Булбул менен жылан

  • 19.03.2025
  • 0
Булбул менен жылан

Дооронова Гулимкан, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу №19 Адилбек Абдукаимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класс мугалими

Адабий окуу, 4-класс

Сабактын максаты:

а) Окуучулар чыгарманы окуп маанисин түшүнүшөт, талдашат.

б) Боорукердик жана таш боордук жөнүндө ой бөлүшөт жана чыгармадагы каармандардын образдарын кластер түзүү менен салыштырышат.

в) Жаныбарларга аяр мамиле жасоого, байкагычтыкка тарбияланышат.

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү

Сабактын усулу: интерактивдүү, синквейн, Венн диаграммасы АЖППОК

Сабактын жабдылышы: ватман, маркер, сүрөттөр, слайд

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу

Дайым  ачык кабагым,

Дайым даяр сабагым

Саламатсыңарбы балдарым ,

Саламатчылык каалаймын.

Алтын эреже

Эрте туруп ар дайым,

Сабагыма кечикпейм.

Тартип бузуп себепсиз,

Чуркап кирбейм эшиктен.

Суроо берсе эжекем,

Көл көтөрүп жооп берем.

Ар нерсеге алаксып,

Бура койбойм оюмду,

Жолтоо болуп эжейге.

Уруксатсыз баспаймын,

Тапшырманы сураса.

Жалкоолукту таштаймын.

Азаматсыңар, анда келгиле, “бир”, “эки”, “үч” командасы аркылуу үч топко бөлүнөлү.

Ал эми сабакка жакшы катышып, жакшы жооп берген окуучулар кызыл, төрткө жооп бергендер сары, үчкө жооп бергендер  ак гүлдөр менен бааланат.

Жаңы тема: Балдар, бир жылда канча мезгил бар? Алар кайсылар? Табышмактын жандырмагын тапкылачы?

Уккулуктуу  сайраган,

Жаз айында жайланган.

Кыш болгондо кетет да,

Жазында келет кайрадан.

(Б….л)

Жер астында жаткан эт.

(ж…н)

Бул эмне жандырмагын айткылачы?

Демек, бүгүн биздин сабак эмне жөнүндө болот экен?

Анда эмесе силерге булбул жана жылан жөнүндө маалымат берем.

“Булбул менен жылан” жөнүндө видеоролик коюлат.

Мен текстти көркөм окуп берем кунт коюп уккула. Балдар чынжырча түрүндө окушат.

Физминутка жасоо.

Кел досторум ар убакта,

Ынтымакта бололу.

Таарынышып калсак эгер,

Кечиришип коёлу.

Көз-көзүнө тике карап,

Жылмайышып коёлу.

  • топ булбулга синквейн түзүшөт
  • топ ВЕНдин диаграммасын түзүшөт
  • топ АЖППОК схемасы менен иштешет.

Андан кийин топтор булбул, жылан, жаратылыш сөздөрүнө фонетикалык  талдоо жүргүзүшөт.

 Бышыктоо үчүн суроолор:

1.Бул чыгарманын автору ким?

2.Булбулдун тынчсызданганынын себеби эмнеде?

3.Сен бүгүнкү чыгармада кайсы каарманды тандадың?

4.Жыландын максаты эмне эле?

5.Булбулдун эзелки душмандары  эмнелер?

6.Булбул балдарын коргой алдыбы?

Баалоо: вазадагы гүлдөр менен баалоо

Үй тапшырма: көркөм окуп келүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер