Жож-өндүрүш- коммерциализация

  • 18.10.2024
  • 0

Өзгөчө макамга ээ Ош мамлекеттик университети акыркы жылдарда бекем билим берүү, илимий жана материалдык-техникалык база, заманбап инфраструктура жана санариптик чөйрө түзүүгө жетишти. Qs star изилдөөсүндө 4 жылдызга ээ болуп, эл аралык деңгээлдеги рейтинги көтөрүлдү.

Жож-өндүрүш- коммерциализация

ОшМУнун 85 жылдыгына карата «Келечек муундун ХАБы» аттуу робототехника борбору ачылып, анын ачылышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты.  Бул Борбор Азиядагы жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчө өлкөлөрүндөгү биринчи жана жалгыз лабораториялык борбор болуп эсептелет. Учурда робототехника боюнча адистерди даярдоо башталды. Робототехника борбору Кыргызстанда жана аймактагы башка өлкөлөрдө бул тармактын өнүгүүсүнө түрткү болот.

Аталган борбор 500 чарчы метр аянтка жайгаштырылган жана анда Jiangsu Huibo Robotics компаниясы тарабынан жеткирилген робототехника жана атайын жабдуулар бар. Борбордун жалпы инвестициясы 7 млн АКШ долларын түзгөн. Учурда борбордун базасында ОшМУнун математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту кытай университеттери менен биргеликте студенттерди мехатроника жана робототехника адистиги боюнча кабыл ала баштады. Ошондой эле окуучулар үчүн робототехника курстары да уюштурулат. ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүн жергиликтүү жана чет элдик компанияларга ишке орноштуруу пландалууда.

«Келечек муундун ХАБы» акырындап жасалма интеллект, робототехника жана маалыматтык технологиялар боюнча борборго айланат. Бул жай теория менен практиканын биригүүсүнө, мугалимдер, эксперттер, инженерлер жана бизнесмендердин жолугушуусуна, студенттер үчүн билим булагына айланат.

Жож-өндүрүш- коммерциализация

ОшМУ билим берүү, илим изилдөө, өндүрүш жана коммерцияланыштыруу системасын ийгиликтүү ишке ашырып, илимий изилдөөлөрдү шаар, регион жана өлкөнүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө багыттайт. Акыркы төрт жылдын ичинде жалпы суммасы 197 млн сомдук биргелешкен долбоорлорун ишке ашырды, анын 25 млн сому Билим берүү жана илим министрлигинин, 34 млн сому ОшМУнун жана 138 млн сому эл аралык фонддордун инвестициялары.

Акыркы эки жылдын ичинде университеттин илимпоздорунун социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган илимий иштеп чыгууларына 22 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле Ош шаарынын жана облусунун администрациялары менен түзүлгөн кызматташуу келишимдеринин негизинде чакан жана микро ГЭСтерди жана күн, шамал станциялары сыяктуу альтернативдүү энергия булактарын куруу боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.

49 стартап долбоор

Социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ОшМУнун бизнес паркы да жаштарды ишкердик көндүмдөрүнө үйрөтөт, студенттердин стартап жана бизнес долбоорлорун ишке ашырууга жардам берет. Бизнес эксперттердин тандоосунан өткөн мыкты долбоорлор бизнес-структуралардын колдоосу менен ишке ашырылат. Учурда жалпы суммасы 13 млн сомдон ашкан инвестициялар менен 49 стартап иштеп жатат.

Жож-өндүрүш- коммерциализация

ОшМУнун инновациялык агро борбору да мамлекеттик органдар жана айыл чарба секторундагы ишканалар менен кызматташуу аркылуу студенттик жаштардын ишкердик активдүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Студенттер агро сектордо өз бизнес долбоорлорун иштеп чыгып, ишке ашырышат. Бүгүнкү күндө Евробиримдиктин “Жаш табышкер” долбоорунун алкагында Enactus уюмунун гранттык колдоосу менен айыл чарбасынын ар кандай тармактарында 1 778 000 сомдук 11 долбоор иштеп жатат.

Жож-өндүрүш- коммерциализация

ОшМУ билим берүү, илим, өндүрүш жана коммерциялаштыруу боюнча үзгүлтүксүз инновациялык процессти ишке ашырууда. Бул система университеттин окуу-өндүрүштүк комплексинде ишке ашырылып, студенттер теория менен практиканы айкалыштырып, тигүү цехтеринде ар кандай тигүү буюмдарын чыгарып, маяна алышат.

Медициналык жана ветеринардык клиникалары 

Университеттин медициналык клиникасы да билим берүү, илимий изилдөө, практикалык база жана медициналык кызмат көрсөтүү сыяктуу акыркы продуктыларды коммерциялаштыруунун интеграциясын сунуштайт. Клиникада амбулатордук-диагностикалык бөлүм, терапия, стоматология, реанимация, хирургия, жүрөк-кан тамыр хирургиясы жана ички органдарды трансплантациялоо бөлүмдөрү бар. Заманбап операциялык блок ар кандай оорулар боюнча хирургиялык операцияларды, анын ичинде бөйрөк жана жүрөк хирургиясын, органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды жасоого мүмкүндүк берет. Кыргызстандын түштүк аймагында биринчи жолу ОшМУнун медициналык клиникасында панкоаст шишиги же өпкөнүн үстүнкү борозунун шишиги диагнозу менен оорулууга операция жасалган. Клиникага тез жардам унаасы сатылып алынып, кызмат көрсөтүүдө. Аймактардагы тургундардын ооруларын аныктоо жана дарылоо, ооруларды алдын алуу, саламаттыкка кам көрүү боюнча кеңеш берүү үчүн “Ден соолук кербени” уюштурулуп турат. Ошондой эле жыл сайын студенттер акысыз дарылануудан өтүшөт.

Жож-өндүрүш- коммерциализация

ОшМУнун стоматологиялык клиникасы тиш боюнча кызматтардын профилактикалык процедураларды жүргүзүү, брекет орнотуу жана оңдоо, хирургиялык кийлигишүүлөр сыяктуу багыттарды камтыйт.

Президент Садыр Жапаровдун “Ош шаардык клиникалык ооруканасын ОшМУга өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Ош шаарындагы оорукананын эски имаратынын ордуна жаңы 7 кабаттуу медициналык клиника курулууда. Курулуш иши аяктап, пайдаланууга берилсе анын структурасында боор, бөйрөк, сөөк-мээ трансплантациясы, микрохирургия, реанимация, операциялык бөлүм, гепатология, офтальмология, пластикалык хирургия, нефрология, гематология жана диагностика бөлүмдөрү болуп, боор, бөйрөк оорусунан жабыркаган бейтаптарга заманбап медицина кызматын көрсөтүүгө ылайыкташтырууда. Клиникада өлкөнүн жана чет өлкөлөрдүн эң мыкты адистери, окумуштуулары жана практикалык дарыгерлери топтолот.

Окуу жай коомдун муктаждыктарына ылайык билим берүү, окутуу, илимий-изилдөө жана ишкердикке инвестиция салуу, ошондой эле илимий долбоорлорду коммерциялаштырууну натыйжалуу ишке ашырууда. Бул багытта 2024-жылы КРнын Президентинин Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү менен ОшМУнун биргелешкен иш планы кабыл алынды. Ага ылайык, Ош облусун өнүктүрүү максатында асыл тукум малдын санын көбөйтүү, жибек өндүрүшүн жандандыруу, айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү, жараксыз жерлерди калыбына келтирүү жана иштетүү, логистикалык борборлордун ишмердүүлүгүн экономикалык талдоо, туризм багытындагы изилдөөлөр жана ишканалар, чакан ГЭС жана башка энергия булактарын түзүү багыттарында иштер жүргүзүлөт.

Жож-өндүрүш- коммерциализация

2024-2025-жылдарга аймактардын маселелерин изилдөөгө, чечүүгө  багытталган сегиз илимий долбоорду өз бюджетинен колдоого алды. Долбоорлор Ош облусунун, Ош шаарынын социалдык, инфраструктуралык, экологиялык, экономикалык реалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө арналган бул долбоорлорду окуу жайдын илимпоздору, окутуучулары, студенттери ишке ашырат. Бул багытта 2023-жылы ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин базасында окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиникасы ачылды.

Ал ветеринардык кызматтардын бардык түрлөрүн – УЗИ жана лабораториялык изилдөөлөрдү, хирургиялык операцияларды, жаныбарларды эмдөө жана малды жасалма уруктандыруу иштерин камтыйт. Ошондой эле жаныбарлардын генетикалык фондун сактоо, эт жана сүт азыктарын жана жаныбарлар сырьёсун изилдөө боюнча АКШнын 100 миң долларлык долбоору негизинде молекулярдык биотехнология илимий борбору түзүлгөн.

Клиника шаардык жана райондук бийлик органдары менен биргеликте жаныбарларды алдын ала текшерүү жана дарылоо боюнча иш-чараларды уюштурат, айыл чарба продукцияларынын түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча фермерлерге жана айыл чарба башкармалыктарынын кызматкерлерине илимий консультацияларды берет. Ошондой эле мал чарбачылыгы боюнча биотехнологиялык борбор ачуу – асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча кичи станция куруу пландаштырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер