БИЗ ТАЗА ШААР ҮЧҮН!

  • 24.06.2024
  • 0
БИЗ ТАЗА ШААР ҮЧҮН!

Класстык саат

Сабактын максаты: Окуучуларга өзүбүздүн жашаган жерибиздин таза, көрктүү, кооз болушу үчүн коомдогу иш-аракеттердин максатын түшүндүрүп, үй-бүлөлүк тарбия менен бекемдөө.

Тазалыктын маанисин, адамдын жашоосуна тийгизген таасирин түшүндүрүү менен эмгек тарбиясын үйрөтүү.

Ар кандай пайдалуу иш-аракеттерден четте калбай, кол кабыш кылып, аралашууга үйрөтүү.

Рухий жактан да таза болууга багыт берүү.

Сабактын жүрүшү:

Доскада «Тазалык менден, сенден, ушул жерден башталат!», «Мен таза шаарда жашагым келет!», «Менин кыялым — гүлдөгөн таза шаар», «Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот  (И. Раззаков)» илинип турат.

Келгиле, сүйлөшөлү, балдар! Өзүбүздүн жашаган жерибиз үчүн сен күйбөсөң, мен күйбөсөм, анда ким күйөт? — деген суроону ар бирибиз өзүбүзгө береличи. Эртең кеч болуп кала электе, ушул суроого жоопту мына азыртан баштасак кантет? Туура, баарыбыз таза, кооз, маданияты жогору шаарда жашагыбыз келет. Бирок биз каалагандай болбой жаткандыгына күнөөнү кимден издейбиз? Мамлекетпи, чоңдорбу, же өзүбүзбү, же баарыбыз күнөөлүбүзбү? — деген суроонун үстүндө ой жүгүртүп көрөлү.

Силер үчүн шаарыбыздын бүгүнкү абалы кандай?

— Кышында түтүн, ыш аябай жыттанат;

— Айрым адамдар көрүнгөн жерлерге  таштанды төгүп кетишет;

— Кээде таштандылар белгиленген убакта ташылбай калат, жыттанып, сасыйт;

— Тамекинин калдыктарын улуу-кичүүсү деле туш келди ыргытып кете беришет;

— Чоң-чоң үйлөр көп курулууда, бирок ирети жоктой туюлат;

— Унаа тыгыны көп учурда ыңгайсыздык жаратат;

— Көчөлөрдө, парктарда, деги эле коомдук жайларда ар кандай тамак-аштын калдыктары, суусундук ичкен бөтөлкөлөр калып кетет;

— Мына балдар биз күнүмдүк жашоодогу өзүбүз байкаган көрүнүштөрдү айтып өттүк;

— Келгиле эми, канткенде ушул көйгөйлөрдөн чыга алабыз?

— Биздин колубуздан кандай жумуштар келет, кандай салым кошо алабыз деген сыяктуу суроолордун үстүндө изденип көрбөйлүбү!

— Анда эмесе азыр биз топторго бөлүнүп  төрттөн окуучу менен иштей тургандай кылып, суроолорду түзөлү (төрттөн окуучу, жетидей топ болуп калат, бул эми окуучунун санына жараша).

1. Ички тазалык дегенди кандай түшүнөбүз?

2. Сырткы тазалык жөнүндө эмне айта аласыңар?

3. Таза шаар үчүн сенин салымың кандай болушу мүмкүн?

4. Коомдук жайларда өзүн алып жүрүү адеби боюнча оюңарды, байкаганыңарды айталы.

5. Абаны тазалоочу бак-дарактарды билесиңерби?

Деги эле шаардын көркүнө, кооздугуна бак-дарактардын таасири жөнүндө эмнелерди айтсак болот?

6.Таштанды көйгөйүнөн арылуу жөнүндөгү келечекти ой-жүгүртүүңөр кандай болушу мүмкүн?

7. Жаратылыш жана биз деген суроого ой жүгүртөлү.

— Мына ушул суроолор боюнча балдар өздөрүнүн ой-пикирлерин, маалыматтуулугун ар кандай формада чагылдыра алышат (сүрөт менен, ар кандай таяныч схемалардын жардамы менен класстер түзүп, жазуу жүзүндө ж. б.).

Сабакты жыйынтыктоо:

  1. Ар бирибиздин максатыбыз гүлдөгөн, таза шаарда жашоо;
  2. Шаарыбыз биз үчүн бардык жагынан коопсуз болуу керек;
  3. Билимдин, өнүгүүнүн, жашылдануунун, тазалыктын шаары болушун каалайбыз;
  4. Биримдик, ынтымак, ак ниеттүлүк, эмгекчилдик болсо, жашообузда жакшы жетишкендиктер болот.

Жасалган макет аркылуу таза шаар менен булганган шаардын айырмачылыктарын белгилөө менен сабакты жыйынтыктоо. Аягында Бишкегим ырын жалпы ырдоо менен аяктоо.

Бейшенбаева Бусара, Кыргыз билим берүү академиясы, Тарбия, социалдаштыруу жана мектептен сырткары кошумча билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери.

Бөлүшүү

Комментарийлер