Адамзаттын табиятсыз күнү жок, табияттын аны айтар тили жок

  • 19.03.2025
  • 0
Адамзаттын табиятсыз күнү жок, табияттын аны айтар тили жок

Иш-чаранын формасы: Сахналык көрүнүш

Иш-чаранын максаты: Окуучуларга жаратылыш жөнүндө билимдерин

кеңейтүү жана өнүктүрүү; Экологиянын абалын

түшүндүрүү менен чечүү жолдорун аныктоо.

Окуучуларды көркөм чыгармачылыкка

кызыктыруу менен бирге сөз байлыгын өстүрүү;

кругозорун кеңейтүү; өзүн-өзү тарбиялоого жана

сахна маданиятын калыптандырууга жетишүү.

Окуучуларды табиятты сүйүүгө, аны

кастарлоого жана этият мамиле кылууга

тарбиялоо; Адамдын табияттын бир бөлүгү

катары, ага жасаган мамиле өзүнө карата мамиле

экендигин түшүндүрүү; Окуучуларда

гумандуулук, мээримдүүлүк жана камкордук

сапаттарын калыптандыруу.

Иш-чаранын жабдылышы: дарактар, шарлар, жан-жаныбарлардын   сүрөттөрү, канаттуулардын түрлөрү, дубал газеталар, ТСО, видеороликтер, мылтык, устундар, декорациялык жасалгалар.

Иш-чаранын жүрүшү

Видеоролик коюлуп, иш-чарага киришүү жасалат. Жаратылыш менен адамдын ортосундагы байланышты күчөтүү, жер планетасынын абалын жакшыртуу адамзаттан түздөн-түз көз каранды экендигин түшүндүрүү ар бирибиздин милдетибиз. Айрыкча химия-биология мугалимдеринин жоопкерчилиги бул жаатта көп орунду ээлейт. Экологияны коргоо, табиятка туура мамиле жасоо, аны көздүн карегиндей сактоо -бүгүнкү күндүн талабы. Ушул багытта  иштелип чыккан Уркуя Салиева атындагы орто мектебинин жөндөмдүү окуучуларынын ”Адамзаттын табиятсыз күнү жок, табияттын аны айтар тили жок“ аттуу экотеатрына назарыңыздарды бурабыз. 

Толгонай: Амансыңбы, куттуу талаам?

Жер эне: Аманчылык, келдиңби Толгонай. Согуш бүтүп, тынч заманда неберең менен жашоо кечирип жатасыңбы? Эмне болду, кебетеңе караганда бир көйгөйүң бар окшойт.

Толгонай: Жүрөгүм жамандыкты сезгендей сенден кабар алгым келди.

Жер эне: Ырас кылыпсың, менин кыйналып жатканымды сага окшогон асыл адамдар гана сезбесе, башка жан сезбейт.

Толгонай: Ооба, сенин жан дүйнөң жабыркап жатканын көрүп тынч отура алган жокмун. Себеби сенин көйгөйүң менин көйгөйүм эмеспи.

Жер эне: Адамзат пендеси ошону түшүнбөй жатпайбы. Согуш учурунда немецтин уулуу огунан жаралансам, азыр болсо адамдардын пейили бузулуп, ташбоор мыкаачы, жаратылышка айбанча мамиле жасагандарын көрүп каңырыгым түтөп, жараланып жатам.

Эй, адамдар! Эсиңерге келгиле деп, кээде өзүмдү силкинтем, катуу үшкүргөнүмдө шамалымды жиберем, суумду ташкындатам. Жок, баары бир адамдар эстерине келбей жатат, тез эле унутуп коюп баягысы баягы.

Эмнесин айтайын Толгонай: “Миң уккандан бир көргөн абзел”, — дегендей, андан көрө жер жүзүн кыдырып, табияттан кабар алып, өз көзүң менен көрбөйсүңбү?

Толгонай: Жакшы болот жер эне, анда мен суу – таштан кабар алайынчы, ал-абалдарын билип, акыл-кеңештерин угайынчы…

Жер эне: Жакшы болот. Сапарың байсалдуу болсун.

Видеоролик көрсөтүлөт: (Суу тууралуу. Барпынын “Аккан суу” чыгармасынан үзүндү)

Жер жүзүнө жайылып,                              Жер ааламдын баарысын

Толуп чыккан аккан суу.                           Багып чыккан аккан суу

Жети кабат жер бетин,                              Алты кабат жер астын

Жарып чыккан аккан суу.                         Жарып чыккан аккан суу

Суу ата: Оо керемет табият, канчалык коозсуң, сулуусуң! Сенин койнуңда чайкалып не бир сонун мезгилдерди көрдүм.

Толгонай: Саламатсызбы, суу атасы?

