ЖОГОРУЛАТЫЛГАН СТИПЕНДИЯЛАР УЮШТУРУЛСА
- 28.07.2025
- 0
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына карата
Республикадагы педагогикалык алгачкы орто окуу жайы – Кыргыз агартуу институту 1925-жылы 10-ноябрда Пишпекте ачылган. Ошол жылы Алматы, Ташкент шаарларындагы казак, кыргыз эл агартуу институттарынын даярдоо класстарында билим алып жатышкан 60 окуучуну Пишпекке которуп, аларга кошумча 80 окуучуну жаңы кабыл алып, бардыгы 140 окуучусу болгон тунгуч жогорку окуу жайы ишин баштаган.

Кыргыз агартуу институтунун алгачкы директору – Петр Кузьмич Юдахин (1883 –1929). Ошол учурда андан билим алгандардын басма сөзгө жазган маалыматтарына караганда ал балдарга өтө мээримдүү мамиле жасап, аталык камкордук көрүп, билим берүүгө баш-оту менен кирип, кыргыз балдарын жан-дили менен окуткан, кыргыз эли менен орус элинин достугунун данакери болгон П.К.Юдахиндин кыргыз элине ак дилинен жасаган атан төөдөй эмгеги жөнүндө белгилүү педагог, профессор Зияш Бектеновдун “Кыргыз Республикасынын тунгуч Эл агартуу институтунун биринчи директору Петр Кузьмич Юдахин кыргыз элине эбегейсиз зор эмгек сиңирген, кыргыз элинин маданиятынын тунгуч карлыгачтарын окутуп, уядан учурган улуу орус элинин ак ниет айкөл уулу болчу. Анын эстелигин Дзержин (азыркы Эркиндик) көчөсүнө тургузуп койсо да арзый турган адам эле” дегени бар. Петр Кузьмич “Орусча-кыргызча сөздүктү” түзгөн академик Константин Кузьмич Юдахиндин агасы болгон. Алардын балалыгы Орто Азия республикаларында өткөндүктөн кыргыз, казак, өзбек тилдерин мыкты билишкен. Петр Кузьмич 1929-жылы каза болуп, ордуна окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жаткан Базаркул Данияров дайындалган.
Кыргыз агартуу институту 1928-жылы Кыргыз борбордук педтехникуму, 1932-жылы 10-январда Кыргыз мамлекеттик педагогика институту деп аталган. Мына ушул институттун базасында Кыргызстандагы алгачкы университет – Кыргыз мамлекеттик университети (КМУ) 1951-жылы 30-августта уюшулган. Биринчи ректору академик Б.Жамгырчинов. КМУга 1991-жылы Ж.Баласагындын ысымы ыйгарылып, 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетине айландырылган.
Университет өзү басып өткөн 100 жылдын ичинде республикадагы жогорку билим берүүнүн ордосу болуу менен эл үчүн зор эмгек жасаган далай инсандарды өстүрүп чыгарды. Университеттин бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын жетекчилери, дүйнөлүк илимге салым кошуп дүйнөлүк даңкка жеткен көрүнүктүү окумуштуулар, акын-жазуучулар, билим берүү, маданият, финансы-экономика, юридика ж.б. боюнча ишмерлер болушту.
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Бактыбек Баймырзаев ушул Улуттук университетти түзүүнүн башатында турган улуу инсандардын атындагы стипендия уюштурулса деген пикирин төмөнкүчө баяндайт: “… түшүнгөн жанга алардын баскан изи, баштап кеткен баяндуу жолу алтынга алмашкыс рухий дөөлөт экенин бүгүнкү муун, өзгөчө Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жеңил баа мамиле жасап, байкамаксан болуп келатабыз. Аталган “улуттук” деген статусу бар тунгуч окуу жайыбыздын жетекчилиги билим берүү министрлиги менен бирдикте республиканын жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн мурдагы К.Маркс, Ф.Энгельс, В.И.Ленин, И.В.Сталин, Н.Крупская ж.б. социализмдин көрүнүктүү саясий-мамлекеттик ишмерлеринин атын алып жүргөн Өкмөттүк жогорулатылган стипендияларды калыбына келтирүү идеясын тийиштүү жогорку органдардын алдына коюп, эми алардын аталыштарын соңку заман шартына ылайык өзгөртүп, алар К.Тыныстанов, П.К.Юдахин, Б.Данияров, Т.Жолдошев, Т.Айтматов, А.Орозбеков, Ж.Абдрахманов, Б.Исакеев, Э.Эсенаманов, С.Нааматов, К.Нанаев, Курманжан датка ж.б. тарыхый инсандардын наамында ар кайсы тармак, адистиктер боюнча ыйгарылып турулса жаман болмок эмес. Жогоруда саналып өткөн инсандар биздин окуу жайыбызга (Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – Б.Б.), кыргыз мамлекетине, улутуна түздөн-түз эмгек өтөгөн инсандар экенин эске алсак, студенттер үчүн берилүүчү атайын стипендияларга аты-жөнүн ыйгаруу туура эле болмок. Мунун тарбиялык жана материалдык таасири өзгөчө”, – деген сунушун айткан (”Кыргыз Туусу”, 6.09.2011). Бирок ушул мезгилге чейин эч ушул пикирге көңүл бурула элек.
Мындай баалуу пикирди Университеттин азыркы жетекчилиги эске алат деген ойдомун. Жогоруда аты аталгандардан башка ар бир илимдин башатында турган алгачкы педагаг-окумуштуулардын атындагы жогорулатылган стипендиялар уюштурулса болор эле Мисалы, Кыргызстандын жогорку билим берүүсүнүн башатында турган, Улуттук университеттин өнүгүп-өсүшүнө өзгөчө эмгек өтөгөн айрым окумуштуулар (булар мен билгендери эле): физика факультети үчүн кыргыз тилинде алгачкы окуу китебин жазган Айтыгул Иманкулов, Дүрбөлөң Мамбетов, Жаныбек Жээнбаев, математиктерге – Рахым Усубакунов, Мырзабек Иманалиев, биологдорго кыргыздардан биология илими боюнча тунгуч окумуштуу наамын алган – Жамил Чолпонкулов, экономиика боюнча алгачкы окумуштуу (1947) Муса Рыскулбеков, кыргыздан чыккан биринчи химик, химия боюнча алгачкы окуу китебин жазган Султан Арбаев, Какин Сулайманкулов, географтарга – Муса Адышев, филологдорго – Ишенаалы Арабаев, Тазабек Саманчин, Константин Кузьмич Юдахин, Ажыйман Шабданов, Сатыбалды Нааматов, Кусеин Карасаев, тилчилерге – Жапар Шүкүров, Болот Юнусалиев, Бүбүйна Орузбаева, тарыхчыларга – Белек Солтоноев, Осмонаалы Сыдык уулу, Бегималы Жамгырчинов, Салмоорбек Табышалиев, тунгуч археолог Ысман Кожомбердиев, юристтерге Кубанычбек Нурбеков, социология боюнча Асанбек Табалдиев, педагогдорго – бүтүндөй педагогика боюнча илимий мектепти түзгөндөр – Султан Турусбеков, Азиз Измайлов, Исак Бекбоев, Эсенбек Мамбетакунов, орус тилчилерге – Лев Аврумович Шейман ж.б. атындагы жогорулатылган стипендиялар уюштурулса эң эле мыкты болмок. Бул, биринчиден, ушул инсандардын эмгектери унутулбай даңазаланса, студенттердин илимдин тарыхын, ал илимди Кыргызстанда кимдер түптөгөнүн, негиздегенин билүүлөрүнө өбөлгө болмок.
Азыр, кудайга шүгүр, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров өзү баш болгон мамлекетибиздин жетекчилери жогорку билим берүүгө катуу көңүл бура баштады. Ал түгүл ушундай шартта Университеттин көп кабаттуу жаңы корпусу курулат деген кабар көпчүлүгүбүздү кубандырууда. Ошондуктан студенттерди окууга шыктандыруу, терең билим алууларына дем берүү максатында жогорулатылган стипендиялар уюштурулса туура болор эле деген ойдомун.
Мен өзүм 1977-жылы ушул университеттин механика-математика факультетин бүткөм. Кечки даярдоо курсунда математикадан сабак берип он жыл иштегем. Ошондуктан мен Улуттук университеттин ар бир жетишкендигине кайдыгер карай албагандыктан ушул макаланы жаздым жана университетти 100 жылдык мааракеси менен куттуктайм!

Ысмайыл КАДЫРОВ,
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
балдар акыны
Комментарийлер