Айлана-чөйрөнүн булганышы
- 24.06.2024
- 0

География, 6-класс
Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: 3Д үлгүсү, видеоролик, панель, түстүү сүрөттөр, пласмасса челектер
Сабактын максаттары:
Негизги компетенттүүлүктөр:
- Маалыматтык компетенттүүлүк (НК 1)
- Социалдык коммуникативдик компетенттүүлүк (НК 2)
- “Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү” (НК 3)
Предметтик компетенттүүлүктөр:
- Географиялык документтерди талдоо жана интерпретациялоо (ПК1)
- Географиялык процесстер менен кубулуштарды түшүндүрүү (ПК2)
- Географиялык объектилердин комплекстүү мүнөздөмөсүн берүү жана мейкиндикте багыт алуу (ПК3)
Сабактын жүрүшү. Уюштуруу: Саламдашуу, жоктоо, жагымдуу маанай түзүү. Окуучулар окуу китеби, ручка, колдонмо дептерлерин, сызгыч, окуу куралдарын даярдашат. Жагымдуу маанай түзүү.
Yй тапшырманы суроо: wordwall ыкмасында түзүлгөн адашкан тоолор, дарыяларды, аралдарды табышат.
Жаңы тема менен тааныштыруу:
- Айлана-чөйрөнүн булгануу түрлөрү;
- Айлана-чөйрөнүн булгануу себептери;
- Айлана-чөйрөгө тийгизген булгануунун таасирлери жана кесепеттери.
4. Көйгөйдү чечүү үчүн иш-аракеттер.
Топтордо иштөө. Ар бир топко практикалык иштер берилет (1-топ гүл отургузушат. 2-топ таштандыны сорттоп салышат. 3-топ конструктор чогултушат).
Бышыктоо: Learning apps ыкма менен адам баласынын пайда, зыян алып келүүсүн талдашат.
Панель доскасында жаратылышка зыян, пайда келтирүүнү бөлүп чыгышат.
Баалоо: Активдүү катышкан топтор жана окуучулар бааланат.
Yйгө тапшырма берүү: Таштандыдан чогулган буюмдарга экинчи өмүр беришет.
Төлөгөнова Индира, Бишкек шаарындагы №78 мектеп-гимназиясынын география мугалими.
Комментарийлер