-тапшырма:

 1-топ: Күз мезгили, Сейит күндөгүдөй араба айдап келе жатты. Бир заматта күн карарып, жаан нөшөрлөп жаап баштады. Сейит жаанда калды. Жаандын тамчылары Сейитттин  көйнөгүн суу кылып денесин муздатты. Сейит үшүй баштады. Ал үшүп келип мешке жыгач отун жакты.  Негедир ал жылына алган жок.

                                                                                                                 “Жамийла” (1-том 89-бет)

Суроо: 1) Комнаталык температурага жекирүү үчүн Сейит канча салмактагы жыгач отун жагуу керек? Эгерде 30 000 кДж жылуулук берүү керек болсо?

2) Бул текстте кандай жылуулук кубулушун  көрө алдыңар?

 2 – топ: Зейнеп апа дагы отурду да, сандыктан ак түстөгү үч метр кездеме алып эркекке көйнөк бычты. Жакка жеңдерин тиккенден кийин 0,5 метр калды. Ал эшиктен тезегин алып келип, от жакты үйдүн ичи ысып береке киргендей болду, казанга салынган эт боркулдай кайнай баштады. Сорпо соолуп кетпесин деген кыязда казандын капкагын кыйгачтатып жаап көпкө тиктеп турду. Эт бышкыча Зейнеп апа кол машинасы менен көйнөктү да тигип бүттү.

Суроо: 1. Зейнеп апа кездеменин канча метрин көйнөккө сарптаган? Эгерде жака жеңине кездеменин 0,3 метр керектелсе.

  1. Зейнеп апа кандай жылуулук кубулуштарынын күбөсү болду?

3 – топ: Анын жанына дөбөгө чыгып отурсам. Ар дайым, ар кандай жылуу сөздөр менен мени эркелетчи. Бүгүн  негедир Жамийланын  көңүлү жоктой ал жөн гана акырын. Бери келчи, кичине бала! – деп жалгыз отургандан коркконсуп мени жанына чакырып алды да. Бирок, ал эч нерсе айткан жок, тек гана эркелете дирилдеген ыссык алаканы алаканы менен бетимди назик сылады, анан күн жыттанган колунун оттой болуп ысыган илебине берилип, бетим анын колундагы жылуулукту алып жатты.

                                                                                                                   “Жамийла” (1-том 75-бет)

Суроо: Төмөндө берилген сүйлөмдөр, тексттеги  кубулушту мүнөздөп бере алабы? Ар бири үчүн “ Ооба” же “ Жок”  деп жооп бергиле.

Бир телодон экинчи телого жылуулуктун берилиши
Жамийланын колунун жылуулугу күн нурунан берилиши
Жамийланын жылуулугу менен Сейитин жылуулугунун орун

алмашышы

Бышыктоо: Келгиле балдар анда, бүгүнкү сабакта биз кандай кубулуштар менен тааныштык. Доскадагы сүрөттөрдүн жардамы менен айтып бергилечи. Кана балдар ким айтып  берет?

Баалоо: Билимдерди баалоо. Уткан топту аныктоо.

Үй тапшырма: Биз силер менен бүгүн жылуулук алмашуу  боюнча ар кандай тесттер менен иштеп, тапшырмаларды аткарып кенен маалымат алганга аракет кылдык. Силер үйдөн  кардын үстүнө өзүңөрдүн таманыңарды изин таштап койгула. Анын үстүнө 1-топ: Ак чүпөрөк менен,  2-топ: Силер балдар кара чүпөрөк менен . 3-топ: Силер кызыл чүпөрөк менен жабасыңар. Эртеси барып ачканда эмне болгонун  байкап келесиңер.

Назира  Джаилканова, Жапар Шабиров атындагы  Орто-Өрүктү мектебинин физика мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер