1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: МЕН — КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНЫМЫН! 1-4 КЛ

  • 21.08.2022
  • 0

1-4-класстар үчүн класстык саат

Максаттары:

Билим берүүчүлүк:

окуучулар Жаран, Кыргыз жараны деген түшүнүктөрдү  аныкташат;

Өнүктүрүүчүлүк:

— коомдогу (үй-бүлөдө, класста) укуктарды жана милдеттерди түшүндүрүшөт;

Тарбия берүүчүлүк:

— коомдо жарандык укуктарын жана милдеттерин аныкташат;

Керектүү ресурстар: балдардын сүрөттөрү, плакат, фломастерлер.

Сабактын жүрүшү

1-Тапшырма. Топтордо иштөө. Мугалим жаш өзгөчөлүгүнө жараша балдардын сүрөттөрүн таратат (мугалим өзү даярдайт).  Сүрөттөрдү карагыла. Бул балдар Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жашашат. Сүрөттү тандап, ушул каарман жөнүндө айтып бергиле: Анын аты ким? Ал канча жашта? Ал кайда жашайт? Ал ким менен жашайт? Ал эмне кылганды жакшы көрөт?

1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: МЕН - КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНЫМЫН! 1-4 КЛ

 

 

 

14 жаштагы кыз

 

 

 

1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: МЕН - КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНЫМЫН! 1-4 КЛ

 

 

18 жаштагы жигит

 

 

 

 

 

 

 

 

1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: МЕН - КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНЫМЫН! 1-4 КЛ

 

8 жаштагы кыз

 

 

 

 

 

 

1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: МЕН - КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНЫМЫН! 1-4 КЛ

 

 

 

6 жаштагы кыз

 

 

 

 

1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: МЕН - КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНЫМЫН! 1-4 КЛ

 

 

 

 

 

9 жаштагы бала

 

 

 

 

 

 

Жалпы топто талкуулоо:

  1. Каарман менен силердин кандай окшоштугуңар бар?
  2. Каармандан эмнеӊер менен айырмаланасыӊар?
  3. Бул балдар үй-бүлөдө, мектепте кандай укуктарга ээ?
  4. Бул балдар үй-бүлөдө, мектепте кандай милдеттерди аткарышат?

Келгиле, балдар, “Жаран” деген сөз эмнени билдирерин аныктап көрөлү.

Кыргыз жараны – бул Кыргызстанда жашаган, коргоого алынган, улутуна, динине, кайсы үй-бүлөдө туулганына карабастан укуктары жана милдеттери бар адам.

 

2-Тапшырма. Балдар, келгиле, Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары жөнүндө Мыйзамды (Конвенцияны) окуйлу. Каармандардын жашоосунда кандай укуктар сакталып жатканын билели. http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/17444?cl=ru-ru

Мугалим балдардын укуктары жөнүндө Конвенциянын беренелерин окуп, каармандарга таянып, талкуу жүргүзөт.

Конвенциянын беренелери             Мугалимдин суроолору
1-Берене

«18 жашка чейинки

ар бир адам» бала

болуп эсептелет.

         Сүрөттөрдөгү  каармандардан           кайсынысын бала дейбиз?
7-Берене

Бала төрөлгөндөн кийин

ысымга, ошондой эле

ата-энелик камкордукка укуктуу.

 

 

Каармандардын

аттары ким?

 

 

8-Берене

Бала өзүнүн инсандыгын

жана жарандыгын

сактоого укуктуу.

       Сүрөттөгү балдар эмнеси                     менен  айырмаланат?

Алар кайсы өлкөнүн                             жарандары?

12-Берене

Бала өзүнө тиешелүү бардык маселелер боюнча өзүнүн көз карашын билдирүүгө укуктуу.

      Балдарга бир нерсе жакса же            жакпаса өз оюн айта алабы?
16-Берене

Баланы таарынтканга эч

кимдин укугу жок.

     Кимдир бирөө баланы                         таарынтып алса, ал кимден               жардам сураса болот?
18-Берене

Баланын тарбиясы жана өнүгүшү үчүн биринчи кезекте ата-эне жооптуу.

       Балага биринчи кезекте ким             жооп     берет?
24-Берене

Мыйзам баланын ден соолугуна кам көрүү укугун кепилдейт.

      Балдары ооруп калса, ата-эне          кайда кайрылса болот?
28-Берене

Ар бир бала мектепте окууга укуктуу жана милдеттүү.

      Сүрөттөрдөгү каармандардын          кайсынысы мектепке барат?
31-Берене

Бала эс алууга, оюндарга катышууга, искусство менен алектенүүгө укуктуу.

       Каармандарыңар спорттун                 кандай түрү менен машыгат?           Кайсы искусство менен                       алектенет?
32-Берене

Бала анын ден соолугуна, билим алуусуна зыян келтирүүчү иштен корголгонго укуктуу.

      Балдар кандай үй                                  жумуштарын   жасай алат?

 

 

3-Тапшырма. 4 топто иштөө. Плакат түзгүлө: «Үй-бүлөдө менин укугум”, “Үй-бүлөдө мен милдетим», «Мектепте менин укугум», «Мектепте менин милдетим».

Төмөндөгү сүрөттөрдү, 1-тапшырмадагы каармандардын сүрөттөрүн колдонгула. (Мугалим сүрөттөрдү толуктай алат)

1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: МЕН - КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНЫМЫН! 1-4 КЛ

1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: МЕН - КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНЫМЫН! 1-4 КЛ

1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: МЕН - КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНЫМЫН! 1-4 КЛ

 

 

1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: МЕН - КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНЫМЫН! 1-4 КЛ

1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: МЕН - КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНЫМЫН! 1-4 КЛ

 

1-СЕНТЯБРДАГЫ КЛАССТЫК СААТ: МЕН - КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНЫМЫН! 1-4 КЛ

 

 

 

 

Жыйынтыктоо. Кайтарым байланыш.

Кыргыз жараны деген эмнени билдирет?

Силердин кандай укуктарыңар бар?

Үй-бүлөдө, мектепте кандай милдеттерди аткаруу керек?

Кыргызстандын жараны деген эмнени билдирет (Кыргыз жараны)?

Кыргыз жараны – бул Кыргыз Республикасынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же паспорту бар, улутуна, динине, кайсы үй-бүлөдө туулганына карабастан Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Конституциясына) ылайык укуктарга жана милдеттерге ээ болгон адам.

3-Тапшырма. Топтор менен иштөө. Каарманыңар тууралуу окуяны толуктагыла. Баракка сүрөттөрдү тандап, чаптагыла. Каарманыңар үчүн сүрөттөрдү тартсаӊар болот. Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары жөнүндө Конвенцияны колдонгула (топторго А4 кагаз таратылат).

Жыйынтыктоо. Кайтарым байланыш.

Мен бүгүн эмнелерди билдим?

Канча жашка чейин адам бала болуп эсептелет?

Балдардын укуктары жөнүндө Конвенция тууралуу эмнени билдим?

Менин кандай укуктарым бар?

Баланын тарбиясына эң биринчи ким жооптуу?

Орусбаева Д., КББА, 

Темирбекова К., КББА,

Марченко Л.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер