Алымбек датка Асан бий уулу — көрүнүктүү саясий ишмер
- 22.09.2025
- 0

Сабактын темасы: Алымбек датка Асан бий уулу — көрүнүктүү саясий ишмер.
Кыргыз элинин белгилүү мамалекеттик ишмери Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү иш -чаралардын алкагындагы -инсандык жана жарандык багытындагы сабак. (12 жылдык окутуудагы тарых предметтик стандарты боюнча,негизги жалпы билим берүүнүн 9-класстары үчүн)

Сабактын тиби:Комбинацияланган сабак Сабактын формасы: фронталдык жана топтук Сабактын жабдылышы: Слайд, плакат, таркатмалар, кошумча адабиттар.ж.б
Сабактын жүрүшү
Уюштуруу: Көркөм окуу, (ыр саптарына атайын даярданган окуучу сабакты ачып берет). Автор: Жапар Кенчиев
Башына бала кезден бакыт конгон, Алымбек кара кыргыз ханы болгон. Кашкайып каршы турду каргашага, Кыргызды куткарам деп калың шордон. Адилет, акыйкатты издеп келди, Жаңылбай турмуштагы туура жолдон. Тарыхта аты калган Ажыбектин, Туткасы болгон дешет ошол кездин. Калкына касиеттүү адам болуп, Түгөнбөс кени дешкен акыл- эстин! Карыпка караан болуп, каралашып, Тиреги болгон экен адилеттин. Кыргызда хандар болгон, бектер болгон Бай-манап жашап өттү нечен толгон Аларды «Улуу» дешке ооз барбайт Элине төртөө гана болгон коргон Кадимки Тайлак баатыр, Кубат бийлер, Куткарды кутмандуу элин калың шордон Ал эми Медет датка, Алымбек хан Сакташты эли-журтун тайгак жолдон
Мугалим:XVIII -XIXк кыргыз уруулары менен Кокон, Цин, Орус падыщалыгы дөөлөттөрүнүн ортосундагы түрдүү саясий кырдаал жана алардын кыргыздар жашаган аймактарды басып алууга умтулган аракеттери кыргыздардын өз алдынчалыгы үчүн күрөшүнө жетекчилик кылган бир нече эл башчыларын саясий аренага алып чыккан. Алардын ичинен Алымбек датка Асан бий уулун айтууга болот. Алымбек датканын жашаган доору ,анын коомдук-саясий ишмердиги Кокон хандыгынын тарыхы менен тыгыз байланышта.Ал эр жеткен мезгилден баштап хандыктын саясий турмушуна жигердүү аралашып,өмүрүнүн аягына чейин хандыкта жана кыргыз элинин тарыхында көрүнүктүү саясий ишмер катары из калтырган. Акыл чабуулу: Алымбек датканын жана Курманжан датканын өмүр таржымалына тиешелүү суроолорду окуучуларга берүү менен билимдерди бышыктап алуу
Жаны маалыматтар:Назарынарды экранга каратсанар, документтүү тасмадан үзүндү көрөлү! https://youtu.be/9fYkLgeRUk4?si=reFoz7sYpBd9Ke0v 20 минуталык тасманын эн керектүү жерлерин көрүшөт. -Келгиле окуучулар силер менен биргеликте топторго бөлүнуп алалы,ал үчүн силер эки түрдүү
1-топ таблодогу сызыктардын жардамында торчолорго тамгаларды коюп сөздү курайбыз
2-топ тапшырманы камтыган квестоделди чечкиле кайсы квестин жообун туура чечкен, ошол топко кошулат.

(демек биринчи топ адыгине, экинчи топ датка деп аталды, окуучулар топтордун аталышына баяндоо берип отуруп алышат )
Практикалык бөлүк: Эки топко тең бирдей тексттер таркатылат, таанышып анын ичинен керектүү мазмунду аныктап чыгуу керек. Алымбек датка төмөнкү Кокон хандарынын мезгилинде ишмердигин жүргүзгөн,доскага илинип турат
Мадали хан (1822-42-жж.), Шерали хан (1842-44-жж.), Худояр хан (1844-75-жж.), Мала хан (1858-62-жж.) жана Султан Сеид хан (1862-ж)
Мугалим: -окуучулар биз силер менен тарых сабактарында, кинолордон,жашоодо Алымбек датканын автобиографиясы жөнүндө көп эле маалыматтарды билебиз,а бүгүнкү максатыбыз анын саясий иш -аракеттери, чечимдери менен бирге ошол доордогу адамдардын социалдык жашоосуна кошкон салымы жана башка маалыматтарды камтыган фактылар менен таанышуу аркылуу бул инсандын үлгү сапаттарынан сабак алабыз. Силерге фактылардан турган маалыматык -ленталар таркатылат,таанышып чыккыла.(атайын кагаздарга даярдалат)







Бышыктоо:Маалыматтык -ленталар топторго бөлүнүп берилет, окуучулар топтордо талкуу жана изилдөөчүлүк иш аракеттер менен негизги жыйынтыка келүусү керек.Албетте окуучулардын Алымбек датканын ишмердиги жөнүндө билген кошумча билимдерине таянышат.
Жогорудагы маалыматтардын, фактылардын негизинде эки топ биргеликте Алымбек датканын өмүр таржымалы жана ишмердигинин натыйжасына карата иштелип чыккан менталдык картаны толтуруу сунушталат. Таркатмалардын мазмынына карай номерлерин тиркеп же оозеки мисалдар менен дал келтирүү менен иштөө сунушталат

Жыйынтыкоо: мугалим топтордун ишин жыйынтыктап, баалоо жүргүзөт жана үйгө тапшырма берилет.
Кадамжай районуна караштуу №25 «Айрыбаз» жалпы билим берүү мектебинин тарых мугалими Шабидинова Зулхумар Арзыбаевна
Билим берүүнүн мыктысы.

Комментарийлер