«АЛЫМБЕК ДАТКАГА – 222, КУРМАНЖАН ДАТКАГА – 210 ЖЫЛ»

  • 10.12.2021
  • 0
«АЛЫМБЕК ДАТКАГА – 222, КУРМАНЖАН ДАТКАГА – 210 ЖЫЛ»

«Алымбек даткага – 222, Курманжан даткага – 210 жыл»

аттуу класстан тышкаркы иштин СЦЕНАРИЙИ

Алып баруучу: — Саламатсыздарбы, урматтуу агай-эжекелер жана окуучулар!

Айтылуу атагы алыска кеткен, Алымбек датка жана Курманжан датка энебиздин мааракесине арналган класстан тышкаркы иш- чарабызга кош келиңиздер!

«АЛЫМБЕК ДАТКАГА – 222, КУРМАНЖАН ДАТКАГА – 210 ЖЫЛ»

Туулуп-өскөн асыл жерим,

Тоолоруңду мен издеймин.

Сулуулугуң суктандырат,

Кубулжуган ыйык жерим.

 

Ата-бабам өткөн жерим,

Алымбек датка өскөн жерим.

Коргоп элин душмандардан,

Датка энебиз чыккан жерим.

– Анда эмесе, назарыңыздарды 9-10-11-класстын окуучуларынын аткаруусундагы чакан сахналаштырууга бурсак.

Автор: 1832-жылы Курманжан 21 жашында баргы уруусунун бийи Алымбек датка менен таанышат.

Сахнада шар аккан суунун жээгинде үч-төрт кыз чакалары менен сууга келип, суу чачышып ойноп жатышты. Эки колу байланган кызды эки жигит сахнага көтөрүп чыгып, устунга кызды таңа башташат. Чогулган эл жана бул шумдук окуянын башында турган эки киши:

1-киши: — Бул шуркуяны таш бараңга алабыз, таш алгыла!

2-киши: — Таш алгыла, таш!

Үн: — Жол, жол , жол бергиле! (Алымбек датка желдеттери менен келип калат)

Алымбек датка: — Бул эмне болгон топ? Алдаяр!

1-киши: — Шарияттын жолу менен бул шуркуяны жазага тартканы турабыз, бегим!

2-киши: — Зына бегим, зына! Бул шуркуя күйөөсүнүн көзүнө чөп салып жүрүптүр, бегим!

Алымбек датка: — Далили бар бекен?

1-киши: — Эки кишинин күбөлүгү бар . Башка күбөнүн кереги жок.

Бала: — Бар!

Алымбек датка: — Өткөргүлө, ким бул бечара?

1-киши: — Ушул шуркуянын иниси!

2-киши: — Я, бек, тагыңыздан пайдаланып, шарияттын жолун бузбаңыз.

Алымбек датка: — Аныгын билген күбөлөрүң ким?

Бала: — Коңшу катындар.

1-киши: — Катындын сөзү да күбөгө өтөбү бек?

Алымбек датка: — Чечкиле!

Кыз: — Суу, суу!

Бала: — Эжеке! Бала эжесинин байланган колун чече баштайт.

Алымбек датка: — Суу бергиле! (Ушул учурда кумурага суу көтөрүп Курманжан келет). Алымбектин жан жөөкөрү кызга суу ичирип жатканда Алымбек менен
Курманжан бири-бирин карап калышат да:

Алымбек датка: — Атың ким, чырагым?

Курманжан: — Атым Курманжан, муңгуш Маматбайдын кызымын.

Алымбек датка: — Бул кумурада эмне жазылганын билесиңби?

Курманжан: — Билем. Чоң атам үйрөткөн.

Алымбек чогулган элди карап: — Ушул пенденин башынан бир тал чач түшсө, башыңар менен жооп бересиңер!

Автор: — Бул мезгилде Курманжан жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин уулу
Кулсейитке кудаланган эле. Бирок аны менен бир жылга жакын жашагандан кийин көңүлүнө туура келбей, атасынын төрүнө качып келет. Ошентип Курманжан Алымбек даткага биротоло баш байлап, эки кыз, беш уулдуу болушат.

Кийинки көрүнүш Алымбектин башынын алынуусу.

Автор: — Ошол күнү бул шумдук окуя кабары Коконго жете электе Чотон деген адам Алымбек датканын эшигине келди.

Алымбек датка эрте мененки намазын жаңы эле бүткөн …

Молла Зия баш болгон эки-үч киши салам айтып келип калышты. Алар датка менен саламдашып, орун алышып, ал-жай сурашып, быйылкы эгин-тегин, мал-жан тууралуу кобурашып отурушканда кароолбашы кирди:

— Таксыр, Чотон баатыр келиптир, учурашып кетсем дейт.

Алымбек датка: — Чотон?! Чотон маңкабы? Коё турсун! — деп койду Алымбек датка. Көз алдына аюудай килейген, бою пас, эки көзү кыпкызыл, мурду белбосок, кара киши келди. Чотондун адам менен бир жолу да сырдашпаган зардеси даткага жакчу эмес. Бир аздан кийин кароолбашы дагы кирди:

— Таксыр, сабылып турат. Ноокенге өтүп бара жаткан экен, бир ооз сөзүм бар эле дейт.

Алымбек датка: — Эмне сөзү бар экен ал ант урган маңканын?! Мейли, киргизчи бери. (Чотондун эки көзү кызарып алда бир шумдук окуя боло тургандай болуп кирип келди).

Молла Зия: — Ие келиң, Чотон баатыр. Келиң, төргө өтүң, төргө. (Чотон баатыр Алымбек датканын сол тарабынан орун алат).

Алымбек датка: — И, кел, жол болсун! – деп койду.

Чотон: — Бир эртеңкиге калтырбай турган зарыл ишим бар эле, датка…

Алымбек датка: — Кел, даам сызып анан деле айтарсың ишиң болсо.

Автор: — Дасторкончу дасторконун жаяр алдында жез чылапчын, жез чөгүн көтөрүп кирди. Этектен баштап суу куюп, кезек
Алымбек даткага келгенде, ал шашпай колун жууп, оозуна салып эңкейерде Чотон шарт ордунан тура калып, койнундагы кылычын шилтей берет.

Молла Зия, азирети Сааги пашага карап: — Коркпоң, азиретим, коркпоң — деп койду анткорсунуп.

Чотон: — Мен бекмин Коконго! Жайлайм былк эткениңди! Жайлайм!

Автор: — Мына ошентип даткабыздын башы кутумчулар тарабынан алынгандан кийин, ордо иши Курманжанга өтүп, ал өзүнүн көрөгөчтүгү менен акылмандуулугу, чечкиндүүлүгү менен Алымбек датканын аткарган иштерин өз мойнуна алат.

Кийинчерээк Курманжан орустун генералы Михаил Дмитриевич Скоблев менен жолугуп, эки тараптуу түзүлгөн шартнамага кол коюшат.

(Сахнага Генерал М.Скоблев эки орус аскерин ээрчитип чыгат. Бул жактан Курманжан датканы коштоп небереси Мырзапаяз келет).

Генерал Скоблев: — Келиңиз, келиңиз, датка айым!

Автор: — Курманжан ошол турган бойдон ооз ачпай белиндеги кооз кындуу кыңырыкты чече баштады.

Бул эмне каадасы? Таң болгондой элтейип тиктеп калды генерал. Баамдай койгон майор Ионов алдында мөмө салынган идишти көмкөрө коюп, табакты кош колдоп Курманжанга тосо берди.

Тилмеч генералга карап: — Урматы улугум, муну сиз өзүңүз кабыл алууңузду каалап турат окшойт.

Курманжан кыңырык менен ачкычтарды салып болуп: — Тилмеч мырза, айтыңыз ыкыбалдуу төрөгө, не абалда болгонубуз менен биз өлкө эгеси, үй эгеси эмеспизби, айтың, биз өз үйүбүздө тосуп алгандай бололу. Көп алыс эмес, мына бу Мады кыштагында, ошол жерде өз төрүбүздө жай көңүл менен бүтсүн калган сөз.

Автор: Генерал ойлоно калды. “Өз төрүбүздө, жай көңүл менен бүтсүн калган сөз…” Бул жүйөгө муюду генерал.

Скоблев: — Мейли, датка айым, сиз айткандай болсун!

(Курманжан небересин жетелеп чыгып кетет. Беркилер табактагы датка айымдын буюмдарына үйрүлө калышты).

Ионов: — Бу кичинекей кыңырак — куралды таштаганы, а ачкычтар болсо туптуура жетөө экен. Кокония өлкөсүнүн эң акыркы жети шаарынын ачкычтарын тапшырганы. Өзгөн, Ош, Анжыян, Маргалаң, Кокон, Наманген, Кожон.

Автор: — Мады кыштагы. Курманжандын өргөөсү, Атайын сый-урмат менен генерал Скоблевди тосуп алды датка айым.

Курманжан датка: — Келиңиз, төргө өтүңүз урматы улугум!

(Генерал тилмеч менен Ионовду ээрчитип сахнага чыгат).

Курманжан датка: — Биз бир кудайдын бирлигине ишенебиз. Бир кудайдын ар түркүн тайпа ичинде ар түркүн миң бир аты бар маани ушул ки — ким кайсы атын айтып сыйынса баарыңкы бипбирдей дейбиз. (Тилмеч которот). Курманжан андан ары сөзүн улады: — Биз келишер шартнаманын эртеңки өтүмдүүлүгүнө орустун өз баласы сиз, Искебүл пааша, жоопкер кепил болгойсуз, биз сизди гана карманабыз, урматы улугум! (Тилмеч которот).

Генерал башын ийкеп: — Кадырыңыз жан болсун, урматы улук каныке айым. Бул сүйлөшүүгө азирети ак падышабыздын өзүнөн мага кеңири укук берилген…

Автор: — Бул Курманжанды муютту. “Ушуга каниет ” — деди ичинен.

Генерал: — Датка айым, Абдылла бекти чакырбайсызбы? Биз жоокердин эрдигин кадырлайбыз, бизге душман болгонуна карабай. Ага деле биздин пейили кең азирети ак пашабыздын кечирими болуп калышын эсиңизге салам.

Курманжан датка: — Ал эми келбейт, урматы улугум. Себеби ушул ки, аны кошун жыйам, көмөк алам деген кыжаалат ой айдап кеткен. Бирок, эми ал баштагыдай дүпүрөгөн эли бар бекпи! Эми ал бийлигинен да, элинен да ажыраган бир качкын. Качкынды ким ээрчийт. А ээрчиген кошуну жок, көксөгөн көмөгү жок болгон соң, намыстуу бала кара жанын багыш үчүн быякка кайра келбейт. Камтама болбогула, урматы улугум!

Автор: — Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин, столдун үстүндө күн мурун даярдалып коюлган шартнамага алгач генерал Скоблев кол койду. Курманжан датка “Курманжан датка айым ” деген мөөрүн басты.

(Шартнама окулат).

  1. Эки хан ордосун кайра кандай абалында болбосун калыбына келтириш эки жакка тең ылайык келбейт.
  2. Жети шаарлуу Кокония өлкөсүн Россия империясынын карамагына эки жак кошулду деп эсептейт.
  3. Жергиликтүү журттун жашоо тиричилиги Россия тарабынан кысымга алынбайт.
  4. Көтөрүлүшкө мурунку катнашы үчүн өлкөнүн калкын жазалоо токтотулат. Колго түшкөн же өзү келип кабылган көтөрүлүшчүлөр азат болушат; куугун жеп бозуп кеткен элге кайра өз жерлерине кайтышына жана тынч тиричилигине өтүшүнө шарт берилет.
  5. Россия өз карамагындагы башка тайпа журттар катары бу жети шаарлуу өлкөнүн журтуна да кам көрөт.

(Генерал өз колу менен Курманжанды куттуктап, кызыл кымкап тон жапты).

Скоблев: — Кут болсун, урматы улук датка айым, биздин азирети ак пашабыздын улук ыракымы! Сизге орус аскерлеринин полковниги деген чин берилерин жана да өз өлкөңүздөгү бийик баркыңызды мындан ары да дагы көтөрүп, сизге кара кыргыздын каныкеси деп урматтоону өз вазийпам деп эсептейм. Сиз үчүн азирети ак падышабыздын казынасынан жылына 300 сом өлчөмдөгү пенсия ыйгарылып турат.

Курманжан датка: — Эми мага атак зарыл эмес урматы улугум. Ушул шартнамага ылайык элим тынч болсо, эл ичинде мен да тынч болуп бир кудайга кулдугумду өтөп, тынч өмүр кечирсем, көксөгөнүм ушул.

Автор: — Кандай гана керемет акыл!

Кандай гана гений аял!

Алай ханышасы, Алай каныкеси
Курманжан датка кыргыз элин дал ушундай акылмандыгы менен, көрөгөчтүгү менен, кыраакылыгы, баамчылдыгы, чечкиндүүлүгү менен орус элине кошуп, бүгүнкү күндө бизге бейпил жашоо тартуулады. Бул үчүн датка айымга өмүр бою ыраазыбыз. Биз Алай эли датка энебиздин урпактары эч качан даткаларыбызды унутпай, кийинки муундарга да өткөрүп бериш милдетибиз деп эсептейбиз. Алардын элеси дайыма жүрөгүбүздө бекем
сакталат.

Сценарийди жазган:
Бегиева Элзана, Алай районундагы №33 С.Жаанбаев атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер