ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЛИДЕРЛЕРИ

  • 04.10.2024
  • 0

Улуттук билим берүүнүн 100 жылдыгы белгиленип жаткан быйылкы жыл Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы 80, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети 70 жылдык юбилейине туш келди.

«Даңкка» жетелеген 70 жыл

КМТУ алгач 1954-жылы Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик университетинин политехникалык факультетинин базасында Фрунзедеги политехникалык институт катары түзүлгөн.

1982-жылы 29 адистик боюнча инженерлерди даярдаган институттун курамына күндүзгү билими берүүчү сегиз факультет: энергетика, архитектура, тоо-геологиялык, курулуш, машина куруу, өнөр жай жана жарандык курулуш (АКС), айылдык курулуш, технология факультеттери кирген. Ошондой эле кечки билим берүүчү үч факультет жана сырттан окуу бөлүмү болгон. Мындан тышкары, ФПИнин Кыргыз ССРинин ири жана алыскы шаарларында филиалдары болгон. Анын курамына: Ош шаарындагы кечки билим берүүчү жалпы техникалык факультет, Кара-Көл жана Майлы-Сай шаарларындагы сырттан билим берүүчү жалпы техникалык факультеттер кирген. Союз убагында университеттин окуу, лаборатория имараттары салынып, эң алдыңкы материалдык-техникалык база түзүлүп, мыкты профессионал адистер менен камсыз болгон. 1992-жылдын август айынан баштап Кыргыз Республикасынын Баатыры, советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылган.

ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЛИДЕРЛЕРИ

Кыргыз Республикасынын тунгуч президентинин жарлыгы менен 2004-жылы Кыргыз улуттук техникалык университети макамын алып, 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети деп өзгөртүлгөн.

Окуу жай түзүлгөн жылдан тартып тогуз ректор кызмат кылган. 2020-жылдын 18-декабрынан тартып Мирлан Чыныбаев бул вазыйпаны аткарууда.

Бүгүнкү күнү КМТУнун 9 институт, 4 колледж, 1 лицей, 4 аймактык филиалдары бар. Профессордук-окутуучулук курамдын саны 1,6 миңден ашты (жалпы штат 2500дөн ашык). Алардын ичинде 87 – илимдин доктору, 371 – илимдин кандидаттары. Студенттердин саны 26 миңге жакын. Бюджети да акыркы беш жылда өсүп, азыркы күндө 1 млрд сомдон ашты. Өзгөчө макамы бар окуу жайлардын арасында аралык QS STARS рейтинг системасы боюнча 4 жылдызга ээ болду.

Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылы Кытайга болгон мамлекеттик иш сапарында кабыл алынган келишимдерди аткаруу боюнча иш-чаралардын алкагында, «Кыргызстандагы Лу Бань кесипканасы» долбоору боюнча «Акылдуу окуу бөлмөлөрү» ачылды. 679 600 юань (8,1 миллион сомдон ашык) каражатка заманбап лабораториялык жабдуулар жана эмеректер сатылып алынып, орнотулду. Эми ушул эле долбоор тарабынан 593 300 АКШ долларына (52 миллион сомдон ашык) заманбап лабораториялык жабдуулар жана эмеректер сатылып алынып, орнотулууда.

КМТУда Күн электростанциясынын ачылышы – теория менен практиканын, илимий ачылыштын жана өндүрүштүн симбиозу. Бардыгы 150 панель 1200 м2 аянтка орноштурулган.
(1 панелдин кубаттуулугу 545 Вт (43 037 кВт саат/жыл). Учурда Аламүдүн участкасында чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоор даярдалды.

Дүйнөлүк банктын «Жогорку билим берүүнүн сапаты жана инновациялар» долбоорунун 5 000 000 USD гранты аркылуу “Колдонмо жасалма интеллект жана киберкоопсуздук боюнча Мыкты тажрыйба борбору” ачылууда.

Кытай менен кызматташуу алкагында «Учкучсуз учактар» окуу борборунун жана «Бир алкак, бир жол» демилгесинин негизинде «Кыргыз-Кытай Моцы кесипканасы» долбоорлору аркылуу темир жол куруу жана тейлөө боюнча жогорку квалификациялуу эл аралык денгээлдеги адистерди даярдоо башталды. Түштүк Корея менен кызматташуу алкагында «Фаблаб Бишкек» лабораториясы жана «Кыргыз-Корея маалымат жеткирүү» борбору иштөөдө.

Эрасмус плюс программасынын жана Евро биримдиктин каржылоосу менен КМТУ 5 ири эл аралык долбоорлорду ишке ашырууда. Алардын ичинде: «DEFA — Кыргызстандын университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү», «DERECKA — Кыргызстандын докторантура академиясынын жана илимий потенциалын өнүктүрүү», «GREENKG — Жашыл жана санариптик университеттер — Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн».

Орусиянын өнөр жай тамактануу институтунун колдоосу менен үч жылдан бери мектептеги тамактануу боюнча республикалык компетенттик борборунда ашпозчуларды кайра даярдоо жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Австриянын билим берүү жана эл аралык байланыштарды бекемдөө агентттигинин колдоосу менен 2 долбоор: «Реалдуу жана виртуалдык чөйрөлөрдү санариптик кошуу» (DEvision) жана «Тоолуу аймактардын жамааттардын суу менен камсыз болуусунун өзгөрүшүн талдоо» долбоорлору ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Медициналык билимдин флагманы

1939-жылдын 16-апрелинде Кыргыз ССР Элдик Комиссарлар Кеңешинин Токтому кабыл алынып, анын 1-пунктунда “1939-жылдын 1-сентябрынан баштап Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик медициналык институту ачылсын жана 1-курска 200 студент кабыл алынсын” деп жарыяланган. Жогорку медициналык окуу жайдын пайдубалын курууга Москва, Санкт-Петербург, Харьков жана Киев шаарларынан келген профессорлор менен окутуучулар көмөктөшкөн.

1943-жылы 120 дарыгер окуу жайдын алгачкы бүтүрүүчүлөрү болушкан. Согуш убагында окуу мөөнөтү 4-4,5 жылга кыскарса, согуш аяктаган соң, тактап айтканда, 1948-жылы алты жылдык мөөнөткө өткөн.

70-жылдары медициналык институт физиологиянын, патологиянын, организмди тоолуу шарттарга көндүрүү маселесин чечүүдө СССР аймагында алдыңкы орунда турган. 80-жылдары окуу-методикалык жана илимий изилдөөлөрдүн жүрүшү олуттуу жакшыртылган. КММИ тоолуу медицинанын изилдөө маселелери боюнча интеграциялык байланыштарды күчөтүү максатында эл аралык аренага чыккан. Структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен институт Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына реорганизацияланган. 2008-жылдын 25-сентябрында окуу жайга И.К.Ахунбаевдин ысымы ыйгарылган.

ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЛИДЕРЛЕРИ

Учурда 9500 студент (анын ичинен 2800дөн ашыгы чет элдиктер), 1660 ординатор жана 430 интернатурада, 216 аспиранты, ошондой эле 300 лицейдин окуучуларын түзөт.

Ординатура 112 адистик, аспирантурада жана докторантурада 80 адистик боюнча жүргүзүлөт. Багыттардын жана билим берүү адистиктеринин спектри кеңейди. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин колдоосу менен КММАнын базасында аскердик-медициналык факультет ачылды.

2023-жылы И.Раззаков атындагы КМТУ менен биргеликте түзүлгөн Медициналык инженерия факультети пайда болду. “Жаркын Кыргызстан – LUPIC” долбоорунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, учурда медайымдарды окутуу чет өлкөлүк үлгү боюнча жүргүзүлүүдө: 4 жыл бакалавр, андан кийин магистр даражасы.

Акыркы беш жылдын ичинде КММА Улуттук профилдик аккредитациядан (2019), институционалдык аккредитациядан (2020), ошондой эле Эл аралык баштапкы программанын аккредитациясынан жана 2021-жылдын июнь айында Эл аралык институционалдык аккредитациядан өттү. Көп жылдар бою ал ЖРТнын эң жакшы жыйынтыгы менен абитуриенттер тандаган ТОП-10 Кыргызстандын ЖОЖдорунун ичинен 2-3-орундарды ээлеп келет.

2022-жылдын Глобалдык Агрегацияланган Рейтингинин жыйынтыгы боюнча окуу жай дүйнөнүн ТОП-100 мыкты ЖОЖдоруна кирди. Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун Көз карандысыз рейтинги- 2022, Хирш индекси-2023 боюнча Кыргызстандын Улуттук рейтингинде биринчи орунду ээледи. Жакында эле жарыяланган Кыргызстандын ЖОЖдорунун рейтингинде да алдыңкы беш окуу жайдын катарына кирди.

Окуу жайдын 85 жылдыгына бир катар ири спорттук жана эс алуу иш-чаралары арналды, анын ичинде: Бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер күнүнө жана алдыдагы окуу жайдын юбилейине карата массалык жарыш. КММА кызматкерлерди жана студенттерди материалдык жана моралдык жактан кызыктыруунун ар кандай формаларын кеңири колдонот. Буга чейин «КММАнын ардактуу профессору» наамы (сырткы кесиптештери үчүн), «КММАга сиңирген эмгеги үчүн» жана «Кесипке берилгендиги үчүн» юбилейлик медалдары, «Илимий-изилдөө иштериндеги ийгилиги үчүн» төш белгиси, Ардак грамотасы, ыраазычылык каты берилип келсе, жакында «КММАнын академиги» деген ардактуу наам жөнүндө Жобо кабыл алынды.

Медакадемиянын окуу, илимий жана терапиялык медициналык борборунда ар кандай операцияларды жана диагностикалык процедураларды жүргүзүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн, анда анализдердин негизги түрлөрү жүргүзүлөт. Борбор калкка сапаттуу медициналык кызматтардын кеңири спектрин көрсөткөндүгү үчүн “Үлгү-2022” сыйлыгын жеңип алган.

2022-жылы КР өкмөтүнүн буйругу менен кейиштүү абалда турган Республикалык диагностикалык борбор Медициналык академияга өткөрүлүп берилген. КММА РДБнын он эки миллион доллар карызын төлөп гана тим болбостон, аны рационалдуу түрдө кайра түзө баштады.

Акыркы үч жылдын ичинде бардык окуу имараттары жана жатаканалар мыкты формага келтирилип, алардын айланалары жашылдандырылды.

2022-жылдын июнь айында өлкө башчысынын катышуусунда Баткен шаарында КММАнын заманбап окуу-медициналык комплексинин курулушу башталган. Бул объектини юбилейлик жылдын аягына чейин бүткөрүү пландаштырылган. Республикалык онкология жана гематология борборунун аймагында жети кабаттуу клиниканын курулушу кызуу жүрүп жатат. Келечектеги имараттын эки кабаты гематологияга арналган.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер