МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ

  • 15.08.2023
  • 0
МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ

Актуалдуулугу

Кыргыз Республикасы адам потенциалын өнүктүрүүнү негизги багыттардын бири катары карайт. Учурда билим берүү системасында мектепке чейинки билим берүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүүдө. Мектепке чейинки билим берүү жана өнүктүрүү балдардын келечекте билим алуусуна, окуу процессине даяр болуусуна, жакшы ийгиликтерди жаратуусуна, социалдашуусуна эбегейсиз чоң таасирин
тийгизет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы №363 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» мамлекеттик билим берүү стандарты бекитилген. Мектепке чейинки билим берүүнүн мазмуну, сапаты, күтүлүүчү натыйжалары жана мектепке чейинки жаштагы балдарды өнүктүрүү максаты аталган стандартта көрсөтүлгөн. Негизги максаттары:

1) ар бир баланын мектепке чейинки билим алуусунун жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына мамлекеттик кепилдикти камсыздоо;

2) мектепке чейинки курактагы балдардын муктаждыктарын эске алуу менен аларды окутуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

Мектепке чейинки жаштагы балдарга билим берүүдө педагогдордун алдына коюлган милдеттерди аткарууда азыркы шарттагы негизги ишмердүүлүк: өз алдынча билим алуу, өзүнүн кругозорун кеңейтүү жана кесиптик ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз өркүндөтүү; балдардын билим берүү мейкиндигин кеңейтүү; көйгөйлүү-изилдөө иштерин уюштуруу; жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу менен атайын сабактарды уюштуруу аркылуу заманбап гаджеттерди колдонууда натыйжалуу тажрыйбага ээ болуу аркылуу балдардын көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн калыптандыруу болуп калат.

Учурда мамлекетибизде билим берүү системасы компетенттүүлүк мамиленин негизинде билим берүү аркылуу адам потенциалын өнүктүрүүгө багыт алды. Ар бир педагог алып барган ишинин ийгилигин камсыздоо үчүн педагогикалык ишмердүүлүк боюнча квалификацияны жогорулатуу курстары, тренинг, семинарларга катышкандыгы жөнүндө тастыктамаларды; изилдөө, эксперименталдык иштери боюнча материалдарды; инновациялык иш, жаңы педагогикалык технологияларды өздөштүрүү боюнча материалдарды, методикалык иштелмелерди, ата-энелер менен иштөө тажрыйбасын, баяндамаларды, өз ишинде колдонулган материалдарды чогултуп топтомдук базаны – Портфолиону түзүүсү шарт. Билим берүүнү өнүктүрүү жана тарбиялоо маселелеринде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлери үй-бүлөнү колдоо, ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) мектеп жашына жете элек балдарды тарбиялоо боюнча компетенттүүлүгүн жогорулатуу, балдардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо; балдарды тарбиялоодо кызматташуу; үй-бүлөдө жана балдар жамаатында инсанды өнүктүрүүгө бирдиктүү мамилелерди камсыз кылган бирдиктүү өнүктүрүү чөйрөсүн түзүү маселелерине көңүл бурушу зарыл жана ошондой эле балдарды коомго адаптациялап, педагогикалык процесске заманбап талаптарды аныктап, мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишинин сапатына мониторинг жана талдоо жүргүзө билүүсү
керек.

Мектепке чейинки жаштагы балдарга билим берүү, тарбиялоо жана өнүктүрүүдө педагогдорго, тарбиячыларга жана башка кызматкерлерге кесиптик даярдыгынын болушу, алган билимин, тажрыйбасын өркүндөтүп туруу, балдарды өнүктүрүүчү, коопсуз, жагымдуу чөйрөнү түзө алган, ар бир балага жекече мамиле жасай алган жаңы технологияларды, усулдарды, ыкмаларды өздөштүрүү, колдоно билүү квалификациялык талаптары коюлат жана интеллектуалдык, маалыматтык, жөнгө салуучу жана коммуникативдик компетенцияларга ээ болуусу мектепке чейинки билим берүүнүн натыйжалуулугуна багытталат.

Нормативдик документтер

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы Мыйзамы менен кабыл алынган);
  2. «Балдардын укуктары жөнүндө Эл аралык Конвенциянын» (Кыргыз Республикасы Жогорку Кеңештин 1994-жылдын 12-январындагы №1402-XII токтому менен кошулган);
  3. Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги №92 «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамы;
  4. 2009-жылдын 29-июнундагы №198 «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү» Мамлекеттик билим берүү стандарты;
  6. 2021-2023-жылдарга карата иш-чаралардын планы;

7.«2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясы»;

  1. «Кыргыз Республикасында 2021-2040-жылдарга карата билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиясы».

Учурда мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» Мыйзамында бекитилген мектепке чейинки билим берүүнүн түрлөрүн, ар кандай моделдерин колдонуу менен камсыз кылынып, мектепке чейинки билим берүүнүн вариативдүү формаларынын саны көбөйүүдө. Буга мисал мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдары балдарды өстүрүү борборлору, эне мектеби, жамааттык бала бакчалар, кыска мөөнөттүү бала бакчалар ж.б.

Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясына ылайык, 2018-2040-жылдарга карата билим берүү системасы ар бир адамдын инсандык дараметин ачкан тарбиялоого, практикалык билимдерди жана компетенцияларды калыптандырууга багытталышы керек. Ар бир жаран сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк алат.

«Кыргыз Республикасынын 2021-2040-жылдарга карата билим берүүнү өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиянын» максатына ылайык, мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик деңгээлде конкреттүү чаралар көрүлүүдө. 2022-2023-окуу жылында «Наристе» (480 саат) мектепке даярдоо программасы боюнча 100262 бала бакчага барбаган балдар окутулду, бул көрсөткүч жалпы 6-7 жаштагы балдардын дээрлик 75%
түздү.

2023-жылдын мартында мектепке чейинки курактагы балдарды багуу боюнча кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын баштапкы этаптары ишке ашырылды. Аталган программанын алкагында «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартууну жогорулатуу» долбоору ишке киргизилди.

Программалар

Мамлекеттик, муниципалдык жана ар кандай үлгүдөгү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары педагогикалык процессти «Балалык», «Мектепке карай 6-7 жаштагы балдарды даярдоонун жалпы жетилтүүчү (базистик) программасы», «Наристе» программасы, «Бирге өсөбүз», «Өзгөчө кырдаалдарда мектепке чейинки балдардын коопсуздугу», «Алтын ачкыч», «Ойлоп табуучулук маселелерди чечүү теориясы» (ТРИЗ) парциалдык программалары аркылуу ишке ашырышат.

«Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү» Мамлекеттик стандартына ылайык мектепке чейинки билим берүү программалары балдарды өнүктүрүүдө:

1) дене бой жактан өнүктүрүү;

2) когнитивдик өнүктүрүү;

3) сабаттуулук жана коммуникациялык өнүктүрүү;

4) социалдык жана эмоционалдык өнүктүрүү;

5) чыгармачылык жана эстетикалык өнүктүрүү багыттарын интеграциялоо каралган.

Өнүгүүнүн ар кандай багыттарын өзүнчө тандап алуунун ордуна, аларды бири-бири менен өз ара айкалыштыруу мектепке чейинки жаштагы балдардын өнүгүүсүндө жакшы натыйжаларды берет.

Мисалы:

— Дене бой жактан өнүктүрүү когнитивдик өнүгүүгө таасирин тийгизиши мүмкүн. Дене тарбиясындагы активдүүлүк ой жүгүртүүнү, коммуникацияны, чыгармачылык ой жүгүртүүнү, эмоцияларды билдирүүнү жогорулатат.

— Чыгармачыл жана эстетикалык өнүктүрүү сабаттуулукту жана коммуникацияны өнүктүрүүгө байланыштуу болушу мүмкүн. Чыгармачыл оюндар жана иш-чаралар аркылуу балдар сүйлөө жөндөмүн жана өз оюн билдирүү жөндөмүн өркүндөтө алышат.

— Социалдык жана эмоционалдык өнүгүү когнитивдик функциялар менен тыгыз байланышта.

Балдарды өнүктүрүүнүн багыттарын интеграциялоо түрдүү иш аракеттер, окутуу, оюн, изилдөө ыкмалары аркылуу ишке ашырылат. Бул багытта көптөгөн материалдарды, оюндарды, чыгармачылык тапшырмаларды жана топтордо иштөө ыкмаларын колдонуу сунушталат.

Заманбап технологиялар

Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө өнүгүү багытында баратканын түшүнүү керек. STEM билим берүү ыкмасы мектеп үчүн гана эмес, мектепке чейинки билим берүү үчүн дагы жаңы, заманбап ыкма болуп калды. STEM ыкмасы – табигый жана так илимдерди айкалыштырып, маселелерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылууга, ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Мектепке чейинки курактагы балдардын өнүгүү өзгөчөлүктөрүн жана бул куракта сүрөт тартуу, моделдөө, долбоорлоо аркылуу майда моторикасын өнүктүрүүнүн жана кыймылдарды координациялоонун маанилүүлүгүн эске алып, мектепке чейинки билим берүүдөгү STEAM мамилеси терминине токтолсок туура болот. STEAM англис тилинен которгондо табигый илимдер, технология, инженерия, көркөм чыгармачылык, математика деген түшүнүктү берет. Ошондуктан бүгүнкү күндө STEAM негизги тенденциялардын бири катары өнүгүп жатат. STEAM – билим берүүсү колдонмого негизделген окутуулар аралык жана прикладдык мамилени колдонууга, ошондой эле бардык беш илимди бирдиктүү  окуу схемасына интеграциялоого негизделген. STEAM компетенцияларын калыптандыруу, мектепке чейинки куракта – пластилинден айкел жасоо жана моделдөө жөндөмдөрүн өнүктүрүү, туздуу камырдан оюнчуктарды жасоо жана ошол эле учурда буюмдардын узундугу, туурасы жана бийиктиги менен таанышуу же картондон же башка материалдардан үч өлчөмдүү конструкцияларды түзүү ж.б.д.у.с ишмердүүлүк аркылуу ишке
ашат.

Оюн мектепке чейинки балдардын негизги иш-аракети бойдон калмакчы. Окутуу оюнга негизделет. Бала оюн аркылуу билимди өздөштүрүп үйрөнөт, өзүнө жаңы нерселерди ачат. Бирок заманбап жашоодо гаджеттер баланын жашоосунда маанилүү орунду ээлеп турганда, баланы окутуу үчүн, анын кыял чабытын, жөндөмүн, изилдөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн башкача чөйрөнү түзүү зарыл болуп калды. Мында изилдөө билим берүүнүн негизги элементи болуп, айлана-чөйрөнү, дүйнөнү, коомдук-эмоционалдык, психологиялык элементтерди оюндар аркылуу изилдөө
каралат.

Азыркы балдар ата-энелерине караганда техникалык жаңычылдыктарды тезирээк жана ийгиликтүү өздөштүрүшөт жана баары жаркыраган, укмуштуудай болушу керек экенине көнүшкөн. Мектепке чейинки курактагы STEAM билим берүү табигый кызыгуу жана изилдөө жөндөмү менен тыгыз байланышта болгон спецификалык окуу методологиясы. Ал эми мектеп жашына чейинки балдардын өнүгүүсүнө илимий, изилдөөчү мамиледе караганда оюн баланын негизги ишмердүүлүгү бойдон калууда.

Мектепке чейинки курактагы STEAM билим берүүнүн негизги өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр:

— оюн жана изилдөө ыкмаларын күн тартибинде активдүү колдонуу. Балдарга оюн процессинде жана курчап турган дүйнөнү изилдөө иш-аракетинде чыгармачылык эксперимент жана өз алдынча жаңы билимдерди ачуу үчүн шарттар түзүлөт;

— балдарга илимди үйрөнүүгө активдүүрөөк жана тереңирээк сүңгүүгө мүмкүндүк берген мультимедиалык технологияларды жана интерактивдүү билим берүү программаларын колдонуу;

— балдар ар кандай долбоорлордун үстүндө иштеп, өз идеяларын ишке ашырып конкреттүү маселелерди чече турган долбоорго багытталган окутууну киргизүү;

— сынчыл ойломду, логикалык ой жүгүртүүнү жана натыйжаларды талдоо жөндөмүн өнүктүрүүгө басым жасалат.

Негизги максат – балдарга билим берүү гана эмес, балдардын келечекте билим алуусуна шарт түзгөн жөндөмдөрүн өнүктүрүү. Педагогикалык процессте STEAM ыкмасын колдонуу балдардын майда моторикасын, коммуникациялык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт; лидерлик сапаттарды калыптандырат; көңүл бурууну жана концентрацияны башкарууну камсыздайт; чыгармачыл ой жүгүртүүгө түрткү берет; мейкиндикте ой жүгүртүү, элестетүүнү, логиканы өстүрөт; маалымат менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрөт; башка балдар менен бир топто иштөө жөндөмдүүлүгүн шарттайт; сынчыл ойломду, когнитивдик көндүмдөрдү, ошондой эле балдардын социалдык, эмоционалдык жана физикалык өнүгүүсүн жакшыртат.

Заманбап билим берүү системасында педагог негизги орунду ээлейт жана анын педагогикалык даярдыгынын түзүмүндө кесипкөйлүк жана компетенттүүлүк маселеси артыкчылыктуу багытты ээлейт. Коом мектепке чейинки билим берүү адистерин даярдоонун сапатына жогорулатылган талаптарды коюп жатат: алар гуманитардык илимдердин системасын, анын физикалык, адеп-ахлактык, психикалык өнүгүү мыйзамдарын терең өздөштүрүү менен чектелбестен, бул билимдерди практикалык ишмердүүлүктө колдонууну үйрөнүшү керек.

Билим берүү тармагында санариптештирүү жана жогорку технологиялар маанилүү роль ойнойт. Технологиянын бизге берген чексиз мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен балдардын, тарбиячылардын жана ата-энелердин билимге жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Мына ушундай мүмкүнчүлүктөрдүн бири бизге “Билимдүү муун” платформасы тарабынан берилген. «Билимдүү муун» платформасы – бул балдар, педагогдор жана ата-энелер үчүн санариптик окуу платформасы. Платформада мектепке чейинки билим берүү боюнча программалар, «Керемет көч» мультфильмдеринин сериясы, видеосабактар, ошондой эле «Кыргыз Республикасында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө тоскоолдуктарды азайтуу долбоорунун алкагында иштелип чыккан 20 сааттык курстун материалдары камтылган.

 

Урматтуу педагогдор, сиздерге “Билимдүү муун” платформасынын штрих-коду берилди.

  1. Сканер тиркемесин ишке киргизиңиз.
  2. Смартфонуңуздун камерасын штрих-кодго багыттаңыз.
  3. Онлайнда көбүрөөк маалымат алуу үчүн издөө баскычын басыңыз. Бирок, мындай функция камераны жөндөөдө болбошу мүмкүн. Операцияны аяктоо үчүн штрих-код сканери бар тиркемени жүктөп алышыңыз керек болот.

https://kyrgyzstan.learningpassport.unicef.org/

Билим берүү системасында мектепке чейинки билим берүү зор орунду ээлейт, анткени адам капиталы өлкөнүн өнүгүүсүндө чоң роль ойнойт.

Азыркы учурда мектепке чейинки билим берүүнүн сапаттык жагын кароо зарылчылыгы турат.

сунушталган темалар:

  1. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин МКТны колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүү.
  2. Мектепке чейинки балдарды өнүктүрүүдө санариптик технологияларды колдонуу.
  3. Санариптештирүү жана STEAM технологиялар доорунда балдардын өнүгүүсү.
  4. Үй-бүлө менен иштөөнүн түрдүү формалары аркылуу ата-энелерди билим жана тарбия берүү процессине активдүү катышууга тартуу.

Өткөрүү формасы: Тегерек столдор, ZOOM платформасын колдонуу аркылуу өтүлүүчү вебинарлар, талкуулар, жолугушуулар, ачык сабактар.

Бөлүшүү

Комментарийлер