БАЙЫРКЫ ИНДИЯНЫН ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ

  • 14.07.2023
  • 0
БАЙЫРКЫ ИНДИЯНЫН ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ

БАЙЫРКЫ ИНДИЯНЫН ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫМунара Жусупова,

Бишкек шаарындагы №21 мектебинин тарых мугалими

Сабактын  аталышы: Тарых

Класс: 5-класс

Сабактын  максаттары:       

 билим берүүчүлүк максаты:

байыркы Индиянын цивилизациясы боюнча түшүнүк алышат, анын ири жеңиштери жана аймагынын кеңдиги туралуу                 билишет. Тарыхый окуяларды, фактыны, көрүнүштү өздөштүрүшөт, ойлонуп, ой жүгүртүп, түшүнүп, баалап, корутунду чыгарып билим алышат, билимдерин кеңейтишет, тереңдетишет, бышыкташат;

өнүктүрүүчүлүк максаты:

тарыхый ой жүгүртүүсүн андан ары өнүгѳт, ынанат, көнүгѳт, ык алат, сүйлөө маданиятын өсѳт, адамдык сапаттары өнүгѳт;

тарбиялык максаты:

тарых аркылуу окуучулардын аң сезимдери, эмоциялык таасир алышат, окуяга жараша окуучулардын толкундантуу, кубануу же кайгыруу аркылуу ишенимдери даралат.

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу: жагымдуу маанай түзүү.

— Саламатсыңарбы, окуучулар! Баарыбыз толук келдикпи, анда сабакка керектүү окуу куралдарыңарды алып, даяр отургула, сабагыбызды баштайлы. Силер туура байкап жатасыңар, бүгүн бизде ѳзгѳчѳ сабак. Ачык сабак! Сабакты баштаардын алдында жагымдуу маанай түзүү үчүн музыканы угуп, (индия музыкасы) смайликтерди туурап, денебизди кыймылдатып алалы.

  • Алгач сабактын жүрүшүдө сактала турган эрежерди кайталап алалы. Кимдер мыкты окуучулардан болушат?
  • Сабакта өзүн активдүү алып жүрсө
  • Жооптор жана суроолор так жана далилдүү болсо
  • Башкалардын оюун сыйласа
  • Тынчтыкты, тазалыкты сактаса
  1. Yй тапшырмасын текшерүү, кайталоо.

Биз мурунку сабагыбызда ѳткѳн теманы эсибизге түшүрүп, дагы бир жолу бышыктап алалы. Кана кимибиздин эсибизде Месопотамия жѳнүндѳ кѳбүрѳѳк маалыматтар калды. Эгер унутуп калган болсок эсибизге сактап алабыз.

Бул сүрѳттѳр эмненин сүрѳтү? Кол кѳтѳрүп, так жооп берүүгѳ аракет кылабыз.

Жообу: Байыркы Месопотамиядагы Вавилон шаарынын башчысы Хамурапинин таш мамычага жазылган законору. Ал таланттуу башкаруучу, мыйзамчы болгон. Анын мыйзамы 282 беренеден туруп, анын 37 беренеси өчүрүлгөн.

Сүйлѳмдѳрдү туура маалыматтар менен толуктагыла.

Месопотамиялыктардын руханий дүйнөсүндө …… өзгөчө орунда турган. Өздөрүн жаратылыштын бир бөлүгү катары эсептеп, ар кандай мифтерге ………………….  Адамдын денеси – ………………………, каны – ……………., дем алуусу – ………………., көзү – …………….. жаралган деген ишеним күчтүү өкүм сүргөн. Бардык эле байыркы адамдардай месопотамиялыктар дагы көзгө көрүнбөгөн …………………………күчтөргө көбүрөөк ишенишкен.

Туура жооптору:

  • Месопотамиялыктардын руханий дүйнөсүндө дин өзгөчө орунда турган. Өздөрүн жаратылыштын бир бөлүгү катары эсептеп, ар кандай мифтерге ишенишкен. Адамдын денеси – топурактан, каны – суудан, дем алуусу – шамалдан, көзү – күндөн жаралган деген ишеним күчтүү өкүм сүргөн. Бардык эле байыркы адамдардай месопотамиялыктар дагы көзгө көрүнбөгөн сыйкырдуу күчтөргө көбүрөөк ишенишкен.

3.Жаӊы теманы  түшүндүрүү.

Эми бүгүнкү сабактагы жаңы темабызга кезек берели. Азыр мен эки жакка аралашкан тамгаларды берем, аларды туура бириктирип теманы билип алалы. (окуучулар сөздөрдү куроо менен теманы табышат. Тема: Индиянын байыркы цивилизациясы  деген сөз чыгыш керек)

Эгер курап жетишпей калсаңар анда кийинки жардамды берейин. Теманы билүү үчүн экранга кѳңүл бурабыз жана теманы тапканга аракет кылабыз.

  • чайдын мекени
  • кыздары өтө азем кийинишет
  • аба ырайы ысык
  • калкынын санынын көптүгү боюнча дүйнөдө Кытайдан кийинки экинчи орунда турат
  • пилдердин мекени
  • маймылдардын дагы мекени
  • сабактын башында ушул элдин музыкасы менен баштадык

Сабактын  темасы:  Индиянын байыркы цивилизациясы

Биз бүгүнкү сабагыбызда:
1.Байыркы Индиянын ээлеген орду жана географиялык чөйрөсү.
2.Индиядагы байыркы цивилизациялары жөнүндө билимдерге ээ болобуз.

Алгац цивилизация деген түшүнүктү дагы бир жолу бышыктап алалы. . (мурунку сабактарда бул тушүнүктөр айтылган, окуучулар жооп беришет)

Цивилизация  – «шаармамлекет» деген түшүнүктөн тамыр алган.

  1. Цивилизация – адамзат тарыхынын варварчылыктан кийинки баскычы. Ал таптардын, мамлекеттердин түзүлүшү, шаарлардын пайда болушу , жазуунун колдонулушу менен шартталат.
  2. Цивилизация – маданиятка маанилеш. Экөө тең коомдун өсүп-өнүгүшүн, адам жараткан баалуулукту туюндурат.
  3. Цивилизация – коомдук турмуштун өзгөчө жагы, деңгээли. Ага «техникалык камсыздык», жашоо-турмуштун көңүлдөгүдөй шарты («комфорт»), «каалаганың» табылганы мүнөздүү.

Топторго текстер таратылып берилет. Окуучулар берилген тексти жана сүрөттөрдү пайдаланып маалыматты башка окуучуларга айтып беришет.

1-топ.  Байыркы Индиянын ээлеген орду жана географиялык чөйрөсү.

Индия Түштүк Азиядагы мамлекет. Ал Индостан арым аралынан орун алган. Индия менен Кытайды жер жүзүндө Гималай тоолору бөлуп турат. Гималай тоолорунун этегин бойлой ойдуң жайгашкан. Анын батыш бөлүгүнөн Инд дарыясы, чыгыш бөлүгүнөн Ганг дарыясы агат.

Жайкысын дарыялардын суусу мол, анткени дарыя ташкыны болуп турат. Ганг өрөөнүндө жана анын куймаларындагы жерлер абдан түшүмдүү келип, жамгыр катуу жаайт. Ганг дарыясынын түштүгүрөөк жагында Индостан жарым аралынын бөксө тоолору жатат. Тоолордун капталдарында дайыма жашыл чытырман токойлор – жунглилер ушул мезгилге чейин сакталып калган.

 

 

 

 

 

 

 

2-топ. Индиянын жунглилеринде кабылан, жолборстор, пилдер, буйволдор жана уу жыландар жашайт. Индияда маймыл көп. Аларды токойлордон эле эмес, шаар-кыштактардан дагы жоолуктурууга болот. Өзгөчө ак каштуу гиббон маймылын Индиядан башка жактан көрө албайсың. Ал канаттуулардын жумурткаларын, чөп-чарды, жашылча-жемиш, балапанддарды, курт-кумурскаларды жей берет. Ал эми лангур маймылы – иниялыктар үчүн ыйык жаныбар. Алар көбүнчө топ-топ болуп жүрө беришет.

 

 

 

 

 

 

 

3-топ. Инд дарыясынын өрөөндөрүндө жамгыр сейрек жаайт. Мында кургак талаалар созулуп жатат. Индиялык ыйкандар шалы, буудай жүгөрү, бал камыш, пахта жана жут (андан бышык аркан жасалат) айдашат. Чыгыш Гималай тоолорунун капталдарында чай өсүмдүгү өстүрүлөт. Инустардын көбү ылайдан согулган кепелерде же кыштан салынган үйлөрдө жашашат. Алардын үстү саман, камыш, черепица менен жабылат. Дыйкандар жер айдоого өгүз менен буйволдорду пайдаланышат. Эгерде мында жерди иштетүүдө жасалма жол менен сугаруу ыкмасы пайдаланылса, бир жылда эки же үч жолу түшүм алууга болот. Индостан жарым аралын дээрлик бүт бөксө тоолор ээлейт. Бул жерде жез менен темирдин бай кендери бар.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Индиядагы байыркы цивилизациялар.

(Мугалим сүрөттөр аркылуу баяндап берет.)

Б.з.ч. 3300-1300-жылдары Инд дарыясынын өрөөнүндө Хараппа цивилизациясы өнүккөн. Аймагынын чоңдугу боюнча Байыркы Чыгыштагы үчүнчү цивилизация болгон. Бул цивилизация Египет жана Месопотамиядан кийин турат. Хараппа цивилизациясынын ири шаарлары – Ракхигархи, Мохенджо-Даро, Хараппа, Лотхал жана Дхолавир. Калкы 5 млн адамды түзгөн. Азыркы окумуштуулар бул шаарларды байыркы мегаполистер деп аташат. Хараппа маданияты Пакистандагы Рави өзөнүнө жакын жайгашкан. Бул жерде 1921-жылы археологиялык казуу иштери жүргүзүлгөн. Андан коло дооруна таандык шаар калдыктары, сепилдер табылган. Ошондой эле Байыркы Индиянын эң эзелки пиктографиялык жазуусу түшүрүлгөн көптөгөн мөөрлөр кездешкен. Хараппа маданияты убагындагы шаар көчөлөрү узун-туурасы кесилишип курулуп, имараттары бышкан кыштан тургузулган. Шаарларга суу жеткирүү жакшы уюштурулуп, канализация пайдаланылган. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Жездден жана колодон ар кандай буюмдар, чопо идиштер жасалган. Скульптура өнөрү өнүккөн. Шаар калкы дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишкен. Б.з.ч. II миң жылыктын орто ченинде Индияга арий уруулары каптап кирип, маданиятты талкалаган.

Эми болсо биз Индиянын дагы бир байыркы шаары менен таанышышыбыз керек, ал жөнүндө маалыматтарды топтоп, чакан баян түзүп келүүнү үй тапшырмасы кылып берели.

4)Сабакты бышыктоо. Чынбы же жалганбы оюунун ойнойбуз.

1.Индия Түштүк Азиядагы мамлекет, Индостан жарым аралында жайгашкан (чын)

2.Индия менен Кытайды бөлүп турган тоо Гималай (чын)

3.Батыш бөлүгүнөн Инд дарыясы, чыгыш бөлүгүнөн Ганг дарясы агат (чын)

4.Индияда ак аюуулар дагы көп жашайт (жалган)

5.Индияда маймылдар көп (чын)

6.Индияда карагат көп өстүрүлөт (жалган)

7.Бал камышынан бал өндүрүлөт (жалган)

8.Индиялыктардын көбү кепелерде жашашат (чын)

9.Жезден жана колодон ар кандай буюмдарды жасашкан  (чын)

  1. Чоподон кийимдерди жасашкан (жалган)
  2. Арий урууларынын каптап кириши менен Хараппа маданияты ѳнүккѳн (жалган)
  3. Хараппа шаарынын калкы 5млн адамды түзгөн (чын)
  4. Скульптура өнөрү өнүккөн эмес (жалган)
  5. Шаар калкы дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишкен (чын)

Азаматсыңар балдар!

5) Сабакты жыйынтыктоо.

  • Анда эмесе сабагыбыздын жыйынтыгын чыгаралы. Байыркы Индиянын Түштүк Азияда, Индостан жарым аралында жайгашканын билдик. Географиялык чөйрөсү, бай жаратылышы бар экендигине күбө болдук.
  • Индиядагы байыркы цивилизациялар жөнүндө түшүнүккө ээ болдук. Көптөгөн байркы шаарлары болгондугун, алардын ичинен Хараппа шаар маданиятына токтолдук.

6) Баалоо. Окуучулардын сабактагы активдүүлүгү, жаӊы маалыматтарды өздөштүрүүсү жана алган билимин пайдалана билүүсү бааланат. Окуучулар ѳздѳрүн баалашат, таблица таратылып берилет.

Ѳзүңдү баала

(1.2.3.4.5 деген баалар менен ѳзүңѳрдү баалагыла)

  • Сабакта өзүмдү активдүү алып – жүрдүм

*  Тапшырмаларды так жана далилдүү аткардым

  • Башкалардын оюун сыйладым
  • Тынчтыкты, тазалыкты сактаганды билем

7) Yйгө тапшырма: Тексти окуп, кошумча булактарды жана сүрөттөрдү пайдаланып Мохенджо-Даро            тууралуу бандама түзүп келүү.

Текст: Индия өрөөнүндө б.з.ч. 2600-жылы түзүлгөн байыркы шаар -Мохенджо-Даро. Ал Пакистандын түндүк тарабындагы Синд провинциясында жайгашкан. Мохенджо-Даро шаары өзүнө көптөгөн тарыхый табышмактарды камтыйт. Мындагы курулган имараттар бышкан кыштан салынган. Чоң бассейндин, канализациянын калыктары, жазма материалдар, “Бийчи кыздын” колодон жасалган статуэткасы жана мөөрлөр табылган. Мохенджо-Даронун ээлеген аянты 300ганы түзгөн. (китепте 148 бетте сурөттүн астындагы текст.)

2-тапшырма: Тексти окуп, ушул боюнча сүрөт тартып келүү. (китепте 148 бетте сурөттүн астындагы текст.)

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер