ҮЧКӨ БӨЛҮҮ

  • 17.07.2023
  • 0
ҮЧКӨ БӨЛҮҮ

Мунара Бейшеева,

Бишкек шаарындагы №21 мектептин башталгыч класстар мугалими

Предмет:   Математика   2 — класс

 Сабактын максаты:

 1)  100 санын чегиндеги сандар менен болгон амалдарды аткаруу менен  туюнтманын маанисин таба алышат.

Маселенин шартын предметтердин, схемалык чиймелердин жана схемалардын жардамы менен моделдештирип, белгилүү белгисиз чондуктарды ачып бере алышат.

2)  Геометриялык фигуралардын  каситеттерин мүнөздөйт жана геометриялык фигураларды формасы боюнча салыштырышат.

3) Топто иштей алышат. Шамдагайлуулукка ойлоп тапкычтыкка, бири-бирин пикирин  угууга тарбияланышат.

Баалонун критерийлери: топтордо жана өз алдынча баалоо.

Cабактын тиби: жаңы материалды өздөштүрүү.

Окуу иш-аракетин уюштуруунун формалары жана ыкмалары-

Жекече иштөө, жуптарда иштөө, топто иштөө.

Предмет аралык байланыш: Адабий окуу, көркөм өнөр, кыргыз тили, мекен таануу

Сабактын этаптары: Мотивация берүү, уюштуруу, шыктандыруу, кайталоо,

түшүндүрүү жаңы үйрɵнгɵн материалды бекемдɵɵ.

ҮЧКӨ БӨЛҮҮ

 №1.

3 * 3 =       3 * 4 =      3 * 5 =       3 *6 =

9 : 3 =       4 * 3 =       5 * 3 =       6 * 3 =

3 * 3 =      3 * 4 =       3 * 5 =       3 *6 =

9 : 3 =       4 * 3 =       5 * 3 =       6 * 3 =

12 : 3 =      15 : 3 =     18 : 3 =      12 : 4 =      15 : 5 =      18 : 6 =

2. Тема боюнча ойлорун ортого салышат.

Окуучулар берилген тапшырмаларды  моделдештирүүнүн бир канча жолдору менен  жупта иштешет.

Маселени элестетүү жана чыгаруу

№3.                             1 – топ

Марка 3 сом турат. 15 сомго канча марка сатып алууга болот?

                                      2  – топ

 Матрица түзүү.

а) Үч  уйдун 9 литрден сүт саап алышты. Бардыгы канча сүт саап алынган?

Дагы кимиңер кандай ойлорду айта аласыңар?

Калыптандыруучу баалоо

Маселеге талкуу-

 Карама-каршы божомол. Туура эмес чыгарылышка карата талкуулоо үчүн суроолор:

-Сиз макулсузбу?

-Эмне үчүн?

Сиз бул жоопко эмне дейт элеңиз?

Туура айтты деп ойлойсузбу?

Талкуунун жыйынтыгын чыгаруу.  Маселенинин чыгарылышын моделдештирүү

1 – топ

Геоборд жардамы менен жактары 3 см болгон беш бурчтук түзгүлө.

2 – топ

Жактары 3 см болгон беш бурчтук чийгиле.

3 – топ

Жактыры  3 см болгон беш  бурчтуктун периметрин тапкыла.

(Окуучулар мугалимдин бир канча моделдештирүүнүн жолдору менен чыгарылган мисалдарды байкашат мугалим менен биргеликте талкуулап,ошонун негизинде эреже чыгарышат)

 Алынган билимдерди колдонуу жана бекемдөө. Практикалык иш

Фигуралардын оюну.

  1. Үч бурчтук
  2. Квадрат
  3. Алты бурч
  4. Беш бурч
  5. Трапеция
  6. Ромб

Өтүлгөн теманы бышыктоо:

Биринчи туюнтма экинчисинен 7 ге аз болгондой кылып жайгаштыр.

Баалоо.  Тез текшерүү/ Формалдуу эмес калыптандырылган баалоо.

Короздун салмагы 10кг.Эгер ал таразага бир буту менен турса канча кг болот?

8 * 9 =            6 * 4 =       5 * 5 =   

72 : 8 =          24 : 4 =       6 * 6 =

72 : 9 =          24 : 6 =  

(Окуучулар өз жөндөмдүүлүктөрү менен чыгарган мисал, маселени түшүндүрүп беришет.

Баалоо критерийи менен бааланышат.)

Рефлексия (сабактын жыйынтыгын чыгаруу)

Эмне тапшырма берилди ?

Коюлган маселени чече алдыңызбы?

Кантип?

Жаңы билимди кайда кантип колдонууга болот? (Окуучулар алган билимдерин бышыктоо үчүн рефлекция жүргүзүшөт)

Yй тапшырма: Окуучулар берилген үй тапшырманы кантип аткаруунун жолдорун билүүдө мугалимди кунт коюп угушат.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер