АКЫЛ ЭМГЕГИНИН МАДАНИЯТЫ

  • 21.08.2023
  • 0
АКЫЛ ЭМГЕГИНИН МАДАНИЯТЫ

АКЫЛ ЭМГЕГИНИН МАДАНИЯТЫЭрнис кызы Айдай,

Бишкек шаарынын  Тоголок Молдо атындагы

мектеп-интернатынын

тарых сабагынын мугалими

 

 

Тема: АЭМ (акыл эмгегинин маданияты) Суроолор аркылуу үйрөнүү, түшүнүү АЖППОК схемасы

План :

  • Эскертүү. Эң алгач эмнелерге көңүл буруу керек.
  • АЖППОК деген эмне?
  • Жыйынтыктоо.

                                                                                 Билбегенин сурап үйрөнгөн аалым,

                                                                                Уялып сурабаган өзүнө заалым.

Дүйнөдө ааламдашуу жана информатизация дооруна байланыштуу мугалимдер да окуучулар да илим-билимге ээ болуп, заманбап технология, методдордун негизинде окуучулардын өз алдынча билим алуу зарылдыгы жана мааниси өсүүдө. Мен эки жылдан бери Кыргыз республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, 3-эксперименталдык гимназиясынын негиздөөчүсү, учурда Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министиринин кеңешчиси, “Агай” теле сериалынын башкы каарманы Гапыр Мадаминов агайыбыздын методикалары менен таанышып келүүдөмүн. Акыркы бир жылдан бери агайдын АЭМ китебиндеги АЖППОК схемасын сабактарда колдонуп келе жатам.

АЭМ деген эмне? Акыл эмгеги — бул билим, интеллект, окыл-ой  менен аткырыла турган жумуш. Ал жумушка — мээ, жүрөк, көз, кулак, нерв системасы ж.б катышат. Баш мээ көбүрөөк иштейт. Кол булчуңдар да жазуу, чийүү ж.б иштерге катышат.

Акыл эмгеги-мектепте окуучулардан (1-класстан) башталып, студент, аспирант, мугалим, инженер, врач, сүрөтчү, акын, композитор, илимпоз, саясатчы ж.б баары колдонот. Илим техника өсүп, коомдук прогресс жогорулаган сайын акыл эмгегинин утушу мааниси, түрү көбөйө берет. Келечек бул — акыл эмгегинин заманы десек болот.

АЭМ эмнелерден турат?

  • Түшүнүү
  • Көңүл буруу
  • Эстеп калуу
  • Ойлоо (анализ, синтез, конкреттештирүү, жалпылоо ж.б.)
  • Оюн жыйынтыктап сүйлөө, кагазга түшүрүү, билдирүү ж.б.
  • Булардын ар бирине, турмушка АЖППОК ж.б баарына илимий көз караш менен кароо.

 

АЖППОКту билүү, түшүнүү, изилдөө

Суроолор аркылуу үйрөнүү, түшүнүү. АЖППОКтун чечмелениши (Адам, жаратылыш, предмет, проблема, окуя, кубулуш). Аалам өзу ушул алты тамганын ичине батып кетет тура. Мектепте 12 предмет окуйбуз демек, 12 предметтин бардыгына колдонсок болот. АЖППОК жалпы 37 суроодон турат:

                Эскертүү :

  1. Ар бир суроого толук, ар тараптан жооп изде;
  2. Ар түрдүү суроолордун жообун логикалуу байланыштыр;
  3. Ар бир суроодон дагы тактоочу, толуктоочу суроолорду чыгара бил;
  4. Суроолордун жообун салыштырып, анализ-синтез кылып, корутунду чыгара бил.

Зарыл болсо:

  1. Жалпы жооп корутундуна кайра суроо бер. Ошондо терең билесиң.
  2. Кээ бирде 1-2 суроо менен АЖППОК түшүктүү болот. Кээде 5-6 суроо менен түшүнүктүү болот, анда баардык суроону берүү зарыл эмес. Ар бир предметтик мугалим өзүнүн предметине жана темасына жараша суроолорду тандап алса болот. Мисалы мен тарых мугалими болгондуктан, Улуу Ата Мекендик согушту мисал катары АЖППОК схемасына салып көрсөтөйүн:

Аты: Улуу Ата Мекендик согуш

Заты: Согуш

Келип чыгышы: 1941-жыл 22-июнь

Мүнөзү: Каардуу, агрессивдүү.

Максаты: Дүйнөнү каратып алуу, башка элдерди кырып жок кылуу, таза кандуу немис элин калтыруу.

Кесепети: Жер жүзүнүн 57 млн күнөөсүз өмүрлөрү кыйылган .

Таасири: Ата  Мекенди сүйүү, тынчтыкты сүйүү, адам баласына аяр мамиле жасоо.

Натыйжасы: Акыры адилеттик жеңип, душмандын туусу жерге тапталды. Ошол күндөн ушул күн 9-май  —  Улуу Жеңиш майрамы!

 

Окуучу АЖППОКту түзүүдө китепте жок маалыматты издеп тапканга аракет кылат. Ошентип окуучу бир маалыматты издөөнүн негизинде теманы толук өздөштүрүп алат жана сөзсүз баланын эсинде калат.

Жыйынтыгында:

  • АЖППОКту өздөштүргөн окуучу суроо берүү маданиятын үйрөнөт:
  • Суроодон ойлоонуу башталат;
  • Билим калыптанат;
  • Акыл өсөт;
  • Себеп натыйжасы табылат;
  • Терең түшүнөт;
  • Акыл-ой, сезими машыгат, өсөт;
  • Изилдөө болот.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер