Баш мүчөлөрдүн ортосуна коюлуучу тыныш белгилер
- 10.09.2025
- 0

(иштелме 11 жылдык предметтик стандарттын негизинде түзүлгөн, кыргыз тили, кыргыз класс, 10-класс)
Сабактын максаты:
- Ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкчанын коюлуш эрежелерин үйрөнөбүз;
- Баш мүчөлөрдүн ортосуна сызыкчаны коё алабыз;
- Тексттин негизинде «перзентти тарбиялоо» деген текстти талдайбыз, өз ойлорубузду негиздеп айтууга көнүгөбүз.
Сабактын тиби: жаңы теманы өздөштүрүү
Сабактын усулу: аралаш: интерактивдүү — топ менен иштөө, жасалма инттеллект, мээ чабуулу; Сингапур окутуу усулунун айрым ыкмалары: «Топко бөлүү», “Саат жебеси», «5, 4, 3, 2, 1», «Жубун табуу »
Сабактын жабдылышы: интерактивдүү доска, компьютер, ватман, стикерлер, окуу китеби ж.б.
Сабак аралык байланыш: география, кыргыз тили, англис, орус тили
| Негизги компетенттүүлүктөр | Предметтик компетенттүүлүктөр: |
| Маалыматтык | Тилдик компетенттүүлүк |
| Социалдык-коммуникациялык | Окурмандык компетенттүүлүк |
| Өз алдынча уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү | Этномаданий компетенттүүлүк |
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу:
- Мугалим балдар менен саламдашат;
- Класстагы санитардык-гигиеналык абалга көңүл бурат;
- Окуучуларды жоктойт, топтогу окуучулардын санын эскертип өтөт.
Баалоо, топко бөлүү, топтун атын тааныштырат.
Мээ чабуул:
- Бүгүн биздин сабагыбызга алыстан беш конок келген. Өздөрү бош келбей, сабактын жүрүшүндө ар кандай тапшырма көнүгүүлөрдү даярдап келген. Кана, коноктордун ким экенин тапкылачы.
Окуучулар өздөрү белгилеген номерлери менен коноктордун мүнөздүү белгилерин атап, конокторду ким экенин табат.
Балдар кабыл алганына жараша жооп беришет.
- Менсиз сүйлөм түзүлбөйт. Сүйлөм арасында эң керектүү мүчөмүн. Көбүнчө менин милдетимди этиш сөз түркүмү аткарат. Айтчы, ошондо мен киммин?
Жообу: Баяндооч
- Мен башкаларга караганда өзгөчө сызыктар менен белгиленем. Зат атооч менен байланышып, анын ордун, сыпатын, сан өлчөмүн билдирем. Айтчы, ошондо мен киммин?
Жообу: Аныктооч
- Мен көпчүлүк учурда барыш, табыш, жатыш, чыгыш жөндөмөлөрүндө боломун. Этиштерге багынып, белгилүү нерселерди билдирип турам. Айтчы, ошондо мен киммин?
Жообу: Толуктооч
- Мен сүйлөмдөгү негизги ойду билдирем. Кээде сүйлөмдөргө катышпаймын, таарынсам көмүскөдө боломун. Айтчы, ошондо мен киммин?
Жообу: Ээ
- Менин кызматым негизинен сүйлөмдө баяндооч билдирген кыймыл-аракеттин тууралыгын, сан-өлчөмүн, ордун, мезгилин, себебин, максатын билдирген айкындооч мүчөмүн. Айтчы, ошондо мен киммин?
Жообу: Бышыктооч
Мугалимдин аракети. Теманы жарыялап, окуучулар менен бирге сабакка максат коюшат.
Билимдерин актуалдаштыруу: «ооба же жок» ыкмасы
Графаны толтургула. Маалымат туура болсо, ооба; ката болсо, жок белгисин койгула
| Чейин | Баш мүчөлөрдүн ортосуна сызыкчанын коюлушу | кийин |
| жок | Бул менин чоң апам. Сүйлөм арасына сызыкча коюлабы? | |
| ооба | Ээ да, баяндооч да эсептик сан атоочтон болсо, ортосуна сызыкча коюлат.
| |
| жок | Ээ менен баяндоочтун милдетин атооч жөндөмөдөгү зат атоочтор аткарса. Ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкча коюлат.
|
Жаңы теманы түшүндүрүү
Мугалим тема тууралуу окуучулардын оюн сурап, андан ары теманы түшүндүрүп баштайт.


Көнүгүү аткаруу
Жаңы теманы түшүндүргөн соң, “Саат жебеси” методу менен көнүгүүлөрдү окуучулар аткарышат.
Ар бир окуучу өзүнүн таркатмасын алдын ала өзү аткарып, андан сон белгиленген сааттагы досуна жолугуп, суроонун жообун табуусун сурайт. Окуучу убакытка жараша 2-3 досуна жолукса болот.
Жасалма инттеллект
Мугалим жасалма интеллект менен даярдалган тапшырманы берет
Окуучулар телефон менен сүрөттөрдү сканерлеп, ар бир сүрөткө грамматикалык темага ылайык сүйлөм түзүшөт.

Текст менен иштөө. Мугалим текстти окуучуларга таратат же китептен окутат.
Перзентти тарбиялоо
Уулум, эгер сен перзент көрсөң, перзентиңе жакшы, жарашыктуу ысым койгун. Жакшы ысым коюу перзенттин атадагы акысынын бири. Уул перзентиң бир аз торолгондон кийин күч-кудуретине карап, той-тамаша өткөрүп бергин. Чама-чаркыңа карабай чоң той кылуудан сактан, каражатыңа ылайык той кылгын. Тойго бары-жогуңду сарптап, муктаждыкка түшүп калуу, карызга белчеден батуу — акылдуу жандардын иши эмес. Перзентиң бой тарта баштагандан тартып, өзүнүн жөндөмүңө карап ага өнөр үйрөт.
Зарыл учурда өзү гана аткара ала турган, башка киши анын ордуна өтүп аткара албай турган өнөрдү үйрөтүү керек. Ал өнөр — сууда сүзүү өнөрү эмеспи.
Перзентти тарбиялоо — бул жооптуу милдет. Өз перзенттериңе ар түрдүү илим-өнөрдү үйрөт. Ошону менен сен аталык ыйык милдетиңди аткарган болосуң.
Адамдын башына эмнелер келип-кетерин алдын ала билип болбойт. Ар бир сапаттуу өнөр, албетте, бир күнү кереги тиет. Ошон үчүн перзенттериңдин илим-өнөр үйрөнүүсүнө кош көңүлдүк менен карабагын.
Практикалык иш
Окуучулар эки мүнөттүн ичинде текстти окуп, бири-бирине түшүнүгүн айтып беришет. Текст арасындагы ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкчаны коюшат. Сөздүктөр менен иштешет. Тексттин негизинде “Дасторкон” методу менен өз ойлорун жазып, текстти талкуулашат.
Сөздүк жумуш менен иштешет.
- Акысы;
- чама-чаркы;
- бой тартуу;
- анын ордуна;
- кош көңүл
Текстти талкуулоо “Дасторкон” методу

Бышыктоо:
Графаны толтургула. Маалымат туура болсо, ооба; ката болсо, жок белгисин койгула
| Чейин | Баш мүчөлөрдүн ортосуна сызыкчанын коюлушу | кийин |
| Бул менин чоң апам. Сүйлөм арасына сызыкча коюлабы? | ооба | |
| Ээ да, баяндооч да эсептик сан атоочтон болсо, ортосуна сызыкча коюлат. | жок | |
| Ээ менен баяндоочтун милдетин атооч жөндөмөдөгү зат атоочтор аткарса. Ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкча коюлат. | ооба |
Баалоо: Окуучулар өзүн-өзү стикерлер аркылуу ийгилик тепкичи менен баалоо жүргүзүшөт.

Окуучулар сабакта эң мыкты катышкан окуучуну атшат. Ал окуучу сабактын эң мыкты катышкан окуучу деп табылып, сабактын падышасы же канышасы наамын алат.
Мугалим формативдик баалоо өткөрөт.
Үй тапшырмасы: Сабактын Падышасы же Канышасы дротиктин жардамында тапшырманын түрүн аныктап берет. Жарылган шарлардын түсүнө карата тапшырманын түрү аныкталат.
- «Менин атам» деген темага эссе жазуу. (60-70 сөз)
- Тапшырма жок (оозеки сурап алам)
- Грамматикалык темага байланыштуу алты тест түзүү. (6 тест)

Орозбек ШАКИРАЛИ УУЛУ,
«Сапат» Эл аралык билим берүү мекемесинин Жайыл баатыр атындагы лицейи» филиалынын кыргыз тили жана адабияты мугалими, Сапаттын мыктысы
Комментарийлер