Суу ата: Кел Толгонай, чарчап чаалыккансың го, сага кочуштап суумду сунаар элем, бирок суумдун ушунчалык кир, таштандыга толгон, зыяндуу заттар кошулган абалынан уялып турам.

Толгонай: Сизди түшүнүп турам. Табияттын күндөн күнгө абалы начарлап баратканынан да кабарым бар. Бирок ошону адамзат баласы түшүнбөй жатпайбы? Бир күн келип өздөрүнүн ач көздүгү, өзүмчүлдүгү менен жасаган иштери, так өздөрүнүн баштарын жок кыларын билбейт тура.

Суу ата: Бирок анда кеч болуп калат Толгонай.

Толгонай: Суу ата, мага жол көрсөтүңүз, кеңеш бериңиз. Канткенде мен сиздерге жардам бере алам.

Суу ата: Толгонай сен анда тээ тоолордун башынан бери агып келген менин кыздарымды ук…

Дарыя1: Толгонай эне, арбаңыз. Биз да атабыздын кайгысына тең ортоктошпуз.

Дарыя2: Атабыздын күндөн күнгө соолуп баратканына биз да күнөөлүбүз.

Дарыя1: Бизге карасаңыз, көйнөктөрүбүз кир, түсүбүз өңсүз, сууларыбыз даамсыз. Адамдар бизге жаман мамиле жасагандан бери абалыбыз начар.

Дарыя2: Бизге таштанды ыргытышат, зыяндуу заттарды төгүшөт, балыктарыбыз өлүп, суубуз да азайып баратат.

Толгонай: Кагылайын дарыя кыздар. Силерди кантип жубатаарымды да билбей турам. Азыр тутунаар жолумду, эш болчу акылымды таппай турам. Урпактарымдын эмне үчүн мынчалык өздөрүнө кастык кылып жатканын түшүнбөй турам.

Суу ата: Толгонай кааласаң бир кеңеш берейин. Мен билгенден адамзат пендеси — эң бир ачкөз жан болот экен, байлык, бийлик көзүн тосуп коёт. Ал жан качан гана бул нерселерди ыйманга, адеп-ахлакка, акылмандык менен билимдүүлүккө алмаштырганда гана анын колунан баары келет. Сен үмүтүңдү өчүрбө, менин сөздөрүмдөн жакшылап жыйынтык чыгар. Мен дагы деле адамдарга ишенемин.

Толгонай: “Үмүт эң акыркы өлөт” дегендей, ишеничиңизге ыраазымын акылман суу атасы. Сөзүңүздө калет жок. Башына түшкөн бардык нерсени адамдар өз пейилинен табат. Суу ата, сиз көңүлүңүздү көп чөктүрө бербеңиз, аруу, таза, апапакай ак куулар көлүңүздө сүзүп жүрөт, карасаңыз бийлегендерин. (Ак куулар бийлейт)

Асия: Эй адамзат, эсиңе кел, карайлаба,

Табиятка кастык кылба, адашпа.

Айдын көлдүн керемети ак кууну,

Атып жүрүп тапканыңар, не пайда.

 

Эй адамзат, өзүңө кел, бүлүндүрбө,

Өсүүсүнө табияттын, сенсиң күбө.

Асыл-тукум, жан-жаныбар аз сандагы,

Жер жүзүндө жоголушса, сенде күнөө.

 

Эй адамзат, ойлонуп көр, калбагын кеч,

Куш периси ак кууларды атпагын эч.

Жаратылыш каары келсе, токтоп турбайт,

Эскертүүсүз алып коёт, бергенин тез.

2-видеоролик көрсөтүлөт.

Биз жашайбыз жаратылыш койнунда,

Таза аба, мөлтүр суунун боюнда.

Жаратылыш байлыктарын жоготпой,

Оо адамдар сактайлычы дайыма.

 

Жаратылыш керек бизге эмне үчүн?

Жан-жаныбар, кооз токой ким үчүн?

Табиятсыз элестетчи жашооңду,

Эгер билсең мунун баары биз үчүн.

 

Кантип турам таза абаны жутпастан,

Кантип уктайм булбул үнүн укпастан.

Кадимкидей чарчоом менин басылат,

Чаңкаганда сууңду бир аз ууртасам.

 

Жаратылыш бизге керек сактайлы,

Жаныбарды “жалп” дегизе атпайлы.

Токойлорду кыйып, өрттөп жок кылып,

Жараткандын каргышына калбайлы!

Толгонай: Кылымдар бою кебелбей аскасы асман тиреген Ала-Тоодон кабар алайынчы, жапжашыл арчалары, бой тирешип өскөн карагай кайыңдары, жыттуу гүлдөрү, булбулу бакта сайраган, улары тоону жайлаган, көргөндүн көз жоосун кандырган көк майсаң чөптөрү, андагы оттоп жүргөн эчки, улак, маралдар кантти экен?

-Ой, булар кимдер? Колдорунда курал кишендери бар го.

1-браконьер: Ат баспаган асканын,

Аралап бастык ак карын.

Акыбетибиз кайтаар дейм,

Атып алсак аркарын.

2-браконьер: Ат баспаган асканын,

Биз бастык аска таштарын.

Олжолуу болуп кайтабыз,

Баалуусун чапса капканым.

1-браконьер: Капканды мында саламын,

Ак илбирс кармап аламын.

Терисин сатып долларга,

Байып бир жатып каламын.

2-браконьер: Байкатып койбой аа көрө,

Жашынып байкап туралык.

1-браконьер: Тигине келе жатат курч тырмактуу ,

Кара темгил тактары бар ак илбирс. (Байкатпай аңдып отурушуп ак илбирсти атып салышат)

Толгонай: Аттиңай бейажал өмүрүңдү күм-жам кылган, адамдар ушунчалык ташбоор белең.

Неге мынча ташбоорсуң адамзат?

Неге мынча ойлонбойсуң адамзат?

Келгилечи улуу болсоң адамзат.

Ак илбирсти коргойлучу, сактайлычы,

Урпактардын келечегин ойлойлучу.

Жаратылыштын макулуктарын ушинтип кыра берсек, бизге тукум калабы?

Жер эне: Көрдүңбү Толгонай, адам деген ушундай мыкаачы. Бүткүл дүйнөлүк форумда “Ак илбирсти коргойлу” деп жатса да, жаратылышка кыянатчылык кылып жатканын.

Ал эле дейсиңби, кулак салып укчу… (дагы бир жагымсыз добуш угулат)

Толгонай: Кана карап көрөйүнчү кандай дабыш экен. Туура айтасың жер эне бул жакта карагай кыйып жатышат ко .

1-кылмышкер: Устунга жарай турганын мен алайын. Сага отун керек болсо, майда шакчаларын сен ал.

2-кылмышкер: Ошондой кылабыз. 5-6 карагай кессек эле, токойдун көркү бузулуп калмак беле.

1-кылмышкер: Токойду сакта, токойду сакта деп эле кыйкырышат, ушуну менен эле кемтиги бүтүп калмак беле. Эң негизгиси эч ким көрбөсө эле болду. Түн киргенде алып кетсекпи эч ким көрбөйт.

Толгонай: Туура айтыпсың жер эне. Акыл-эсибиз бар туруп сени ушунчалык азапка салып жаткан турбайбызбы?

Жер эне: Эмнесин айтасың, Толгонай, эгерде ушул карагайларга тил бүтсө: эй адамзат токтот кыйганыңды , мен сенин байлыгыңмын, жериңе сулуулук тартуулап, ысысаң көлөкө болуп, кыян жүрсө токтотоор элем демек.

Дарак сыяктуу мен дагы жер жүзүндө жашап жаткан адамдарга кайрылар элем.

“Эй адамдар, силерге эмне керек, жерби, мына мен жермин, мага бир дан таштасаңар, миң дан болуп берем, чырпык сайсаңар, чынар болуп берем, үй курсаңар, дубал болуп берем, мага силердин кыянатчылыгыңардын кереги жок, мага кароо керек”.

Толгонай, кулагы уккан ар бир пендеге ушинтип айткым келет, бирок алар мени укпайт. Сен пендесиң Толгонай, сен айт, сени угушат.

Толгонай: Жер эненин үнүн, муңун уктуңарбы? Келгиле, Жер энени жабыркатпай, көз жашын төктүрбөй, сууларын таза кармап, жаныбарларын коргоп, бак-дарактарын кыйбай ар бир өсүмдүгүнө чейин аярлап карайлычы. Биздин колубуздан баары келет. Жаратылышты сактасак, ал бизди сактайт. Жаратылышты коргоо, мекенди коргоо менен барабар экенин билсек, өзүбүздүн пенделик бурчубузду аяган болот элек. Алдыңкы жалдары “Тоолордун экосистемасын өнүктүрүү жылы“ болуп аталса, ал эми быйылкы жыл көптөгөн мамлекеттердин уюму болгон Шанхай кызматташтык уюмунда “2024-жыл Табиятты коргоо“ жылы деп да бекеринен айтылбаса керек.

“Адамзаттын табиятсыз күнү жок, табияттын аны айтар тили жок” демекчи, Жер эненин айта албаган арманын мен айтып жатам, адам катары аны иш жүзүнө ашыруу ар бирибиздин милдетибиз.

Ош облусу, Ноокат району, Уркуя Салиева атындагы орто мектебинин мугалимдери:

Сыдыкова Г.

Жадилова У.

Мажакыпова Б.

Бөлүшүү

Комментарийлер