ЖРТга ДАЯРДАНУУДА ЭМНЕЛЕР МААНИЛҮҮ?

  • 19.07.2024
  • 0

Өлкөбүз 12 жылдык мектепке багыт алган тушта ЖРТ жыйынтыктары чыгып, алдыңкы орундарды ээлеген бүтүрүүчүлөрдү кубантып жатса, босого баллына жетпей калгандарды, алардын ата-энелерин бир топ эле түйшүккө салды.

ЖРТга ДАЯРДАНУУДА ЭМНЕЛЕР МААНИЛҮҮ?

Быйылкы тесттин өзгөчөлүгү

Кайсыл жылдагы ЖРТ болбосун, анын жыйынтыгын босого баллдан өткөндөр менен «Алтын сертификат» алгандар көрсөтүп жатат. Буга тестке катышкан окуучулар гана эмес, алардын ата-энелери, билим берүү ишин уюштуруучулар менен башкаруучулар, мугалимдер, дегеле коомчулук көнүп калды.

Тест сынагынын жыйынтыктары көрсөткөндөй, быйыл борбордогу билим берүү мекемелери өзгөчөлөнүп,  «Алтын сертификат» алган 56 окуучунун 34ү Бишкек шаарындагы мектептерде окугандар болуп чыкты. Бул статистика мурдатан айтылып келген «аймактарда билим берүүнүн сапаты начар» деген маселеге карата талкууну кайрадан күн тартибине чыгарды.

Менимче, бул маселени көбүртүп-жабыртуунун, тереңдеп казуунун эч бир кереги жок. Анткени, маселенин төркүнү баарына эбак түшүнүктүү болуп калды. Бишкекте заманбап, жакшы жабдылган мектептерден тышкары кошумча билим берүү уюмдары, тестке даярдоочу билим берүү борборлору арбын.

Азыркы ЖРТ бул бизнестин да маселеси. Ким канча акча көбүрөөк сарптаса, анын акыбети да ошончо жакшы болот. Шаардагы ата-энелердин көпчүлүгү азыр өз баласынан билим алуусуна, айрыкча тестке кошумча даярдык көрүүсүнө акчаны аябайт. Элет жеринде жашап жатып, улуттук сынакта ийгиликке жеткендердин көбү район борборлоруна, жакынкы шаарларга күн сайын каттап, ал жердеги билим берүү борборлорунан же саяпкер мугалимдерден билим алышканын өздөрү айтып жатышат. Ошентип, азыркы ЖРТ көрсөткүчү — бул жалгыз эле окуучу билим алган мектептин ийгилиги эмес, ал бүтүндөй тестке даярдоочулардын, (саяпкер мугалимдердин, билим берүү борборлорунун, тестке даярдоо курстарынын), анан албетте, тестке даярдануучунун өзүнүн да аракети,эмгеги десек туура болчудай.  Мында ата-энесинин каржылык колдоосу да унутта калбашы керек.

Эми быйылкы ЖРТнын эң көрүнүктүү өзгөчөлүгүнө токтолсок. Бардыгына маалым, быйылтан баштап бүтүрүүчүлөр негизги жана предметтик тесттен башка мамлекеттик тилден да өз билим, көндүмдөрүн тастыктай баштады. ЖРТ суроолоруна мамлекеттик тилден да суроолор камтылды.

9ìБилимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жетекчиси Чынар Батракееванын пикиринде көбү ЖРТдагы мамлекеттик тил жана кыргыз тили жана адабияты боюнча тесттик суроолорду айырмалап билишпейт. Жетекчинин айтуусунда, ЖРТга быйылтан баштап кирген мамлекеттик тил боюнча суроолор бүтүрүүчүнүн кайсыл мектепте окуганына карабастан, анын мамлекеттик тилди билүү, түшүнүү жана колдоно алуу деңгээлин көрсөтөт,  ал эми кыргыз тили жана адабияты боюнча суроолор мурункудай эле окуу программасына ылайык окуучунун предмет боюнча билим деңгээлин аныктайт.

Башкысы ЖРТда эмне бааланарын билүү зарыл

2002-жылдан бери кынтыксыз иштеп жаткан жалпы республикалык тестирлөөнү канчалык мактасак да жарашат. Анткени, Жалпы республикалык тест же кыскача ЖРТ – бул Кыргыз Республикасында ЖОЖдорго тапшырууда коррупцияны жоюуга, баардыгы үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого багытталган эң ири социалдык долбоор. Башында ЮСАИДдин каржылоосунда иштесе, азыр ал мамлекеттик жана коммерциялык эмес мекеме болуп эсептелген Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ) тарабынан жүргүзүлөт.

ЖРТнын максаты – жогорку окуу жайда окуй ала турган эң жөндөмдүү абитуриенттерди тандап алуу. ЖРТ фактологиялык билимдин көлөмүн эмес, өз алдынча ой-жүгүртүүнү жана мектептен алган билимди пайдалана билүүнү текшерет. Ал тестология илимине таянып түзүлүп, негизги жана предметтик бөлүктөрдөн турат. Быйылтан баштап ага мамлекеттик тил боюнча суроолор кошулду. Тест тапшырмалары сатылбайт жана андай кылууга мүмкүн эмес. ЖРТда бүтүрүүчүнүн тагдыры чечилип жаткандыктан, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан Чынар Батракееванын пикиринде ченөөлөр өтө так болушу керек, анткени бүгүнкү абитуриент — эртеңки адис, жетекчи.

ЖРТда кесипти туура тандоо да маанилүү

Адистеринин айтуусунда. бүтүрүүчүлөр тесттеги предметтик тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн баарынан мурун келечектеги кесибин туура тандашы зарыл. Антпесе, ЖРТга даярдык көрүү учурунда утуру тандоо боюнча предметин алмаштыра берип, өздөрүн гана эмес, окуткан мугалимдерин кыйнашат. Мектеп окуучуларын кесиптик багыттоо ишинде зор тажрыйбасы бар WISEFULL жана EFCA уюмдарынын пикиринде педагогдор кесипке багыттоо ишин өтө эрте баштоосу керек. Мисалы, Германияда балдарды кесипке багыттоо бала бакчадан башталат. Алар эң эле жаштайынан кандай кесиптер бар экенин таанып билишет. Албетте, кесип тандоодо бала ата-энесинин учурда эмне менен алек болуп жатканына маани бербей койбойт.

Ата-эне же үй-бүлө баланын кесип тандоосуна таасир этүүчү эң башкы фактор. Кээ бир ата-энелер «мен ушул кесипке окубай калдым, эми балам же кызым окусун» дешет. Көбүнчө кесиптерди коомдо бааланганына карап балдарына тандап беришет. Натыйжада, ЖОЖ бүтүрүүчүлөрүнүн 83%ы өз адистигинде иштебей коюшат. Бул, албетте, туура эмес!

Бала үчүн кесип тандоодо андан кийинки орундарда курчап турган чөйрө менен инсандык сапаттар турат. Кесипке багыттоо ишинде педагогдор баланын интеллектуалдык жана ой-жүгүртүү өзгөчөлүгүнө, анын шык-жөндөмдүүлүгүнө, кызыкчылыктарына да көңүл бурушу керек. Дүйнөнү таанып-билүүсү боюнча балдардын көпчүлүгү визуалдар, бир тобу аудиал, дагы
башкалары кинестетиктер болушат. Балдар  табигый шык-жөндөмдөрү боюнча да ар башка.
«Помидорду жакшы туурай албаган хирург боло албагандай, сүйлөгөндү каалабаган адам мугалим боло албайт. Классыңызда жаны тынбаган окуучуңуз бар дейли. Сабакта эптеп бир шылтоолорду айтып, эшикке чыгууну гана ойлойт. Андайды кийин бир офиске камап кое албайсың. Ошон үчүн балдарды 28 көндүмдөргө таянып, кесип тандоого багытташ керек. Кесипке багыттоону 7-класстан, өтө кеч дегенде 9-класстан баштоо зарыл», — деп жазат  түркиялык белгилүү аалым, педагогика, психология доктору Сулейман Күмүшсой.

Убакытты башкаруу менен туура тамактануунун орду бөтөнчө

Кесипке багыттоодо муундар ортосундагы айырмачылыктарды көрө билүү зор мааниге ээ. Муундар теориясы менен аздыр-көптүр тааныштыгы бар педагог үчүн өз окуучуларын түшүнүү жеңил. Ар бир муун коомдогу өзгөрүүлөрдү ар башкача темпте кабыл алат. Мисалы, 50 млн адамга радио 35 жылда, телевизор 13 жылда, фейсбук 3 жылда, инстаграм 6 айда, ал эми Y BIRD 35 күндө жеткен. Азыркы Z мууну же технология мууну башкалардан айырмаланып, бир нече ишти бир убакытта жасай алышат. Бул муундагылар чечимдерди кабыл алууда чоңдордун кеңешине караганда өз акылына көбүрөөк ишенишет. Эрежелерди сүйүшпөйт. Жалгыздыкты жактырышат. Аларга өзүн көрсөтүү маанилүү.  Эмоционалдуу, чыгармачыл, интерактивдүү болушат. Азыркы мектеп партасында олтурган окуучулардын дээрлик баары ушул муунга таандык.

Дагы деле түркиялык аалымдын изилдөөлөрүнө таянсак, балдардын  өнүгүүсү 38% га ата-энеге, 18%га мугалимге көз каранды. Ошондуктан бул багыттагы зарыл билимдерди окуучуларга эмес, ата-энелерге берүү керек. Ата-эне бири-бирине кандай мамиле кылат, ошого жараша баланын мүнөзү калыптана баштайт. Үй-бүлөдө ата – ишенимдин, апа – мээримдин символу болушу зарыл. 17 жашка чейин балада акыл, эмоция, дене чоң өзгөрүүгө дуушар болот. Ошон үчүн үй-бүлөдөгү ата-эненин бири-бирин түшүнүүсү, урматтоосу, сыйлоосу зор мааниге ээ.

Баланын өсүп-өнүгүүсүндө убакытты башкаруу менен туура тамактануунун орду бөтөнчө.  «Жалаң кола ичип, гамбургер жеген балдарга, кымыз ичкен балдардай мамиле кыла албайсың»,- дейт Сулейман Күмүшсой. Анын айтуусунда биз кечки 11ден кийин да уктабасак, эртеси мас кишидей болот экенбиз. Толук уктабаган киши агрессивдүү болот экен.

“Эртең менен сабакка ачка келген окуучулар маалыматты кабыл алышпайт. Анткени тамак жебеген, уйкуга канбаган баланын интеллектиси толук кандуу болбойт, өз ишин берилип жасабайт.

Адистер тест тапшыруунун эң оптималдуу убактысы деп эртең мененки саат 10дон 12ге чейинки аралыкты сунушташат”, — дейт Сулейман Күмүшсой.

ЖРТнын ийгилигине мектепте сабак берген мугалимдер да түздөн-түз салым кошо алышат. Ан үчүн эң биринчиден, алар да ЖРТ кандай суроолордон турат, аларга кантип даярдануу керек, буга канча убакыт зарыл, ушунун баарын билиши абзел.

«Текстти окуп-түшүнүү кыйын экен. Убакыт жетишпейт. Аналогиянын сегиз түрү болот. Аны билбесе, окуучуга жеңил эмес болчудай», — дейт Жети-Өгүз районундагы Оргочор орто мектебинин мугалими Термечиков Саламат окуучуларды ЖРТга даярдоо боюнча атайын окууга катышкан соң.

Демек, окуучуну гана эмес, ЖРТга предметтик  мугалимдерди да даярдоо зарыл экен.

А.АЛИБЕКОВ,  «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер