КАЙТАЛОО САБАГЫ

  • 31.03.2023
  • 0
КАЙТАЛОО САБАГЫ

  Шайирбү Джунусова,

 Кара-Суу районунун  № 111 Алыкул  Осмонов  атындагы мектебинин

 кыргыз тили жана  адабияты  мугалими

Предмети:  Кыргыз адабияты

  Классы: 5-класс

Темасы: Кайталоо сабагы

Сабактын максаты:               

билим  берүүчүлүк:

Алган  билимдерин  кайталашат, эске  түшүрүшөт, бышыкташат.   Билгендерин  айтып  беришет, суроолорго жооп табышат.

 

өнүктүрүүчүлүк:

Ой жүгүртүүсү, эске сактоосу, сөз  байлыгы  өсөт, адабиятка  болгон  кызыгуусу  артат.

 

тарбия  берүүчүлүк:
Бирин-бири сыйлоого, угууга  урматтоого,  китепти   кызыгып  окууга  тарбияланышат.

Сабактын көрсөткүчтөрү:

Алган билимдерин эске түшүрүп айтып бере алышса;  Суроо-лорго жооп бере алышса;

Өтүлгөн материалдарды эске сактай алышса; Өз ойлорун  эркин айта алышса;

Бирин-бири  сыйласа;  Бирөөнү уга  билсе;      Маалыматты    билүүгө  аракеттенсе;

Сабактын  жабдылышы:  Суроолор,  түстүү  сүрөттөр, макалдар

Сабактын   тиби:   Алган  билимди  жалпылоо,  бышыктоо.

Сабактын жүрүшү:

1-этап:

1.Уюштуруу: Мугалимдин  ишмердүүлүгү

Саламдашуу. Балдарга жагымдуу маанай тартуулоо.

Балдардын  ишмердүүлүгү: Саламдашуу менен мугалимдин жагымдуу маанайын улантышат.

 

2-этап:

Шыктандыруу:

1-тапшырма:

                 Мугалимдин   ишмердүүлүгү:  Кайталоо  сабагын төмөнкү  элдик  жомоктордун  сүрөттөрү менен баштайм. (Экрандан сүрөттөр көрсөтүлөт)

“Алтын  куш”жомогунан

“Акыл Карачач” жомогунан

“Өнөрлүү бала”   жомогунан

“Акылдуу бала”   жомогунан

Балдардын ишмердүүлүгү:  Экрандан көрсөтүлгөн  сүрүттөрдүн кайсы жомоктон  экенин  таап айтышат.

3-этап:

Ойлоп табуу:

 2-тапшырма: Макалдардын 2-бөлүгүн таап айтуу:

 Китеп  — окуу булагы ,… (өнөр турмуш чырагы)

Акыл  баштан,… (асыл таштан)

Көп түкүрсө көл болот,…  (көл толкуса  сел  болот)

Санаасы жок уйкучу, …  (акылы жок күлкүчү)

Акылдуу  ишине  ишенет,…(акылсыз түшүнө ишенет)

Ит жадаса  үрөт, … (киши жадаса  күлөт)

 

Балдардын ишмердүүлүгү:    Макалдын 2-бөлүгүн таап айтышат.

 

4-этап: Эс  алуу  минуту:  Жомок   каарманы   оюну

Мугалим адабий кааармандардын атын атаганда, ошол   жомок  кааармандары  биригип,  кол кармашат.

Адашкан бала оюндан  чыгат.

 

5-этап: Эске салуу, бышыктоо

Ар бир балага  2ден суроо (Өтүлгөн темалардан  түзүлгөн суроолорду  мугалим окуйт)

               1-суроо:  Алгач кандай жазуулар пайда болгон? (Сүрөт жазуулар)

               2-суроо:  Жазуу үчүн кагаз ордуна кандай өсүмдүктү колдонушкан? (Папирус өсүмдүгүн)

               3-суроо:  Элдик  чыгарма дегенди кандай  түшүнөсүң? (Бир мезгилде автору болгон, жазуу болбогондуктан ооздон-оозго өтүп,

автору  унутулуп, элдик чыгармага айланган.

               4-суроо:    Эрөөл деген эмне? ( Эки адамдын  таймашы )

               5-суроо:  Манасчы деген ким?  (Манас айткан адам )

               6-суроо:  Элдик ишеним тайымдардан: Бала башына бош  идишти кийип алса? (Кымбатчылыкка жорушкан)

               7-суроо:  Пролог деген эмне? (Грек сөзү — соңку. Окуя баяндалып бүткөн соң автордун сөзү)

8-суроо:  Ыр жандуу, баланы сүйгөн  “Алакан”чыгармасындагы каарман? (Самак)

9-суроо:  Эпикалык текке кирүүчү, көлөмү чакан, кара сөз түрүндөгү чыгарма? ( Аңгеме)

10-суроо:  Тумаш мерген ким?  (“Карагул ботом”чыгармасындагы Карагулдун атасы) (Ушундай суроолор ж.б.)

 

6-этап: 

Балдардын билимин баалоо:  Азаматсыңар балдар, бүгүнкү сабакка активдүү катыштыңар!

Бул — биздин ийгилигибиз. (Балдар өздөрү да сабакка активдүү катышкандарды белгилешсе болот)

Жыйынтык: Балдар, өтүлгөн материалды өздөштүрө алган. Рахмат, сабак  бүттү!

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер