АРХИМЕД КҮЧҮ ЖАНА ЭСЕПТӨӨ ФОРМУЛАСЫ

  • 11.03.2024
  • 0
АРХИМЕД КҮЧҮ ЖАНА ЭСЕПТӨӨ ФОРМУЛАСЫ

Сабактын максаты:

а) Билим берүү: илимпоз Архимеддин легендасы жана суунун төмөндөн жогору көтөрүү күчүн аныкташат.

б) Өнүктүрүү: окуучулар Архимеддин формуласын пайдаланып маселе чыгарышат.

в) Тарбия берүү: окуучулар Архимеддин үч шартын турмушта үйрөнүү менен коопсуздукту сактоого үйрөнүшөт.

Сабактын тиби: жаңы түшүнүктөрдү өздөштүрүү.

Сабактын усулу: интерактивдүү метод, эксперимент жасоо менен теманы жеткиликтүү үйрөтүү.

Сабактын жабдылышы: штатив, мензурка, төрт бурчтук формасындагы жүкчөлөр (темир, пластик, жыгач), суу, айнек идиш, динамометр.

Сабактын жүрүшү:  саламдашуу.

Окуучулар Ньютон, Паскаль жана Архимед деп жазылган кагаздарды тартып, илимпоздордун аттары боюнча 3 топко бөлүнөт.

1-топ  Ньютон

2-топ  Паскаль

         3-топтун атын табыш үчүн,  балдар, төмөндөгү кроссвордду толтурабыз. Класстагы балдар тобу менен суроолорго жооп беришет. Суроолорго көп жооп берген топ жана топтун ичиндеги жооп берген балдар бааланышат.

АРХИМЕД КҮЧҮ ЖАНА ЭСЕПТӨӨ ФОРМУЛАСЫ

Кроссвордду  жайгаштырып, ичи боёлгон  чакмактардан АРХИМЕД деп табылган сөздү окушат.

— Азаматсыңар, балдар! Демек, биз издеп жаткан 3-топтун аталышын “Архимед” деп алабыз. Сабакта суроо-жоопторго жооп берген топторго Ньютон тобуна F, Паскаль тобуна Р, Архимед тобуна FА карточкалар таратылып турат. Айткылачы, балдар, бүгүн биздин өтө турган темабыз кандай аталат экен? Архимед закону. Балдар доскада слайддагы теманы окушат.

АРХИМЕД КҮЧҮ ЖАНА ЭСЕПТӨӨ ФОРМУЛАСЫ

Жаңы теманы өздөштүрүү

Күндөлүк турмушта билгендей эле биз ташты суунун түбүндө оңой эле көтөрө алабыз, резина топту сууга чөгөрүп кайра коё берсек, ал кайра калкып чыгат. Эми, балдар, мына ушундай суроолорго же кубулуштарды кантип түшүнүүгө болорун издеп көрөлү.

Архимед б.з.ч. 287-жылы Сицилия аралында Сиракузда төрөлгөн. Байыркы Греция падышасы Гиерон өзүнө алтын таажы жасаган устаны ак ниет менен иштегенин текшерүү максатында грек окумуштуусу Архимедге тапшырма берет.

Архимеддин легендасы айтылат. Архимеддин “ЭВРИКА” сөзү бизче “Таптым” дегенди түшүндүрөт жана бул ачылыш ар кандай формадагы нерселердин көлөмдөрүн аныктоого жардам берет. Ал эми таажы жасалган заттын тыгыздыгы алтындын тыгыздыгынан кичине экендиги айтылган. Суюктукка же газга матырылган нерсени түртүү күчтүн бар экендигин биринчи жолу Архимед тапкан жана анын маанисин эсептеген. Ошондуктан бул  күч  Архимед күчү деп аталат жана төмөнкү формула менен аныкталат. Бирдиги  үчүн Н (Ньютон) кабыл алынган.

АРХИМЕД КҮЧҮ ЖАНА ЭСЕПТӨӨ ФОРМУЛАСЫ

g — эркин түшүүнүн ылдамдыгы, pc — суюктуктун тыгыздыгы, vh — суюктукка матырылган нерсенин көлөмү. Суюктукка матырылган нерсеге карам а-каршы багытталган эки күч аракет этет.

Алар төмөнкү

АРХИМЕД КҮЧҮ ЖАНА ЭСЕПТӨӨ ФОРМУЛАСЫ

Интерактивдүү көнүгүүлөр

1-тапшырма:

1. Топторго түрдүү формулалар берилген. Окуучулар физикалык формулаларды жана закондорду табышат. Кайсы топ көп формула топтой аларына баа берилет.

2-тапшырма:

1-топ. Күч деген сөзгө синквейн түзөсүңөр.

2-топ. Архимед күчүнө кластер түзөсүңөр.

3-топ. Физикалык күчтөрдү атап формулаларын жазышат. Окуучулар аткарылган тапшырмаларына карап карточкалар менен бааланышып турушат.

Сабакты бышыктоо:

  1. Көлөмү 0,28 м3 болгон кирпичти сууга салышты. Ага карата аткарган күчүн чоңдугун тапкыла?
  2. Жыгачтан жасалган оюнчук кайыкты суунун үстүнө койгондо ал калкып калды. Эгерде кеменин жалпы көлөмү болжол менен 0,15 болсо? анда ага суу тарабынан аракет эткен Архимед күчүн тапкыла?
  3. Деңиз түбүндөгү 4,6 м3 көлөмдөгү ташка аракет этүүчү түртүү күчүн аныктагыла.

Сабакты жыйынтыктоо:

Кана эмесе, балдар, турмуштагы күчтөрдү атап, аларга мисалдарды айтабыз. Окуучулар өз ойлорун билдирет.

Анда сабагыбыз койгон максаттарга жеттиби? Окуучулар менен бирге жогорудагы жазылган сабактын максаттары талкууланат.

Үй тапшырмасы: формула боюнча ар бир топ бирден маселе түзүп келесиңер.

Баалоо: Ар бир топтогу казыначылар алдыларында турган упайларды (карточкаларды) эсептешет. Мугалим активдүү, тапшырманы так аткарган окуучуларды баалайт.

Бактыкан Шамшиева, №40 Нүзүп бий атындагы жалпы орто билим берүү мектеби, Дейрес-Сай айылы, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер