ЖОЖ РЕКТОРЛОРУ 12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕПТИ КОЛДОЙТ

  • 20.03.2024
  • 0

Билим берүүнүн кеңири спектри

 

ЖОЖ РЕКТОРЛОРУ 12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕПТИ КОЛДОЙТ

Рысбек НУРГАЗИЕВ, Кыргыз агрардык университетинин ректору, КР УИА академиги

 

Билим берүү жана илим министрлигинин “Алтын казык”  билим берүүнү трансформациялоо программасын сөзсүз колдошубуз керек. Себеби, билим берүүнүн мөөнөтү өзгөргөн жок, даярдоо  класста (нулевой) окугандар 1-класс болот жана окуучулар 19 жашка чейин окушпайт. Буга чейин 1-класска келген окуучулардын 80%  даярдоо классты окуп келишкен, ага мамлекет 800 млн. сом бөлчү. Жаңы окуу системасы даярдоо классты окубай калган 20% окуучулар үчүн дагы шарт түзөт.

Он эки жылдык окуу системасы — бул билим берүүнүн жаңы модели, анын ичинде окуучулар 12 жыл бою билим алышат. Бул система окуучулардын билим сапатын жакшыртууга багытталган жана аларга кесипке багыт берүү иштерин камтыйт. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бул система билим берүү тармагын реформалоо демилгесинин алкагында сунушталууда. Окуу программалары 12 жылга бөлүнүп, окуу жүктөмдөрү азайтылып, балдардын атайын ийримдерге катышуусуна шарт түзүлөт. Жаңы модель мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн адистештирилген багытты камсыз кылат. Бүтүрүүчүлөр мектеп аттестаты менен бирге кесип жана адистештирилген сертификат алышат.

Бул система дүйнөлүк стандарттарга ылайык билим берүүнү камсыз кылуу максатын көздөйт жана дүйнөдө 150дөн ашык мамлекет 12 жылдык окуу системасын колдонуп келет. Мисалы, АКШ, Канада, Британия жана башка бир катар Европа өлкөлөрүндө 12 жылдык билим берүү системасы иштейт. Бул система окуучуларга билим берүүнүн кеңири спектрин сунуш кылат жана аларды жогорку окуу жайларына жана кесиптик жашоого даярдайт.

Эл аралык талапка шайкеш модель

ЖОЖ РЕКТОРЛОРУ 12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕПТИ КОЛДОЙТ

Айгүл АБДРАЕВА, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору

 

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети педагогикалык багыттарга көбүрөөк  адистештирилген окуу жайлардын бири катарында, 12-жылдык моделге өтүү – Кыргызстандагы билим берүүнүн сапаттуу уюштурулушуна  оң таасирин тийгизет деп эсептейт.

12 жылдык модель — эл аралык билим берүү мейкиндигине шайкеш келген, кесиптик билим берүүгө багытталган, замандын талабын ылайык уюштурула турган система. Мында ЖОЖдордун окуу пландарындагы табигый-илимий, математикалык блоктордогу дисциплиналар орто мектепте жетишерлик окутулуп, жогорку класстарында кесипке багыт алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатат. Биз буга чейин да жогорку окуу жайындагы жалпы билим берүү предметтеринин санын кыскартып, кесиптик блоктордогу дисциплинлардын кредитин  көбөйтүү менен сапаттуу адистерди даярдоо маселесинин үстүндө иш алып барып келген элек. Анын натыйжасында, Билим берүү министрлиги менен макулдашылган эксперименталдык окуу пландары ишке киргизилген. 12 жылдык билим берүү системасы мектеп программасын жогорку окуу жайдан кайталабай, таза кесипке багыт алууга шарт түзөт. Ошол эле учурда окуучу мектеп партасынан келечектеги кесибине карай атайын багыт  жана даярдык ала алат.

Учурда И.Арабаев атындагы КМУ билим берүүнүн жаны моделине өтүүдө талап кылынуучу мугалимдердин кесиптик жогорулатуусун, педагогикалык кадрларды кайра даярдоо курстарын уюштуруп берүүгө даяр. Биздин окуу жайдагы  Кошумча кесиптик билим берүү институту тарабынан бул багытта атайын иш-чаралар пландаштырылууда.

Жалпысынан, Кыргызстандагы билим берүүнүн дүйнөлүк стандарт менен ишке ашырылышы – биздин келечегибиз, алдыдагы бир аз кыйынчылыкты бирге жеңип, алдыга умтулуубуз зарыл.

Жаркын келечек үчүн өзгөрүшүбүз керек

ЖОЖ РЕКТОРЛОРУ 12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕПТИ КОЛДОЙТ

Кудайберди КОЖОБЕКОВ, ОшМУнун ректору

 

Кыргызстаныбызда 12 жылдык билим берүүгө өтүү жөнүндө бир топ жылдардан бери талкуулар жүрүп келет. Ошентсе да бизде мындай үлгүнүн артыкчылыктарын так түшүнбөгөндөр бар.

12 жылдык билим берүү деген эмне? Бул кандай үлгү? Белгилүү болгондой, бул билим берүү модели Япония, Корея, Казакстан менен АКШда, Европанын дээрлик бардык мамлекеттеринде кабыл алынган. Россия федерациясы да мындай үлгүгө барууну эчак пландаган. Бул үлгү менен окуган мамлекеттердин жарандары өздөрү жашаган өлкөсүнөн башка өлкөгө барып иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, балдары кыйынчылыксыз мектептерге да, жогорку окуу жайларга да жаш курагы боюнча тиешелүү класстарга, курстарга жайгашып окуусун улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. 11 жылдык билим берүү формасы менен кыргыз мектептеринин бүтүрүүчүлөрү бир окуу жылын жоготуп, биринчи курска киргенге чейин кошумча бир жыл окушу керек. Жогорку окуу жайда да ушундай болот. Демек өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүүдөгү тажрыйбаларын өздөштүрүү үчүн биз бир жыл убактыбызды текке коротуп жатабыз.

Кыргызстанга 12 жылдык билим берүүгө өтүү керекпи? Элибиздин көпчүлүгү ушул убакка чейин «12 жыл көп убакыт», «Балдарыбыз окуй берип карып кетет го…»,  «11 жылды араң окушат, 12 жылды кантип окуйт?, «Бизге али эрте», «Кадрлар жетишпейт», «База жок»;  «Башкаларды туурап эмне кылабыз…»

«Эски эле билим берүүдөн өтөрү жок» деген сыяктуу аргументтерди айтып келишет.

Жогорку жүйөлөр, албетте, туурадай көрүнөт. Ошентсе да маселенин оң жагын да ойлоп көрбөйлүбү? Балким бул бизге берилип жаткан мүмкүнчүлүк болсо керек…

Менин түшүнүгүмдө 12 жылдык билим берүүдө мектепти аяктоо менен бирге, сөзсүз, өзүңүздүн тандооңузга карай бир кесиптин ээси деген документти кошо алып чыгасыз. Бир жыл үнөмдөлөт. 365 күнгө эсептесек, канча каражат үнөмдөлүп жатат. Ал эми окутууга кеткен каражаттардын эсебинен мамлекет да, жеке жарандар да канчалаган сумманы өзүндө калтырат. Демек, убакыт сарпталбай, тескерисинче үнөмдөлүп жатат.

Мындан сырткары, мектепте эле окуучулар спорттун бир түрү менен алектенип, бир музыкалык аспапта ойной алуусу пландаштырылат. Бул ата-энеге канчалаган каражатты кетирбей туруп, дени таза, келечектеги гени таза балдарга ээ дегендик.

Туура, мектептин мазмунун туура түшүнбөсөк, окуучуларыбыздын муктаждыктарын эске албай билимди эле “шыбай” берсек,  убакытты баалабасак, балдар араң окушат да. Ал эми 12 жылдыкка өтүү керек болсо, билим берүү стандарттарын жумшак көндүмдөрдү өстүрүү менен айкалыштырып, ар бир жаш инсандын кызыкчылыктарын, мүмкүнчүлүктөрүн, муктаждыктарын, мамлекеттин да өнүгүүсүн эске алып, тажрыйбаларды өзүбүзгө адаптациялап, ийри отуруп, түз кеңешип жасасак, бул маселе да туура чечилет.

12 жылдыкка өтүү кеч болуп баратат. Ар бир кечиккен убакыт, натыйжага жетүүнү татаалданта берери баарына белгилүү. Күчтүү, так максаттарды коюп алга жылууга эмне үчүн “али эрте” болсун?

Кадрлар да жетиштүү деп ойлойм. Ушунча жогорку окуу жайларыбыз туруп, совет мезгилинен сакталган, ишмердүүлүктөрүн андан ары өркүндөтүп жаткан кесиптик билим берүүчү билим берүү мекемелерибиз, жалпы билим берүүчү орто мектептерибиз турганда минтүүгө болбойт го. Антсе да, кадрларды билим берүүдөгү жаңы технологиялар, жаңы жетишкендиктер менен трансформациялоого батынып кирип, өнүккөн өлкө куруу үчүн мекенчил сезимдерибизди күчтөндүрүп, Мекенибиздин жаркын келечеги үчүн кайра даярдалышыбыз, өзгөрүшүбүз керек. Буга тоскоолдук келтиргенге мүмкүн эмес деген түшүнүктү калыпташыбыз зарыл. Эртеңкибиз көзгө көрүнүп тургандай, күчүбүз жеткидей план түзүү керек. Менимче, мурункудан базаларыбыз да чыңдалып жатат. Жаңы-жаңы имараттар бат эле курулуп, тиешелүү жабдуулар болуп жатат. Жоктун өзү жок. Колдо бары менен аракет жасоо керек…

Үй-тиричилигибиздеги бардык каражаттар өнүккөн мамлекеттерден келген. Алга жылуу үчүн тобокелчиликке баруу зарыл. Инвестицияны 12 жылдык билим берүүгө салсак, эртеңки балдарыбыз, башкалар үйрөнө турган жаратман, адамгерчиликтүү, ийгиликтүү инсан болору бышык.

Кесипке багыттоо иши  мектептен башталсын

ЖОЖ РЕКТОРЛОРУ 12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕПТИ КОЛДОЙТ

Мирлан ЧЫНЫБАЕВ, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин ректору

 

12 жылдык мектеп боюнча мындай пикирим бар. Биринчиден дүйнөлүк стандарттардан артта калбашыбыз керек. Албетте, бизде көйгөйлөр жок эмес. Мектептердин саны, окуу китептери менен толук камсыздоо жагында чечилбеген маселелер бар. Ага карабастан реформага муктаж болуп турабыз. Учурда жаңы мектептер курулуп, окуучулар жаңы окуу китептери менен камсыз болууда.

12 жылдык моделдин эң мыкты жагы — мындан ары кесипке багыттоо иши мектептен башталат. Чет өлкөдө ошондой. Бизде кандай? Кээ бир абитуриенттер ЖОЖго келечек кесиби тууралуу эч бир түшүнүгү жок келишет. Биздин байкоолор көрсөткөндөй, студенттердин 25-30 пайызы биринчи курста башка адистикке которулушат. Ошондуктан мектептин 10-11-12-класстарында окуучулар кайсыл бир адистикке ээ болушса, мисалы, тигүүчү, ширетүүчү, айдоочу болобу, өзүнүн келечектеги жашоосуна да, кийинки окуусуна да жакшы болот, жок дегенде университетке тапшырганда адистикти туура тандашат деп ойлойм.

Жаштарды ийгиликтүү жашоого багыттайт

ЖОЖ РЕКТОРЛОРУ 12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕПТИ КОЛДОЙТ

Алмаз КАДЫРАЛИЕВ, Кыргыз экономикалык университетинин ректору

 

Кыргызстандын 12 жылдык билим берүүгө өтүшү төмөндөгү бир катар себептер менен негизделет.

Анын биринчиси — бул дүйнөлүк стандарттар. Дүйнөлүк билим берүү стандарттары бүтүрүүчүлөрдү заманбап эмгек рыногунун жана бүтүндөй коомдун талаптарына даярдоо үчүн билим берүүнүн узактыгын 12 жылга чейин көбөйтүүгө умтулат. Кийинки маанилүүсү — бул атаандаштыкка жөндөмдүүлүк. Практикада өзү 12 жылдык билими бар өлкөлөр дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болушат, анткени алардын бүтүрүүчүлөрүнүн даярдыгы жакшыраак жана заманбап чакырыктарга ыңгайлашкан.

Мындан тышкары, 12 жылдык берүү системасы ЖОЖдорго кирүү үчүн талап кылынган предметтер боюнча тереңирээк окууга мүмкүндүк берет, бул абитуриенттердин окуу көрсөткүчтөрүн жана жалпы эле билим сапатын жогорулатат. Дүйнөлүк тажрыйба көргөзгөндөй, 12 жылдык орто билим берүү системасы инсанды өнүктүрүүгө, сынчыл ой жүгүртүүгө, көйгөйлөрдү чыгармачылык менен чечүүгө жана социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Жалпысынан, Кыргызстандын 12 жылдык билим берүүгө өтүшү билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана жаштарды ийгиликтүү жашоого жана карьерага даярдоого жардам берген көптөгөн жакшы жактарга ээ.

Бүгүнкү күндө, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде 12 жылдык орто билим берүү дүйнөнүн 150дөн ашуун мамлекетинде ишке ашырылат, анын ичинде өнүккөн өлкөлөрдө: АКШ, Япония, Германия, Франция ж.б. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Белоруссия, Украина, Өзбекстан жана Балтика өлкөлөрү 12 жылдык окуу мөөнөтүн тандашкан.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер