Балыктын сырткы жана ички түзүлүшү, көбөйүшү
- 23.02.2025
- 0

Соорбекова Нуриза, Абдуллаев Сагын атындагы №6 орто мектебинин биология мугалими, Талас шаары
Биология, 7-класс
Максаты: Балыктар классынын сырткы жана ички түзүлүшү, көбөйүшү жана жашоо чөйрөсү жөнүндө жалпы маалымат алышат.
Өнүгүү көндүмдөрү: байкоо, салыштыруу, болжолдоо, изилдөө, баарлашуу, талдоо, баалоо.
Керектүү материалдар: компьютер/ноутбук, проектор, видеороликтер, кайрымак балыктары менен, пазлдар, дал келтирүүлөр, китеп, ватман, маркер, стикерлер ж.б.
Сабактын планы: Кызыктыруу
Саламдашуу. Окуучуларды тактоо. Окуучуларды топторго бөлүү (түстөр аркылуу)
“НЕМО” балыгы жөнүндөгү мультфилмдин үзүндүсүн көрсөтүү менен окуучулардын көңүлүн сабакка буруу жана “Сокур сүрөтчү” ыкмасы аркылуу жаңы теманы ачуу ( Балыктын сүрөтүн бир окуучу алып, калган окуучуларга көргөзбөй сүрөттөп берет, окуучулар сүрөттү көрбөй сүрөтүн тартуу аркылуу теманы таап, ачышат).
Окуучуларга суроолор көлмөдөгү балыктарды кайрымак менен кармоо менен берилет. Ар бир суроого туура жооптор үчүн “алтын балык” берилип, баалоо жүргүзүлөт.
Суроо: 1) Хордалуулардын омурткасыздардан айырмасы эмне жана хорда деген эмне?
Жооп: Хордалуулардын омурткасыздардан айырмасы алардын ички скелетинин болушу, ал хорда деп аталат. Хорда — дененин башынан куйрук бөлүгүнө чейин созулган нык, ийилгич өзөкчө.
Суроо: 2) Хордалуулар тибине кайсыл жаныбарлар кирет?
Жооп: Хордалууларга ланцетниктер, личинка хордалуулар же челдүүлөр, балыктар, жерде-сууда жашоочулар, канаттуулар жана сут эмүүчүлөр кирет.
Суроо: 3) Ихтиология эмнени окутуучу илим?
Жооп: Ихтиология –балыктар тууралуу окутуучу илим, зоологиянын бир бөлүмү.
Изилдөө:
Топтордун аталышы менен тааныштыруу (темага байланыштуу)
1-топ: АКЫЛДУУ ДЕЛЬФИН
2-топ: КҮЧТҮҮ КИТ
3-топ: БААТЫР АКУЛА
4-топ: ШАМДАГАЙ ПАРУСНИК
I-топ. Суроо: 1) Балыктар кандай жерлерди байырлайт? Балыктардын байыр алган жашоо чөйрөсүнө жалпы мүнөздөмө беришет (сүрөттөр берилет).
Жооп: Балыктар омурткалуу жаныбарлардын ичинен эң чоң тобу болуп, алар жердеги баардык сууларда: океанда, деңизде, дарыяда, көлдө, көлмөлөрдө жана тоолуу аймактардагы булактарга чейин тараган. Балыктар сууга жашоого ыңгайланышкан.
Суроо: 2) Балыктардын канча түрү бар жана кандай болуп бөлүнөт?
Жооп: Балыктардын 20 000ден ашуун түрлөрү бар экендиги белгилүү. Алар кемирчектүү жана сөөктүү болуп экиге бөлүнөт.
II-топ. Суроо:1. Балыктардын денесинде кандай каптоолор бар жана алардын кандай мааниси бар?
Жооп: алардын денеси сүйрү, сүзүүгө ылайыкташкан. Терисинин сыртынан кабырчык менен капталган. Кабырчыктар ар кандай механикалык таасирлерден, уруунуудан ж.б. сактап турат.
Суроо: 2) Балыктардын дене түзүлүшү, кандай сүзгүчтөрү бар жана алардын кызматы кандай?
Жооп: денеси баш, тулку бой жана куйрук бөлүктөрдөн турат. Балыктардын сырткы түзүлүшүнө жалпы мүнөздөмө беришет (сүрөттөр берилет).
III-топ: Суроо: 1)Балыктын дене көңдөйүндө кандай органдар системасы жайгашкан?
Балыктардын ички түзүлүшү боюнча жалпы мүнөздөмө беришет (сүрөттөр берилет).
Жооп: Балыктардын денесинин көңдөйүндө төмөнкүдөй органдар жайгашкан : тамак эритүү, дем алуу, кан айлануу, бөлүп чыгаруу, көбөйүү.
Суроо: 2) Балыктын жүрөгү канча бөлүктөн турат?
Жооп: Балыктын жүрөгу эки бөлүктөн турат. Жүрөк дүлөйүнөн жана карынчасынан турат.
IV-топ: Суроо: 1)Балыктардын көбөйүшү кандай жүрөт? Балыктардын көбөйүшүн аныкташат (сүрөттөр берилет).
Жооп: Балыктардын көпчүлүгү айрым жыныстуу. Балыктардын өрчүшү өзгөрүүлөр менен жүрөт. Икрадан личинкалар чыгат. Личинкалардан чабактар жетилет.
Суроо: 2) Өтмө балыктар деп кайсы балыктар аталат?
Жооп: Балыктардын жыныс клеткалары жетилген мезгилде уругун таштоо үчүн абдан ыңгайлуу жерлерге которулушат аларды өтмө балыктар деп аташат. Мисалы: лосось.
Түшүндүрүү:
Мугалимдин жетекчилиги алдында темага толуктоолорду киргизип түшүндүрүү. Жаңы теманы толуктоо максатында окуучуларга видео-слайд көрсөтүү. (Санарип кампа)
Терминдерди жаздыруу: ихтиология, хорда, кабырчык.
Суроо: 1) Балыктарда кандай сезүү органдары өрчүгөн деп ойлойсунар?
Жооп: Буларда жыт билүү органдары күчтүү өнүккөн. Көп балыктар ар кандай тешиктеринин, сүзгүчтөрунүн жана тарсылдактарынын жардамы менен үн чыгарары белгилүү. Балыктар каптал сызык органдары менен суу агымынын багытын, кучүн сезип, суунун астындагы ар кандай нерселерге жакындаганды баамдайт.
Суроо: 2) Балыктын скелетинин башка омурткалуулардан айрымасы кандай?
Жооп: Балыктардын скелети көптөгөн кемирчектерден жана сөктөрдөн турат. Майда кылкандары менен айрымаланат.
Суроо: 3)Балыктардын сүзгүч тарсылдагынын ролу кандай?
Жооп: Балыктарда ичи абага толгон, туюк жука челдүуорганы бар . ал сүзгүч тарсылдагы. Бул органдын балыктар үчүн мааниси чоң. Сууда сүзүп жүрүүнү жеңилдетип, тең салмактуулукту сактайт.
Суроо: 4) Балыктар дем алабы?
Жооп: Балыктардын негизги дем алуу органдары бакалоорлору. Бакалоор чыпкалоочу кызматты аткарат. Ал сууда эриген кычкылтекти алып майда кан тамырларнына өткөрөт. Балыктын дем алуусуна териси да маанилүү болот. Кээ бир балыктар кургактыктагы кычкылтек менен да дем алып кан тамырларына жөнөтөт. Мисалы, көлмөлөрдүн түбүндө жашаган бурмакелер.
Кеңейтүү/ Тереңдетүү:
- Ар бир топко дал келтирүүлөр берилет.
- Топтор балыктардын ички, сырткы түзүлүшү боюнча тесттик суроолорго жооп беришет.
Балыктардын сырткы жана ички түзүлүшү боюнча тест
- Балыктардын канча түрү бар?
А) 20 минден ашык Б) 15 минден ашык В) 30минден ашык
- Балыктын жупсуз сузгучун атагыла?
А) Курсак Б) Аналдык В) Көкүрөк
- Кабырчыктагы шакекчелер эмнени түшүндүрөт?
А) Балыктын түсүн Б) Балыктын жашын В) Балыктын эркек же ургаачы экенин
- Сузгуч тарсылдагы кандай кызмат аткарат?
А) Дем алуу Б) Сууда тең салмакты сактоо В) Сүзүү
- Балыктардын дем алуу органы кайсы?
А)Өпкө Б) Тери В) Бакалоо
- Өтмө балыктар деген эмне?
А) Топтошуп жашайт Б) Икрасын таштоо үчүн ыңгайлуу жерге которулат В) Жалгыз жашагандар
Фишбоун (балыктын скелети) стратегиясын колдонуп сабакты жыйынтыктоо
Баалоо: Тесттик суроолорго баа берилет. Топтор чогулткан упайлары (сабактын жүрүшүндө берилип турган “алтын балыктар”) аркылуу бааланат. Жеке дагы бааланат.
Комментарийлер