ЖЫЛЫНА 24 ЖАҢЫ МЕКТЕП САЛУУ КЕРЕК
- 12.09.2022
- 0
2022-2023-окуу жылында 25 билим берүү объектиси пайдаланууга берилет. Учурда өлкө боюнча 220 мектеп курулуп жатат. Россиянын жардамы менен дагы тогуз мектеп салынууда. Ал эми Сауд өнүктүрүү фонду куруп жаткан 27 мектептин сегизи 2022-жылдын аягына чейин ишке берилмекчи.
Министрликтин мына ушундай оптимисттик маалыматтарына карабай, азыр мектептердин жетишсиздигинен балдар үч нөөмөттө окуп жаткан 136 мектеп жана авариялык абалдагы 245 мектеп бар.
БУУ 2025-жылы Кыргызстанда калктын саны акыркы 74 жылда болуп көрбөгөндөй өсөрү жөнүндө маалымат таратты. Ошол эле маалыматтык булактар 2028-жылы бала бакчаларга, 2032-жылы мектептерге күч келеринен кабардар кылышууда.
“БУУнун изилдөөсү боюнча, 2028-жылы Кыргызстанда калктын эң көп өсүшү күтүлөт. Буга байланыштуу жылына 24 мектеп салышыбыз керек. Мектеп куруу маселеси президенттин тапшырмасы менен акырындап чечилип келе жатат. Бирок Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол сыяктуу шаарларда дагы эле мектеп маселеси курч бойдон калууда. Аны чечүү үчүн активдүү иш алып барып, Дүйнөлүк банк жана ар кандай өнүктүрүү банктары менен иштешүүнү улантышыбыз керек”, — деди Алмазбек Бейшеналиев.
Министр жогоруда белгилегендей, калк жыш жайгашкан шаарларда мектеп курагындагы балдардын саны жылдагыга караганда быйыл көп экендиги байкалат. Ата-энелер шаардагы айрым мектептерде бир класста 50гө жакын окуучу отургандыктан, класстарда санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо кыйынга туруп жатканына кабатырланып жатканын билдирүүдө.
Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жакында эле балдардын саны 177 миң болсо, жаңы окуу жылында окуучулардын саны 180 миңге жеткенин айтты.
— 2022-2023-окуу жылында мектептин курулушу активдүү жүрүп жатканы маалым. Учурда алты жаңы конушта жаңы мектеп курулду. Көпчүлүк мектептерде кошумча имараттар ишке берилди. Президенттин тапшырмасы менен Бишкекте 15 мектеп жана кошумча имараттар, бир бала бакча курулуп жатат. Андан тышкары, ылайыктуу бөлмөлөрдүн баарын бошоттуруп, окуу кабинеттерине айландыруунун эсебинен класс комплекти көбөйтүү жолдорун караштырып жатабыз. Ушунун баары билим берүү мекемелеринин жүгүн акырындап жеңилдетүүгө жардам бермекчи, — дейт ал.
Вице-мэр Бишкекте ата-энелердин баары окуткусу келген он чакты мектеп бар экендигин, ошондой статустуу мектептерде ырасында эле балдардын саны аябак көп болсо, кай бир мектептер бир эле нөөмөттө окутуп жаткандыгын кошумчалады.
— Мектептер жетишпей жатканы ырас, а бирок учурдун эң орчундуу маселеси – ар бир мектепте билим сапатын жогорулатууга аракеттенүүбүз керек. Кээ бир мектептер олимпиадаларга катышпай, ОРТда алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишпейт. Ошондон уламбы, ата-энелер балдарын андай мектептерде окуткусу келбейт. А бирок ошол эле учурда эч кандай жетишкендиктери жок кээ бир мектептерге балдарын окуткусу келгендер көп болууда. Ушундай кызык кырдаалды изилдеп жатабыз, — дейт В.Мозгачева.
Айтмакчы, ушул теманы улай, статустуу мектептерде балдарды чын эле мыкты окутушабы деген чакан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, ата-энелердин жооптору ар түрдүү болду. Бир кызы статустуу мектепте, бир баласы катардагы эле мектепте окуган Гүлмира айым балдарынын окуудагы жетишкендиктери тууралуу мындайча ой бөлүштү.
— Менин кызым Бишкектеги статустуу мектептердин биринде окуйт. Кийинки уулумду ал мектепке киргизе албай, үйүбүзгө жакын жердеги катардагы эле мектепке киргиздик. Баламдын мугалими тез-тез алмашып, окууга көңүлү келбей, айтор 1-классты начар аяктады. Чын эле ортозаар мектепте абал ушундай болот турбайбы деп ындыбыз өчө түшкөн. Быйыл болсо, мына, окуп баштаганына жарым ай боло элек, күндө “беш” деген бааларды алып келип жатат. Себеби жаңы мугалим келиптир. Балам кадимкидей дилгирленип окууга кызыга баштаганы байкалат. Ал эми статустуу мектепте окуган кызым укмуш ийгиликтерди жаратып жатат деп да мактана албайм. Убактыбыз тартыштыгынан мугалимине кошумча даярдатып, акча төлөп окутканбыз. Быйыл 5-класс болуп калды, алигиче жадыбалды жатка билбейт” – дейт.
Класста окуучулардын саны көп деп кабатырланган ата-энелер, бирок балдарын башка мектептерге берүүнү каалабайт. Небересин мектепке орноштурууда жеке эле статустуу мектепти эмес, жашаган жерине жакын болгонуна да көңүл бургандыгын айткан Айша Исмаилова баласынын билимине кабатыр болгону менен, башка жакка которууга кызыкдар эмес.
— Мен өзүм шаар ичинде турганым менен Чүй облусунун Аламүдүн районуна жакын жашайм. Неберемди ушул мектепке берген себебим — балдарым да, кыздарым да ушул мектептен билим алышкан. Неберемди мектепке ташыганга мага да ыңгайлуу, мугалимдеринин көбү тааныш дегендей. Бирок бир көйгөй – класста балдардын саны аябай көп. 1-класста мугалим ар бир балага барып, калем сапты туура кармаганды, туура жазганды көрсөтүшү керек. Балдар көп болсо, кайсы бирине жетишет деп башым маң. Ошондуктан ата-энелер үйдө көбүрөөк окутуп, жардам бериши керек болот, — дейт.
Чүй облусунун Бишкек шаарына чукул жайгашкан райондорунда да кырдаал ушундай эле. Алсак, Аламүдүн, Сокулук, Ысык-Ата райондорундагы мектептерде да окуучулардын саны быйыл кыйла көбөйгөнүн айтышууда. Бул райондордо Бишкектин аймагына кирген жаңы конуштар жайгашкан.
Эскерте кетсек, быйылкы окуу жылында жети жаңы конушта жаңы мектеп балдарга эшигин ачты.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер