БОЗ ҮЙДӨГҮ ГЕОМЕТРИЯ

  • 15.01.2024
  • 0
БОЗ ҮЙДӨГҮ ГЕОМЕТРИЯ

Назгүл Кыргызбаева,

Базар-Коргон районунун Акман айылынын

Тешебай Исак уулу атындагы №35 орто мектебинин математика физика мугалими

Сабактын темасы: Боз үйдөгү геометрия

Сабактын тиби: жаңы билимдерди өздөштүрүү

Сабактагы колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: интерактивдүү. Өз алдынча иштөө, жупташып иштөө. Мээге чабуул.

Сабакта колдонулуучу  каражаттар жана  материалдар: окуу китеби, сүрөттөр, компьютер,

проектор.

Сабактын максаты:

  1. Боз үй геометриялык фигуралардын жыйындысынан тураары жана аткарган функциясы боюнча түшүнүк алышат.
  1. Окуучулар алган билимдерин турмушта колдоно алат.
  2. Өз алдынча иштей алышат.

Анда бүгүнкү сабакта алтын эрежени кабыл алабыз.

Үй тапшырмасын текшерүү: геометриялык фигураларды жасап келүү

Жаңы тема: Боз үйдөгү кездешкен айрым фигураларга мүнөздөмө берели. Айлана жана тегерек

Боз үйдүн орду — тегерек деген фигураны берет. Анын ордунун аянтын табыш үчүн тегеректин аянты, айлананын узундугу формулаларын колдонобуз.

S  тегеректин аянты

 S=19, 625

Боз үйдөгү кездешкен тегиздиктеги фигуралардын аянттары

S=a*b

S=a*h

Сабакты бышыктоо үчүн тапшырмалар

Боз үй.

Боз үй – кыргыз элинин улуттук мүлкү, маданияты. Ал көчүп-конууга ылайыкташкан, көчмөн кыргыз элинин каркас, купол сымал турак жайы. Кыргыздар боз үйдүн эшиги дайыма чыгыш жакты карап тургандай кылып орнотушкан.

В чекитин боз үйдүн эшиги деп эсептейли. Азамат В чекитинен боз үйгө кирип, О чекитине чейин жетти (О чекити боз үйдүн борбору, б.а. айлананын борбору). Ал В чекитинен О чекитине жетиш үчүн 10 кадам жасаган.

1-мисал.  Эгерде Азаматтын ар бир кадамы 50 см болсо, боз үйдүн диаметри канча болот? (метр менен). Жообун чыгарылышы менен жазгыла:

50*10=500см=5м       D=2r          D=2*5=10м

2-мисал. Боз үйгө киргенден кийин, адам кайра түндүк жакты карап калыш үчүн канча градуска бурулушу керек?

1800:2=900

      6м

3-мисал. Эгерде боз үйдүн диаметри 6м болсо, керегелер орнотулган айлананын узундугун тапкыла.

r=6:2=3м

С=2*3,14*3=18,84м

4-мисал. Ысык-Көлдүн түштүк жана түндүк жээктеринде боз үйлөр шаарчасы бар. Ал жерге көп туристтер жана эс алуучулар келип эс алат. Сүрөттө түштүк жана түндүк жээктеги боз үйдүн бир сутка үчүн ижара акысы көрсөтүлгөн.

Бул жээктеги боз үйлөрдүн орточо ижара акысы -1160сом

-түндүк жээк

-түштүк жээк

5-мисал. Узуну 9м туурасы 3м болгон тик бурчтук формасындагы  кийизден түндүк жабуу бычмай болушту. Түндүк жабуунун жактары 3м болгон квадрат формасында болсо ушул кийизден эң аз канча түндүк жабуу бычылат?

  • S=3м*9м=27
  • S=3м*3м=9 жабуунун аянты
  • S= 27 =3 даана түндүк жабуу бычылат.

Сүрөт менен иштөө

Төмөндөгү оюуларда симметриянын эки түрү берилген. Октук жана борбордук симметрия. Төмөндөгү оюуларды эң тез кантип кесип алууга болот?

Окуучулардын билимин баалоо.

Сабакты жыйынтыктоо.

Үй тапшырма: №10, 11-көнүгүү

Бөлүшүү

Комментарийлер