БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕГИ ДЕНЕ ТАРБИЯ окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

  • 18.08.2023
  • 0
БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕГИ ДЕНЕ ТАРБИЯ окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

Башталгыч мектептеги дене тарбия сабагы окуучунун негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрүн калыптандырышы шарт. Негизги компетенттүүлүк окуучунун маалыматтык, социалдык-коммуникативдик жана өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү жөндөмдөрүн, ал эми предметтик компетенттүүлүк – окуучунун жалпы физикалык даярдыгын жана ден соолугун чыңдоо аракетин калыптандыруу дегенди туюндурат. Ага байланыштуу дене тарбия сабагынын максаты, милдеттери, каражаттары, ыкмалары жана күтүлүүчү натыйжалары жогоруда аталган жагдайларга дал келтирүү аракети көрүлүшү керек. Сабактын максатын, милдеттерин жана каражаттарын аныктоодо окуу программасында көрсөтүлгөн милдеттүү мазмун (48 саат) жетекчиликке алынып, тийиштүү ишмердүүлүк орун алышы шарт [1-3]. Тандалып алынган каражаттар окуучуну ар тараптуу жана гармониялуу өнүктүрүү, анын ден соолугун чыңдоо максатына, окуучуга билим жана тарбия берүүчүлүк, анын саламаттыгын камсыздоочулук милдеттерине дал келиши талап кылынат, Каражаттардын бир бөлүгү мугалим тарабынан өз алдынча аныкталышы, анын региондук өзгөчөлүктөргө жана окуучулардын кызыкчылыктарын канааттандырууга негизделиши окуу программасынын вариативдик бөлүмү (20 саат) тарабынан каралган.

Сабакты өтүү ыкмалары окуучулардын курактык жана жыныстык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аныкталаарын, сабактын негизги милдеттерин ишке ашырууну, тийиштүү компетенцияларды калыптандырууну көздөөрүн жетекчиликке алуу зарыл. Эгерде окуучуну дене тарбия маселелери менен байланышкан маалыматты өз алдынча издөөгө, талдоого жана колдонууга багыт берип сабак өтүлсө, анда маалыматтык компетенттүүлүк, окуучунун жеке умтулуусун башка окуучулардын кызыкчылыктары менен байланыштырууга негизделип сабак өтүлсө, анда социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк, ал эми окуучунун дене тарбия сабагына мүнөздүү жүрүм-турум эрежелерин бекем сактоого, топто жана командада аракетте болгондо өзүн-өзү адилет баалап, орун алган көйгөйлөрдү чечүү аракетин көрүүгө багыттап сабак өтүлсө, анда өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүктөрү калыптанаарын жетекчиликке алууну сунуштайбыз. Негизги компетенттүүлүктөрдүн репродуктивдик (окуучунун сунушталган тапшырманы өзгөртпөй аткаруу жөндөмү), продуктивдик (курамы боюнча жөнөкөй иш-аракетти өз алдынча ишке ашыруу жөндөмү) жана чыгармачыл (окуучунун өз алдынча конструкциялоонун негизинде татаал курамдуу иш-аракетти аткаруу жөндөмү) денгээлдеринде калыптанышын эске алуу жана баалоо зарыл. Эгерде окуучулардын көпчүлүгү продуктивдүү жана чыгармачыл деңгээлдерде компетенттүүлүктү көрсөтө алышса, анда дене тарбия процесси натыйжалуу уюштурулду деп баалоого татыктуу.

Предметтик компетенттүүлүк окуучунун жалпы физикалык даярдыгын жана саламаттыгын калыптандыруу менен байланышта болуп, негизги физикалык сапаттарды (күчтү, ылдамдыкты, ыкчамдыкты, чыдамкайлуулукту жана ийилчээктикти) жана ден соолукту чындоочу каражаттарды жана ыкмаларды колдонуу менен калыптанат. Эгерде окуучу окуу программасы камтыган базалык кыймыл-аракеттерди өздөштүрүүнүн негизинде нормативдик физикалык даярдыкка ээ болсо жана анын саламаттыгы сак болушу камсыздалса, анда дене тарбия сабагы көздөгөн максатына жеткендигин билдирет.

Дене тарбия процессинин натыйжасы критериалдык баалоо аркылуу бааланат. Тактап айтканда, негизги компетенттүүлүктөрдүн калыптануу деңгээлдери алардын репродуктивдик, продуктивдүүлүк жана чыгармачылык жөндөмдөрүн, ал эми предметтик компетенттүүлүктөрүнүн калыптануу деңгээлдери – атайын тесттердин жана физикалык, эмоционалдык (психологиялык), социалдык саламаттыкты мүнөздөгөн индикаторлордун жардамы менен бааланат. Тийиштүү баалоо нормалары жана индикаторлору окуучулардын жынысына жана окуп жаткан классына жараша окуу программасында көрсөтүлгөн. Предметтик компетенттүүлүктү баалоодо төрт баллдык белги системасы колдонулат жана нормативдик баалоо басымдуулук кылат. Бирок, нормативдик баалоо 1-2-класстар менен иш алып барууда, окуучунун ден соолугунда айрым көйгөйлөр орун алганда (медициналык справка менен тастыкталышы керек) колдонулбайт.

Дене тарбия сабагында окуу жетишкендиктерди баалоонун диагностикалык, формативдик жана суммативдик түрлөрү колдонулат. Диагностикалык баалоо окуу жетишкендигиндеги прогрессти баалоо, формативдик баалоо окуучунун жеке прогрессин аныктоо, ал эми суммативдик баалоо окуу жетишкендиктердин деңгээлин аныктоо максатында колдонулат. Суммативдик баалоо учурдагы, аралык жана жыйынтыктоочу баалоолор менен коштолот. Учурдагы баалоодо дене тарбия мугалими (же окуучунун өзү) тарабынан белгиленген даярдык нормаларына жана талаптарына, аралык баалоодо – жумушчу планда көрсөтүлгөн нормаларды жана талаптарды аткарууга жана жыйынтыктоочу баалоодо – мектеп жетекчилиги тарабынан бекитилген календардык планга (чейрек, жарым жылдык жана окуу жылы) ылайык жүзөгө ашырылат.

Дене тарбия мугалими өткөрүлүүчү сабактардын жана спорттук-массалык иш-чаралардын ден соолукту чыңдоо багытына ээ болушун камсыз кылууга милдеттүү, б.а. окуучулардын физикалык, эмоционалдык (психологиялык) жана социалдык ден соолугун камсыз кылуу анын көнүл борборунда болушу керек.

Окуучунун физикалык ден соолугунун индикатору катары дене салмагынын индексин (ИМТ) колдонууну сунуштайбыз, анткени дене бойдун дене салмагына карата катышы маанилүү маалымат бере алат. Индекстин чоңдугун жана баалоо критерийлерин гугл платформасында жайгашкан калькулятордун жана маалыматтын жардамы менен аныктоо кыйынчылыкты жаратпайт жана окуучуга сунушталган дене жүктөмүн жекелештирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кылат. Физикалык ден соолукту баалоодо дененин абалын (осанка) баалоо да маанилүү роль ойнойт. Анткени, башталгыч мектептин окуучулары үчүн осанканы туура калыптандыруу олуттуу проблема болуп саналат. Тийиштүү маалыматты окуучунун басуу, ишенимдүү кыймылда болуу жөндөмдөрү жана ошондой эле терисинин түсү, тазалыгы, жүзүндө орун алган жылмаю көрүнүштөрү аркылуу да толуктап алса болот. Негизги маалымат окуучунун медициналык карточкасында сакталаарын, ага байланыштуу ар бир алты ай мөөнөттө медициналык текшерүүдөн өткөрүп туруу зарылдыгын белгилейбиз.

Эмоционалдык (психологиялык) ден соолуктун индикатору катары окуучунун өзүн-өзү сезүү, курбуларына карата мамилеси, өз эмоциясын башкара билиши, кездешүүчү кээ бир кыйынчылыктарды жеңүү жөндөмү таанылат. Буга байланыштуу дене тарбия мугалимин системдүү байкоо жүргүзүүгө чакырабыз. Байкоонун предмети катары окуучунун спорттук жабдууларга, шаймандарга, берилген тапшырмаларга, башка окуучуларга карата мамилесин жана сезимдерин, кыйынчылыктар менен кантип күрөшөөрүн көзөмөлгө алууну сунуштайбыз.

Социалдык ден соолуктун индикатору катары окуучунун жүрүм-туруму, анын активдүүлүгү, сабакта, топто (командада) аракетчил болушу, жоопкерчилик менен мамиле кылуусу жана дене тарбия көнүгүүлөрүн такай аткарууга дилгир болушу таанылат. Баалоону байкоого негиздеп жүргүзүү сунушталат. Ага байланыштуу окуучунун жүрүм-туруму, сабакта, оюн ойноо жана мелдешүү учурунда активдүү болушу байкоого жана баалоого алынат, өзүмчүлдүк сапаттын орун алышы терс роль ойноорун эстен чыгарбоо сунушталат. Топтолгон маалыматтарга таянып дене тарбия мугалими окуу-тарбия берүү процессине тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизет.

Бөлүшүү

Комментарийлер