Чыңгыз Айтматов. «Атадан калган туяк»

  • 24.06.2024
  • 0
Чыңгыз Айтматов. «Атадан калган туяк»

Кыргыз тили, 5-класс

Чыңгыз Айтматов. «Атадан калган туяк»Сабактын   тиби: Билимдерди жалпылоо, кайталоо жана системалаштыруу.

Сабактын усулу: Интерактивдүү. Топтордо иштөө.

Сабактын тиби: Аралаш.

Сабактын жабдылышы: слайд, түстүү кагаздар, маркер, сүрөттөр, буклеттер, баалоо үчүн гүлдөр.

Сабактын жүрүшү:

«Көктөм келди, күн нуруна жылынган

Көркөм  дүйнө эмгек, ишке жуурулган

Жаӊы күндүн башталышын кубаттап,

Жараткандан бизге бакыт сунулган», — деп жаз майрамдарын тосуп, шаттанып турган бактылуу күндөрдө сабагыбызды баштоонун алдында турабыз. Анда сабагыбызды баштоодон мурда маанайыӊардын кандай экендигин билип алсам. Маанайларын түстөр аркылуу билдиришет. Карагылачы, биздин сабакка канча көп коноктор келип олтурушат. Келгиле, аларга жылмаюу тартуулап койгула.

Кайсынысы ашыкча?

Ч. Айтматов

Жакшы кыз

Т. Молдо

Авалбек

Барпы

Телибай

Темабыз: Ч.Айтматов “Атадан калган туяк”. Бүгүнкү сабактан эмнени күтөсүӊөр, кандай максат койгуӊар келет? Сабагыбыздын бөлүмдөрү менен таанышкыла:

1-бөлүк: «Ардактуу уулу кыргыздын, даӊктайлы улуу Чыӊгызын» деп аталат (анда көркөм окуу жана үй тапшырмасы жайгашкан).

2-бөлүк: «Чыгармачылык бийиктикке карай жол» деп аталат (аӊгеме жөнүндө схемалар бар).

3-бөлүк: «Айтматов жана биз» деп аталат (анда тасмадан үзүндү жана  “Өнөрлүү балдар» бар).

Көркөм окуу: келгиле, балдар, сабагыбызды баштоодон мурда Ч. Айтматовду даӊазалаган ырларыбыздан көркөм окуп бергилечи.

Үйгө кандай тапшырма берилген? Үй тапшырмасын “Эки жылдыз бир каалоо” менен текшеребиз. 1-топ тапшырманы текшергенче биз  1-топ менен “ООБА. ЖОК” оюнун ойнойбуз. Суроолорго “ООБА” же “ЖОК” деп жооп бересиӊер. Түстөр менен.

1-топ

  1. Ч. Айтматов 1928-жылы төрөлгөн — ооба
  2. Атасынын аты Төрөкүл болгон — ооба
  3. Ч.А. эстелик айкели 2011-жылы “Ала-Тоо” аянтында орнотулган – ооба.
  4. Ч.А. 2010-жылы каза болду – жок.

2-топ

  1. Ч.А. туулган күнү 20-январь – жок.
  2. Ч.А. апасы татар улуттун кызы болгон – ооба.
  3. Биз бир да чыгармаларын окуган эмеспиз.
  4. 2018-жылы 100 жылдык  мааракесин белгиледик – жок.

Аӊгеме жөнүндө маалымат беришет. Эми китеп менен иштөө. Окуу китепте берилген схемаларды карайбыз. 1-схеманы ар бир окуучу  аткарасыӊар. Критерийлерге карап, түстөр менен өз жоопторун текшеришет. 2-схеманы топ менен толтурушат. Доскада презентациялашат.

Аӊгеме жөнүндө топтор бири-бирине суроо беришип, жооп беришет.

Чыңгыз Айтматов. «Атадан калган туяк» Чыңгыз Айтматов. «Атадан калган туяк»

Сүйлөмдөрдү толуктоо: Биз үчүн азыркы учурда маанилүү болуп турган ЖРТ боюнча сүйлөмдөрдү толуктоо тапшырмасын аткарасыӊар.

1. Анын эмне деп жатканы бул алааматта кулакка ___.

а) илешпейт              б) көрүнбөйт

в) билинбейт             г) келбейт

2. _____ согушта ноопат болгону жалганбы?

а) Авалбек                              б) Кинодогу киши

в) Атасы                                           г) Жээнгүл

3. Авалбектин атасы кыйган ______ сулады.

а) гүлдөй                                 б) суудай

в) теректей                             г) бактай

4. Баары теӊ _____ бет алып, күтүп калышты.

а) кашарга                       б) сүрөтчүгө

в) атасына                      г) киномехникке

3-бөлүм, «Айтматов жана биз». Тасмадан үзүндү көрүү.

Атадан калган туяк”- кино өнөрүндө.

“Атадан калган туяк” аӊгемесинин негизинде телефильм тартылып,көп жылдардан бери коюлуп келет.1973-1974-жылдары “Кыргызтелефильм” студиясы кыска метраждуу телефильм  тарткан. Ошол тасмадан үзүндү көрөбүз.

-Кана, көрдүӊөрбү? Кандай гана таасирлүү көрүнүш.  Силер да ошондой ролдорду аткаргыӊар келеби? Кана, ким Авалбек болот? Жээнгүл ким болгусу келет? Келгиле, силер да өнөрлүү балдар экендигиӊерди көрсөткүлөчү?

Көрүнүштү окуучулар баалашат. Түстөр менен көрсөтүшөт.

Баалоо: Сабактын жүрүшүндө активдүү, татыктуу катышкан окуучуларды алкап, баалайм. Топтор алган упайларын эсептешип, өздөрү жыйынтык чыгарышат.

Үй тапшырмасы: Сабак силер үчүн кандай болду? Бүгүнкү сабак силерге жактыбы? Кайсы тапшырмалар жакты, жакпаганы, силер үчүн кыйын тапшырма болдубу? Үйгө тапшырма: «Авалбек жана атасы» деген темада дил баян жазып келүү.

Чыңгыз Айтматов. «Атадан калган туяк» Назира Атабаева, Жалал-Абад облусунун Сузак району, №4 Б. Шамшиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер